Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2-жыйынтык. Жарандардын муктаждыктарына жооп кайтаруу үчүн ЖӨБдүн башкаруучулук дарамети өстү

2015-12-10 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
2-жыйынтык. Жарандардын муктаждыктарына жооп кайтаруу үчүн ЖӨБдүн башкаруучулук дарамети өстү

250 ЖМБА-сессиянын жүрүшүндө айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү жамаат алдында отчет берип калган ЖӨБ органдарынын башкаруучулук дараметин жогорулатуудан 700 000ден ашуун жашоочу пайда тапты. ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттын окуудан өткөн өкүлдөрү менен диалог түзүп, жергиликтүү жамаатты бюджетти талкуулоого катышуу мүмкүнчүлүгү менен камсыздашты. Үч жылда эки пилоттук облустун муниципалитеттеринде 80ден ашуун коомдук бюджеттик талкуу өтүп, анын натыйжасында жашоочулардын кошумчалары жана сунуштары боюнча жергиликтүү бюджеттерге 176 өзгөртүү киргизилди. ЖӨБ органдары бюджет долбоорлору боюнча да, алардын аткарылышы боюнча да угууларды өткөрүп турушту. Көпчүлүк жашоочулар үчүн мындай иш-чаралар жаңылык болду. Кимдир бирөөлөр ресурстардын чектелүү болгонуна, башкалары АӨ аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акысы төмөн болгонуна айраң таң болуп кетсе, кээ бирлери “андан ары да иликтеп, чыныгы сандарды казып чыгууга” даяр болуп үйлөрүнө кайтып жатышты. Башкалары болсо кошуналары менен бирге таштанды үчүн көбүрөөк акча чыгарууга, же жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдар сатып алынган шартта объекттин ремонту үчүн салым кошууга даярдыгын билдиришти. Түрдүү муниципалитеттер – ар башка сезимдер. Бирок коомдук угуулардын катышуучулары маалыматка ээ болуп, кызыгуусун билдирип, кайдыгер эместиги аларды бириктирген фактор болуп эсептелет.

2.1. Жергиликтүү жамааттарды жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске тартуу боюнча ЖӨБ органдарынын тажрыйбасы ЖӨБ органдары коомчулук үчүн бюджеттик маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздап, жергиликтүү жамааттарды жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине тартышат. Пилоттук облустардагы муниципалитеттер жамааттардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо үчүн бюджеттик угууларды өткөрүү, бюджеттик маалыматтарды (бюджет долбоорлорун, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетторду, бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн инфографиканын элементтерин кошуу менен жеткиликтүү тилде даярдоо) басып чыгаруу аркылуу түрдүү аспаптарды колдонушат. 29 максаттуу муниципалитет финансы бөлүмдөрдүн мыкты иш алып баруусу үчүн компьютерлер менен, коомдук угууларды, чогулуштарды, жыйындарды мыкты өткөрүү үчүн атайын жабдуулар (үн күчөткүчтөр,презентацияларды даярдоо үчүн жабдуулар ж.б.) менен камсыздалды.
 
Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттердин 50дөн ашык айылында 60тан ашуун маалымат керегеси орнотулган. Ал жерлерде ЖӨБОнун, жергиликтүү кеңештин иши тууралуу маалыматтар жайгаштырылган – пландар, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу отчеттор жана Маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө Мыйзамдын талаптарына ылайык маалыматтын башка түрлөрү. Бардык 29 пилоттук муниципалитет маалымат бюллетендерин чыгарганды үйрөнүп, муну жасай башташты. Бул бюллетендерде ЖМБАнын жүрүшүндө аныкталган көйгөйлөрдү жана жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүү боюнча пландардын аткарылышы, Демилгелүү топтордун жана БМжБ топторунун мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууга жигердүү катышуусу тууралуу айтып беришет.
 
2.2. ЖӨБ органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары арасында билим деңгээлин жогорулатуу Долбоордун алкагында көптөгөн окуу ишчаралары, анын ичинде ЖӨБдүн укуктук негиздери, ролу, функциялары, муниципалдык финансыны башкаруу, жамааттын бюджеттик процесске катышуусу, коомдук ресурстарды ачык-айкын башкаруу, чогулуштарды жана башка коомдук мааниге ээ болгон жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү, жергиликтүү жамааттын Уставын талкуулоо жана кабыл алуу тартиби ж.б. боюнча тренингдер өткөрүлдү.Окуудан өткөндөрдү милдеттүү түрдө тестирлөөнүн жыйынтыктары түрдүү темалар боюнча окуудан өткөн ЖӨБОнун 16 300 өкүлүнүн билим деңгээли 33% өскөнүн көрсөттү.
 
30дан ашык муниципалитет жаңы билимди колдонуп, атайын уюштурулган иш сапарлары маалында кошуналар менен тажрыйба бөлүштү. Өлкө ичинде мындай окуу сапарлары дараметти көрсөтүү, тажрыйба алмашуу жана өнүктүрүү үчүн эффективдүү каражат болуп калды. 20 иш-чаранын 900 катышуучусунун ичинен көбү “тең теңге” принциби боюнча өз муниципалитеттеринде жаңы мамилелерди кабыл алуу үчүн дем берүүчү катары эффективдүү болгонун көрсөтүүдө. Тренингден жанаДолбоор менен кызматташуунун алкагында алган билимди муниципалитеттер кантип колдонуп жатканы тууралуу макалалар “Муниципалитет” журналында көп жолу чыкты.Биздин журнал жаңылыктар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы тийиштүү улуттук реформалар тууралуу түшүндүрмөлөрдү басып келатат. “Муниципалитет” журналынын 25 чыгарылышы 24 000ден ашуун нуска менен чыгып, бардык муниципалитеттерге жана Өкмөткө, улуттук деңгээлдеги башка өнөктөштөргө таратылып берилди.
 
2.3. Инвестициялык долбоорлорду (чакан гранттар программасы) башкарууда көндүмдөр жакшырды ЖӨБ органдары инвестициялык долбоорлорду башкаруунун көндүмдөрүн жакшырта алышты. Эки пилоттук облустагы 53 ЖӨБ органы ЖМБА-ишчараларынын жүрүшүндө аныкталган көйгөйлөрдү БАПка киргизишти, Демилгелүү топтордун лидерлери менен биргеликте долбоорлорду иштеп чыгып, сынактарда акыйкат жеңиштин жыйынтыгы менен гранттарды алышты. Айталы, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 53 муниципалитетте Долбоордун чакан гранттар программасынын каражаттына 113 долбоор ишке ашырылды.Бул долбоорлор ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун эсебинен каржылангандан тышкары, бир катар муниципалитеттер ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан материалдарды колдонуу менен өзүнүн долбоордук идеяларын каржылоону башка булактардан таба алганын белгилей кетүү керек. Жергиликтүү жамааттар, демөөрчүлөр (бизнес ж.б.), GIZ жана дем берүүчү гранттар системасы аркылуу КР Финансы министрлиги ЖМБАнын жүрүшүндө аныкталган маселелерди чечүү үчүн каржылоо булактары болуп калды. Пилоттук эмес муниципалитеттер бул методологияны биринчи кезекте гранттык каржылоо келечеги бар болгон үчүн кабыл алышты.
 
Көпчүлүк долбоорлор жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөр жаатында көптөн бери келаткан көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылат жана көпчүлүгү жарандардын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык программасы жергиликтүү керектөөлөргө багытталган көпчүлүк башка донордук программалардан бир топ айырмаланат.Негизги айырмачылык – ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттары жергиликтүү бюджетке түшөт. Ошону менен бирге ар кандай инвестицияларды башкаруу көндүмдөрүн жакшыртуу менен ЖӨБ органдары үчүн “машыктыргыч” ролун ойнойт. Гранттык программанын дал ушул өзгөчөлүгү мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө ЖӨБ органдарынын дараметин жогорулатуу зарылдыгын көрсөттү. Бул үчүн Долбоор КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда бардык грант алуучулар үчүн окуу уюштурду.Долбоордун эксперттери ЖӨБ органдарынын тендерлерди даярдоосуна жана өткөрүүсүнө экспертиза жүргүзүштү. Эми ошол ЖӨБ органдарында сертификаты бар адистер иштеп жатат.
 
Ошондой эле Долбоор гранттардын эсебинен каржылана турган долбоорлорго маанилүү техникалык экспертиза өткөрүүгө жардам көрсөттү.Бул болсо эффективдүү инвестициялоону жана узак мөөнөттүү жыйынтыктарга жетүүнү камсыздоо үчүн андан да актуалдуу болууда.Мындан тышкары гранттар жамааттардын процесске катышуусунда пилоттук эмес муниципалитеттерди мобилдештирүү үчүн мыкты стимул болуп калды.Көпчүлүк гранттар башка булактардан, анын ичинде жергиликтүү бюджеттерден каржыланган долбоорлорду кошо каржылоо үчүн колдонулуп келет. Алардын чакан көлөмүн эсепке алуу менен (1 миллион сом көлөмүндө гранттар) жергиликтүү кызматтарды көрсөтүүдө, инфраструктураны түзүүдө же жакшыртууда андан да олуттуу инвестициялар үчүн стимул катары каралса болот. Негизгиси – чакан гранттар программасы иш жүзүндө ЖӨБ органдары үчүн машыктыргыч болуп калды.Жалпысынан 700 000ден ашуун жашоочу ишке ашырылган инвестициялык долбоорлордон пайда алды.
 
Ар бир ишке ашырылган долбоор актуалдуу көйгөйлөрдү чечип берүүгө жардам бергендиктен жамаат үчүн маанилүү. Түз таасиринен тышкары, ишке ашырылган долбоорлор гендердик теңдикти камсыздоо, эмгек базарынын өнүгүүсүнө көмөктөшүү өңдүү чөйрөлөргө оң таасирин тийгизип келет. Мисалы, Кум-Бел муниципалитетинде буга чейин иштебей турган бир бала бакчаны гранттык долбоордун инвестициясынын жардамы менен оңдогондон кийин 25 аял иш менен камсыздалды.Ошондой эле Долбоордун гранттык программасы жарандардын активдүүлүк деңгээлин жогорулатуу боюнча долбоордун ишин баалоого жардам берди. Бардык долбоорлор БМжБ тобунун туруктуу мониторинги алдында болду. Бул топтор ЖӨБ органдарына долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, сапатсыз товарларды жана жабдууларды сатып албоону көзөмөлдөп турууга, жеткирип берүүчүлөрдүн ишти өз убагында аткаруусун камсыздоого жардам берип турушту. Бул болсо Моделдин ийгилигин жана туруктуулук жетишилгенин тастыктап турат.

Окшош материалы: