Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

3-жыйынтык. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана борборлоштурууну азайтуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү

2015-12-12 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
3-жыйынтык. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана борборлоштурууну азайтуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана борборлоштурууну азайтуу чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүнүн үстүнөн туруктуу иштеп келди жана бул иштерди улантууда. Долбоор мамлекеттик саясатта КР Конституциясында белгиленген борборлоштурууну азайтуу принциптерин сактоо маанилүү деп эсептейт. Анын үстүнө башкарууну борборлоштуруу мамлекеттик органдардын пайдасына ЖӨБ органдарынан жергиликтүү жамаат алдында жооптуу болуу милдетин алып таштоодо. Бул болсо жамаатты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде бюджеттик процесске тартууга бут тосулат. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көп кырдуулугу ЖӨБго, коомдук институттардын ишине, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүгө байланышкан көп сандагы ченемдик укуктук актыларды жакшыртууну талап кылат. Мунун баары долбоордон улуттук деңгээлде жүргүзүлгөн иштер боюнча чоң аракеттерди талап кылууда.

3.1. ЖӨБдү децентралдаштыруу (саясий,административдик жана финансылык жактан) чөйрөсүндөгү улуттук саясатты иштеп чыгуу жана илгерилетүү 2013-жылы КР Өкмөтүнүн үч тепкичтүү бюджеттик системаны кайрадан киргизүү аракеттеринен улам Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынчатбашкаруу системасы олуттуу коркунучка кабылды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору КР Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө кеңири экспертизаларды даярдап берүү менен Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу системасын борборлоштуруу боюнча демилгеге каршы турууда олуттуу роль ойноду.
 
Жалпысынан төрт жыл ичинде долбоордун эксперттери 70тен ашык түрдүү укуктук сунуштоолорду, сунуштарды жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө (жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесинде) байланышкан мыйзам долбоорлорун; 2013-2017-ж.ж. Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбооруна серепти жана сунуштарды; 2013- 2017-ж.ж. КРда ЖӨБдү өнүктүрүү Программасына сунуштарды; КР Салык кодексине түзөтүүлөрдү (салыктарды башкаруу укугун ЖӨБ органдарына берүү); КР Бюджеттик кодексинин долбооруна сунуштарды; “ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө” КР Мыйзам долбоорун ж.б. даярдап берди. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү оң өзгөрүүлөрдү жана жамааттын ЖӨБго катышуу моделин илгерилетүү үчүн жигердүү маалыматтык стратегияны колдонду. Эл аралык экспертиза, эл аралык жана донордук уюмдар, КЭУ, жергиликтүү эксперттик жамаат, ошондой эле массалык маалымат каражаттары долбоордун маалыматтык стратегиясынын маанилүү максаттуу аудиториясы бойдон кала берүүдө.
 
3.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аныктоо Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы ЖӨБ органдары функцияларга “көмүлүп” калган. ЖӨБ органдары аткарып жүргөн функциялардын көбү мамлекеттик болуп эсептелет. ЖӨБ органдарына бул функцияларды аткаруу, атайын окуудан өткөн адистер, функцияларды сапаттуу аткаруу үчүн тийиштүү нускамалар үчүн каражат бөлүнбөйт. Мунун баары аткарылган функциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөн сапатына алып келет жана мындан улам жарандар тарабынан бийликке канааттануусунун жалпы деңгээлине таасирин тийгизет. Буга байланыштуу ЭҮЖӨБОЖ Долбоору “ЖӨБ органдарынан айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” КР Мыйзамын, ошондой эле айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына берүү тууралуу Типтүү келишимди да иштеп чыгууга жардам берди.
 
Эки документ тең 2013-жылы кабыл алынган. 2014-жылдын соңунда КР Өкмөтү “ЖӨБ органдарынан ыйгарым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы аткарылышы үчүн Токтом кабыл алды жана ыйгарым укуктарды берүүгө биринчи кезекте кирише турган төрт мамлекеттик ведомствону аныктады.Токтом КР Финансы министрлигине төрт ведомство берген функцияларды аткаруу үчүн ЖӨБ органдарына каражат бөлүп берүүнү тапшырат. Бул Токтомду ишке ашыруу үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору улуттук деңгээлде мамлекеттик башкаруу органдары менен жигердүү диалог жүргүзүп, пилоттук облустардагы ЖӨБ органдарынын тынчсыздануу-
сун жеткирип турган.
 
3.3. Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу системасын иштеп чыгуу жана апробациялоо ЭҮЖӨБОЖ Долбоору муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу системасынын жаңы моделин сунуштап, КР Мамлекеттик кадр кызматы аны кабыл алды. Окуу программаларын муниципалдык кызматчылардын керектөөлөрүнүн базасында түзүү, окутуучу уюмдарды сынактын негизинде тандап алуу, окуунун жыйынтыктарын баалоо жана башка ушул өңдүү квалификацияны жогорулатууга карата заманбап мамиленин элементтери Моделдин өзгөчөлүгүн түзөт. Модель муниципалдык кызматчылардын өздөрүнүн керектөөлөрүнүн базасында аныкталган окуу программаларынын тогуз темасы боюнча 82 муниципалдык кызматчынын катышуусунда сыналды.
 
Жаңы Модель мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо боюнча жаңы мамлеке тик программада эсепке алынды. 2013-жылдын июль айында Президент Жарлыкка кол коюп, аны менен 2013-2017-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү Программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитти. КР Мамлекеттик кадр кызматы ЭҮЖӨБОЖ Долбоору сунуштаган моделди билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүнү тандап алуу жаатында да ишке ашырып келатат.
 
ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык тууралуу Убактылуу жобону иштеп чыгууда, 2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырыктардын өздөрүнө, ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу тартиби тууралуу убактылуу Жобого экспертизаны КР МККга берген. Мындан тышкары ЭҮЖӨБОЖ Долбоору КР Жогорку Кеңешинде биринчи окууда эле кабыл алынган “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууга жана талкуулоого жигердүү катышты.
 
* * *
2015-жылдын апрель айынан тарта ЭҮЖӨБОЖ Долбоору экинчи фазага өттү. Анын алкагында өз ишин Чүй, Нарын жана Ош облустарында улантмакчы.

Окшош материалы: