Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары тарабынан коомдук иш-чараларды

2016-01-22 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЖӨБ органдары тарабынан коомдук иш-чараларды

(жыйын, коомдук угуулар, чогулуш ж.б) уюштуруу жана өткөрүү боюнча практикалык кеңештер

ИШ-ЧАРАНЫН
КАДАМДАРЫ
СУНУШТАР
№1 кадам.
Жумушчу топту
жана иш-чара өтчү
графикти түзүү
Айылдын же айылдык аймактын/шаардын деңгээлинде чогулуштарды же коомдук угууларды өткөрүү тууралуу айыл өкмөт аппаратынын/мэриянын кеңешмесин өткөрүү.АӨ аппартынан/ Мэриядан, анын ичинде айыл старосталарынын/ кварталчылардын жана жергиликтүү жамааттын лидерлеринин ичинен жумушчу топту түзүү. Жумушчу топтун курамы АӨ башчысынын/Мэрдин буйругу менен бекитилет. Чогулушту же коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча текшерүү баракчасын иштеп чыгуу. Баракчада мөөнөттөр жана жооптуу адамдар көрсөтүлүш керек. Иштин көлөмү аныкталып, милдеттер жана аткаруу мөөнөттөрү так бөлүштүрүлүш керек.
№2 кадам. Иш-
чара өтчү күндү
жана жерин анык-
тап алуу
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү, АӨ башчысы, лидерлер, айыл (шаар) активисттери, айыл башчылары/кварталчылар
менен убактысын жана күнүн макулдашып алуу керек.
№3 кадам. Күн
тартибин иштеп
чыгуу
Иш-чара кандай максат менен өткөрүлүп, кандай жыйынтык күтүлүп жатканын так аныктап алуу керек. Пландалып жаткан иш-чарада талкуулана турган темаларды жана суроолорду иштеп чыгуу зарыл. Ар бир суроонун максаттарын аныктап алуу: тигил же бул маселе кандай максатта каралат? Маселелер кандай ырааттуулукта талкууланат? Кандай жыйынтыктар күтүлүүдө? Баяндамаларды даярдоо жана ар бир маселени талкуулоо үчүн жооптуу адамдарды аныктап алуу керек. Ар бир иш-чараны активисттерди шыктандыруу мүмкүнчүлүгү катары колдонуу
зарыл. Күн тартибин түзүүдө жумушчу топтун мүчөлөрүнүн сунуштарын
эске алуу керек.
№4 кадам.
Алып баруучуну,
сөз сүйлөй турган-
дарды/баяндама-
чыларды аныктап
алуу (7 күн мурда)
Алып баруучу (модератор) катары төм. сапаттарга ээ болгон адамды тандап алуу керек: - 1) дикциясы (үнү) жакшы, чоң аудиториянын
(жергиликтүү тургундардын) алдында сүйлөй алган; 2) иш-чаранын темасы боюнча маалыматка ээ болгон; 3) баяндама жасоо көндүмдөрүнө
ээ болгон адам (мүмкүн болсо кийин ушул өңдүү баяндамаларды коомдук иш-чараларда жасай ала турган адам); 4) PowerPoint программасын билген же ал тууралуу жалпысынан кабары бар адам. БУЛ МААНИЛҮҮ: а) алып баруучунун (модератордун) ролуна алдын ала даярдануу керек; б) сүйлөй турган сөздүн планын кыскача түзүп алуу керек. Мүмкүнчүлүк болсо алып баруучу катары 2 адамды даярдап коюу зарыл.
№5 кадам.
Маалыматтык
материалдарды
(афишаларды,
кулактандыруулар-
ды, чакыруу барак-
чаларын, баннер-
лерди даярдоо)
(8 күн мурда)
Маалыматтык материалдардын тизмесин түзүү (афишалар, кулактандыруулар, чакыруу баракчалары, баннерлер, күн тартиби, жүрүм-турум эрежелери, протоколдор ж.б.). Бюджетти эсептеп чыгуу. Башка АӨ/шаарлардын маалыматтык материалдарынын варианттары менен таанышуу. Кулактандыруулардын, афишалардын тексттеринин долбоорун түзгөндөн кийин канчалык түшүнүктүү жазылганын билүү үчүн 3-5 кишиге окутуп көрүү (кыргыз жана орус тилдеринде). Чакыруу баракчасы мүмкүн болушунча түшүнүктүү жана жөнөкөй даярдалыш керек. Чогулуштун уюштуруучулары менен байланышуу үчүн
маалыматтарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл (аты-жөнү, телефон номери). А4 форматынын жарымы менен даярдоо сунушталат. Алды жагында чогулуш өтчү жер, убактысы жана темасы тууралуу маалымат берилиш керек. Чакыруу баракчасынын текстине көңүлдү бурган маалымат кошулуш керек. Мисалы, биргелешип талкуулоо, көйгөйлөрдү
чогуу чечүү, элдик жыйын, ынтымак ж.б. өңдүү сөздөр кошулуш керек.
Арт жагына мүмкүн болушунча көбүрөөк айылдыктардын (шаардыктардын) кызыкчылыктарын эске алган, талкуулана турган өзөктүү маселелер жазылыш керек.
№6 кадам.
Айылда (шаарда)
маалыматтык
материалдарды
жайгаштыруу
(7 күн мурда)
Афишаларды, кулактандырууларды, баннерлерди айылдагы/шаардагыкоомдук жерлерге жайгаштыруу. Афишаларды, кулактандырууларды даярдоого, илүүгө демилгелүү топтун, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрүн, жергиликтүү жамааттын лидерлерин тартуу.
№7 кадам.
Чакырууларды
депутаттарга жана
лидерлерге тара-
туу (4 күн мурда)
Айыл (шаар) боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана лидерлеринин тизмесин түзүү керек. Калктын санына жараша айыл/шаар
боюнча чакырылгандардын тизмесин түзүү зарыл. Катышуучуларды чакырганда жынысын – эркектер (50%) жана аялдар (50%), иштеген жерин,улутун эске алуу керек, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чакырылууга тийиш. Чакырууларды ким, кандай мөөнөттө тарата турганын аныктап алуу зарыл. Чакырууларды таратуу үчүн жооптууларды аныктап, буга демилгелүү топтордун, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрүн, жергиликтүү жамааттын лидерлерин тартуу зарыл.
№8 кадам. Баян-
дамаларды даяр-
доо (3 күн мурда)
Бир слайдда текст 50% жана сүрөт 50% болуш керек. Шрифттер – башаты – 24төн, текст болсо 18ден аз болбош керек. Слайддагы маалыматка тиешеси болгон иш-чарадан сүрөттөрдү колдонуу сунушталат. Өтө көп сандагы сүрөттөр колдонулбаш керек. Баяндама суроолор жана
жооптор формасында даярдалыш керек.
№9 кадам. Пресс-
релиз жазуу жана
аны ММК арасын-
да таратуу (2 күн
мурда)
Алдыда боло турган иш-чара тууралуу кыскача маалымат жазып, ММКга таратуу керек (жергиликтүү ММК бар болсо).
№10 кадам.
Жумушчу топтун,
баяндамачылар-
дын жана алып
баруучулардын
жолугушуусу (репе-
тиция) (1 күн кал-
ганда)
Репетиция өткөрүлүш керек. Иш-чаранын максаттарын жана тапшырмаларын кайталоодон, күтүлгөн жыйынтыктарды талкуулоодон башташ
керек. Баяндамалар дагы бир жолу каралып чыгыш керек; иш-чараны (угууларды, элдик жыйынды) өткөрүү тартиби (эрежелер, регламент) макулдашылууга тийиш
№11 кадам.
Үн күчөткүчтүн жар-
дамы менен иш-
чарага чакыруу (1
күн мурда)
Иш-чара өтөрүнө 3 күн калганда үн күчөткүчтөр колдонулуш керек. Айылды/шаарды кабардар кылуунун маршруту, убактысы жана бул үчүн
жооптуулар так аныкталууга тийиш. Үн күчөткүчтөрдүн техникалык абалын текшерип, кулактандыруунун текстин даярдоо керек.
№12 кадам.
Иш-чара өтчү жер-
ди даярдоо (1 күн
мурда)
Иш-чара өтө турган жерди даярдоо керек: (1) иш-чара өтчү жайды
10 күндөн кеч эмес убакытта ээлеп коюу (2) отургучтарды текшерүү
(100дөн кем эмес болуш керек) (3) каттоо жана президиум үчүн столдорду даярдоо (4) үн аппаратурасынын, микрофондун иштеп-иштебегенин текшерүү (5) проекторду текшерүү (6) тизме боюнча таратып берме
материалдарды текшерүү, катышуучуларды каттоо барагын даярдоо (7)
плакаттарды, ураандарды, кеңсе товарларын ж.б. даярдоо.
№13 кадам.
Иш-чараны күн
тартибине ылайык
өткөрүү
Иш-чаранын башында катышуучуларды каттоо керек. Коомдук иш-чараны өткөрүү үчүн президиум тандалат. Анын курамына төрага, катчы жана жергиликтүү жамааттын лидерлеринин же абройлуу тургундардын ичинен 1-3 киши кирет. Чогулушка айыл өкмөт башчы/ шаар мэри, жергиликтүү кеңештин төрагасы же АӨ башчысынын орун басары төрагалык кылат. Күн тартиби, регламент жана жүрүм-турум эрежелери чогулуштун катышуучуларынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен бекитилет. Ошол элеалда добуш берүүнүн жол-жоболору, талкууланган маселелер боюнча кызыкдар адамдардан сунуштарды кабыл алуу тартиби макулдашылат.Иш-чара президиумдун жана катчынын атынан сүйлөгөн төраганын (же алып баруучунун) кыскача сөзү менен башталат. Кириш сөзүндө алып баруучу катышуучуларга темага кызыгуусун билдирип келип бергени үчүн ыраазычылыгын билдирип, талкууланып жаткан маселенин маңызы, анын мааниси тууралуу маалымат берет. Андан соң иш-чара күн тартибине ылайык өткөрүлөт. Иш-чаранын протоколу жүргүзүлөт.
№14 кадам
Иш-чаралардан
кийин маалымат
өнөктүгү (иш-
чарадан кийин 2
күндүн ичинде)
Чечимдин, протоколдун көчүрмөсүн маалымат тактасына, коомдук жайларга 10 күндөн кеч эмес мөөнөттө, кабыл алынган чечимдер боюнча маалыматты бир айдын ичинде жайгаштыруу керек. БМжБ тобу кабыл алынган чечимдерге жана маалыматтык материалдардын жайгаштырылышына мониторинг жүргүзөт. Өткөрүлгөн иш-чара тууралуу акт даярдалып, ЖӨБ органдарына берилет.

 

Окшош материалы: