Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

10 (108) 13 Ноябрь 2020

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Долбоорду башкарууда баалоонун ролу жана орду

2015-04-07 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.

Нодар ХАНАНАШВИЛИ Автордун уруксаты менен текст боюнча басылууда: Автономов А.С., Хананашвили Н.Л. Социалдык долбоорлорду баалоо: окуу куралы / А.С. Автономовдун жал. ред. алд. М.: “Юрист” басма тобу...

Социалдык долбоорлоодо башкаруучулук жана баалоо ишмердигинин негиздери. Долбоорду башкаруу бир жагынан долбоордук ишмердиктин бир кыйла өз алдынча өңүтү болуп саналат. Экинчи жагынан долбоорду башкаруу деп иш-аракеттердин кандайдыр бир системасын атаса болот: – иш-чараларды пландоону, талап кылынган кадрларды тандап алууну жана аларды иш үчүн зарыл ресурстар менен камсыздоону камтыган долбоорду ишке ашыруу дыкат алдын ала даярдыкка негизделген; – долбоордун алкагында болуп жаткан окуялар жана башкарылып жаткан долбоордун системанын ичинде да, аны аткарууга олуттуу таасирин тийгизген сырткы да жагдайлардан түзүлгөндөр тууралуу жакшы билим деңгээлин жана конкреттүү долбоордо болуп жаткан бардык нерсеге жогорку башкаруучулук ички туюмду талап кылган;– баштапкы пландардан жана кетирилген каталардан (албетте алар болбой койбойт) улам бир топ четтеп калууларды оңдоого өбөлгө түзгөндөрдөн, долбоордун алдында күтүп турган ийгиликтерди белгилөөдөн, бекитүүдөн жана өнүктүрүүдөн; – ишке ашырылып жаткан долбоордун бардык катышуучуларынын өнөктөштүк кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган, долбоордун өзүнүн чөйрөсүндө жана долбоорго карата тышкы структуралары жана субъекттери менен – долбоорду ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу үчүн.
Ошентип долбоорду башкаруу сапаты көп учурда менеджменттин колунда болгон ресурстарды так түшүнө билүүгө, долбоордун алкагында болуп жаткан окуяларды көңүл чордонунда кармап турууга (кээде анын сыртында болуп жаткандарды да) жана долбоордун катышуучуларынын ишмердигин жана өз ара аракетин уюштуруу, зарыл болгон учурда түзөтүү жөндөмдүүлүгүнө негизделген.Жогоруда аталган позициялар ишке ашырылып жаткан долбоордун эффективдүүлүгүнө мониторинг жана баалоо жүргүзүү зарылчылыгы көз карашынан алып караганда олуттуу мааниге ээ. Ушул тапта Орусияда долбоорлорду түзүүдө жана долбоордук ишмердикти ишке ашырууда баалоо ишин ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук,кадрдык, билим берүүчү-методикалык база өтө жакыр.
Баалоону тигил же бул ишмердик чөйрөсүн башкаруу үчүн аспап катары колдонуунун негизги чөйрөсү – бул социалдык долбоорлор сынагында табыштама документтерге, ошондой эле программалардын жана долбоорлордун өзүнүн саясатын жүзөгө ашыруунун долбоордук режимине тиешелүү башка алдын ала даярдалган документтерге экспертиза жүргүзүү. Азыркы Орусиянын аймагында ортодогу жана жыйынтыктоочу мазмундуу баалоонун баскычтуу жана башка формалары, долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу процесстерине илимий жактан тастыкталган жана пландуу курулган жана ишке ашырылган мониторинг дээрлик жүзөгө ашырылган эмес.
Албетте көп сандаган, бирок ар кандай маалымат булактары бар, өзүнчө структуралар жана атүгүл өз инструментарийинде баалоо ишмердигин колдонгон коомдук активдүүлүктүн тигил же бул секторунун бөлүктөрү да бар. Мисалы, Орусия Федерациясынын Эсептөө палатасы өз ишинде зарыл болгон эффективдүүлүккө аудит1 өңдүү стандартты түзүүгө жакында эле киришип, бул стандартты иштеп чыкты. Бирок кийин ал Эсептөө палатасынан алынып ташталды. Бүгүнкү күнгө чейин эффективдүүлүккө аудитин стандартын колдонуу практикасы аймактагы эсептик контролдук органдардын практикалык ишинде жайылтылбаганын белгилей кетүү керек.Ошону менен бирге биринчи сектор дегенде биз коомдук бийлик органдарын, экинчи сектор дегенде бизнести, үчүнчүсү – бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдарды же социалдык багыттагы коммерциялык эмес уюмдарды айтабыз.
Ошол эле маалда ар кайсы долбоордун бардык “ишмердик линейкасына” контроль системасын түзүүнүн актуалдуулугу тиешелүү максаттуу топтордун керектөөлөрүнө анализ жана баалоодон баштап, таасир этүүгө жана кесепеттерине баалоого чейин (же башкача айтканда коомдук жашоого таасир этүүсүн баалоо) ишмердиктин бардык чөйрөсү үчүн, өзгөчө социалдык чөйрө үчүн курч бойдон кала берүүдө. Эгерде баалоо ишин долбоордук мамиледе колдонуу чөйрөсүн кыскача санап көрө турган болсок да, бир кыйла олуттуу тизме чыга келет: мониторинг, анализ, диагностика, документтерге аудит, баалоо,  инспекция, текшерүү, божомол, моделдөө,пландоо, долбоорлоо, изилдөө – бул долбоордук аракеттердин баарында баалоо ишмердигинин ролу борбордук да болуп кетет.
Долбоордун текстин долбоорлоо жана баалоо баскычынан кийин (албетте эгерде долбоор жактырылса жана талап кылынган, тиешелүү ресурстук колдоого ээ болсо) аны практикада ишке ашыруу баскычы башаталат.Долбоордун алкагында жана ишке ашыруу процессинде баалоо ишмердиги аткарган функциялар көп түрдүү. Аны жүзөгө ашыруу процессин контролдоо менен биз мындай иштин төмөнкүдөй маанилүү түзүүчүлөрүн белгилей алабыз.Биринчиден, баалоо ийгиликтерди бөлүп көрсөтөт. Аскер ишинде чабуул маалында жиреп кирүүнүн точкасын аныктоо маанилүү болгондой эле ар бир долбоорду ишке ашырууда “точкалар” же “өсүш векторлор” – ишке ашырылып жаткан долбоор дагы да ийгиликтүү өтө турган багыттар маанилүү болуп эсептелет.
Тигил же бул ийгиликтүү практикаларга талдоо жүргүзүп отуруп, ийгиликке себеп болгон негизги же өзөктүк элементтерди таап, кайсы багытта ишти улантуу керектигин, социалдык технология менен түзүлгөн жалпы аракеттердин кайсы элементтерин өнүктүрүүгө, же аны колддонуунун кайсы өзгөчөлүктөрүнө кийин басым жасоо керектигин түшүнсө болот. Долбоорду ишке ашырууда оң учурларга көз салып туруу жана белгилеп калуу өтө маанилүү, себеби алар долбоордун катышуучуларынын мотивациясынын өсүшүнө жана аларды бекемдөөгө, алардын оң жана туруктуу жыйынтыкка жетүүгө багыттуулугуна көмөктөшөт.
Экинчиден, баалоо чабал жактарды аныктайт. “Терс жыйынтык – бул да жыйынтык”. Тигил же бул долбоорду ишке ашыруу процессинде алынган каалаган тажрыйба маанилүү. Дайыма эле ойлогон ой-максат аткарыла бербейт. Эмнени жасабаш керек болсо, ошондон баш тартуу зарыл дегенди ырастаган Библиядагы осуят өңдүү тескери эффектти көрсөткөн ишмердүүлүктүн багыты кийинки жолу мындай кыйынчылыктарга кабылбай, өз ишинде эске алуу үчүн бул жолду басып өтүү зарыл. Чогултулган жана талданып чыккан ушул өңдүү эскертүүлөр кийинки изилдөөчүлөр, долбоорду иштеп чыгуучулар, анын жетекчилери жана аткаруучулар үчүн маанилүү болот.
Үчүнчүдөн, баалоо өзгөрүүнү, бекемдөөнү талап кылган элементтерди көрсөтүп турат (эгерде кемчиликтери болсо, аны четтетүүнүн жолдорун жана ыкмаларын көрсөтөт). Долбоордогу терс белгилерге же окуяларга өз убагында реакция жасоо, өзгөрүүлөрдү киргизүү, долбоордогу кыймылдын багытына же аны аткаруу процессинде колдонулган ыкмаларына түзөтүү киргизүү менен долбоордун башында болуп келген, же анын жүрүшүндө пайда болгон кемчиликтерди жоюуга жол берет.
Төртүнчүдөн, баалоо андан кийинки ишмердик жана өнүгүү стратегиясын аныктоого жардам берет. Долбоор – бул “кичинекей жашоо”; атүгүл аны аткаруу процессинде жетекчи мунун натыйжасында эмне болооруна жана андан кийин эмне кылуу керектигине кам көрүүгө милдеттүү. Долбоордун “денесинде” болуп, аны башкаруу үчүн жооптуу менеджер (же башкаруучулар жамааты) бул долбоордун чегинен тышкары да көрө билүүгө, бул багыттагы иштин келечеги тууралуу ойлонууга тийиш (өзүнүн башкаруучулук тажрыйбасын жана аброюн сактап калуу, күчтөндүрүү жана арттыруу маанисин эсепке алуу менен).
Бешинчиден, баалоо изилдөөгө алынган объекттин, максаттуу топтун “жашоосуна” олуттуу жана узак мөөнөттүү таасирин тийгизет (программанын, долбоордун аткарылышы). Тигил же бул долбоордун келечегине жана андан кийинки тагдырына ой жүгүртүп, алдын ала божомол жасап, анын жетекчиси, же аткаруучусу долбоордун өзүнө да оң же терс таасирин тийгизбей койбойт.Долбоорду ишке ашыруунун ийгилиги унааны башкаргандай эле көп учурда туура тандалып алынган багытка жана аракеттерге гана көз каранды болбостон, ошону менен бирге режимдин тууралыгына жана кыймылдын ыкмаларына да жараша болот.
Долбоордук кыймылдын өзүндө болсо башкаруу системасынын сиздин аракеттериңизге карата сезгичтиги олуттуу ролду ойнойт. Машине жеңил башкарылганын жана сиз андан күткөн кыймылдарды,маневрларды жасап жатканын сезгенде унаа айдоо жакшы сезим тартуулайт эмеспи.Мындан улам долбоорду аткаруунун жүрүшүндө жүзөгө ашырылган түздөн-түз башкаруучулук аракеттерден тышкары, болуп жаткандарга карата көзөмөл жүргүзүү ыкмаларын колдонуу да зарыл. Негизгилери катары мониторинг (көз салуу), инспекция (же текшерүү), аудит, баалоо, изилдөө өңдүү аракеттерди атаса болот.Эгерде сунушталган көзөмөл аспаптарын кенен карап чыга турган болсок, долбоорду баалоону төмөнкүдөй элестетсек болот.
Долбоорду аткаруу процессинде мониторинг долбоордо болуп жаткандарга, анын агымына көз салып туруу үчүн зарыл. Ошону менен бирге бул аспап биринчи кезекте пландалган аракеттер жана түзүлүп жаткан реалдуулук канчалык деңгээлде алдын ала күтүүлөргө, эсептөөлөргө жана божомолдорго, тандалып алынган ыкмаларга жана технологияларга шайкеш келерин түшүнө билүү үчүн зарыл. Мындай көзөмөл үчүн ыңгайлуу ыкма болуп иштелип чыккан,же башынан эле каралган шайкештик ыкмалары жана көрсөткүчтөр эсептелет.
Долбоорду башкаруу процессинде бир нече көрсөткүчтү колдонуу талап кылынат. Себеби ооруканада термометрден тышкары үстүртөдөн, жөн гана байкоо үчүн дагы көптөгөн башка аспаптар да болот эмеспи. Мисалы, дарыгер бейтапты маал-маалы менен текшерип турат, медайым нөөмөттө турат, олуттуу кырдаалда оорулуунун абалына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү үчүн аппаратура орнотулат. Долбоор “бейтап” болбосо да бир катар учурларда өзгөчө жогорку тобокелчиликке ээ точкаларда көзөмөлдү күчөтүү турган иш.Жалпысынан долбоорду аткаруу процесси өзөктүк стадия болуп эсептелет. Мында мониторингди колдонуу мүмкүн жана максатка ылайыктуу.
Анткени дал ушул жерде үзгүлтүксүз, же мезгилдүү, пландалган аракеттер болуп турат. Аларга байкоо жүргүзүү менен кийин талдоо жүргүзүп, тыянак чыгарып, жалпылаштыруу үчүн маалыматтын зарыл болгон көлөмүн чогултууга болот.Экинчи жагынан мониторинг өзүндө жыйынтыкка оң таасирин тийгизиши ыктымал өзгөрүүлөрдү аныктоого, талдоого жана баалоого багытталган мындан да конструктивдүү түзүүчүнү камтышы мүмкүн. Баса, бул жагынан алганда инспекция мындай оң өзгөрүүлөрдү таба алышы толук мүмкүн. Аткаруучу өзү ишке ашырган ички мониторинг өзүн-өзү көзөмөлдөө жана долбоордун жүрүшүндө болгон окуяларга жана өзгөрүүлөргө сезгичтигин сактоону камсыздоо, жетекчинин талап кылынган ыкчам чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жагынан алып караганда пайдалуу боло алат.
Мониторингдин өзгөчө олуттуу түзүүчүлөрү деп төмөнкүлөрдү атаса болот.
Биринчиден, мониторинг үчүн көзөмөлгө тиешелүү мүнөздөмөлөрдүн тизмеси маанилүү. Алдын ала анализ, өзгөчө тобокелчиликтерге, ресурстарга жана керектөөлөргө (мүмкүнчүлүктөргө) жүргүзүлгөн анализ долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө олуттуу таасирин тийгизген маанилүү мүнөздөмөлөрдү белгилөөгө жол ачат.Экинчиден, мониторинг индикаторлордун жана көрсөткүчтөрдүн болушун талап кылат. Алардын негизинде долбоорду жалпысынан ишке ашыруунун тигил же бул өңүттөрүнүн, баскычтарынын,жол-жоболорунун жана механизмдеринин абалын жана көзөмөлгө алынган динамиканы бааласа болот. Эгерде кадимки турмуштан мисал келтире турган болсок, биз терезеден байкап турган бир топ табигый кубулуштар көрсөткүч болуп бере алат. Мисалы, баткакты алалы. Кыш келгенде ал тоңот, жамгыр жааганда тамчыдан улам пайда болгон тегеректер көрүнүп турат, канчалык жамгыр катуу жааса, ошончолук тегереги да кеңейет. Ошондон улам биз жамгыр канчалык катуу жаап жатканын, же өткүндөй тез эле өтүп кетеби деп айта алабыз.Үчүнчүдөн, мониторингдин түзүүчүсү болуп өлчөө жүргүзүүнүн жыштыгы жана точкасы (жери) кызмат өтөйт. Бул параметрдин маалыматынан көп учурда долбоордо болуп жаткан окуяларга, анын кесепеттерине, тенденцияларга мониторингдин сезгичтиги көз каранды.
Төртүнчүдөн, мониторинг маалыматты чогултуучуларга болгон талаптан, маалымат топтоонун ыкмаларына жана жол-жоболоруна көз каранды болот.Бешинчиден, мониторинг баштапкы иштеп чыгуу технологиялардын жана маалыматты дагы да терең талдоонун негизинде курулат.Алтынчыдан, мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматты кабыл алуу жана андан ары жайылтуу үчүн кайра түзүү жүрөт.Жетинчиден, мониторинг долбоордун алкагында тигил же бул иш-чараларды каржылоого (ресурстук камсыздоого) байланышкан.Бул тизмеде акыркы позиция өзгөчө азыркы орусиялык социалдык-долбоордук иш практикасын эсепке алганда бир аз көзгө өөн учурап турат.
Анткен менен мындай чыгашалар (же долбоор кызматкерлеринин, аткаруучу уюм тарткан адистердин, же тышкы агенттердин күн мурда бөлгөн айрым ресурстары) алдын ала каралыш керек.Болуп жаткан аракеттердин мурда пландалгандарга шайкештигин аныктоо жаатында дагы да терең талдаган аспап катары аудит эсептелет. Аудит ишке ашырылып жаткан долбоордун формалдык, экономикалык же окуяга байланган өңүттөрүнө багытталышы да мүмкүн, долбоордун дагы мазмундуу элементтерин тереңирээк кароону да караштыра алат. Мисалы, мазмундуу аудит учурунда негизги көңүл долбоорду ишке ашыруу үчүн бөлүнүп жаткан чыгымдардын максаттуу мүнөзүнө эмес,анын жүрүшүндө аткарылган аракеттердин санына эмес, жүзөгө ашырылган аракеттердин ийгилигине жана натыйжалуулугуна, конкреттүү кызмат көрсөтүүлөрдүн маңызына бурулууга тийиш.
Иштин маңызына мына ушунчалык деңгээлде сүңгүп кирүү долбоор боюнча аткарылган иштин сапатын жакшылап көрүүгө жол ачат. Кандайдыр бир көзгө көрүнгөн же олуттуу кемчиликтердин болушу инспекция өткөрүү зарылчылыгынан кабар берет. Контролдун бул түрүнүн негизинде тигил же бул бузууларды аныктоо боюнча иштер,долбоорду аткаруу үчүн алардын маанилүүлүк даражасы, анын ичинде күтүлгөн жыйынтыктарга ыктымал таасири жатат. Ошол эле учурда инспекция (же текшерүү) “чукул” гана эмес, пландуу да мүнөзгө ээ болот жана үзгүлтүксүз, же маал-маалы менен жүзөгө ашырылып турат; мындай учурда инспекция кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүктү жана тенденцияларды аныктоонун негизги милдеттеринин бири болушу мүмкүн.Ошондой эле долбоордун алкагында изилдөөнү жүзөгө ашырууга болот.
Иштин бул түрүнүн негизги милдети жаңы билимди алуу болуп эсептелет.Изилдөөнү ишке ашыруунун келечеги катары буга чейин байкалбай калган же баалоосуз көңүл тышында кала берген тигил же бул деталдарын жана чоожайын аныктоо, ишке ашырылып жаткан долбоордун багытын пландоо жана андан ары моделдештирүү үчүн жаңы мыйзам ченемдүүлүктөрдү жана негизин пайда болуусун деталдуу изилдөө аталды. Социалдык долбоорду башкарууда ийгилик үчүн шарттар. Долбоорду башкаруу анын ийгилигинин өзөктүк, маанилүү түзүүчүсү болот. Дал ушул жерден долбоор аяктагандан кийин өзүн-өзү актоо үчүн ар бир жолу В.Черномырдиндин “Жакшы кылайын дедик эле, адаттагыдай болуп калды” деген учкул сөзүн колдонуп калбаш үчүн мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошол эле кезде социалдык-долбоордук ишмердигинин көз карашынан алганда башкаруучулук аракеттерге даярдыкка жана ишке ашырууга көзөмөл, анализ жана экспертиза башкаруунун сапаты, пландалган максаттардын жана тапшырмаларды аткарылышынын реалдуулугу жана ага жетүү, тандалып алынган багыттардын тууралыгы жана өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын даярдыгы,камсыздалгандыгы, алдын ала финансылык пландоонун тууралыгы жана тактыгы тууралуу так элес берет.Долбоорду башкарууда өзгөчө маанилүү деп атоого боло турган бир нече өңүтүнө көңүл буралы.
 
  • Сапаттуу пландоо Долбоорду жазууда жүзөгө ашырылган алдын ала пландоонун маанисинен тышкары, ийгиликтүү долбоордун маанилүү өзөгү болуп аны аткарууга жана ишке ашыруу процессине түздөн-түз даярдык көрүүдө пландоо кала берүүдө.
  • Ресурстарды пландоо Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө биз колдонууга жеткиликтүү ресурстардын көп түрдүүлүгүн байкагандай эле, долбоордун ушул баскычында “текшерүү” жүргүзүү зарыл, долбоорду аткаруу үчүн колдо болгон ресурстарды тактап алуу керек. Баарынан да маанилүүсү жөн гана тизме түзүп койбостон, долбоордун кайсы жеринде, кайсы мезгил аралыгында бул ресурс кандай өлчөмдө талап кылынарын аныктап алуу зарыл.
Бул жерде чечүү зарыл болгон дагы бир күнүмдүк тапшырма пайда болот – нак ресурстарды оптималдаштыруу. Себеби тигил же бул конкреттүү долбоордук аракетте бардык эмес, белгилүү бир ресурстар гана талап кылынат. Мисалы, семинарларды өткөрүүдө залдын ижарасына (эгерде ишчара көчмө болсо), катышуучулардын жашаган жери жана тамактануусуна кеткен чыгымдарды төлөө үчүн финансы каражаттары зарыл. Эгерде иш-чарага бюджеттик мекемелердин өкүлдөрү катышып жатса, ыктыярдуу ресурстар зарыл болот: тигил же бул кызматкерди чакырууну камсыздоо (катышуучуларга телефон чалып чыгуу, же жөн гана электрондук кат менен чакыруу жолдоо үчүн ыктыярдуу аракеттер) же административдик ресурстар керек болот (кызматкерди иш-чарага анын жетекчилигинин буйругу менен багыттоо). Мындан улам буга чейин каралган аракеттерди эсепке алуу менен тартылган ресурстарды колдонууну пландоону жүзөгө ашыруу зарыл.
 
Аракеттерди жана окуяларды пландоо Күтүлүп жаткан аракеттерди жана окуяларды пландоо долбоорду жазуу процессиндегидей эле түзүлсө болот. Т.а. Ганттын диаграммасынын негизинде. Бирок мындай учурда пландоо “масштабын” өзгөртүү зарыл, бул диаграмманы дагы да деталдуу кылуу керек.Долбоордун үстүнөн ишти баштоодо анын кайсы мезгилинде тигил же бул окуя, иш-чара болорун аныктап алуу жетиштүү болчу. Эми болсо иш-чаранын өзүн күнүмдүк пландоо да актуалдуу.Мисалы, эгерде региондор аралык же эл аралык конференция пландалып жатса, анда мазмундук жана жол-жоболук аракеттердин жалпы комплексин жүзөгө ашырууну өз учурунда караштыруу керек: чакырыла тургандардын тизмесин даярдоо, баяндамачыларды жана катышуучуларды чакыруу, алар менен баяндамасынын темасын макулдашып алуу жана балким алардан баяндамалардын тезисин сурап алуу, материалдарды даярдоо жана басып чыгаруу, катышуучулардын санына жана конференциянын форматына туура келген жайды тандап алуу, мейманканада орундарды брондоп коюу жана төлөө, катышуучулардын трансферин камсыздоо (иш-чара өтчү жерге чейин жеткирүү, кайра жеткирип коюу) жана аларды жайгаштыруу, программаны түзүү, иш-чаранын ичинде тигил же бул топторду түзүү, бардык уюштуруучулук аракеттерди тийиштүү деңгээлде аткаруу үчүн адам ресурстарына керектөөнү аныктоо.
Эгерде даярдык этабында биз үчүн тартылып жаткан адистердин эмгек акысын төлөө үчүн канча каражат керек болору, же долбоордун бардык аракеттерин аткаруу үчүн канча ыктыярчы зарыл экени маанилүү болсо, эми биздин чыгашаларды долбоорду убактысына жана окуяларга жараша бөлүштүрүп чыгуу керек. Мисалы, эгерде долбоор иштеген маалда бухгалтерге ай сайын төлөнчү акы, же семинарды алып бара турган консультанттын же тренердин кызмат көрсөтүүсү үчүн макулдашылган акы пландалса, анда бул үчүн бөлүнгөн каражаттар алдын ала бөлүштүрүлүп, долбоордун финансылык планында эсепке алыныш керек. Мисалы, кандайдыр бир массалык иш-чараны өткөрүү үчүн ыктыярдуу жардамчыларды тартууда да күн мурда пландап, камсыздоо зарыл.
Тобокелчиликтерди жана алардын таасирин алдын ала баалоо Долбоорго даярдык көрүү баскычында ишке ашырылган ушул өңдүү баалоодон айырмаланып,тобокелчиликтерди жана алардын долбоордун натыйжалуулугуна тийгизчү ыктымал таасирин баалоо долбоордун башында аракеттерге жана анда каралган окуяларга да багытталган.Белгиленген тобокелчилик фактору шарттуу түрдө келтирилди. Бирок ушул тапта мындай өзгөрүүлөр болуп турат жана аларды эсепке албай коюу одоно ката болот.Бул классификация маанилүү факторлорду анча маанилүү эместерден бөлүп кароо менен өзгөчө олуттуу тобокелчиликтердин тизмесин тез түзүүгө жол берет. Мындан ары албетте жогоруда келтирилген таблицада солдон үстүнө карай жайгашкан орундагы факторлорго чоң көңүлдү бөлүү керек.Муну менен бирге “буралган”, топтоштурулган маалыматты колдонууга негизделген методологиялык ыкма бир топ татаал аналитикалык аракеттерди чакан жамааттын колунан келе тургандай да, чыгармачыл жактан кызыктуу да кылат.
Жогорку сезгичтик (башкаруу системасынын айкындуулугу жана ачыктыгы, зарыл болгон маалыматтын мазмундуулугу, окуяларга жана аракеттерге ыкчам реакция жасоо) Катышуучуларга бери дегенде ишке ашырылып жаткан долбоор тууралуу негизги маалыматтар белгилүү болбогон долбоордон (негизи эле жалпысынан уюмдун долбоордук ишмердигинен деле) эффективдүүлүктү күтүү оор. Ар бир долбоорду шарттуулуктун кандайдыр бир үлүшүн кошуп, аны ишке ашырган жамаат жашаган “чакан жашоо” түрүндө элестетсе болот. Албетте мындай “жашоодо” “оң кол сол колдун эмне кылып жатканын” билбегени жаман. Иштер макулдашылбаган учурда жалпысынан тигил же бул аракеттер, ишмердүүлүк көзөмөлдөн гана чыкпастан, ошону менен бирге бирдиктүү жамаатта бири-бирин ишеним деңгээли да азаят, мындайча айтканда “ички уюштуруучулук ишеним радиусу кыскарат”, бул болсо келечекте бардык жамааттын ынтымагына терс таасирин тийгизип, ишке болгон шыктанууну жоготот.
Ошондуктан ишке ашырылып жаткан бардык долбоордун алкагында ыкчам реакция жасоо жана долбоорду аткарылышы үчүн талап кылынган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аспаптар болуш керек жана алар кынтыксыз иштеши зарыл. Мындай аспаптын ролун адатта долбоордун катышуучуларынын үзгүлтүксүз жолугушуулары (бетме-бет же виртуалдык) же маалыматты алууга, алмашууга,иштеп чыгууга тоскоолдук жаратпаган башка коммуникациялык жол-жоболор, макулдашылган позицияны иштеп чыгуу жана алынган маалыматты жайылтуу эсептелет.Тигил же бул аткаруучунун бир топ алыста болушун караштырган жана же катышуучулардын өз ара тыгыз байланышуусуна тоскоолдук жараткан ири масштабдуу долбоорду ишке ашырган учурда динамикалык дистанциондук байланыш ыкмаларын колдонууга жол ачкан маалымат түйүнүн түзүү зарыл чара болот. Ал адекваттуу ыкчам жана көп учурда эффективдүү башкаруу мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
Мындай учурда Skype системасына “телеконференцияларды” өткөрүү, вебинарлар же ушул өңдүү иш-чаралар жакшы коммуникациялык байланышты камсыздап берет.Интерактивдүүлүктүн жогорку даражасы, долбоорго катышуу үчүн ага мүмкүн болушунча көп сандагы субъекттерди кошуу, субъект-субъекттик өз ара аракет.Долбоорду башкарууда ийгиликтин байланыштырчу “материалы” болуп анын катышуучуларынын өнөктөштүгүн түзүү, алардын балким долбоорду иштеп чыгуу, аткаруу жана ички көзөмөлдү жүзөгө ашыруу процессине дагы да жигердүү катышуусу эсептелет. Аракеттерди биргелешип пландоо жана ишти баалоо, тигил же бул өңүтү, көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди жакшы маанайда ачык талкуулоо, бири-бирине сый мамиле системасын түзүү, пайда болгон көйгөйлөрдү өз убагында жана конструктивдүү мүнөздө талкуулоо – мунун баары төмөнкүлөргө өбөлгө болуп берет: – долбоордун өзүн анын катышуучулары үчүн түшүнүктүү кылат (кайда баратабыз, эмне үчүн жана кантип тигил же бул иштерди жасап жатабыз, каалаган жыйынтыкка жана максатка кантип жетебиз); – бул долбоордун жыйынтыктоочу натыйжалуулугун жана соңку ийгилигин камсыздайт; – андан ары биргелешкен ишке даяр болгон ынтымактуу санаалаштардын командасын түзөт.
Долбоордун позитивдүү жана туруктуу социалдык жыйынтыкка жетүүгө багыт алуусу Жогоруда аталган үч мүнөз (долбоорду сапаттуу пландоо, ишке ашыруунун жүрүшүндө анын жогорку сезгичтигин камсыздоо жана катышуучулардын өз ара аракетинин мазмундуу интерактивдүүлүгү) долбоордун кээде алгач пландалгандан да жакшы жыйынтыкка жетүүсүн камсыздайт.Айталы, мисалы, 2009-жылдын соңунда ушул окуу куралынын авторлору бир долбоорду ишке ашырган. Анда негизги аракет катары социалдык долбоорлорду жана программаларды баалоо жаатында адистерди даярдоо боюнча 74 сааттык окуу курсун өткөрүү каралган. Курстун маанилүү натыйжасы катары болжолдонгон, бирок көп күтүлбөгөн бир нече жыйынтык алынган. Аларга токтололу.Биринчиден, долбоордун жүрүшүндө (окутуучу семинарлардын цикли) бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн социалдык долбоорлоонун негиздерине окутуунун азыркы мазмунунун өтө маанилүү өзөгү аныкталган. Буга чейин мындай даярдык Москва шаарында долбоорлорду жазуу жаатында гана болуп келген. Ошону менен бирге аткарылып жаткан долбоорлорду башкаруу процессинде да, контролдоочу уюмдар тарабынан мониторинг мүмкүнчүлүгүн камсыздоонун жолжоболорунда да, ошондой эле аткарылган долбоорлордун жыйынтыктоочу натыйжаларын түзүү жаатында да бир катар олуттуу кемчиликтер аныкталды.
Ошентип долбоорлорду аткарган уюмдарды окутууда олуттуу тематикалык кеңейтүү милдети өтө маанилүү болуп эсептелет. Мындай окутуу долбоорлорду башкарууда жогоруда саналган маселелерди козгоп, өткөрүлгөн иш-чараларды жана аткарылган долбоорлордун натыйжасын жетиштүү камсыздоо,аларга сөзсүз түрдө мониторингдик жана эксперттик-аналитикалык көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырыш керек.Экинчиден, окуу процессинде анын уюштуруу чулары социалдык жактан маанилүү долбоорлорго сынак өткөрүүнүн уюштуруучулук, документациялык жана башка өңүттөрүн, долбоорду аткаруунун эффективдүүлүгүнө мониторингди жана баалоону жүзөгө ашырууну, ошондой эле жогоруда аталган жол-жоболорду жана формаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды караштырган. Сунушталган тапшырмалардын дээрлик ар бири алардын көз карашы боюнча жакшыртууга шайкеш келген ыктымал өзүнүн сунуштарын түзүү өтүнүчү менен коштолгон.
Мындан тышкары бул максат менен семинардын программасында бир аз убакыт бөлүнүп, анда угуучулар тегерек стол режиминде ушундай сунуштарды түзө алышкан. Натыйжада мындай сунуштардын комплекси топтоштурулуп, Москва шаарынын Коомдук байланыш комитетине (КБК) өткөрүлүп берилген. Ушул сунуштардын айрымдары ошол замат КБК 2010-жылдын башында Москва шаарындагы бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар үчүн жарыялаган социалдык долбоорго сынактын материалдарын жана шарттарын даярдоодо эсепке алынды. Ошентип долбоордун түздөн-түз жыйынтыктары социалдык чөйрөдөгү процесстерди башкаруунун сапатына таасирин тийгизген эффект да болуп калды. Үчүнчүдөн, окуу курсун жүзөгө ашыруу процессинде анын катышуучулары арасында “Эксперт баалоочулардын клубун” түзүү боюнча демилге көтөрүлдү. Муну да Москва шаарындагы ушундай адистердин калыптануу жана өнүгүү процессинин ийгилигине көмөкчү болгон маанилүү демилге катары эсептесе болот.
Ушундай эле демилге, бирок бул жолу өлкө масштабында Кайрымдуулук уюмдардын Улуттук ассоциациясынын “Эксперттик-аналитикалык жарандык түйүндү түзүү” долбоорунун алкагында окуудан өткөн адистерде да бар. Бул долбоор 2014-ж. социалдык багытка ээ коммерциялык эмес уюмдардын адистери үчүн сегиз федералдык округда жүзөгө ашырылды. Мындан тышкары ушундай жамааттарды калыптандыруу КЭУ-жамаатынын жана жалпысынан жамааттын социалдык капиталын өнүктүрүүнүн анык элементи болуп эсептелет. Муну болсо негизги тапшырма катары эсептөөгө болот. Анын чечилиши социалдык өнүгүүнүн ийгилигин жана туруктуулугун аныктайт.