Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүй облусунун муниципалитеттеринде 2015-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар болуп өттү

2016-04-04 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Чүй облусунун муниципалитеттеринде 2015-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар болуп өттү

Авторлор: Гуляим ШАМШИДИНОВА, Азамат МАМЫТОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери

Жыл сайын ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджетти түзөт, карайт, бекитет жана аткарат. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү салыктардан жана салыктык эмес төлөмдөрдөн турат. Бул салыктардын жана төлөмдөрдүн төлөөчүсү болуп муниципалитеттердин карапайым жашоочулары эсептелет. КР Конституциясында жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу болгону айтылат (3-глава, 52-берене, 3-п.). “КРдагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-беренесине жана “ЖӨБдүн финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” КР Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, республикалык жана жергиликтүү бюджеттер жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларында жана коомдук угууларда эл алдында жана ачык каралып, бекитилиш керек, т.а., калк сөзсүз катышууга тийиш.

2016-жылдын 6-февралынан 3-мартка чейинки аралыкта Чүй облусунун 12 пилоттук муниципалитетинде 2015-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук бюджеттик угуулар (КБУ) өттү. Кызыл-Туу АА, Гроздь АА, Александровка ААда угуулар Долбоордун гранттык программасына катышуу үчүн долбоорлорду тандап алуу боюнча чогулуштар менен бир күндө өттү. Эмне үчүн эки иш-чара бир күндө өткөрүлдү? Мунун алдында жергиликтүү жамааттын катышуусу менен бир нече коомдук иш-чара өткөн жана ЖӨБ органдарынын жетекчилиги калкты чогулушка кайрадан чогултпоону чечти. Ошондуктан ЖӨБ органдары угууларды чогулуштар менен бириктиришти.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун техникалык жардамы менен коомдук угуулар ийгиликтүү өттү. 12 угууга катышкандардын жалпы саны 1 237 киши болду. Алардын ичинен: 437 аял, 58 АК депутаты, ошондой эле жергиликтүү жамааттын лидерлери, мекемелер менен уюмдардын жетекчилери, карапайым тургундар.

Шаардын же айылдык аймактын бюджети – ЖӨБ органдарынын (мэриянын же АӨнүн) гана иши эмес. Бул ар бир жашоочунун акчасы. Алар таза суу, таштанды, жолдор, жарыктандыруу жана башкалар боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатына байланыштуу түрдүү көйгөйлөр эмне себептен чыгып жатканын, финансы каражаттары туура бөлүштүрүлүп жатабы же жокпу дегенди билүүгө укугу бар. Калк ЖӨБ органдары менен биргеликте бул көйгөйлөрдү талкуулоо жолу менен чогуу чечкени коомдук угуулардын практикалык маңызын түзөт. Бул болсо дайыма эле жетишсиз болгон каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу башкаруунун сапатын жакшыртууга жардам берет.

Угууларга ЧЕЙИНКИ маалымат өнөктүгү

Угууларды өткөрүүдө маанилүү этап – даярдоо процесси. Анткени ар бир ишти же иш-чараны даярдоонун натыйжасынан анын сапаты жана жыйынтыгы көз каранды. Бул өзгөчө чогулуштар, коомдук угуулар жана курултайлар өңдүү коомдук иш-чараларга тиешелүү. Ошондуктан Долбоордун консультанттары 12 пилоттук муниципалитеттеги ЖӨБ органдарынын назарын даярдык көрүүнү уюштуруу процессине жана биринчи кезекте малымат өнөктүгүнө “ЧЕЙИН” өңдүү маанилүү элементке бурушту. Ар бир пилоттук муниципалитеттин аймагында коомдук жайларда банерлер, жарандык бюджет, пландалган иш-чара тууралуу кыска маалыматты камтыган кулактандыруулар илинди. Ошондой эле депутаттарга, мекемелер менен уюмдардын жетекчилерине, жамаат лидерлерине жана айылдын карапайым тургундарына угууларды өткөрүү эрежелерин жана иш-чаранын программасын камтыган чакыруу барактары таратылып берилди.

Бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү

“Маалымат өнөктүгүнө “ЧЕЙИН” муниципалитеттер бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн (БКС) даярдап чыгышты. Ал бюджеттик маалыматты калк үчүн жеткиликтүү формада берүүгө арналган. Бул документ киреше булактарын жана бул кирешелер кандайча бөлүштүрүлө турганын (чыгашаларды) сүрөттөйт. Техникалык жардам катары Долбоордун адистери  БКСтын макетин иштеп чыгышты. Аны колдонмого алуу менен ЖӨБ органдары өзүнүн бюджетинин кыскача сүрөттөлүшүн даярдай алышты. БКСты даярдоо жергиликтүү бюджеттин деталдуу маалыматтарын талап кылат (бөлүмдөр жана беренелер боюнча). Ошондуктан айрым муниципалитеттердин ФЭБ жетекчилери маалыматты беренелер боюнча деталдуу ачып берүүдөн кыйналышты. Мисалы, “маданият жана спорт” бөлүгүндө майрамдык иш-чараларды уюштурууга кетчү так чыгаша белгисиз. Бюджеттин киреше бөлүгү тууралуу айта турган болсок, финансы кызматкерлери “Таштанды чыгаруу үчүн жыйым” беренеси боюнча калктын канча пайызы акы төлөп, ал эми канчасы төлөбөйт өңдүү жөнөкөй суроолорго жооп бере алган жок. Даярдоо этабынын эффективдүүлүгү мына ушунда камтылган: калкка маалымат берээрден мурда ар бир маалыматты анализдеп, иштеп чыгыш керек. Анын үстүнө бул өзгөчө жергиликтүү бюджетке тиешелүү болсо, анда бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү реалдуу болуш керек. Антпесе эртеби-кечпи жергиликтүү жамаат ЖӨБ органына ишенбей калат. Бул болсо жамаат ичинде нааразылыкты жаратып, терс маанайды пайда кылат. Кызыл-Туу АӨ, Таш-Мойнок АӨ жана Боролдо АӨ өңдүү м униципалитеттерде жарандык бюджетти бюджеттик маалыматты берүү үчүн колдонгон угуулар да өттү.

Угуулар УЧУРУНДА маалымат өнөктүгү

Каттоо маалында катышуучуларга 2015-жыл үчүн бардык финансы чыгашалары тууралуу толук маалымат камтылган бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү, коомдук угуулардын программасы, сунуштарды жана кошумчаларды жазуу үчүн бланк, калем сап таратылып берилди. Дубалдарга “Токоч” диаграммасы менен баннерлер илинди, ал диаграммада 2015-жыл үчүн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү пайыздык катышта көрсөтүлгөн. Ошондой эле 2015-жыл үчүн жарандык бюджет жана коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн эрежелери берилди.

Угуулардан КИЙИНКИ маалымат өнөктүгү

Угуулардан КИЙИНКИ маалымат өнөктүгү да маанилүү этап болуп эсептелет. Мында КБУну өткөргөндөн кийин муниципалитеттер маалымат такталарына КБУнун протоколун, коомдук угуулардын катышуучуларынын суроолоруна жоопторду жана 2015-жыл үчүн бюджеттин аткарылышын бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин чечимдерин илүү менен иш-чаралардын жыйынтыктарын коомго билдирүүнү пландайт.

Муниципалитет тараптан төмөнкү багыттар боюнча техникалык жардам көрсөтүлдү: ар бир бюджеттик коомдук угуу үчүн зарыл болгон санда бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн жана жарандык бюджеттин көчүрмөлөрү басып чыгарылды, Power Point программасында презентациялар үчүн слайддар даярдалды, коомдук бюджеттик угууда презентация үчүн ноутбук жана проектор берилди, баннерлер жана чакыруу барактары басып чыгарылды.

2015-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынын саны жана курамы

Окшош материалы: