Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таза суу көйгөйү боюнча себеп- натыйжалык байланышы: Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев АА

2015-11-17 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

МААЛЫМАТ ҮЧҮН Кочкорбаев АА район борбору Кант шаарынан 10 км, Бишкек шаарынан 35 км аралыкта жайгашкан. ААда 3 айыл бар – Кеңеш а., Буденовка а. жана Курманалиев а. АА аянты – 108 га, АӨ аппараты – 15 киши, жергиликтүү кеңеш – 21 депутат, калкы – 7339 киши (47% аялдар), үй кожолуктарынын саны – 1660, этностук курамы: кыргыздар, орустар, түрктөр, азербайжандар, дунгандар, карачайлар ж.б.

Кочкорбаев ААнын айылдарында жамааттын керектөөлөрүн изилдөөгө баары болуп 387 киши, анын ичинде 158 аял катышты. Кочкорбаев ААнын Кеңеш айылынын ЖМБА-фокус топторунун 27 катышуучусу, анын ичинде 12 аял таза суу көйгөйү боюнча себептик-кесепет байланыштарына талдоо жүргүздү. Себептердин айрымдары – оорулардын көбөйүшү, жолдордун талкаланышы. Таза суу көйгөйүн чечүү тууралуу ресурстар жөнүндө сөз болгондо, катышуучулар бардык мүмкүн болгон варианттарды, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарын да карап чыгышты. Анткен менен калктан акча чогултуу сунушу нааразылыкты жаратты: өз убагында калк акча чогултуп да көргөн, бирок жыйынтык дагы эле чыга элек.
 
Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бардык акча банктагы эсепте болгонун айтса, катышуучулар бул жооп болбогонун, каражат инфляциядан улам нарксызданып калганын белгилешти. Баары бир ресурстардын булагына калктын салымын кошушту. Таза суу жеткирүү үчүн көптөр такыр эле акча төлөбөй турганын жарандар өздөрү моюнуна алышты.Бул жагдай ЖӨБ органынын жергиликтүү жамаат менен тыгыз кызматташуусу, калктын бардык катмарлары арасында жигердүү иштерди жүргүзүү канчалык маанилүү болгонун далилдөөдө. Артыкчылыктуу көйгөйлөргө жүргүзүлгөн анализдин жана себептиккесепет байланыштарын аныктоонун жыйынтыгында жалпылаштырылган таблица иштелип чыкты. Ага ар бир артыкчылыктуу 5 көйгөй боюнча катышуучулар тараптан түшкөн бардык сунуштар кирди Кочкорбаев аймагынын Кеңеш айылындагы себептик-кесепет байланыштарына жасалган анализди карап чыгып, үч оң учурун белгилесе болот. Биринчиден, жарандар өз пассивдүүлүгүн ачык моюнуна алышууда.
 
Экинчиден, жарандар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын аракетсиздиги жана айыл өкмөт кызматкерлеринин пассивдүүлүгү тууралуу өз пикирлерин эркин айта алышты жана объективдүү баа беришти. Үчүнчүдөн, кызыкдар тараптардын салымдарын карап чыгып, катышуучулар жергиликтүү жамааттын салымы зарыл экенин айтышты. Бул болсо артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча натыйжалуу биргелешкен ишти түшүнгөндөн жана кабыл алгандан кабар берет.Андан кийин ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен АА кызматкерлери жана демилгелүү топтордун лидерлери бул иштердин жыйынтыктарын деталдуу түрдө изилдеп чыгышат, кырдаалга ар тараптуу анализ жүргүзүү үчүн жана аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн сунуштарды туюндуруу максатында адистерди тартышат.

 

Окшош материалы: