Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Балдар иштери боюнча Комиссия жөнүндө Типтүү жобо тууралуу
Балдардын жана турмуштук оор кырдаалда калган жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26-беренесин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы №878 токтому менен Балдар иштери боюнча Комиссия жөнүндө Типтүү жобо бекитилген.
Балдар иштери боюнча комиссия турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо системасынын коллегиялык органы болуп эсептелет жана ишин үзгүлтүксүз негизде жүргүзөт, ал төмөнкү максатта түзүлөт: жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда; шаардык мэрияларда.
Комиссиянын максаты турмуштук оор кырдаалда калган балдарга кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле кароосуздукту, көзөмөлсүздүктү, балдардын укук бузууларын алдын алуу, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин макулдашылган иш аракеттерин камсыздоо болуп эсептелет. Комиссиянын жобосу жана курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана шаар мэрияларынын чечими менен бекитилет. Анын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ички иштер органынын өкүлү;
- билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү;
- саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү;
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
- миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- жаза аткаруунун аймактык мамлекеттик органынын өкүлү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаардык мэриянын өкүлү;
- турмуштук оор кырдаалда калган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды жана башка кызматтарды көрсөткөн жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) кирет.
Балдар иштери боюнча комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысына же шаар мэрине отчет берет жана райондогу (шаардагы) балдардын абалы жөнүндө квартал сайын отчет берет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары же шаардык мэриянын социалдык маселелерди тейлеген вице-мэри Комиссиянын төрагасы болуп саналат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же шаардын мэри Комиссиянын иши жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга квартал сайын отчет берет.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









