Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мектептердин көйгөйлөрү: мүлккө кимдин ыйгарым укугу бар жана ал кимдин менчигинде?

2015-11-17 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептерине карата пайда болгон казус тууралуу маселени кайрадан көтөрүп чыгышты. Белгилүү болгондой, билим берүү кызмат көрсөтүүсү мамлекеттин ыйгарым укуктарына кирет жана республикалык бюджеттен каржыланат. Ал эми мектеп имараттарына менчик укугу жана аларды күтүү боюнча милдеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн. 2015-жылдын 25 сентябрында Билим берүү жана илим министрлигинде (БИМ) “БИМдин Коомдук кеңешинин иш стратегиясы жана планы: өз ара аракеттешүүнүн келечеги” темасына тегерек стол талкуусу өттү.

БИМ Коомдук кеңешинин Планын талкуулоо процессинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юридикалык маселелер боюнча адиси Бектурган ОРОЗБАЕВ жалпы билим берүү мекемелерине, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына (МБУ) жана ЖӨБ органдарына тиешелүү төмөнкү маселелерди атады:
 
  • билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү тууралуу мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен мамлекеттик органдардын (КР БИМ) жана ЖӨБ органдарынын билим берүү жаатындагы иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажыратуу зарылчылыгы;
  • бир жолку каржылоо менен ЖӨБОго мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү механизмдери аркылуу ЖӨБ органдарына билим берүү жана МБУ чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүктөө зарылчылыгы;
  • жалпы билим берүү уюмдарын жана МБУ объекттерин (мектептер, бала бакчалар + тамактануу) жергиликтүү бюджеттеги каражатка күтүү маселелерине талдоо жүргүзүү зарылчылыгын, ошондой эле жаңы курулуп жаткан мектептерди жана МБУ объекттерин ЖӨБОго андан ары күтүү милдеттенмеси менен кошо муниципалдык менчикке өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун,
  • мектеп жана МБУ объекттерин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун жана ушундай мүмүнчүлүгүн караштыруу. Себеби көпчүлүк элеттик муниципалитеттердин жергиликтүү бюджетиндеги каражаттын ири бөлүгү мектептерди жана МБУ объекттерин күтүүгө кетет, ал эми жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө каражат калбай калат. КР БИМ Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Стратегияга жана Планга аталган маселелер боюнча өзүнчө багыттарды киргизүү жана бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш жүргүзүү сунуштарын оң кабыл алышты.

Окшош материалы: