Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ «Табигый дарылык ресурстар, дарылоо - ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду.
Аталган Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылдын 14-январында кабыл алган.
Мыйзам ченемдик укуктук актылардын инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча, ошондой эле «Табигый дарылык ресурстар, дарылоо - ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө» Мыйзамдын жоболорун Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамга, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды. Кабыл алынган Мыйзамдын негизги жоболору Өкмөттүн курорттук иштер жана эс алуу чөйрөсүндө Өкмөттүн ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын тактоо үчүн курортторду, дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу жерлерди жана табигый дарылык ресурстарын иштетүү, өнүктүрүү жана коргоо жагындагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кошумча функциялар жүктөлгөн:
- аймактык жергиликтүү маанидеги курорт же дарылоо - ден соолукту чыңдоочу жер деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүү;
- ден соолукту чыңдоочу жана рекреациялык маанидеги жерлерди өздөштүрүүнүн мамлекеттик программаларын, курорттор менен курорттук региондорду (райондорду) өнүктүрүүнүн башкы пландарын (программаларын) ишке ашырууга катышуу;
- табигый дарылык ресурстарын, дарылоо - ден соолукту чыңдоочу жерлерди, курортторду жана алардын жерлерин сарамжалдуу пайдаланылышына жана корголушуна кызмат укугунун чектеринде көзөмөлдүк жүргүзүү;
- материалдык - техникалык ресурстарды тартууга, сервисти өнүктүрүп эс алууну жакшыртууга, курортторду өнүктүрүүдө чет өлкөлүк тажрыйбаны пайдаланууга багытталган тышкы экономикалык иш аракеттерге катышуу.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









