Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Терек-Сайда мектепке чейинки билим берүү маселеси чечилди

2015-09-10 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Терек-Сайда мектепке чейинки билим берүү маселеси чечилди

Долбоор: “Аз камсыздалган үй-бүлөдө өскөн балдарды мектепке чейинки билим берүүгө тартуу”.Тапшырыкчы: Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык аймагы.Аткаруучу: “Айкан” коомдук фонду.

Мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсү анын келечеги үчүн өтө маанилүү. Бала бакчага барган наристелер жакшы окушат. Болгондо да бул көрсөткүч жогорку окуу жайына тапшырганга чейин кала берет. Аларга жакшы жогорку билим алуу оңой, демек келечекте жакшы жумуш табуу мүмкүнчүлүгү да жогору.Эгемендик жылдары Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү системасы дээрлик талкаланып жок болгон. Бүгүнкү күндө элет жергесинде жашаган балдардын орточо 10% гана бала бакчага барат. Мектепке чейинки даярдыктан өтпөгөн, өзгөчө элеттик жана социалдык жактан аярлуу үйбүлөдө өскөн балдар мектепте окуганга да даяр эмес. Натыйжада алар начар окуп, көп учурда мектепти таштап, жогорку билим албай калышат.Ошентип мектепке чейинки билим берүү баланын кийинки турмушуна түздөн түз таасирин тийгизет.Терек-Сай айылдык аймагында 4000 киши жашайт, алардын басымдуу бөлүгү аз камсыздалган үй-бүлөлөр. Акча тартыштыгына байланыштуу бала бакчага бара албаган мектепке чейинки курактагы балдардын саны 750гө жетет.
 
Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун жардамы жана Өнүктүрүү саясат институтунун техникалык колдоосу менен бул көйгөй ЖМБАсессиялары, жыйындар, жумушчу жолугушуулар өңдүү көптөгөн коомдук иш-чараларды өткөрүү менен аныкталды. Аларга жергиликтүү жамааттын үч жүздөн ашык тургуну катышты. Элдик жыйын маалында сунушталган беш долбоордун ичинен көпчүлүктүн добушу менен аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө өскөн балдар үчүн мектепке чейин билим алуусуна шарт түзүп берүү маселеси тандалып алынды. Бул муниципалдык социалдык тапшырыкты аткаруу үчүн КЭУ арасында конкурс өткөрүлүп, “Терек-Сай ААдагы аз камсыздалган үй-бүлөдө өскөн балдардын, жетимдердин жана жарым-жартылай жетимдердин мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо” долбоорун сунуштаган “Айкан” коомдук фонду жеңүүчү деп табылды.Аймакта аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө өскөн балдар үчүн шарт түзүү боюнча долбоор ишке ашырылып жатканын уккан тургундар абдан катуу кубанышты. Алар менен чогуу КАДЫРБЕКОВдордун үй-бүлөсү да кубанды. Бул үй-бүлөдө беш, үч жана бир жарым жаштагы үч бала чоңоюп келатат.
 
Финансылык кыйынчылыктардан жана аймакта туруктуу жумуштун жоктугунан балдардын атасы маал-маалы менен ар кайсы жерде иштеп жүрөт, апасы болсо мектепте мугалим болуп эмгектенет. Ошентип балдар менен эч ким алектенген эмес. Апасы эртеден кечке чейин жумушта болгондуктан балдарга көз салган эч ким болгон эмес. Бир жолу апасы жумуштан келип, беш жаштагы уулу менен үч жаштагы кызы короодо ойноп жүргөнүнө, бирок сөз байлыгы жупуну болгондуктан бири-бирине эч нерсе түшүндүрө албаганына күбө болгон. Мына ошондо өз катасын сезип, кандай гана болбосун бул кемчиликти жоюуну чечет. Балдарды айылдагы башка балдарга кошконго аракет жасайт. Бирок мындан майнап чыккан эмес – алар балдар менен уруша кетип,алардан оолак болуп, такыр жолбой коюшкан. Ата-эне балдарды бала бакчага орноштурууну туура көрөт. Бирок чөнтөк жука болгондуктан бул ойдон баш тартышат. Мына ошондой күндөрдүн биринде үмүт пайда болот. Долбоордун алкагында ЖӨБ органы “Ай-Нуру” бала бакчасынын базасында үч жай бөлүп берип, толук оңдоп чыгып, зарыл болгон жабдуулар, эмеректер, педагогдор жана балдар үчүн окуу материалдары сатып алынган. Бирок эң негизги буюм – ноутбук жана проектору бар интерактивдүү такта болуп калды.
 
Мындан тышкары 18 тарбиячы квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп, тарбиячылар үчүн дагы эки жумуш орду түзүлдү. ТерекСай айылдык аймагынын балдарына алардын жетилүүсү жана мектепке чейин билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү. Борбор расмий түрдө ушул жылдын 1-июнунда ачылды.Айылдык аймактагы үч айылдан 60 аз камсыздалган үй-бүлөдөн үч жаштан алты жашка чейинки курактагы балдар тандалып алынды. Алардын катарына КАДЫРБЕКОВдордун эки баласы – беш жаштагы Азамат менен үч жаштагы Айгерим да кошулду. Алар башка балдар менен чогуу кезектешип төрт сааттык мектепке чейинки билим ала башташты: 30 бала 08:00дөн 12:00гө чейин, 30 бала
12:00дөн 16:30га чейин бала бакчага бармай болду.“Балдар интерактивдүү тактага жазылган тапшырмаларды оңой эле өздөштүрүп жатышат. Бул тактаны колдонгон ыңгайлуу, баары жөнөкөй жана кызыктуу, кол менен объекттерди жылдырып, маркер менен жазып, оңой эле өчүрүп койсо болот.Сүрөттөрдү, түстүү тамгаларды колдонгондо балдар аларды тез эле кабыл алып, түшүнүп, жакшы үйрөнүп кетүүдө. Биз ар бир бала менен жекече иш алып барабыз, түрдүү формаларды жана усулдарды колдонобуз. Бул жерде мектепке чейин билим ерүү үчүн мыкты заманбап шарттар түзүлгөн.
 
Эң негизгиси – балдарда өзгөрүүлөрдү байкаса болот”, - деди борбордун тарбиячысы Асель АБДЫНАЗАРОВА. Долбоордун жардамы менен адис тарбиячылар атайын даярдыктан өтүп, иштелип чыккан программанын алкагында окутуп, балдардын интеллектуалдык, чыгармачыл күчүн, инсандык сапаттарын ар тараптуу өнүктүрүп жатышат. Тарбиячылардын айтымында, башында мындай балдар менен иштөө кыйын болгон. Мисалы,Азамат жана Айгерим КАДЫРБЕКОВдор сабакка келгенде өз оюн түшүндүрө албай, суроолорго алгылыктуу жооп бербей, же такыр эле унчукпай, тартынып, башка балдар менен ойнобой, алардан оолак болуп, өзүнчө жүрчү. Бара-бара окууга, сүрөт тартууга, жаратылышка кызыгуулары ойгонуп, акыл-эстин жетилүүсүнө, этикалык жана эстетикалык сапаттарын өнүктүрүүгө көмөктөшкөн оюндарга кызыгуусу артты. Балдардын энеси Арзыкан буларды айтты: “Балдарга үйдөн тиешелүү билим бере албаганыма өкүнөм. Бул долбоорго, демилгени колдогон адамдарга ыраазымын. Балдарым жакшы сүйлөп, адамдардан чочуркабай, баарлашканды үйрөнүп, досторду тапты. Ата-эне үчүн мындан артык нерсе барбы?”.Байланыш үчүн: Терек-Сай АӨ: Чаткал району, Жалал-Абад облусу, Терек-Сай айылы, Турдалиев көч., 11, тел.: (03749) 60197, моб.: 0777 215944, 0551 280676, электрондук дарек: tereksai@bk.ru, айыл өкмөттөн долбоордун координатору ЖАНТАЕВА Айгүл. “Айкан” коомдук фонду: Чаткал району, Жалал-Абад облусу, Сумсар айылы, тел.: 0777 817 466, электрондук дарек: sumsar_okrug@mail.ru, ДЖЭЭРЕНБАЕВ Алижан.

Окшош материалы: