Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кемин шаарынын райондорунун биринде катуу тиричилик калдыктарын (КТК) колго алуу маселелери боюнча коомдук угуулар

2015-12-07 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Кемин шаарынын райондорунун биринде катуу тиричилик калдыктарын (КТК) колго алуу маселелери боюнча коомдук угуулар

2015-жылы Кемин шаары ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун пилоттук муниципалитети болуп калды. ЖМБАиш-чаралар комплексин өткөрүү процессинде (262 катышуучу) жолдордун жана канализациялык системанын начар абалы, таза суунун жетишсиздиги,көчөлөрдө жарыктын жоктугу, таштанды жыйноонун жана чыгарып кетүүнүн төмөн деңгээли, мектепке чейинки билим берүү, спорт менен алектенүү жана жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн шарттардын жоктугу, жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматтын жетишсиздиги жана көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларынын начар абалы шаардагы биринчи кезекте чечилиш керек болгон тапшырмалар катары аталган. Ошентсе да, шаардыктардын басымдуу бөлүгү таштанды жыйноону жана чыгарып кетүүнү эң маанилүү жана көйгөйлүү маселе катары белгилешкен.

Долбоорду ишке ашырууну шаар мэриясы КТК жыйноо жана чыгаруу көйгөйүнө арналган коомдук угуудан баштады. Мындай иш-чаралар буга чейин такыр өткөн эмес. Бул тема бардык шаарга эмес,анын бир бөлүгүнө – кеминдиктер “Перевалбаза” деп атап койгон районуна тиешелүү болгону анын башкалардан айырмалап турду. Бул район борбордон эки километр аралыкта тоолорго жакын жайгашкан. Эмне үчүн? Себеби биринчи кезекте дал ушул шаардык массивдин (ал эми бул жерде 760ка жакын киши жашайт) тургундары көптөн бери аймактын булганып жатканы тууралуу теманы көтөрүп келишүүдө. Мэриянын кызматкерлери чоң даярдык иштерин жүргүзүштү. Биринчи кезекте бул кызмат көрсөтүүнү аталган шаар районунун тургундарына жеткирүүнүн жолдорун изилдеп, анализ жүргүзүштү. Андан кийин жыйынтыктарды эсепке алуу менен калкка маалымат берүү үчүн материалдарды даярдашып, иш жүзүндөгү кирешелерди жана чыгашаларды, жаңы тарифтерди эсептеп чыгышты.
 
Угуулар тууралуу жарыяны камтыган баннерлердин жана афишалардын жардамы менен калкты кеңири маалымдашты. Мындан тышкары калк үчүн чакыруу барактары басып чыгарылып, таратылды. “Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу” темасына коомдук угуулар 2015-жылдын 30-ноябрында №2 орто мектепте өттү. Ага 57 шаар тургуну, анын ичинде 29 аял катышты. Негизинен пенсия курагындагы адамдар чогулду. Тилекке каршы жаштар бул иш-чараны көңүл сыртында калтырып коюшту. Угуулар башталардын алдында катышуучулар тема боюнча материалдарды, ошондой эле суроолорду жана сунуштарды жазуу үчүн бланктарды алышты. Угуулардын жүрүшүндө катышуучулар өткөн жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалыматка ээ болушуп, таштанды жана тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди өзгөртүү боюнча сунуштарды угушту. Иш-чаранын убагында КТКны чыгаруу боюнча чыгашалардын жалпы көлөмү жыл ичинде 1,8 миллион сомду түзгөнү, ал эми чогулган акча шаар боюнча араң гана 116 миң сомго жеткени белгилүү болду. Ошол эле кезде калк үчүн тариф айына ар бир короо үчүн 5 сомду түзөт. Таштанды чыгаруу үчүн калктан жыйымдар 2009-жылы бекитилген. Анда солярканын баасы 25 сом болчу. Ал эми азыр болсо кырдаал өзгөрдү – күйүүчү майдын бир литри 40 сомду түзөт.
 
Албетте бул каражаттын олуттуу жетишсиздигине алып келип, калктуу конуштун санитардык абалына да таасирин тийгизди. Угуулардын катышуучулары моюнуна алгандай, кээ бир көчөлөрдө таштанды толуп кетти; туура эмес жайларда үйүлгөн таштандылар көзгө жагымсыз учурайт. Айтор бул чөйрөдө олуттуу, атүгүл кооптуу да кырдаал түзүлдү. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан чукул чара көрүлүүш керек эле. Буга байланыштуу мэрия бардык эсептөөлөрдү жүргүзүп чыгып, анын негизинде тарифти ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн 10 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Ошондой эле Кеминдин бул районунда таштанды жыйноону жана чыгарып кетүүнү эффективдүү уюштуруу боюнча чаралар да айтылды. Көпчүлүк добуш менен чогулгандар бул сунуштарды колдоп беришти.“Сөздүн чынын айтканда, таштандыны өзүбүз ыргытып жаткандан кийин, бул маселени да өзүбүз чечишибиз керек. Мэрия тууралуу айта турган болсок, биз пластик бөтөлкөлөрдү, сынган идиш-аякты чогулта турган ишкерлер менен макулдаштык. Бирок бизде таштандынын баары аралашып ыргытылганы чоң көйгөй – техникалык калдыктар тамакаш менен ыргытылат, желим баштыктар шаардын туш тарабында жатат... Таштандыны сорттогонго аракеттениш керек жана муну кантип туура жасай аларыбызды жакшылап ойлонуп көрүүгө тийишпиз. Мисалы, Гонконгдо көчөгө тамеки ыргытсаң 300 доллар айып төлөйсүң. Ал эми бизде буга эч ким көңүл бурбайт жана мындан улам эч ким жоопкерчилик албайт. Бүгүнкү коомдук угууларда биз силерден жакшы сунуштарды алдык.
 
Ошол сунуштар таштанды чыгаруу жана бул кызмат көрсөтүү үчүн тарифтик ставканы оптималдаштыруу иштерин өркүндөтүү боюнча пландарды түзгөндө эсепке алынат. Эгерде кимдир бирөө бүгүнкү тема боюнча өз сунуштарын бергенге жетишпей калса, анда бизге кат жазса болот. Биз баарына сунуштар жана кошумчтолуктоолор үчүн материалдарды жана бланкаларды таратып бердик”, - деп угууларды жыйынтыктарды Кемин шаарынын мэри.Эмесе, талкуулардын жыйынтыгы боюнча Кемин шаарынын “Перевалбаза” районунда таштанды жыйноо жана чыгаруу чөйрөсүндө канчалык олуттуу кырдаал түзүлгөнү маалым болду. Анткен менен бул маселе боюнча угуулардын катышуучуларында түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун бир нече варианттары бар болгону аныкталды. Алар сурамжылоо баракчаларына сунуш катары киргизилди. Калктын жана кеңешти кошкондо жергиликтүү бийлик органдарынын кызыкдарлыгы, таштандыны жок кылуу маселелери боюнча коомдук угуулардагы жетишкендиктер бул көйгөй жакынкы мезгилде чечилип калат деген оптимисттик тыянак чыгарууга жол ачууда.
 
Маалымат үчүн Кемин шаары – бул Чүй облусунун Кемин районунун административдик борбору жана ири калктуу пункту. Шаар Чу дарыясынын жээгинде Бишкектен чыгышка карай 95 км аралыкта жайгашкан, калкынын саны – 9003 киши. Кемин аркылуу Ысык-Көл, Нарын облустарына жана Ысык-Көлдүн курорттук зонасына трассалар өтөт, ошондой эле Бишкек-Балыкчы багытындагы темир жолу да бар. Совет доорунда шаардын өнөр жайы өнүккөн: бул жерде электртехникалык, линолеум заводдору, алтын кен комбинаты, нан заводу жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишкана бар болчу. Бул заводдор миңдеген кеминдиктерди иш менен камсыздап, үй-бүлөлөрүн бакчу. 1954-жылы бул калктуу конуш шаар тибиндеги поселок статусун алып, 2012-жылы шаар болуп калган.

 

Окшош материалы: