Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө
2016-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.
Мыйзам жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган жана биометрикалык маалыматтардын, добуш берүүчүлөрдүн электрондук тизмесинин жана автоматташтырылган урналардын негизинде инновациялык технологияларды колдонууну караштырат. Бул технологиялар 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессинде сыналган. Шайлоо күнү добуш берүүчүлөрдүн биометрикалык идентификациялоону киргизүү, ошондой эле шайлоону бурмалоону болтурбоо жана шайлоо процессине коррупциялык факторлордун таасирин тийгизбөө максатында Мыйзамдан мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тууралуу нормалар алып салынды.
Мындан тышкары Мыйзам “шайлоочулардын тобунун” добуш берүү процессине катышуусун жокко чыгарды.
“Шайлоочулардын тобу” – бул талапкерлерди айылдык кеңештердин депутаттыгына көрсөтүү укугуна ээ болгон жарандардын тобу, айылдык аймактын жашоочулары*. Шайлоо процессине жаңы технологияларды киргизүүнү көңүлгө алуу менен Мыйзамда добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын талашуу, шайлоо бюллетендерин эсептөө, ошондой эле тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги тууралуу жоболор кайра каралып чыккан.
_______________
* Өнүктүрүү саясий институтунун баамында, бул – жарандардын айылдык кеңештин депутаты болуу жана шайлануу укугун чектейт. Эми жарандар айылдык кеңешке шайлоого саясий партиялар же өзүн өзү көрсөтүү аркылуу гана катыша алат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









