Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри. Ишке ашыруунун теориясы жана практикасы. Көйгөйлөр жана сунуштар

2016-01-05 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри. Ишке ашыруунун теориясы жана практикасы. Көйгөйлөр жана сунуштар

Бул рубрикадагы материалдар Швейцария өкмөтү каржылаган жана Helvetas Swiss Intercooperation Ассоциациясынын Филиалы менен Өнүктүрүү саясат институту Консорциумда аткарган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун буюртмасы менен даярдалды. Алгачкы жолу бул маалыматтар “Өнүккөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүүлөр” Улуттук конференциясынын материалдар Жыйнагын- да жарыяланган. Аталган конференция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун демилгеси боюнча 2015-жылдын декабрь айында өткөн. Конференция жана долбоор тууралуу толук маалыматты www.dpi.kg сайтынан таба аласыз. Долбоордун жетекчиси – Нурлан ДЖОЛДОШЕВ, office@dpi.kg.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы кызмат көрсөтүүлөр реестрлеринин түрлөрү “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин белгилейт, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин, аларды көрсөтүүнүн стандарттарын түзүүнүн тартибин аныктайт. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, бардык мамлекеттик жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр бирдиктүү реестрге түзүлөт: Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри – конкреттүү администра-тивдик-аймактык бирдиктин аймагында муниципалдык мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга акысыз жана акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги. Негизги айырмачылыгы – муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри КР мыйзамдары менен белгиленет жана КРнын бардык аймагында күчкө ээ.

Ал эми муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги белгилүү бир муниципалитеттин өзүнчө алынган аймагында, же муниципалдар аралык кызматташуунун алкагында муниципалитеттин өзгөчөлүктөрүн же жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен бир нече муниципалитеттин аймагында күчкө ээ болот. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 токтому менен бекитилген “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекеме-лерге муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине (базалык да, кошумча да тизмек) кошулбаган муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат. Жобонун ченемдерин аткарбаганы же тийиштүү аткарбаганы үчүн, ошондой эле керектөөчүлөргө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген кызматтарды көрсөткөн учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана алардын жетекчилери КР мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат. Ошентип муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри аларды ишке ашырууда зарыл жана маанилүү укуктук актылар болуп эсептелет.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри: теория, практика, укуктук көйгөйлөр жана сунуштоолор КР мыйзамдарындагы жоболорго ылайык, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык, ЖӨБ органдары тарабынан акысыз жана акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген минималдуу тизмеги; 2015-жылдын 14-январында Өкмөттүн №6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Анда базалык реестрге 12 муниципалдык кызмат көрсөтүү кирген. Ошол 12 кызмат көрсөтүүнүн ичинен бирөөнү гана кошпогондо баары акысыз негизде ишке ашырылат. Аталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй тизмеги кошулган:

  • Бир административдик кызмат көрсөтүү:Юридикалык жана жеке жактардын сунушу боюнча калктуу конуштардагы географиялык объектилердин аталышы жана аталышын өзгөртүү (бул кызмат көрсөтүүнү жергиликтүү кеңештер акысыз ишке ашырат)
  • Муниципалдык менчик объектилерине укуктарды берүү боюнча он кызмат көрсөтүү
  • Бир кызмат көрсөтүү: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган китепканалардын фонддорунда турган басылмаларды жана документтерди убактылуу колдонууга берүү (бул кызмат көрсөтүүнү жергиликтүү кеңештер акысыз ишке ашырат).

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин ишке ашырууда укуктук маселелер Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри бир катар суроолорду жаратканын, мунун натыйжасында төмөндө сөз боло турган мыйзамдык коллизиялардын айынан аларды практикада ишке ашырууда түшүнбөстүктөр пайда болуп жатканын белгилей кетүү зарыл. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри мыйзам чыгаруу техникасы көз карашынан алганда айрым кызмат көрсөтүүлөрдү көп туура эмес аныктаган жана укук колдонуу практикасына чаташуу киргизүүдө.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин 7-8-пункттарындагы жоболордун Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарындагы муниципалдык менчикте болгон жер участокторун акысыз берүү тууралуу ченемдерге карамакаршы келүүсү Маселенин чоо-жайы: Бекитилген Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары (айыл өкмөтү, шаарлардын мэрияла- ры) тарабынан көрсөтүлүүчү «Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага же менчикке берүү» жана «Жарандарга жанаша жайгашкан жер участогуна пайдалануу же менчик укугун берүү» өңдүү кызмат көрсөтүүлөр акысыз болуш керектигин белгиленген. Базалык реестрдин аталган жобосу муниципалдык менчикте болгон жер участоктору жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү негизде берилет деп белгилеген жер мыйзамдарынын ченемдерине жана талаптарына карама-каршы келет. Ошону менен бирге:

  • КР Жер кодексинин 8-беренесине карама-каршы келет. Бул беренеде “Кыргыз Республикасында жерди пайдалануу бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулардан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартиптен башка учурларда, бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн акы төлөнүүчү болуп эсептелет; жер үчүн акы төлөө жерди пайдалангандык үчүн, жайыттарды кошпогондо, ижаралык акы түрүндө төлөнөт” деп айтылат.
  • КР Жер кодексинин 32-беренесине. Бул беренеде жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү учурлары каралган. Аталган беренеде жер участоктору кандай учурда акысыз негизде (б.а., бекер) бериле турганы так көрсөтүлгөн:
  • Жер участогу жарандардын менчигине Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет.
  • КР жарандарынын менчигине – жайыттарды кошпогондо, асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн.
  • КР Жер кодексинин 32-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келет. Ал жерде “Жер кодексинин 73-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда жер участоктору бир жолу акысыз берилет” деп айтылган. КР Жер кодексинин 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, жер участоктору төм. учурларда акысыз берилет: “Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке же пайдаланууга берилген жана калк жашаган пункттан жөө барууга алыс болгон айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн айыл чарба жерлеринде пайдаланууга жарактуу болбогон жер участокторун же түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет. Имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участогун берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт”.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого карама-каршы келет. Бул маселени чечпей калтырып коюунун кесепеттери: Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри күчүнө киргенден кийин жогоруда каралып жаткан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр так эмес туюндурулгандыктан, мындай кырдаал түзүлдү: айыл өкмөтүнүн жана шаарлардын мэрия өкүлдөрү кайсы ченемди колдонуу керектигин, ошондой эле муниципалдык менчикте турган жер участокторун акыга бериш керекпи, же алар акысызбы дегенди түшүнө албай калышты.

Мындан тышкары “бюджетке түшкөн негизги беренелер болмоюн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кантип өнүгөт?” деген суроо жаралат. Себеби бюджетке муниципалдык менчикте турган жерлерди жарандарга жана юридикалык жактарга берүүнүн эсебинен ижара акысы түшүп турган. Ошентип LBD консалтингдин эксперттери талданып жаткан кызмат көрсөтүүлөр так туюндурулбай, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин 8-пункту КР жер мыйзамдарына карама-каршы келүүдө деп эсептешет. Башкача айтканда, иш жүзүндө түшүнүктөр алмаштырылып калган. Биз карап жаткан мисалда мыйзам чыгаруучу “Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага же менчикке берүү” деген кызмат көрсөтүүнү Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине кошуп жатканда “муниципалдык менчикте турган жер участокко укук орнотуучу документтерди берүү жана жол-жоболоштуруу” кызмат көрсөтүүсүн ойлогон болушу мүмкүн. Ал эми бул экинчи кызмат көрсөтүү адекваттуу болчу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чындап жасап келаткан ишке шайкеш келмек жана КР мыйзамдарына да карама-каршы болмок эмес.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин аталган пунктунда “короо-жай участокторуна жанаша жайгашкан жерлерге укук орнотуучу документтерди берүү жана тариздөө, үй курууларга – короо-жай участокторунун ашыкчалары” жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Анткени учурда бул кызмат көрсөтүү жарандар арасында актуалдуу жана көп талап кылынууда. Маселеничечүү боюнча сунуштоолор: Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин төмөнкү пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

  • Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин 7-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоо: “жарандарга жайгашкан жер участокторуна (ашыкчаларына) пайдалануу же менчик укугун берүүчү укук орнотуучу документтерди берүү жана тариздөө”;
  • Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин 8-пункту: “муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укук орнотуучу документтерди берүү жана тариздөө”.

2-маселе. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрдин 9-пунктунун жоболорунун КР Турак жай кодексинин жана “Муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын ченемдерине карама-каршы келүүсү Маселенин чоо-жайы: Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин 9-пунктуна көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнүн учурдагы түшүндүрмөсү муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объекттерин менчиктештирүү жолу менен акысыз негизде менчикке берүүнү божомолдойт. Бул болсо Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 58-беренесинин нормаларына карама-каршы келет. Ошону менен бирге КР Турай жай кодексинин 58-беренесинде Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайлары менчиктештирүү акы төлөө негизинде, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда акысыз негизде турак жайларды жарандардын менчигине берүү түрүндө жүзөгө ашырыла турганы белгиленген.

Турак жайларды менчиктештирүү төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат: 1) конкурс аркылуу сатуу; 2) кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү; 3) тикелей сатуу; 4) акысыз өткөрүп берүү. Ошону менен бирге бул беренеде менчиктештирүүнүн формасын турак жайдын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы, биздин учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктай турганы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин бул 9-пункту “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-1 жана 13өберенелеринин жоболоруна карама-каршы келет. Бул берененин ченемдерине ылайык,“Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасынын негизинде төмөнкүдөй усулдар менен жүзөгө ашырылат: аукциондо сатуу; конкурста сатуу; кийин сатып алуучу башкарууга берүү; кийин сатып алуучу ижарага өткөрүп берүү; чарбалык шериктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу”.

Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасы өзүнө муниципалдык менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын түшүү божомолун камтыш керек.Жогоруда келтирилген жүйөлөрдөн улам, муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объекттерин менчиктештирүү акынын негизинде, же акы төлөп жүзөгө ашырыла алат деп ырастоого болот. Бирок эгерде Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин 9-пунктунда “муниципалдык менчикте турган объекттерди менчиктештирүүгө укук орнотуучу документтерди берүү жана тариздөө” катары кызмат көрсөтүү жөнүндө сөз болуп жатса, анда ушундай болмок деп божомолдоого негиз бар. Бул маселени чечпегендиктин кесепеттери:

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин 9-пунктунун учурдагы түшүндүрмөсү муниципалдык менчикте турган мүлктү эффективдүү башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине чектөөлөрдү киргизди. Маселени чечүү боюнча сунуштоолор: Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин 9-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнүн туюндурмасын тактоо сунушталат.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги: теория, практика жана сунуштоолор Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги – муниципалдык мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга акысыз жана акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги, ал жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн улам ар бир администрациялык-аймактык бирдиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен ашык түзүлөт. ЖӨБдүн ар бир аткаруучу органы (айыл өкмөтү) калктын керектөөлөрүнөн жана бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн улам муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзөт. Бул кошумча тизмек ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органынын (айылдык кеңештин) чечими менен бекитилет.Ошону менен бирге айрым учурларда муниципалитеттер аралык кызматташуунун негизинде кошумча кызмат көрсөтүүлөр бир нече администрациялыкаймактык бирдиктин (айылдык аймактардын) территориясында киргизилип, ишке ашырылса болот.Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү процесси “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун алкагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүүдө негизги кыйынчылыктар муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү кошумча тизмекке кошуу үчүн аларды аныктоо жана туюндуруу процесси менен түздөн-түз байланыштуу болду. Бул ЖӨБ органдарына да, жергиликтүү жамааттарга да тиешелүү. Бул кыйынчылыктардын пайда болуусунун булактары:

  • биринчиден, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү кошумча тизмектин алкагында ишке ашыруу жана алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдалбаганы;
  • экинчиден, жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн жана алардын кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүгө керектөөлөрүн туура аныктоо үчүн укуктук билимдин жана көндүмдөрдүн жоктугу;
  • үчүнчүсү жана негизгиси – бул көйгөйлөрдү жана керектөөлөрдү кошумча тизмекке киргизүү үчүн аларды муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр категориясына өткөрүү.

Мындан тышкары ЖӨБ органдары муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин түзүүнүн жол-жоболорун билбей турганын, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө ченемдерди колдонуу жана ишке ашыруу боюнча укуктук билими жетишсиз болгонун белгилей кетүү зарыл.Жергиликтүү деңгээлде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү максатында ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамаат үчүн бир катар юридикалык иш-чаралар өткөрүлдү.Бул иш-чаралар маалымдуулукту жана укуктук билимди жогорулатууга, жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн жана керектөөлөрүн аныктоонун, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүүнүн практикалык көндүмдөрүнө үйрөтүүгө багытталган.

Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө укуктук маселелер боюнча ЖӨБ органдарынын, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн дараметин жогорулатуу үчүн “Кызмат көрсөтүүлөрдүн укуктук негиздери” темасына маалымат берүүчү-окутуучу тренингдер өткөрүлгөн.Катышуучулардын жалпы саны 300 кишиден ашты, алардын ичинен 44% аялдар, 56% эркектер болду. Алынган билимди практика менен бекемдөө жана жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн жана керектөөлөрүн аныктоонун, аларды жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө трансформациялоонун көндүмдөрүнө үйрөтүү үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү боюнча практикалык тренинг-семинарлар өткөрүлдү. Катышуучулардын жалпы саны 300 кишиден ашты, алардын ичинен 41% аялдар, 59% эркектер болду.Жарандардын катышуусун камсыздоо жана калктын социалдык жактан аярлуу топторунун кызыкчылыктарын эсепке алуу максатында фокус топтор өткөрүлдү.

Ал жерде калктын социалдык жактан аярлуу тобу негизги максаттуу аудитория болду. Жарандардын кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптары жана керектөөлөрү фокус топтордун жыйынтыгы боюнча катышуучулар кол коюп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберген резолюцияларга да киргизилди. Ошентип 56 фокус топ өткөрүлсө, катышуучулардын жалпы саны 560 кишиден ашты. Ушул тапта LBD консалтингдин юристтери жана эксперттери ЖӨБ органдарына көрсөткөн укуктук консультативдик колдоо (коучинг) фазасы уланууда. Ошентип, 14 пилоттук муниципалитетте жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча, ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү боюнча комиссияларды бекитип, алар иштеп жатат, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин долбоорлору түзүлдү. Бул долбоорлор ушул тапта текшерүү баскычында турат: сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн белгиленген критерийлерине шайкештиги, акыга, же акысыз көрсөтүлүшү жана башка жол-жоболору текшерилүүдө.

Төмөндө Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылдык аймагында кошумча тизмекке киргизүү үчүн сунушталган айрым кызмат көрсөтүүлөрү келтирилген:

  • Аз камсыз болгон, жалгыз бой жашаган кары адамдарга кыш мезгилинде көмүр берүү. Бул кызмат көрсөтүү кары адамдарды колдоого, улуу муунга кам көрүүгө багытталган.
  • Оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөргө социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу. Бул кызмат көрсөтүү үй-бүлө институтун коомдун негиздери катары сактап калууга жана илгерилетүүгө багытталган.
  • Колу жука үй-бүлөлөрдө өскөн эки жашка чейинки наристелерге бекер сүт таратууну уюштуруу. Бул кызмат көрсөтүү аз камсыздалган үй-бүлөдө өскөн балдардын саламаттыгына кам көрүү, колдоо үчүн зарыл тамак болуучу элементтер менен камсыздоого көмөктөшүүгө багытталган.
  • Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жайкы лагерлерде эс алуусун уюштуруу. Бул кызмат көрсөтүү ден соолугунун айынан эч кандай мүмкүнчүлүктөрү болбогон мындай балдардын коомго аралашуусуна көмөктөшүүгө багытталган.
  • Айыл өкмөтүндө жашаган балдардын спорттук мелдештерге жана мектеп олимпиадаларына катышуусу үчүн аларды транспорт менен алып баруу-алып келүү ишин уюштуруу. Бул кызмат көрсөтүү баланын маданий инсандык өнүгүүсүнө көмөктөшүп, бийлик органдарынын айылдык аймактагы балдардын жетишкендиктерине кызыкдарлыгын көрсөтө алмак.

Ошондой эле жасалган иштердин ар бир этабында жергиликтүү жамааттын, түрдүү социалдык топтордун жана аны менен катар калктын социалдык жактан аярлуу катмарларынын кызыкчылыктарын мүмкүн болушунча көбүрөөк эсепке алууга басым жасалып турду. Мунун далили катары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, анын ичинде калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын кызыкчылыктарын эсепке алуунун жана алардын катышуусунун туруктуу процессинкамсыздоо үчүн жергиликтүү тейлөө саясатын калыптандыруу, кызмат көрсөтүүлөрдүн

жергиликтүү реестрин түзүү жол-жоболорун институционалдаштыруу процессинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү жергиликтүү ченемдик укуктук актылар жергиликтүү деңгээлде кабыл алынып жатат. Мисалы, “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо”. Бул жобонун негизги жерлери:

  • кызмат көрсөтүүгө суроо-талапты түзүүнүн тартиби,
  • чогулуштарды, элдик жыйындарды өткөрүүнүн,бейөкмөт уюмдардан жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан арыздарды жана сунуштарды чогултуунун ж.б. жол-жоболорунун сүрөттөлүшү,
  • калктын социалдык жактан аярлуу катмарларынын кызыкчылыктарын эсепке алуу;
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерине/аракетсиздигине даттануунун тартиби.

Алдын ала жыйынтыктар “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун алкагында жасалган иштерде ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын активдүүлүгү жогору болгонун көрсөтүүдө.ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин түзүү жолу менен өз ишин жакшыртуу канчалык маанилүү болгонун баамдай башташты. Муну жер-жерлерде өзгөчө социалдык жактан аярлуу топтордун көйгөйлөрүн чечүүгө жана керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектри да далилдеп турат. Ошондой эле бул этапта жетишилген жыйынтыктар ЖӨБ органдарынын жалпы жергиликтүү жамаат үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга кызыкдар болгонун тастыктаган маанилүү фактор болуп эсептелет.

Бул жыйынтыктар мындан ары башка муниципалитеттерде да мыкты тажрыйбаны жайылтууга мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо өз кезегинде республика боюнча турмуш шарттын оңолушунда жана сапатынын жакшырышында билинет.Корутунду сөз: “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун алкагында бардык өнөктөштөрдүн тыгыз өз ара аракетинин жана жигердүү кызматташтыгынын натыйжасында жергиликтүү тейлөө саясатын жакшыртуу жана мыкты тажрыйбаларды жайылтуу үчүн негиз түптөлүп, шарттар түзүлдү. Бул болсо жергиликтүү деңгээлде турмуш шартты жогорулатууга көмөктөшө турган ажыратылгыс фактор болуп эсептелет.

 

Окшош материалы: