Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Калк менен иш алып баруу: ачык убайлуу. Чүй облусундагы жамааттардын муктаждыктарын аныктоо

2015-11-16 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Калк менен иш алып баруу: ачык убайлуу. Чүй облусундагы жамааттардын муктаждыктарын аныктоо

Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) расмий бет ачарынан кийин ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 2015-2016-жылдар аралыгында Чүй облусунда иштеше турган максаттуу муниципалитеттер конкурстун негизинде тандалып алынды. ЖМБА-иш-чараларынын жүрүшүнөн баштан, биргелешкен иш башталды, баары болуп ЖМБА-иш-чараларына 4500дөн ашык киши катышты

ЖМБА-иш-чараларынын жүрүшүндө жергиликтүү жамааттын көйгөйлүү маселелеринин тизмесинде күтүлгөндөй эле таза суу маселеси алдыңкы орунга чыкты. Экинчи орунга инженердик инфраструктура (жолдор жана көпүрөлөр) жана – күтүлбөгөн жерден – саламаттык сактоо маселеси чыкты. Саламаттык сактоо жергиликтүү маанидеги маселе болуп эсептелбейт, бирок жергиликтүү жамаат үчүн абдан маанилүү. Үчүнчү орунга бири-биринен аз ажырым менен ЖӨБ органдарынын айкындуулугу, спортту өнүктүрүү, жаштардын бош убактысын уюштуруу жана көчөлөрдү жарыктандыруу чыкты.Биринчилерден болуп конкурстук тандоого өтүнмөнү бергендер жана андан өткөндөр Москва районунун Александровка АА жана Ысык-Ата районунун Кочкорбаев АА болду. Бул муниципалитеттердин ЖӨБ органдары пландоо процессинде жана бюджеттик процессте калктын пикирин жана артыкчылыктарын эске алуу үчүн жергиликтүү жамаат менен иштешүүгө даяр экени өтүнмөдөн эле белгилүү болду. Натыйжада, 2015-жылдын июнь айында эки муниципалитеттин жетекчилери Долбоор менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюп, биргелешкен ишке билек түрө киришти.
 
Биргелешкен иштер багыт берүүчү жолугушуулардан башталды. Ошол жолугушууларда ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттары жана аны менен иштөөдөгү тапшырмалар; жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу модели менен таанышып чыгышты. Бул модель эми гана аталган муниципалитеттерде жайылтылат. Багыт берүүчү жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, АӨ аппараты жана АК депутаттары менен биринчи жолу жолугушкан Долбоордун адистери муниципалитеттин ЖӨБ органдары калк менен өз ара аракетти күчтөндүрүүгө умтулганын, ал эми калк болсо өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө дагы да жигердүү катышууга даяр болгонун байкашты. Андан кийин эки муниципалитеттин кызматкерлери ЖӨБ негиздери жана жарандардын ЖӨБго катышуу Модели боюнча окуудан өтүштү. Бул окууларга жамааттын активисттери да катышты. Александровка АА айыл өкмөт башчысы Шамил СУШАНЛО: “Биз практикада жарандардын ЖӨБго катышуу Моделинин айрым элементтерин колдонуп келатабыз – артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо үчүн жолугушууларды, чогулуштарды өткөрөбүз, депутаттар менен биргелешип бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизебиз.
 
Эгерде көйгөйдү жергиликтүү бюджеттин жардамы менен чечүү мүмкүн болбой жатса, анда долбоорлорду иштеп чыгып, инвестицияларды тартабыз. Бирок бизге кызмат көрсөтүүлөрдү пландоо, маалымдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча көндүмдөр жана билим жетишпей жатат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташтык ушул кенемтени толуктоого жардам берет деп үмүт артып турабыз”.Кызматташтыктын кийинки этабы эки аймакта жамааттардын муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) боюнча комплекстүү иш-чаралар болуп калды. Ал өзүнө фокус-топторду, пландоо сессияларын жана жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүүнү камтыйт.ЖМБА жыйынтыктары жалпысынан көрсөткөндй, аталган муниципалитеттердин калкынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуусу бар. Бирок ал эки тарапты тең көп жакшы канааттандырбайт. Демек кызматташтыкты жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөр да бар десек болот.
 
Ал эми ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун иши дал ушуга багытталган. Ошону менен бирге жарандар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, жарандар жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттешүүгө көп деле канааттана беришпейт: 10 пайызга жакыны такыр канааттанбайт, 70 пайыздан ашыгы жарым-жартылай гана канааттанат.Жарандардын дээрлик үчтөн бири ЖӨБ органдарынын ишине . Жарандардын жергиликтүү бюджет тууралуу чечим кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кабардар болуусу (Александровка, Кочкорбаев АА) жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жана баалоо жүргүзүү укугу бар болгонун билишпейт. Ал эми 15 пайызы же ар бир жетинчи жаран мындай укугу жана мүмкүнчүлүгү такыр эле жок деген ишенимде турат. Жарандардын 40 пайызга жакыны гана жергиликтүү бюджеттин каражаты кайда жана кантип сарпталары тууралуу чечим кабыл алууга укугу бар экенин билет. Ошондуктан калктын 60% ашыгы бюджетти талкуулоого катышпаганы таң калычтуу эмес.

Окшош материалы: