Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүйлүктөр артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алышты

2016-04-04 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Чүйлүктөр артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алышты

Авторлор: Султан МАЙРАМБЕКОВ, Наргиза СЫДЫКОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери.

2016-жылдын 1-февралынан 17-февралына чейин Чүй облусунун пилоттук муниципалитеттеринде ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасына катышуу үчүн артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча жергиликтүү тургундардын чогулуштары өткөрүлдү. Баары болуп 12 чогулушка 1 274 киши катышты, алардын 404ү аялдар болду. Жашоочулардын муниципалитеттердеги коомдук иш-чараларга катышуусу ар кандай болду – 50-80 кишиден 140-190 кишиге чейин. Каржылоо үчүн мааниси жагынан биринчи кезектеги долбоорлорду тандап алуу өңдүү маанилүү маселе боюнча тургундардын чогулушунда аялдар болгону 32% түздү. Муну биринчи кезекте сезондуулук менен түшүндүрсө болот. Анткени кыш мезгилинде элеттиктер салыштырмалуу бош болушат жана айылдын түрдүү иш-чараларына эркектер көбүрөөк катышат. Калган учурларда эркектердин колу бошобой, натыйжада иш-чарага катышкан аялдардын саны көбүрөөк болот. Салыштырып айта турган болсок: 2015-жылдын жай мезгилинде пилоттук муниципалитеттерде элет муктаждыктарын аныктоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, ага 3320 киши катышса, алардын 51%, же 1692си аялдар болду.

1-диаграмма. Гендердик алкактан алганда чогулуштун катышуучуларынын курамы

Буга карабастан алдыда болчу чогулуштар тууралуу калкты маалымдоонун түрдүү усулдары колдонулду: муниципалитеттер чогулуш өтчү күндү, убактысын жана жерин көрсөткөн кулактандырууларды илишип, долбоорлордун тизмеси жазылган чакыруу баракчаларын таратып чыгышты. Бирок аялдар чогулушка аз катышты, бул болсо аялдардын айылдын коомдук турмушуна жигердүү катышуусу көйгөйлүү маселе экенин көрсөтүүдө. Ошондуктан сезонго карабастан аялдарды активдештирүү боюнча белгилүү бир чараларды көрүү зарыл.

2-диаграмма. Муниципалитеттердеги чогулуштардын катышуучуларынын саны

А  й  ы  л  д  ы  н маанилүү коомдук иш-чараларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын түрдүү катышуусун белгилей кетүү керек. Статистика көрсөткөндөй, маселелерди жеринде чечүү үчүн шайланган эл өкүлдөрү бардык эле муниципалитеттерде жигердүү катышпайт жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары катары өз функциялары менен ыйгарым укуктарын аткара бербейт. Бирок ар кайсы муниципалитетте жагдай ар башка. Демилгелүү топтордун лидерлери же мүчөлөрү болуп калган депутаттар да бар. Алар долбоордук өтүнмөнү жазууга жардам берип, артыкчылыктуу долбоорлорду чогулуштарда коргошот. Чогулуштарга катышпаган депутаттарда долбоорлор менен жергиликтүү кеңештердин сессияларында таанышуу мүмкүнчүлүгү болот. Алар долбоорду кошо каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп, чогулушта тандалып алынган артыкчылыктуу долбоорду бекитип бериш керек.

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты МОМУНКУЛОВ Т.: “Биздин спорт аянтчасы боюнча долбоорубуз көбүрөөк добуш алалбай калганы өкүнүчтүү. Бирок эми менде долбоор менен иштөө жаатында тажрыйбам бар, мен бала бакчалар долбоору боюнча грантка өтүнмө жазууга жардам берем”.

3-диаграмма. Жергиликтүү кеңештердин чогулуштарга катышуусу

Чогулушка даярдык көрүүгө ар бир муниципалитет ар башкача мамиле жасады: кимдир бирөө аны кезектеги жумушчу иш-чара катары өткөрүп койсо, айрым муниципалитеттер бул окуяны майрамга айландырып жиберишти. Алар залды жасалгалап, мектеп окуучуларынын күчү менен концерттик программаны даярдашты. Айрым муниципалитеттерде кошуна айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү катышты. Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн юристи КУЛУБЕКОВ Т. Кызыл-Туу айылдык аймагындагы чогулушка катышкандан кийин буларды айтты: “Кызылтуулуктардан коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жаатында үйрөнчү нерселер көп экен. Алар жумушчу процессти майрамга айландырышты. Мындай иш-чараларга адамдар сөзсүз катышат”.

Ч о г у л у ш т а р д а демилгелүү топтордун лидерлери ЖМБА- сессиялары   (Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо) про- цессинде аныкталган жана БАПка (Биргелешкен аракеттер планына) киргизилген долбоордук идеялары  менен  тааныштырып, аларды коргошту.  Даярдык  көрүү процесси оңой болгон жок. Ар бир долбоор үчүн ДКС (долбоордун кыскача сүрөттөлүшү) иштеп чыгып, презентациялык материал даярдап, аны менен тааныштырып, коргоп бериш керек эле. Өз презентацияларында баяндамачылар айылдагы көйгөйлөр, анын пайда болуу себептери жана кесепеттери тууралуу айтып келип, эгерде бул маселе азыр чечилбесе, эмне болоорун түшүндүрүп берип, далил катары фотоматериалдарды көрсөтүштү. Демилгелүү топтордун бардык эле лидерлеринде презентация жасоо көндүмдөрү болгон жок. Алардын арасында биринчи жолу көпчүлүк эл алдында сүйлөгөн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү да болду. Бирок катуу даярдык аларга ишеним берип, бардык презентациялар жана долбоорлорду коргоо иши ийгиликтүү өттү.

Пилоттук муниципалитеттер долбоорду ишке ашыруунун алкагында массалык коомдук иш- чараларды биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. Ушундан улам өткөрүлгөн иш-чаралардын сапаты барган сайын жакшырып келатканын белгилей кетүү зарыл. Катышуучуларды каттоодон баштап, алып баруучу, регламентти жүргүзүү жана кармоого чейин баары жакшы жагына өзгөрүүдө. Чогулуштун ар бир катышуучусуна бардык долбоорлордун ДКС көчүрмөлөрү таратылып берилди. Баары болуп 37 долбоордук сунуш берилди.

4-диаграмма. Чогулушка чыгарылган долбоорлордун темалары (багыттары)

Долбоорлорду тааныштырып, аларды коргогондон кийин АӨ башчылары сөз сүйлөп, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасына дол- боорлорду тандап алуунун критерийлерине чогулуштун катышуучуларынын көңүлдөрүн бурушту. Тандалып алынган долбоор 11 критерийге шайкеш келиш керек эле. Добуш берүүнүн алдында айыл өкмөт башчысы долбоорду кошо каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетте каражат жетиштүүбү же жокпу деп демилгелүү топтун ар бир долбооруна мүнөздөмө берип чыкты. Конкурстун шарттары боюнча бул сумма долбоордун жалпы баасынан 10% кем болбош керек. Айрым айыл өкмөт башчылары кайсы бир долбоорду сүрөп, чогулуштун катышуучуларына өз пикирин таңуулаган учулар да болду. Мындай болбош керек. Бирок добуш берүүнүн натыйжасында жергиликтүү жамаат АӨ башчысынын пикирин колдобосо, кээ бир жерлерде АӨ башчылардын пикирлери чогулуштун катышуучуларынын пикири менен үндөшүп турду.

Добуш берүүнүн алдында чогулуштун катышуучуларына долбоорлор боюнча өз пикирин айтуу мүмкүнчүлүгү берилди. Алар катышуучуларды өз долбоору үчүн добуш берүүгө үндөшүп, долбоор боюнча түшүндүрмө берип турушту. Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык аймагындагы Кой-Таш айылынын пенсионери ИСМАИЛОВ Ж. буларды белгиледи: “Өзүбүз да, биздин таштандыга карата мамилебиз да өзгөрмөйүнчө, эч качан миллион сом биздин таштанды менен байланышкан көйгөйлөрүбүздү чече албайт. Келгиле, өзүбүздөн баштап, жаштар үчүн үлгү бололу. Ошондуктан биздин аймактагы бала бакчаларды колдоо боюнча долбоор үчүн добуш берүүгө чакырам”.

Артыкчылыктуу долбоорду тандап алууда добуш берүүнүн жол-жобосун өзгөчө белгилегибиз келет. Чогулуштун катышуучуларына добуш берүүнүн эки ыкмасы сунушталды: биринчиси – чогулуштун бардык катышуучулары добуш берет. Экинчиси – адилеттик үчүн ар бир айылдан тең сандагы адамдар добуш берет. Анткени муниципалитеттин бардык жашоочуларын камтыган долбоорлор да болду, ошондой эле бир гана айылдын көйгөйүн чечкен долбоорлор да болду. Бардык 12 муниципалитет тең добуш берүүнүн биринчи вариантын тандап алышты – чогулушкан катышкандардын баары добуш бермей болушту. Добуш берүүнүн алдында добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясынын курамы тандалып алынды. Чогулуштун ар бир катышуучусуна бирден стикер берилип, долбоордун аталышы жазылган плакаттарды илип коюшту. Чогулуштун ар бир катышуучусу долбоордун аталышы жазылган плакатка келип, кайсынысын колдосо, ошого добуш берип, стикерин чаптап жатышты. Добуш берүүнүн бул ыкмасы иш-чаранын ар бир катышуучусунун пикирин эсепке алат. Кызыл-Бирлик айылынын тургуну, пенсионер ЖАЙЧИЕВ А.: “Баары адилет өттү. Чогулуштун чечимине макулмун. Өзүм спорт аянтчасынын курулушу пландалып жаткан Кызыл-Бирлик айылынан болсом да, добушумду бала бакча боюнча добуш үчүн бердим. Анткени биздин аймак үчүн бул долбоор абдан маанилүү болуп турат”.

Белгилей кетчү жагдай, чогулуштун катышуучулары арасында добуш берүүнүн жыйынтыктарына нааразылар да болду. Долбоорлору көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло албагандар капа болушту. Артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин айыл өкмөт башчысы тандоодон өтпөй калган долбоорлордун келечеги тууралуу өз пландары менен бөлүштү. Сокулук районунун Кызыл-Туу АӨ башчысы НУРМАМБЕТОВ З. буларды белгиледи: “Бул долбоорлор биздин жашоочуларыбыз үчүн артыкчылыктуу, алар Биргелешкен аракеттер планына кирди. Жыл ичинде биз бул долбоорлорду да чечип, ишке ашырышыбыз керек. Айрымдарын жергиликтүү бюджеттеги каражаттардан каржыласак, бала бакча боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн АРИСтин грантына жана дем берүүчү грант боюнча конкурска өтүнмө жазабыз”.

Ошентип 12 пилоттук муниципалитет финалга чыкты. Бирок алдыда аларды конкурстук тандап алуу күтүүдө...

Окшош материалы: