Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаш изилдөөчүлөр үчүн ЖӨБ боюнча докладдар сынагы

2015-12-21 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу: учурдагы абалы жана келечеги-2016” Мөөнөт – 2016-жылдын 1-мартына чейин.

Урматтуу студенттер, окутуучулар,илимий даражага талапкерлер, изилдөөчүлөр! 2016-жылдын март айынын башында “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: учурдагы абалы жана келечеги-2016» темасына жаш изилдөөчүлөрдүн II ЖОЖдор аралык илимийпрактикалык конференциясы өтөт. Конференциянын уюштуруучулары: Өнүктүрүү саясат институту, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик.
 
Конференцияга катышууну каалагандар баяндамачыларга эскерткичте жазылган талаптарга ылайык келген докладды уюштуруу комитетине жиберүүгө тийиш. Докладды конференциянын уюштуруу комитетине (Өнүктүрүү саясат институту) 2016-жылдын 1-мартына чейин берүү зарыл.Конференциянын уюштуруу комитети докладдарды тандап алып, авторлорго конференцияга катышарын кабарлайт. Докладдарды баалоодо “Антиплагиат” программасы колдонулат. Мыкты докладдар баалуу белектер менен сыйланат жана конференциянын материалдар жыйнагында, “КРПМБА жарчысы” гезитинде жана “Муниципалитет” журналында жарыяланат. Жыйнак Китеп палатасында катталат. Конференциялардын тематикалык секциялары:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстары жана ишинин жыйынтыктары;
  • муниципалдык кызмат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрлары);
  •  коомду өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу.
Жаш изилдөөчүлөргө жардам катары докладдардын болжолдуу темасы Тиркемеде жазылган (“Муниципалитет” журналынын ушул санынын ___-бетин окуңуз). Анткен менен баяндамачылар докладынын (изилдөөнүн) темасын өз алдынча да тандай алышат (темалардын тизмесин ӨСИнин www.dpi.kg сайтындагы негизги бетте, “Сынактар жана вакансиялар” бөлүмүнөн таба аласыз). Өз байкоолорунун жана изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына негизделген докладдарга артыкчылык берилет. Мурда басып чыгарылган рефераттар доклад катары кабыл алынбайт. Докладдар эки категорияга топтоштурулат:
 
  • студенттер (бакалавриаттын жана специалитеттин);
  • магистранттар, жаш мугалимдер жана окумуштуулар (анын ичинде аспиранттар, изденүүчүлөр жана изилдөөчү-практиктер).
Докладдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде кабыл алынат.Баяндамачыларга жардам катары 2015-жылдын октябрь-ноябрь айларында өлкөнүн 7 жогорку окуу жайында 19 ачык лекция өткөрүлдү. Анда лекцияны Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери окушту. Лекцияларга катышкандардын жалпы саны дээрлик миңге жакын болду. Лекциялардын графиги жана алардын бир бөлүгү Өнүктүрүү саясат институтунун www.dpi.kg сайтында “Сынактар жана вакансиялар” бөлүмүндө (сайттын башкы бетинин оң жагында) жайгаштырылды. Докладдардын авторлоруна талаптар: студенттер (бакалавриаттын жана специалитеттин);
 
  • 35 жашка чейинки курактагы магистранттар, жаш мугалимдер жана окумуштуулар (анын ичинде аспиранттар, изденүүчүлөр жана изилдөөчүпрактиктер).
Докладдын темасы боюнча илимий жетекчи болуш керек (студенттер үчүн). БАЯНДАМАЧЫЛАРГА ЭСКЕРТКИЧ Доклад тандалып алынган темага шайкеш келиш керек; докладдын көлөмү А4 форматындагы 8 беттен ашпаш керек. Конференцияга катышуу үчүн тандалып алынган докладдар үчүн көрсөтмө материалдардын – Power Point программасында даярдалган презентациялардын болушу шарт. Оозеки докладдын узактыгы – 15 мүнөттөн ашпаш керек. Конференциянын уюштуруу комитети докладдарды төмөнкүдөй критерийлер боюнча тандайт: докладдын, изилдөөнүн темасынын актуалдуулугу; докладдын, изилдөөнүн тереңдиги (изилдөөчүлүк мүнөзү, эксперименталдык материалдын колдонулушу, экономикалык натыйжалуулуктун эсептелгендиги, автордун сунуштары); окладдын, изилдөөнүн өз алдынчалыгы; материалды баяндап берүүнүн формасы; докладды талаптарга ылайык тариздөө.
 
Докладды жасалгалоого карата талаптар Жасалгалоо Microsoft Word редакторундагы күүлөөнүн төмөнкүдөй параметрлери бар компьютерде орнотулган шаблондор боюнча жүзөгө ашырылат:
 
  • Times New Roman (Times New Roman Cyr) ариби, кадимки, өлчөмү – 12. Таблицаларда 10го чейин кичирейтүүгө уруксат берилет (текст батпай жатса);
  • саптар аралык интервал: А4 форматы бир кабат; таблицаларда 10 пунктка чейин кичирейтүүгө уруксат берилет (эгерде текст батпай жатса);
  • сөздөрдү көчүрүү менен туурасынан теңдөө(таблицаларда теңдөөнү зарылчылык болсо колдонуңуз);
  • беттердин номуру төмөн жактагы колонтитулдун оң жагына коюлат (биринчи бетке номер коюлбайт).
Текстте сүрөттөргө жана таблицаларга уруксат берилет. Тексттеги сүрөттөр ак-кара түстө гана болуш керек, беттин астындагы жазуулар MS Word документинде терилиш керек. Биринчи беттин үстүңкү оң бурчунда доклад жиберилип жаткан секция сөзсүз көрсөтүлүш керек. Андан кийин докладдын аталышы жазылат – баш тамгалар жана кара шрифт менен. Андан кийин авторлордун жана илимий жетекчинин атыжөнү, анын илимий даражасы, окуу жайдын аталышы толугу менен жазылыш керек. Андан соң текст жазылып, соңунда библиографикалык тизме көрсөтүлөт.
 
Жогорудагы талаптарга жооп бербеген докладдар кабыл алынбайт. Докладдар электрондук түрдө 2016-жылдын 1-март күнү саат 18ге чейин кабыл алынат. Конференциянын уюштуруу комитетинин дареги: Бишкек ш., Үсөнбаев көч, 44, Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсеси Тел.: (312) 97 65 30,31, факс: (312) 97 65 29, сайт: www.dpi.kg Байланыш үчүн: КҮМҮШБЕКОВ Нурдин, муниципалдык кызмат боюнча адис, e-mail: nkumushbekov@dpi.kg

 

Окшош материалы: