Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

"Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

2016-01-21 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

2015-жылдын июнь айынан тарта Өнүктүрүү саясат ин- ституту аткарган жана Швейцария Өкмөтү каржылаган “Эл- дин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) Чүй облусунун аймагында конкурстун негизинде тандалып алын- ган 12 максаттуу муниципалитет менен иштеше баштады. Долбоордун ишинин алкагында Чүйдүн муниципалитетте- ри техникалык, билим берүүчү жана гранттык колдоого ээ болушат. Долбоордун тандалып алынган максаттуу муни- ципалитеттер менен кызматташуусу эки тараптуу Мемо- рандумдун алкагында жүзөгө ашырылууда. 2012-2015-жылдар аралыгында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы максаттуу муниципалитеттер менен иш- тешкен. Долбоор тууралуу толук маалыматты www.vap.kg сайтынан таба аласыз. Долбоордун жетекчиси – Бекболот БЕКИЕВ, office@dpi.kg.

Жергиликтүү жамааттардагы чогулуштар: теория жана практика Тренингдерде эмнелерге үйрөтүшөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү үйрөнгөндөрдүн ичинен кайсыларын өз ишинде колдонушат? Жарандарга чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүүнүн укуктук негиздери Мыйзамдарда жарандардын чогулуштары жана жыйындары өңдүү жергиликтүү өз алдынча башкарууга жарандык катышуунун маанилүү аспабы тууралуу бир кыйла күңүрт айтылат. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинде жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо формасында жүзөгө ашырылары айтылат. 58-беренесине ылайык, жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылуучу жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү жамааттар курултайларды, чогулуштарды жана эрк-ниетти тике билдирүүнүн башка формаларын өткөрө алышат.
 
60-беренеде жана ЖӨБЭММА 2014-жылдын 4-мартында кабыл алган жергиликтүү жамааттын Типтүү уставында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарына жана жыйындарына карата төмөнкүдөй түшүндүрмөлөр берилген. Олуттуу мааниге ээ маселелер, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана анын аткаруу органдарынын маалыматын угуу жана талкуулоо боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, микрорайондун же айылдын аймагында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен чогулуштар (жыйындар), коомдук угуулар өткөрүлөт, алар боюнча сунуштар кабыл алынат.Чогулуштардын (жыйындардын) сунуштары тиешелүү чогулуштардын (жыйындардын) өкүлдөрүнүн (делегаттарынын) өкүлдөрүнүн катышуусу менен каралат. Эмесе, ЖӨБ жөнүндө Мыйзам чогулуштар аркылуу жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу укугун тааныйт.
 
Бирок булукук кантип ишке ашырылары, чогулуштарды (жыйындарды) өткөрүү эрежелери жана жол-жоболору кандай болгону тууралуу аз айтылат.Тилекке каршы мыйзамдагы жоболордун даана эместиги чогулуштарды жана жыйындарды түрдүү форматта өткөрүүгө, атүгүл формалдуу иш-чараны чыныгы жарандык катышуу катары көрсөтүү менен бул механизмдерди кыянат пайдаланууга жол берет. Мисалы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары адатта муниципалдык кызматчылардан турган активди чогултуп, “кожо көзүнө” талкуу өткөрүп, жыйынтыгын бардык жамааттын жалпы пикири катары көрсөтүп коюшат. Формалдуу көз караштан алганда, мындай жыйынтыктан кынтык табуу оор. Анткени мындай түрдөгү иш-чараларды өткөрүүнүн конкреттүү алкактары жана талаптары мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Мисалы, мыйзамда чогулуштар бир көчөнүн, бир кварталдын, микрорайондун же айылдын аймагында өткөрүлүп, анын жыйынтыгында сунуштар кабыл алынышы керектиги белгиленет.
 
Бирок чогулуштар кандай учурларда жана кандай маселелер боюнча өткөрүлүш керектиги конкреттүү түрдө көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле мыйзамдар ЖӨБ органдарын чогулуштарды (жыйындарды) муниципалитеттин аймагында жашаган калктын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен өткөрүүнү пландоого милдеттендирбейт.Бул болсо алкактар жана жол-жоболор табиятта жок дегенди билдиреби? Жок. Чогулуштардын жана жыйындардын механизмин мүмкүн болушунча эффективдүү колдонууга жол бере турган моделди иштеп чыгуу үчүн чогулуштарга жана жыйындарга өзгөчө мамиле жасоого түрткөн жүйөлүү маани жана мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар бар
 
Чогулуштар “кожо көзүнө” өткөрүлбөй, жергиликтүү бийлик органдары КРнын колдонуудагы мыйзамдарынын чогулуштарды уюштурууга жана өткөрүүгө карата бардык талаптарын эсинен чыгарбай, башка ЖӨБ органдарындагы кесиптештеринин ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүш үчүн Долбоор окуу курсун иштеп чыгып, Чүй облусундагы ЖӨБ органдары үчүн “Коомдук иш-чаралар жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу формасы катары” темасына тренингдердин сериясын өткөрдү. Тренингдер айыл өкмөтүнүн, мэриянын адистеринде жана жергиликтүү кеңештин депутаттарында коомдук иш-чараларды өткөрүү көндүмдөрүн жакшыртуу максатында уюштурулган. Мындантышкары дагы бир тапшырма коюлган – жергиликтүү жамаатты да коомдук иш-чараларга жигердүү катышууга тартуу, аны менен катар түзүлүп жаткан Демилгелүү топтордун өкүлдөрүн, активисттерди чогулуштарды, жыйындарды даярдоого жана өткөрүүгө, чечим кабыл алууга катышууга тартуу.
 
Тренингдин алкагында катышуучуларга жарандардын ЖӨБго катышуусу боюнча ченемдик база, чогулуштар жана айылдык жыйындарда каралчу маселелер, ошол жыйындарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү жана демилгеси, алардын эрежелери жана жол-жоболору тууралуу материалдар берилген. Материалды мыкты өздөштүрүш үчүн катышуучуларга топтордо иштөө сунушталган. Бул топтордо катышуучулар чогулуштарда артыкчылыктарды аныктоо жана алар боюнча чечимдерди пландоо боюнча жасалган иштерди баяндап берүү үчүн өздөрүнүн алгачкы баяндамаларын даярдай алышкан. Муну менен алар эффективдүү баяндама жасоо боюнча тренингдин дагы бир темасын өздөштүргөн. Тренингдерге 947 киши катышты. Алардын ичинен 55,3% АӨ/Мэриянын аппараты, 15,9% жергиликтүү кеңештин депутаттары, 7,8% жергиликтүү жамааттын лидерлери жана жарандык коом уюмдары түзгөн.
 
Тренингге чейин жана андан кийин толтурулган тесттердин жыйынтыгы боюнча, катышуучулардын билими бир кыйла өскөнү белгилүү болгон: динамика орточо 30,9% түзгөн. Өсүштүн эң жогорку деңгээлин Таш-Мойнок ААда өткөн тренингдин катышуучулары көрсөтө алышкан. Билим деңгээли жогорулагандан тышкары ЖӨБ органдарынын кызматкерлери баяндамаларды даярдоо жана калкты алар менен тааныштыруу боюнча көндүмдөргө үйрөнүшкөн; ЖӨБ органдарында жарандардын чогулуштарда козголгон маселелерди талкуулоого катышуусу аркылуу жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартууга даярдык деңгээли өскөн. Бардык катышуучулар тренингдерден окуу материалдарын гана эмес, ошону менен бирге кепкеңештерди камтыган жыйнакты да ала кетишти. Бул жыйнак аларга чогулуштарды даярдоого кеткен убакытты үнөмдөөгө жардам берди.
 
Алынган билимдер жана көндүмдөр иш жүзүндө кандайча колдонулду? 2015-жылдын 9-декабрынан 24-декабрына чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун 11 элеттик муниципалитетинде жана Кемин шаарында жашоочулардын чогулуштары өттү. Чогулуштар Биргелешкен аракеттер пландарынын долбоорлорун талкуулоо максатында уюштурулган. Бул долбоорлор мунун алдында өткөн ЖМБАнын (Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун) жыйынтыгында аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн иштелип чыккан. 12 муниципалитетте өткөн чогулуштарга 1060 киши, анын ичинде 413 аял катышты. Чогулуштарды даярдоодо жана өткөрүүдө ЖӨБ органдарынын окуудан өткөн кызматкерлери жана жергиликтүү лидерлер тренингдерде алган билимдерин колдонушкан. ЖӨБ органдары тренингдерде (теорияда) үйрөтүлгөн усулдардын, механизмдердин жана аспаптардын кайсыларын жана кантип колдонгону тууралуу маалыматты сунуштайбыз.
 
ТЕОРИЯДА: Жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу топторду түзүү. ПРАКТИКАДА: Чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн ар бир муниципалитетте жумушчу топтор уюштурулган. Ал топторго АӨ/Мэрия аппаратынын адистери, АК депутаттары жана демилгелүү топтордун мүчөлөрү кирген. Пайыздык катыштан алып караганда, мисалы, Кызыл-Туу АӨдө айыл өкмөттүн адистери жана старосталар 67%, АК депутаттары 8% жана жергиликтүү жамааттын лидерлери 25% түзгөн. ТЕОРИЯДА: Жумушчу топтун катышуусу менен текшерүү баракчаларын жана чогулуштун программасын иштеп чыгуу.ПРАКТИКАДА: Бардык 12 муниципалитет тең иш-чараны пландоого жоопкерчиликтүү мамиле жасады: чогулушту өткөрүү үчүн зарыл болгон иш-аракеттердин тизмегин камтыган даярдалып, анда ар бир иш-аракет, анын ичинде чогулушта карала турган маселелер боюнча маалыматты даярдоо үчүн жооптуу адамдардын аты-жөнү жазылган.
 
Чогулуштардын программасын даярдоодо жумушчу топтун мүчөлөрү иш-чаранын мазмунун дыкат ойлонуп чыгышты. Талкуунун жүрүшүндө сөз сүйлөөчүлөр аныкталып, залды жасалгалоо (плакаттар, ураандар, сүрөт көргөзмөсү, жүрүмтурум эрежелери жана тиешелүү аппаратура) боюнча пландар макулдашылды. Ар бир мүнөткө көңүл бурулуп, жергиликтүү элге тиешелүү бардык өзгөчөлүктөр, мисалы, көпчүлүк жашоочулардын колу бош эместиги жана адатта иш-чараларга кечигип келээри эске алынды. Чогулуштун бардык катышуучуларынын убактысы эффективдүү өтүш үчүн атайын чаралар көрүлдү. Айталы, Кызыл-Туу ААда концерттик программа, жасалган иштер тууралуу сүрөттөрдүн слайды даярдалып, иш-чара өткөн залда маалымат тактасы орнотулду. Ошондой эле иш-чаранын жабылышына да көңүл бурулуп, ал маалда жигердүү жашоочулардын мотивациясына карата сунуштар берилди. Программанын мындай пункту чогулуштарга көп сандагы адамдардын катышуусун камсыздай алат.
 
ЖӨБ органдарынын айрым жетекчилери эмнелерди көңүл сыртында калтырышты? Текшерүү баракчалары – бул иш чараны пландоо аспабы гана эмес, ошону менен бирге жетекчиге чогулушту даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөп туруу мүмкүнчүлүгүн берет.Мындан иш-чаранын сапаты көз каранды. Бирок, тилекке каршы, бардык эле жетекчилер даярдыкты текшерүү баракчалары боюнча көзөмөлдөгөн эмес. Жетекчилер АӨ/Мэриянын адистеринин аңсезимине жана жооптуу мамилесине үмүт артышкан. Натыйжада бир катар муниципалитеттерде өткөн чогулуштарда кандайдыр бир кемчиликтер (мисалы, таратып берме материалдарды даярдоодо) байкалган.ТЕОРИЯДА: Чогулушка чейин өткөн маалымат өнөктүгү: чакыруулар, жарыялар, кабар берүүнүн түрдүү усулдары; материалдарды даярдоо, чогулуш өтчү жайды даярдоо жана жасалгалоо: ПРАКТИКАДА: Чогулуштарды өткөрүү боюнча даярдык иштери маалында алдыда болчу жыйын тууралуу кабарды мүмкүн болушунча көбүрөөк жашоочуларга жеткирүү максатында 12 муниципалитетте маалымат өнөктүктөрү өткөрүлгөн.
 
Бул ошондой эле ЖӨБ органдарынын калк алдындагы аброюн көтөрүү жана жергиликтүү жамаатка алардын суроо-талаптары кантип чечилип жатканы тууралуу маалымат берүү үчүн жасалды. Долбоордун колдоосу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бир топ иштерди жасашты: чакыруу барактары басып чыгарылып, таратылды, алдыда болчу ишчарага жигердүү катышып берүүгө, планды талкуулап, суроо узатып, өз сунуштарын берүүгө чакырган баннерлер жана афишалар коомдук жайларда жайгаштырылды. Чакыруу барактарында чогулушта каралчу маселелердин тизмеги, жүрүм-турум эрежелери жазылган. Муниципалитеттердин көбү жумушчу топтун, АӨ/ Мэриянын аппаратынын мүчөлөрүнүн, жергиликтүү жамааттын лидерлеринин жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн ишинде эффективдүүлүккө жетише алышкан. Мисалы, Бурана айылдык аймагындагы демилгелүү топтордун мүчөлөрү чогулушка чакырууларды окуучулар аркылуу таратууга жардам беришкен. Кемин шаарында жергиликтүү жамааттын лидерлери кварталчылардын жардамы менен афишаларды илип, чакыруу барактарын таратышкан. Жалпысынан чакыруу барактары жергиликтүү жамааттын лидерлерине, жергиликтүү кеңештин депутаттарына жиберилген. Ал эми Боролдо айылдык аймагында чакыруу барактары ар бир үй кожолугуна таратылат деген чечим кабыл алынган.
 
Үн күчөткүчтүн жардамы менен калкты чогулушка чакыруу жаңы усул болуп калды. Башкача айтканда иш-чарага бир күн калганда старосталар көчөлөрдү кыдырып, жашоочуларды чогулушка чакырып чыгышкан. Залды жасалгалоо үчүн жамааттын муктаждыктарын изилдөө боюнча иш-чаралардын натыйжасы, АӨ жана мэрия аппаратынын 9 айлык ишинин
жыйынтыгы боюнча маалыматтык такталар даярдалган. Эң негизгиси жамааттын турмушуна катышууга чакырган ураандар, чогулушта өзүн алып жүрүүнүн эрежелери даярдалган. ЖӨБ органдарынын айрым жетекчилери эмнелерди көңүлдөн чыгарышты? Айрым муниципалитеттерде илинген афишаларга, чогулушту өткөрүүгө чейинки жарыяларга мониторинг жасалган эмес. ЖӨБ органдары бардык ресурстарга, анын ичинде коомдук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кеткен адамдык ресурстарга анализ жасаганды үйрөнүшү керек.
 
ТЕОРИЯДА: Сөз сүйлөөлөрдү даярдоо: материалдарды, баяндамаларды даярдоо, репетициялар. ПРАКТИКАДА: Сөз сүйлөй тургандар баяндамаларын алдын ала даярдап коюшкан. Аны менен катар сөз сүйлөөлөрдүн логикалык структурасы даярдалган. Сүрөттөр, тезистер, статистикалык маалыматтар колдонулган. Көпчүлүк муниципалитеттерде баяндамаларды АӨ башчысы/мэр жана АӨ аппарат жетекчиси жасаган. Бурана айыл өкмөтүндө гана жергиликтүү жамааттын жигердүү лидерлери да тартылган. Иш-чарага бир күн калганда баяндамалардын репетициясы өткөн. Баяндамалар принцип боюнча түзүлгөн: формасы боюнча так, айкын; мазмуну боюнча – мурда аныкталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча жооптор/сунуштар, суроолор. Эмнелер көңүл сыртында кала берген? Чогулуш – ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана баяндамачылар үчүн олуттуу сынак. Баяндама маалында сөздүн мазмунуна гана эмес, ошону менен бирге аны айтуу процессинде жүрүм-турумга да көңүл буруш керек. Айрым баяндамачылар чогулуштун катышуучулары алдында толкундоосун жеңе алышкан жок. Бул үчүн практика зарыл, сөз сүйлөрдүн алдында көбүрөөк даярданып алыш керек.
 
ТЕОРИЯДА: Чогулушту өткөрүүнүн тартиби: залды жасалгалоо, регламенттин болушу жана аны жарыялоо, регламентти сактоо.ПРАКТИКАДА: 12 муниципалитеттеги жумушчу топтун мүчөлөрү чогулушка бир саат калганда залдын даярдыгын текшерип чыгышкан. Залдагы көрүнүктүү жерлерге жүрүм-турум эрежелери, чогулуштун күн тартиби илинген. Күн мурдатан каттоо үчүн стол, таратып берме материалдар жана каттоо үчүн тизме даярдалган. Ар бир катышуучуну адистер тосуп алып, каттоодон өткөрүшкөн. Каттоодон кийин катышуучуларда жамааттын муктаждыктарын биргелешип изилдөө боюнча жасалган иштер тууралуу маалыматтарды жана сүрөттөрдү камтыган тактаны окуп чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон. Мындан тышкары Кызыл-Туу ААда, мисалы, баяндама түрүндө айыл өкмөттүн 9 ай ичиндеги жетишкендиктери тууралуу сүрөт баян даярдалган. Ар бир катышуучуга биргелешкен аракеттер планынын долбоору – жергиликтүү жамааттын эң көйгөйлүү маселесин чечүү боюнча план тапшырылган. Катышуучулар программа, жүрүм-турум эрежелери жана Биргелешкен аракеттер планынын долбоору менен алдын ала тааныша алды.
 
Уюштуруучулар жергиликтүү тургундар чогула турган убакытты эске алышып, концерттик программа үчүн убакыт бөлүшкөн. Мисалы, Кызыл-Туу айылдык аймагында концерт окуучулардын ыр-бийи менен башталды. Концерт “Кызыл-Туу – асыл турагым” деп аталган жана ал “Айылдын келечеги өз колубузда” деген ураан алдында өткөн. Мындай тематика да жөн жерден тандалып алынган жок. Анткени чогулушта жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана мында жамааттын ар бир мүчөсүнүн катышуусун камсыздоого багытталган биргелешкен аракеттер планынын долбоорун талкуу пландалып жаткан. Көпчүлүк муниципалитеттерде концерттик программаны орто мектептердин мугалимдери жана окуучулар даярдашкан. Бул болсо чогулушка көбүрөөк катышуучуну тартууга жардам берген: ага балдардын ата-энелери да катышкан. Экинчи жагынан муну менен өсүп келаткан муунду жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга көндүрүү максаты көздөлгөн.
 
Чогулуш регламентти жана жүрүм-турум эрежелерин бекитүүдөн башталды. Андан кийин сөз баяндамачыларга узатылды. Аныкталган жана айтылган көйгөйлөр катышуучулардын кызуу талкуусуна жем таштады. Алар артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун жана каржылоо булактарын издегенди да унутушкан жок, көптөрү сунуштарын да беришти. Катышуучулардан суроолор да узатылып, ошол замат АӨ башчысынан/ мэрден, жергиликтүү кеңештин төрагасынан жана айыл өкмөттүн/мэриянын тиешелүү катышуучуларынан жооптор алынды. Ошондой эле ошол артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү максатында тандалып алынган Демилгелүү топтордун, Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрүнүн аты-жөнү айтылды. Ошол маалда чогулуштун айрым катышуучулары да кесибине жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тигил же бул топко кошулуу ниетин билдиришти. Бул процесстин соңунда топтун мүчөлөрүнүн тизмеси добуш берүүгө коюлуп, катышуучулардын басымдуу добушу менен бекитилди.
 
ТЕОРИЯДА: Жамаатка дем берүү: процесске тартуу, материалдык эмес дем берүү. ПРАКТИКАДА: Калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ЖӨБ органдары чогулуш маалында бир катар аспаптарды колдонду: активисттерди чогулушту уюштурууга жана өткөрүүгө тартуудан баштап, маалымат өнөктүгүн өткөрүүгө, залдарды жасалгалоого ж.б. чейинки иш-аракеттерге чейин. Ошондой эле ЖӨБ органдары дем берүү аспабын колдонушту. ЖМБА-иш-чараларын өткөрүү маалында жигердүүлүгүн көрсөтүп, демилге көтөрүүдө өзгөчө айырмаланган активисттерди жана жергиликтүү жамааттын лидерлерин, мындан тышкары АӨ кызматкерлерин жана айылдык кеңештин депутаттарын шыктандыруу үчүн ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле көптөгөн муниципалитеттерде орто мектептин окуучулары арасында “Мен жашаган аймак” деген темада өткөрүлгөн сүрөттөр жана плакаттар конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Конкурстун тапшырмалары:
 
  • патриотизм жана кичи Мекенди сүйүү идеяларын чагылдыруу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу билимди жогорулатуу;
  • жергиликтүү маанидеги иштерде балдардын жана өспүрүмдөрдүн катышуусун активдештирүү;
  • таланттуу балдарды жана өспүрүмдөрдү чыгармачылыкка шыктандыруу;
  • жаш муундун көңүлүн жарандык коомду түптөөгө буруу.
Жеңүүчүлөргө грамоталар жана белектер тапшырылды. Мыкты эмгектер чогулуш маалында сүрөт көргөзмөгө коюлду. Элдин үнү:Ильич пилоттук эмес муниципалитеттин жооптуу катчысы Э.Мамытова тренинг маалында калктын катышуусун камсыздоодо буга чейин эмне үчүн кыйынчылыктар болуп келгенин түшүнгөнүн айтты. “Тренинг башталаар замат бул тема мага тааныш деп өзүмө айттым. Анткени биз чогулуштарды өткөрүп эле жүрбөйбүзбү. Мен дагы кандай жаңы нерселерди үйрөнмөк элем? Бирок тренинг маалында эмне үчүн калктын катышуусун камсыздоодо кыйынчылыктар болгонун түшүндүм. Биз чогулушка ашып кетсе бир апта мурда даярданабыз.Мен үчүн текшерүү баракчасын даярдоо өңдүү түшүнүктөр жана калкты шыктандыруу маселелери жаңылык болду”.
 
Жергиликтүү жамааттын лидери Кичигина Г. калктын коомдук иш-чараларга пассивдүү катышуусун өкүнүч менен белгиледи: “Мен калк үчүн афишаларды, жарыяларды жана чакыруу барактарын даярдоого чын дилимен катыштым. Жергиликтүү жамааттын лидерлери катары биз бул материалдарды бөлүп алып, айылыбыздын ичинде жайгаштырып чыгабыз. Эгерде ушундан кийин биздин жашоочулар активдешсе жана чогулушка катышса, бул жеке мен үчүн чоң жетишкендик болот” – деди ал.
 

 

Окшош материалы: