Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

1-жыйынтык. Жергиликтүү жамааттар (ЖКУну кошкондо) жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу процессине катышууда

2015-12-15 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
1-жыйынтык. Жергиликтүү жамааттар (ЖКУну кошкондо) жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу процессине катышууда

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттердин 37 000ден ашуун тургуну жергиликтүү бюджеттик процесске катышуу менен кызмат көрсөтүүлөргө таасирин тийгизе алышты. Мындай өзгөрүүлөр жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине катышуусунун, ЖӨБ органдарына өз муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн туура жеткире алуусунун, ЖӨБ органдарынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жана жергиликтүү ресурстарды, анын ичинде жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын колдонгону тууралуу отчетту талап кылуусунун натыйжасы болуп эсептелет.

1.1. Жергиликтүү жамааттар жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске катышууда 29 элеттик муниципалитеттин 27 миңден ашуун тургуну жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоого (ЖМБА) катышуу аркылуу жергиликтүү бюджеттик процесске тартылышты. ЖМБА маалында жашоочулар ЖӨБ органдарына өз керектөөлөрүн жана көйгөйлөрүн жеткире алышты. Иш-чараларды ЖӨБ органдары жана атайын окуудан өткөн жигердүү жергиликтүү тургундар өткөргөн (окууларга 3700 киши катышты). Жаңы Модель эки облустун пилоттук жана башка муниципалитеттерине ЖМБА маалында жашоочулар айткан конкреттүү көйгөйлөрдү чечүү боюнча аткарылчу иштердин планын киргизүүгө, аларды чечүү үчүн бюджетке чыгашаларды киргизүүгө жана пландардын андан ары аткарууга жардам берди. Дал ушундай алгоритм ЖӨБ органдарынын калк алдындагы реалдуу жоопкерчилигин көрсөтүп турат.
 
Моделдин иштеп кетиши көп учурда жашоочулардын активдүүлүгүнөн да көз каранды. Пилоттук муниципалитеттердин ийгилиги жарандардын ЖМБАиш-чараларына, чогулуштарга, коомдук угууларга, окутуучу иш-чараларга, ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө катышуусунан улам мүмкүн болду. Бул үчүн жергиликтүү жамааттарда 114 демилгелүү топ түзүлүп, аларга 1300дөн ашык киши катышты. Алар конкреттүү маселелерди чечүүгө кызыгуусун жана даярдыгын билдиришти (мисалы, жаштар үчүн эс алууну уюштуруу маселесин чечүү боюнча топ, же мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруу менен маселени чечүү боюнча топ). Демилгелүү топтор ЖӨБ органдары менен кызматташтыкта ЖМБАнын жүрүшүндө аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча 26 биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгышты. Алар ошол пландарды ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана ЖӨБ органдарынын жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча иштери тууралуу калктын кеңири катмарларына маалымат жеткирүүгө катышты.
 
1.2. Жергиликтүү жамааттар өз долбоорлорун иштеп чыгып, ишке ашырууда Элетик муниципалитеттерде жарандык коомду күчтөндүрүү, жергиликтүү жамааттар менен ЖӨБ органдары ортосундагы өз ара аракеттин деңгээлин жогорулатуу, жарандардын активдүүлүгүн жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусун арттыруу максатында Долбоор тарабынан атайын ишчаралар каралган. Айталы, мыкты практикаларды – жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу катышуусунун, ЖӨБ органдары менен биргелешип жамааттын актуалдуу маселелерин чечүүсүнүн мисалдарын аныктоо үчүн жергиликтүү коомдук уюмдар жана жарандык коом уюмдары (ЖКУ) арасында сынактар уюштурулду. Ошентип ЖӨБ органдары менен өнөктөштүктө жергиликтүү жамааттардын демилгелери боюнча ишке ашырылган жергиликтүү долбоордун ичинен 293 мисал үлгүлүү деп табылып, “Жергиликтүү демилге” деп аталган үч сынакта байгелүү орундарды ээлешти.
 
Жарандарды чечим кабыл алуу процессине катыштырууга кошкон салымы үчүн 50 мыкты мисалдын демилгечилеринин ролу өзгөчө белгиленип, баалуу белек алышты. Бул демилгечилер өз айылдарында ушул күнгө чейин жигердүү иш алып барышууда. Ар бир сынактын жыйынтыгы боюнча Долбоор атайын форумдарды өткөрүп турду. ЖӨБ органдарынын, жергиликтүү ЖКУнун, жергиликтүү жамааттардын жана массалык маалымат каражаттарынын 330дан ашык өкүлдөрү тажрыйба менен таанышып чыгып, сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоого катышып, жамааттын катышуусунун артыкчылыктарын талкуулашты. Ошондой эле алар чечим кабыл алуу процессинде ийгиликтүү өз ара аракеттенүүдө жана катышууда КЭУнун жана жергиликтүү жамааттардын жоопкерчилигин, алдыңкы тажрыйбаны андан ары жайылтуунун маанисин да талкуулай алышты.
 
1.3. Жарандар ЖӨБдүн ишине баа берүүдө Шаар жана элет тургундары көчөгө жакшы же жаман маанайда чыкканда, таза же кир аялдамада коомдук транспортту көпкө же аз убакыт күткөндө, балдарын жылуу жана ыңгайлуу же суук бала бакчага жибергенде, караңгы же жарыгы бар көчөлөрдөн үйлөрүнө кайтып келатканда ЖӨБ органдарынын ишине баа беришет. Адамга жашаган жердин шарттарын баалап туруу мүнөздүү. Бирок эгерде бизге начар жолдор жана караңгы көчөлөр жакпаса, жаштарда жана балдарда окуудан бош убакытты пайдалуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү болбосо, биз өзгөрүүлөрдү кааласак, анда ошол берилген баа ЖӨБ органдарына жетүүгө тийиш.Анын үстүнө эгерде ЖӨБ органы жамааттын аныкталган артыкчылыктарына жооп катары жолдорду оңдоо, жаштар үчүн бош убакытты уюштуруу боюнча планды иштеп чыкса, анда жоопкерчиликтүү жигердүү жашоочулар да болуш керек. Алар биргелешкен аракеттер планынын аткарылышына көз салып, маселелердин чечилип жатышына мониторинг жүргүзүп, бийликтин жасаган иштери тууралуу отчетторун тастыктап, же четке кагыш керек.
 
Пилоттук муниципалитеттерде иш дал ушинтип түзүлгөн. Эми ЖӨБ органдары биргелешкен аракеттер планын аткарып, буга байланыштуу жергиликтүү жамаат алдында отчет беришет. Жашоочулардын катышуусунда пландардын аткарылышына мониторинг жүргүзүлөт. 26 Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (МжБ) түзүлгөн. Биргелешкен аракеттер планынын (БАП) аткарылышын көзөмөлдөө, өзгөчө көйгөйлүү жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо максатында бул топторго 197 киши кирген (алардын ичинен 41% аялдар). Атайын окуудан өткөн БМжБ топторунун мүчөлөрү ЖӨБ органдарына көп учурда подрядчылар аткарган ремонттук-курулуш иштерине байланышкан инфраструктуралык долбоорлордун аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө да жардам берип келишет.
 
БМжБ топторунун мүчөлөрү – бул айылда болуп жаткандарга кайдыгер карабаган, бюджеттик каражаттар эмнеге сарпталып жатканын, бул каражаттарды ЖӨБдүн айрым бөлүмдөрү, АӨ кызматкерлери жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр кантип иштетип жатканын билгиси келген жарандар. Жарандардын өзүнүн бош убактысын БМжБ тобунда өткөрүүгө, объекттерди кыдырууга, калк арасында сурамжылоо жүргүзүүгө, ЖӨБ аппараты менен жолугушууга жана албетте коомдук талкууларды даярдоого жана аларга катышууга короткону өтө маанилүү.

Окшош материалы: