Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖМБА – бул кандай болду? Чүй облусунун Москва районунун Александровка АА

2015-11-14 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЖМБА – бул кандай болду? Чүй облусунун Москва районунун Александровка АА

МААЛЫМАТ ҮЧҮН Александровка АА райондук борбор болуп эсептелген Беловодск айылынан 12 км жана Бишкектен 33 км аралыкта жайгашкан. Аймакка Крупское, Беш-Корүк жана Александровка айылдары кирет. Айылдык аймактын аянты – 120 гектар, АӨ аппараты – 19 киши, жергиликтүү кеңеш – 21 депутат, калкы – 16 326 киши (аялдар – 51%), үй кожолуктардын саны – 3476. Этностук курамы: кыргыздар, дунгандар, орустар, белорустар, азербайжандар, немистер, уйгурлар, татарлар, өзбектер ж.б.

Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо Жарандардын ЖӨБго катышуу моделин иш жүзүндө жайылтуу иштери 2015-жылдын августунда муниципалитетте ЖМБА-иш-чараларын (жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо) комплексин өткөрүү менен башталды. Ага бардык курактагы 348 киши, анын ичинде 189 аял катышты. Бул үчүн жергиликтүү жамааттын лидерлеринин, АК депутаттарынын жана АӨ кызматкерлеринин ичинен 13 кишиден турган жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун иш планы жана графиги башчынын 2015-жылдын 28-июлундагы №133 тескемеси менен бекитилди. Үч айылда жаш курагы боюнча бөлүнгөн ар бир топ менен аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, баары болуп 13 ЖМБА-сессия, анын ичинде Крупское айылындагы аялдар менен бир атайын сессия өткөрүлдү.
 
ЖМБА-сессияларынын жигердүү катышуучулары андан кийин сессияларда аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөргө биргелешип анализ жүргүзүү үчүн үч ЖМБА-фокус-топко чакырылды.ЖМБА-сессиялары маалында төмөнкү усулдар колдонулду: “Картирлөө” (бул усул жергиликтүү жамааттын жана анын ресурстук базасын изилдөө каражаты катары кызмат кылат; карта түзүүдөгү негизги тапшырма картографиялык тактыкта эмес, ресурстарды жергиликтүү кабылдоо тууралуу зарыл маалыматты чогултууда жатат); “Венн диаграммасы” (усул жергиликтүү калкка кызмат көрсөткөн уюмдарды жана мекемелерди аныктоо, уюмдардын жана мекемелердин маанисин изилдөө, жарандар, уюмдар жан мекемелер ортосундагы өз ара байланышты аныктоо, ЖӨБ органдарынын жарандардын турмушундагы жана уюмдар менен мекемелердин ишиндеги ролу тууралуу пикирлерди изилдөө үчүн колдонулат); “Токоч” (бул усул жергиликтүү бюджеттердин киреше жана чыгаша түзүмдөрү тууралуу калктын маалыматка ээ болгонун изилдөөдө, ошондой эле ЖӨБ органдары коомдук угууларды кандай көйгөйлөрдүн жана темалардын тегерегинде өткөрүш керектигин аныктап алууда колдонулат.
 
Катышуучулар жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жергиликтүү бюджеттин жалпы көлөмүнөн “токочту” бөлгөндөй үлүш боюнча бөлүштүрүп чыгышат); “Көйгөйлөр галереясы” (бул усул аныкталган көйгөйлөрдү артыкчылыктуусуна жараша бөлүштүрүүгө жардам берет).Көптөгөн муниципалитеттерде “Токоч” усулун колдонуу тажрыйбасы дээрлик дайыма окшош жыйынтыкты көрсөтөт – көпчүлүк катышуучулар жергиликтүү бюджет тууралуу эч нерсе билишпейт жана канча акча кайда сарпталып жатканын билбестен жергиликтүү бюджетти көйгөйлөргө жараша кантип бөлүш керектигинен кабарсыз. Анткен менен бюджетти бөлүштүрүүгө карата кызыгуу чоң. Аталган сессиянын фасилитатору, Суу пайдалануучулар ассоциациясынын бухгалтери Марем ЯНДАУРОВА катышуучуларга буларды түшүндүрдү: ЖМБА-ишчаралар комплексин өткөрүүнүн бирден бир максаты – катышуучуларга жергиликтүү бюджетти, анда кандай чыгашалар болуш керектигин түшүндүрүү.Бул көнүгүү жарандарды бюджеттин чоо-жайын болбосо да, жалпы структурасында түшүнө баштоого түртөт. Катышуучулардын бири бул көнүгүү тууралуу пикирин мындайча билдирди: “Мен жергиликтүү бюджет эмнеден турарын жана акча кайда сарпталарын жалпысынан билип калдым.
 
Эми бул билимимди колдонуп, айыл өкмөтүнөн “токочту” кантип бөлүштүрүшкөнүн сурай алам”.ЖМБА-сессияларына жигердүү катышуу менен муниципалитеттин жашоочулары аныкталган көйгөйлөр боюнча чечим кабыл алууда алардын пикирлери кантип эсепке алынарын сурашты. Ошондой эле алар бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө кызыкдарлыгын билдирип, бири-бирин АӨ ишине жана айылдын турмушуна жигердүү катышууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык маселелери боюнча толук маалыматка ээ болууга чакырышты. Айыл өкмөтүнүн инвестициялар боюнча адиси Будеза ЯГУЗОВА жыйынтык чыгарып, ЖМБА-сессияларынын процесси бардык жаш курактагы топтор менен иш алып барууга жол бергенин, бул ЖӨБ органдарын көбүрөөк маалыматка ээ болуп, жергиликтүү жамаат алдында жоопкерчиликтүү кыларын айтты. Калк болсо өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкарууга көбүрөөк ишеним артып, көйгөйдү чечүүгө жигердүү катышууда. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкарууга жакын болуп калганы сезилип турат. Ал эми жакында эле көптөр жалпы көйгөйлөргө кайдыгер карап, “бул менин ишим эмес” деп келген. Ошондой эле Будеза ЯГУЗОВА айыл өкмөтү үчүн милдетти мындайча ачыктады: “Аймакта дагы “ойгоно” электер бар. Эми биздин милдет калкка көбүрөөк жана кеңири маалымат жеткирип, маалымат керегелерин жигердүү колдонуп, бюллетендерди чыгарып, коомдук чогулуштарды, жыйындарды жана угууларды көбүрөөк өткөрүп туруу”.
 
Жыйынтык – жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүнүн тизмеси Жогоруда аталган усулдарды колдонуу Александровка АА жамаатына жигердүүлүгүн көрсөтүп, идеяларын жана ой-пикирлерин эркин билдирип, айылдык аймактагы көйгөйлүү зоналар тууралуу мүмкүн болушунча көбүрөөк маалыматты жарыкка алып чыгууга жол ачты. ЖМБА-иш-чаралар комплекси ЖӨБ органдарын жарандар элеттин көйгөйлөрүн жакшы түшүнүп, артыкчылыктарды так бөлүштүрө аларына ынандырды. Мындан тышкары ЖМБА-иш-чаралар комплекси калктын түрдүү топторунун керектөөлөрү эске алынганын көрсөттү:аймактын үч айылында ЖМБАга эркектер жана аялдар, карылар жана жаштар, дени сактар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар катышты. Ошону менен бирге түрдүү топтордун керектөөлөрү жана артыкчылыктары бири-биринен олуттуу түрдө айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, 36дан 55 жашка чейинкилер балдарын чоңойтуп койду, ошондуктан аларды мектептердин абалы эмес, жолдордун, көпүрөлөрдүн абалы,спорттун өнүгүүсү жана жаштардын бош убактысын уюштуруу өңдүү маселелер тынчсыздандырышы мүмкүн.
 
Ошондой эле бул жаш курактагы топтун көптөгөн өкүлдөрү неберелүү болуп калгандыктан аларды мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттардын жоктугу тынчсыздандырат. Ал эми 56 жаштан жогору адамдардын тобун бала бакчалардагы орундардын жетишсиздиги ойлондурганы менен, спорттун өнүгүүсү жана жаштардын бош убактысын уюштуруу өңдүү маселелер тынчсыздандырбайт. Эмесе, Александровка АА артыкчылыктуулугу жагынан маанилүү бир катар көйгөйдү аныктап алды. Эми айыл боюнча бир тизмени түзүү максатында жумушчу топ үч топтун артыкчылыктуу көйгөйлөрүн окшоштугу жана добуштардын саны боюнча үч топко бириктирди. Натыйжада беш көйгөй эң көп добушка ээ болду жана жергиликтүү жамаат үчүн артыкчылыктуу болуп калды. Ал эми таза суу жана мектепке чейинки билим берүү тизмеде биринчи орундарга чыкты.Бул тизме менен эмне кылыш керек? Көйгөйлөрдү жалпы аракеттер менен чечүүнү пландоо! Пландоо сессиясы Пландоо сессиясына жамаат муктаждыктарын биргелешип изилдөөнүн эң жигердүү 58 катышуучусу, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары,айыл өкмөтүнүн адистери, эксперттер, жергиликтүү жамааттын лидерлери жана Александровка АА бюджеттик уюмдарынын кызматкерлери катышты.
 
Бул баскычта аныкталган көйгөйлөрдү дагы да кеңейтилген жана деталдуу форматта талкуулап алуу маанилүү.Бул үчүн көйгөйлөрдүн ар бир блогу боюнча атайын докладдар-баяндамалар даярдалды.Жумушчу топтун мүчөсү, айыл өкмөт башчысынын орун басары Д. КАЙНАЗАРОВ “Техникалык инфраструктура: жолдор, жарыктандыруу, таштанды” баяндамасы менен чыкты. Тема абдан кеңири ачылган, катышуучулар суроо узатып, сунуштарды киргизип жатышты. Мисалы, жолдорго карата: жаңы асфальт төшөөрдөн мурда эски катмарын алып салуу зарыл; Крупское айылында демөөрчүлөрдү күтпөстөн өз күчү менен жаман жолдорду грейдер менен тегиздөө; биринчи кезекте тротуарлар жана жарыктандыруу көйгөйлөрүн чечүү; жер алдындагы өтмө жолдорун тартипке келтирүү.Аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүнүн бирин чечүү боюнча бирдиктүү концепцияны иштеп чыгуу көз карашынан алганда келечектүүсү деп таза суу темасы болуп калды. Аны жумушчу топтун мүчөсү, ТСКАКБ төрагасы Ш. ЛЕБУЗОВ “Таза сууга жеткиликтүүлүккө байланышкан көйгөйлөр” аттуу баяндамасында айтып берди.
 
Ошондон кийин сунуштар жаңырды: суу үчүн өз маалында акы төлөөнү камсыздоо; тазалоочу курулмалардын ремонту жана курулушу үчүн инвестиция тартуу; жаза пулдарын киргизүү; үй-бүлөдө, мектепте, коомдук жайларда суу колдонуу маданиятына үйрөтүү ж.б.Ошондой эле катышуучулар электр жарыгына тарифтер өскөндүктөн таза суу үчүн тарифти 5 сомго көбөйтүү сунушун колдоп беришти. Анткен менен адегенде жарандар арасында “тарифти жогорулатууга макулсузбу?” деген сурамжылоо жүргүзүлдү.Ошондой эле катышуучулар тараптан бул маселе боюнча чогулуштарды өткөрүү зарылчылыгы тууралуу сунуш түштү. Баяндамачы сурамжылоо ар бир жашоочунун пикирин эске алууга жол берерин, ал эми чогулуштар аз гана сандагы адамдарды чогултарын, бирок чогулушту сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча өткөрсө болорун айтты.Эки актуалдуу тема бир баяндамага бириктирилди. Ал – жумушчу топтун мүчөсү, мектеп мугалими М. ЛЕБУЗОВ тартуулаган “Сапаттуу мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү”. Тема кызуу талкууга жем таштады. Анткени бала бакчаларда о р у н д а р д ы н жетишсиздиги м у н и ц и п а л и теттин бардык жашоочулары үчүн курч көйгөй болуп калды.
 
Катышуучулар төмөнкү сунуштарды айтышты; дайыма жардам бере ала турган мектепке чейинки курактагы балдардын ата-энесин ишке тартуу; курулушу бүтө элек имарат турганда жаңы бала бакча куруу зарылчылыгы жок, ал жыл сайын талкаланып жатат жана жөн гана капиталдык ремонт жасоо зарыл; демөөрчүлөрдү жана республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттарды тартуу аркылуу инвестицияларды активдүү издөө зарыл. “Маданиятты өнүктүрүү үчүн шарттар жок” деп аталган баяндаманы жумушчу топтун мүчөсү, АӨ кызматкери М. МАМЕТОВА тартуулады. Айылдардын биринде Маданият үйү авариялык абалда, суу тамчылай бергендиктен дубалдар жана жабдуулар талкаланып жатат. Ал эми калган эки айылда такыр эле клуб жок жана жаңы имарат куруу зарыл.Баяндамачынын айтымында, бул өтө маанилүү маселе жана калк буга кызыкдарлыгын билдирип, ЖӨБ органдары менен биргеликте бул маселени чечүүгө киришмейинче маданият тууралуу сөз кылуунун кажети да жок. Ушул эле баяндамада “Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк” темасы ачылып, анда бул чөйрөдө бир кыйла олуттуу көйгөйлөр бар болгону көрсөтүлдү. Алар: төрөт бөлүмү жок, тез медициналык жардам үчүн жай жок, калкка бардык медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн шарттар (УЗИ, анализ үчүн атайын лабораториялар ж.б.) жок. Катышуучулар өз сунуштарын айтышты: бош турган бышык жайлар, имараттар бар, аларды колдонсо болот.
 
Эски имаратты лабораторияга ыңгайлаштырып ремонттоо зарыл.Алар “биз зарыл болгон жабдууларды жана бул көйгөйдү чечүү үчүн демөөрчүлөрдү табабыз” деп айтышты.“Жергиликтүү бюджет боюнча маалыматка жеткиликтүүлүк жок” темасы боюнча артыкчылыктуу көйгөй менен жумушчу топтун мүчөсү, жергиликтүү кеңештин депутаты Керим ШЫСЫР тааныштырды. Анын айтымында, бул чөйрөдө АА такыр иш алып барган жок: маалымат керегелери жетишсиз, мындан улам жергиликтүү бюджет тууралуу маалымат эл көп чогулган жерлерде жок, жергиликтүү кеңештин пландалган сессиялары тууралуу маалымат жок, жашоочулар чогулуштарга жана бюджеттик угууларга пассивдүү катышып келет. Катышуучулар тараптан сунуш түштү: биринчи кезекте АК депутаттары калкты жергиликтүү бюджет тууралуу маалымдаш керек – ал кантип аткарылат, биздин акча кайда таратылыш керек; иш-чара болчу күнү кабардар кылбастан, таанышып чыгуу үчүн бир нече күн мурда кыскача маалыматты илип, таратып чыгуу зарыл. “Щинщу” КУ төрагасы Радия ЛИВАЗА бир топ рационалдуу сунуштарды берип, курч маселелерди көтөрдү: “Бизде азыр жергиликтүү кеңеште 21 депутат бар.
 
Бирок аларды сессияга чогултуу кыйын. Ошондуктан айылдын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү мүмкүн болбой жатат. Ал эми АӨ башчысын кызматтан алыш керек дегенде бири да калбай баары чогула калат. Депутаттар биринчи кезекте шайлоочулар алдында жоопкерчиликтүү болуп, аларга жүктөлгөн милдетенмелерди аткарыш керек. Калк депутаттар алардын кызыкчылыгын коргойт деп, шайлоодо аларга ишенип добушун берген”.Жыйын соңунда катышуучулардын бири буларды кошумчалады: “Биз ЖМБА-сессиясы маалында өтө маанилүү көйгөйдү унутта калтырган экенбиз – бул мал союу пункттары. Учурда эттин сапатына экспертиза, анализдер талап кылынууда, биз мал союу боюнча заманбап станция курушубуз керек”.Катышуучулар бул пикирди колдоп, биргелешкен аракеттер планын (БАП) иштеп чыгууда бул маселени бөлүмдөрдүн бирине кошууну сунушташты.
 
Демилгелүү топторду (ДТ) жана биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун (БМжБ) түзүү Артыкчылыктуу көйгөйлөр аныкталып, бөлүштүрүлүп, жасалчу жумуштардын болжолдуу багыттары белгилүү болгондон кийин биргелешкен аракеттер планын деталдуу түрдө иштеп чыгып, андан кийин анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү маанилүү. Бул үчүн жамаат демилгелүү топторду (ДТ), ал эми ЖӨБ органдары жамаат менен биргеликте биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун (БМжБТ) түзөт.Александровка АА топтун мүчөлөрүн тандоого өтө кылдат мамиле жасашып, талапкерлерди иштин өзгөчөлүгүнө жана анын жигердүү коомдук позициясына жараша тандашты. ДТга катышуу демилгесин көтөрүп чыккандар да болду. Бул болсо адамдардын өз жарандык позициясын жигердүү билдирүүгө жана аймактын өнүгүүсүнө салымын кошууга даярдыгынан кабар берет. ДТнын жалпы саны тандалып алынган артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн санына шайкеш келди. Мүчөлөрдүн саны 7 же 9 киши болду:
 
  • техникалык инфраструктура: жолдор, жарыктандыруу, таштанды – 7 киши;
  • таза суу – 7 киши;
  • сапаттуу мектепке чейинки жана мектепте билим берүү – 9 киши;
  • маданият жана саламаттык сактоо – 9 киши;
  • бюджет тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүк - 7 киши.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобуна (БМжБ тобу) 5 кишиден турган талапкерлер ыкчам жана так тандалып алынды. Алардын баары ишчаранын катышуучуларынын баамында жамааттын эң объективдүү жана адилеттүү мүчөсү, “Щинщу” КУ төрайымы Радия Маликовна ЛИВАЗАны БМжБ тобунун төрагасы катары тандап алганы оң факт болуп калды. БМжБ тобунун калган мүчөлөрүн да иш-чаранын катышуучулары бир добуштан колдошту. Алар: Паншер ЛУГМА (АУС инспектору), Елена БАГИЕВА (мектеп завучу), Асия СВАРОВА (мугалим), Мухамед ДЖЕДЖЕЗА (АК депутаты), Улан УМЕТОВ (мектеп директору), Галина ВОДОВСКАЯ (мектеп директору).

 

Окшош материалы: