Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ӨЗГӨЧӨ ПИКИР: “Дүжүр” активисттердин чогулуштары кимге керек? же Коомдук турмуштун бутафориясы

2016-01-22 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ӨЗГӨЧӨ ПИКИР: “Дүжүр” активисттердин чогулуштары кимге керек? же Коомдук турмуштун бутафориясы

Биздин өлкөдөгү “дүжүр активисттер” тууралуу ким гана билбейт? Баары эле билет чыгар. Бул түрдүү чогулуштарга, жыйындарга, жолугушуулар- га келтире алууга мүмкүн болгон адамдар. Алар катышкан коомдук иш-чараларга уюштуруучулар бир кыйла ресурстарды сарпташат: убакыт, убакыт жана дагы бир жолу убакыт. Ошондой эле чакы- руу барактарына, залды жарык, жылуулук менен камсыздоого ж.б. кеткен каражаттар. Андан да маанилүүсү – ушундай иш-чаралардын максаты. Адатта мындай иш-чаралар калкка маанилүү бир нерсе тууралуу маалымат берүү, кеңеш суроо, кай- сы бир аракетке же аракетсиздикке колдоо алуу, башкача айтканда диалог куруу үчүн өткөрүлөт. Эки тараптуу кыймыл боло тургандай диалог. Би- рок эгерде тараптардын бири бул кыймылга кызык- дар болбосо, анда аны өткөрүүнүн кажети барбы? Алтынга тете убакытты жана башка ресурстарды, болгондо да бул ресурстар жетишпей турган чак- та аларды бутафорияга коротуу канчалык зарыл? Бирок өнүгүү жана реформалар багыттап туруш керек, болбосо кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетет. Калк менен бийликтин ортосундагы өз ара мамиле- лердин жана аракеттердин кыймылын “дүжүр акти- висттерден” баш тартуудан башташ керек. Коомдук иш-чараларга туура чакырыш керек: алдын ала иш- чара өтчү күндү, жерди жана темасын жарыялоо- дон баштоо зарыл!

Кыргызстандагы муниципалитеттердин биринде өткөн чогулуштун катышуучулары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарын иллюстрация катары көрсөткүм келет. Ошол чогулушка 106 киши катышкан, алардын ичинен дээрлик 60% “жумушуна байланыштуу”, же аларды “милдеттендиришкен” үчүн (45,3% жана 14,2%) келишкен. Бул адамдардын үчтөн экөө чогулушка катышуудан, өзүнүн да, уюштуруучулардын да корогон убактысынан пайда болооруна ишенишпейт (1-диаграмманы караңыз). Чогулушка милдеттендирилген үчүн эмес, кызыкканы үчүн келген жарандардын жооптору такыр башкача болгон. Мындайлардын 90% чогулушка катышуу пайдалуу деп эсептешет. Ошондуктан жарандарды чогулушка мажбурлап катыштыруунун алдында биринчи кезекте өзүңүзгө суроо узатыңыз – ресурстарды жана убакытты ушинтип коротуу кимге керек? Чогулушка чындап эле өз муниципалитетинин өнүгүүсүнө кызыкдар болгон адамдарды катыштыруу үчүн маалымат өнөктүгүнө көбүрөөк көңүл бурган жакшы эмеспи?

Окшош материалы: