Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Биринчи фазасын аткаруунун жыйынтыктары, 2011 - 2015 Жалпы таасири

2015-12-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Биринчи фазасын аткаруунун жыйынтыктары, 2011 - 2015 Жалпы таасири

2011-2015-жылдары Кыргызстан 2010-жылдан кийин жок болуп бараткан башкаруу системасындагы борборлоштурууну азайтуу векторуна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу темасынан до- норлордун четтей баштоосуна күбө болду.

Атүгүл 2013-жылы Кыргызстан тескери саясий процесске – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарына каршы келген борборлоштуруу жана мамлекеттик аткаруучу бийликтин вертикалын күчөтүү коркунучуна кабылды. 
 
Өзүн оң жагынан көрсөтө алган борборлоштурууну азайтуу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерине саясий чечимдерди кабыл алган адамдардын көңүлүн кайрадан буруу өлкө үчүн өтө маанилүү болчу. Долбоор дал ушундай шарттарда ишин баштады. Долбоордон жергиликтүү гана эмес, улуттук деңгээлде да көп аракеттер жана жигердүү иштер талап кылынды. Борборлоштуруу азайтылган системада эффективдүү жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарына каршы келген борборлоштуруу жана мамлекеттик аткаруучу бийликтин вертикалын күчөтүү коркунучуна кабылды. Өзүн оң жагынан көрсөтө алган борборлоштурууну азайтуу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерине саясий чечимдерди кабыл алган адамдардын көңүлүн кайрадан буруу өлкө үчүн өтө маанилүү болчу.
 
Долбоор дал ушундай шарттарда ишин баштады. Долбоордон жергиликтүү гана эмес, улуттук деңгээлде да көп аракеттер жана жигердүү иштер талап кылынды. Борборлоштуруу азайтылган системада эффективдүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу, эрежеге ылайык, жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышуусунун чыныгы мүмкүнчүлүктөрү, бийлик органдарынын жергиликтүү жамаат алдында чыныгы отчеттуулугу менен мүнөздөлөт. Мындай отчеттуулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттин каражаттарын ачык-айкын жана максаттуу колдонуу менен жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүн мүмкүн болушунча көбүрөөк канааттандырган кызмат көрсөтүүлөрдү кепилдейт.
 
Бир жагынан жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жарандардын катышуусун күчөтүүгө жетүү жана экинчи жагынан жергиликтүү финансыны тиешелүү деңгээлде колдонуу менен ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу – Долбоордун жалпы максаты. Алгачкы үч жылда Долбоор Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында 29 пилоттук жана 100гө жакын өнөктөш муниципалитеттер менен иш алып барды. Мында башкаруунун борборлоштурууну азайтуу системасынын жогоруда аталган мүнөздөмөлөрүн тастыктаган ийгиликтер жетишилди. Максатына жетүү үчүн Долбоор ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын дараметин жогорулатуу, ЖӨБ органдарынын жана жигердүү жарандардын алынган билимин практикада колдонуу боюнча иштерди кошкондо, түрдүү деңгээлдерде ишчаралар комплексин өткөрдү.
 
Ошондой эле ЖӨБдү  өнүктүрүүгө, бюджеттер аралык финансылык системаны реформалоого басым жасоо менен борборлоштурууну азайтууга, берилген ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүдө жана каржылоодо ачыктыкка жетүүгө, муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу системасын түзүүгө багытталган реформаларды колдоо үчүн мамлекеттик органдар менен жигердүү иштер жүргүзүлдү.Жергиликтүү жамаат алдында чыныгы отчеттуулук дайыма өз ара мамилелерге, тараптардын бири-бирине болгон ишеним деңгээлине оң таасирин тийгизет. Аталган Долбоордун алкагында дараметти жогорулатуу жана ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына болгон ишенимдин өсүшүнө алып келерин тастыктаган далилдерди көрө алдык.
 
КР Улуттук статистика комитетинин маалыматтары жалпысынан ЖӨБго болгон ишеним өскөнүн тастыктоодо. Ал эми Долбоор биринчи фазада иштеген облустарда ишеним деңгээли өлкө боюнча жогору болгон. Кыргыз Республикасынын элеттик жана айрым шаардык муниципалитеттерде жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыктарына ылайык, 2012-2014-жылдардын этегинде долбоордун алкагында (2200 респондент) Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы респонденттердин 41% муниципалитеттерде турмуш шарты оңолду деп эсептешет. Мындай жетишкендиктер ЭҮЖӨБОЖ Долбоору тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасында Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу моделин жайылтуунун жардамы менен мүмкүн болду. Модель пилоттук облустарда иштеп кете аларын жана иш жүзүндө пайда алып келээрин көрсөтө алды жана ушул күнгө чейин жайылтылууда.
 
Модель, анын механизмдери жана аспаптары беш бөлүктөн турган жана мындан ары да толуктала турган “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу” окуу материалдар жыйнагында кеңири сүрөттөлгөн. Модель өзүнө жамааттардын муктаждыктарын изилдөө, аймактын жана ЖӨБ органдарынын ишин жамааттын, жергиликтүү артыкчылыктардын негизинде өнүктүрүүнү пландоо принциптерин; жергиликтүү маанидеги маселелерге карата ЖӨБ органдарынын ишине коомдук мониторинг жүргүзүүнү; ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамаат алдында жоопкерчилигин, жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу маселелеринде толук ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камтыйт.
 
Долбоордун улуттук деңгээлдеги иши Жогорку Кеңеш, премьер-министрдин аппараты, Финансы министрлиги, ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жана башка мамлекеттик органдар менен кызматташтыкка багытталган. Кызматташуу көбүнчө юридикалык, эксперттик жана техникалык экспертизаларды жүргүзүү менен мүнөздөлгөн. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өнөктөштөрү менен биргеликте сунушталган реформалар үзгүлтүксүз коомдук талкууга коюлуп турган.Ошондой эле Долбоор борборлоштурууну азайтуу жана кеңири коомчулуктун арасында ЖӨБдүн оң имиджин колдоо маселелерин жайылтууда башка дагы аспаптарды колдонгон. Акыркысы массалык маалымат каражаттарын кошкондо түрдүү каналдардын жардамы менен жетишилген. ММКнын өкүлдөрү атайын окуудан өтүп, коомдук талкууларга, атайын уюштурулган пресс-сессияларга жана пилоттук муниципалитеттерге иш сапарларга катышты.
 
Долбоордун биринчи фазадагы иши бюджеттин айкындуулугу жана ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдындагы отчеттуулугу жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга алып келээрин тастыктады. Анткени өз укуктарын, аны менен катар ЖӨБ органдарынын укуктарын жана милдеттемелерин билген жашоочулар өз керектөөлөрү тууралуу ачык айтып, маалыматты талап кылат, конструктивдүү сунуштарды берет жана жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкарууга мурдагыдан да жигердүү катыша баштайт. Долбоордун 1-фазасын ишке ашырган маалда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча чоң иштерди жасады.
 
Ошентсе да муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу азырынча ченемдик база менен гана чектелип турду. Ошентип жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга карата Кыргызстандын колдоосуна чоң муктаждык кала берүүдө. Швейцария Өкмөтү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ишинин жыйынтыктарын изилдеп көрүп, бул муктаждыкты баалоо менен, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча жаңы Долбоорду баштап, Кыргызстанга колдоо көрсөтүү жана бул чөйрөнү өнүктүрө берүү тууралуу чечим кабыл алды

Окшош материалы: