Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кара-Балта: Мамлекеттик социалдык заказ мэрияга социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө секирик жасоого шарт түздү

2021-12-17 / Муниципалдык социалдык заказ
Кара-Балта: Мамлекеттик социалдык заказ мэрияга социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө секирик жасоого шарт түздү

Элчибек СУЕРКУЛОВ, Кара-Балта ш. мэриясынын экономист-статисти

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Кара-Балта ички мигранттарды тарткан ири регионалдык борбор болуп саналат. Расмий маалыматтар боюнча шаарда 48 278 адам жашайт, анын ичинен 26 011и аялдар, калкы көп улуттуу. Калктын жыштыгы жогору, жакынкы айылдардан да, башка райондордон, облустардан келгендер көп. Калктын жогорку жыштыгы калктын аялуу катмарын, оор турмуштук кырдаалга туш болгон жана жеке камкордукка муктаж жарандарды, анын ичинде улгайган адамдарды колдоо көйгөйүн курчутууда. Кээде, тез арада чечүүнү талап кылган оор кырдаалга туш болгон адам кайда кайрылышы керектигин билбей калат. Ички миграциядан улам ВИЧ, кургак учук ж.б. илдеттерин жугузуп алгандар, мэрияга жардам сурап кайрылгандар көбөйүүдө.

Чечимди издөө: башкаруунун жаңы аспабы

Шаар бийлигинин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана дайыма эле жаранга тез арада жардамга келе албайт. Биринчи кезекте кадрлар тартыш, мэриянын кызматкерлеринин саны чектелүү болгондуктан, мынчалык көп кайрылууларга эсептелген эмес. Маселени чечүүнүн жолдорун издеп, Кара-Балта шаарынын ЖӨБ органдары башкаруунун салыштырмалуу жаңы, бирок буга чейин далилденген аспабына – мамлекеттик социалдык заказга кайрылышкан1.

2019-2023-жылдарга Мамлекеттик социалдык заказдын (МСЗ) Программасын иштеп чыгуу биринчи кадам болду, ал Кара-Балта шаарынын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына (СЭӨП) киргизилген (2018-2023-жылдарга Кара-Балта ш. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын 4.3-пунктун караңыз). МСЗ Программасынын өзөгүнө калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын жана керектөөлөрүн изилдөөнүн жыйынтыктары, ошондой эле жарандардын сунуштары киргизилген. Изилдөөнүн алкагында 5 чогулуш өткөрүлүп, ага 150 адам катышты. Ошондой эле МСЗ Программасын ишке ашыруу бөлүгүндө Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын (СЭӨП) долбоору боюнча коомдук угуулар өтүп, ага Кара-Балта шаарынын 350 тургуну катышты. Угуунун жүрүшүндө катышуучулардан 100гө жакын суроолор жана сунуштар түшүп, аларды бул максаттар үчүн атайын даярдалган бланктарга жазып беришти.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттары МСЗ Программасын бекитип, социалдык өнүктүрүүнүн жана колдоонун төмөнкү артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 000 сом өлчөмүндө каржылоонун көлөмүн аныкташты: турмуштук оор кырдаалда турган жана жеке камкордукка муктаж калктын аярлуу топторуна, анын ичинде улгайган адамдарга колдоо көрсөтүү; өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алуу; үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана ата-энеси таштап кеткен балдарга, майыптуулугу бар балдарга жардам көрсөтүү.

Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу 

7 адамдан турган жумушчу топ жана 10 адамдан турган гранттык комиссия түзүлүп, анын курамына мэриянын кызматкерлери, депутаттар жана жергиликтүү жамааттын лидерлери кирди.

Жумушчу топ Гранттык комиссия жөнүндө жобону иштеп чыгып, социалдык тармактар   жана жергиликтүү гезит аркылуу МСЗ конкурсун өткөрүү жөнүндө жарыя берген. Конкурска “Шаардын оор турмуштук кырдаалга туш болгон жана жеке камкордукка муктаж болгон аялуу катмарына, анын ичинде карыларга колдоо көрсөтүү” деген темада эки бейөкмөт уюм (БӨУ) өтүнмө берген.

Конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде “Өзүңө ишен” Коомдук фонду “Ыкчам жардам” долбоорун ишке ашырды. Долбоордун алкагында “Өзүңө ишен” КФсы кварталчылардын жардамы менен муктаж болгондорду аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоо жекече жүргүзүлдү, башкача айтканда, ар бир адамды белгилүү бир убакта өзүнчө чакырып, зарыл болгон учурда ал жашаган жерине барып турушту. Андан соң көйгөйгө жараша алар социалдык кызматтарга багытталып, психологиялык-юридикалык мүнөздөгү консультациялар, гуманитардык пакет ж.б. түрүндөгү керектүү жардамдар көрсөтүлдү.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө мэриянын социалдык кызматкери да процесске тартылган; консультация берди, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен зарыл болгон кат алышууларды жүргүздү.

МСЗны ишке ашыруу процессинде, техникалык тапшырмага ылайык, гранттык комиссиянын мүчөлөрү өткөрүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүштү.

Натыйжада 320 үй-бүлөдөн 1172 адам (637 чоң адам жана 535 бала) жардам алышкан. Долбоордун эң жаш катышуучусу 19 жашта – ал үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен. Күйөөсү аны терезеден ыргытып жибергенден кийин келин майып болуп калган. Долбоордун эң улуу катышуучусу 96 жаштагы жалгыз бой пенсионер, аны кошунасы алып келген.

Учурда МСЗ Программасынын дагы эки багыты боюнча иштер жүрүп жатат: 1) жаштар арасында психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алуу; 2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга, ата-энеси таштап кеткен балдарга, ошондой эле майыптуулугу бар адамдарга, анын ичинде жону жука, толук эмес үй-бүлөлөргө жана эмгек мигранттарына жардам көрсөтүү.

Каржылоо

МСЗ Программасынын бюджети багыттарды төмөнкү пропорцияда каржылоону болжолдоп жаткан:

  • “Турмуштук оор кырдаалга туш болгон жана жеке камкордукка муктаж шаардын аярлуу катмарын, анын ичинде кары адамдарды колдоо” багыты – 250 миң сом;
  • “Жаштар арасында психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алуу” жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана ата-энеси таштап кеткен балдарга жардам көрсөтүү” багыттары – 250 миң сом (ишке ашыруу улантылууда).

Экономикалык эффективдүүлүгү

Кара-Балта шаарынын тажрыйбасы дагы бир жолу көрсөткөндөй МСЗ механизми КЭУ-аткаруучунун активдүүлүгүнүн эсебинен  социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн каржылоону көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Мында бир багыт боюнча каржылоонун өсүшү болжол менен 33 пайызды түздү (финансылык эмес салымды эсепке албаганда): жергиликтүү бюджеттин салымы 250 000 сомду түздү, МСЗны аткаруучунун аракети менен алынган кошумча салым 82 206 сомдон ашык болду, ошондой эле кийим-кече жана бут кийим менен да болду. “Ыкчам жардам” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө “Өзүңө ишен” Коомдук фонду донорлорду тартып, азык-түлүк пакеттери, жаңы жылдык белектер, буюмдар түрүндө кошумча жардам алды (БУУнун Өнүктүрүү программасынын Глобалдык экологиялык фондунан, UNAIDS). “Өзүңө ишен” Коомдук фондунун салымы: долбоордун 125 катышуучусун кийим жана бут кийим менен камсыздоо; мобилдик байланышка кеткен чыгымдарды 400 сом өлчөмүндө ай сайын өздүк каражаттардын эсебинен жабуу, ыктыярчылардын иши – 10 кардардын паспортторун калыбына келтирүү боюнча көрсөткүчтөрдү аткаруу үчүн долбоордун кызматкерлери 2 ай акы албастан иштеп, алдына коюлган тапшырманы аткарышты.

Долбоордун 271 катышуучусу ар бир социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучуга “Укугуң бар” аттуу социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн юридикалык кеңеш берүү боюнча брошюралар түрүндөгү практикалык колдонмону алышты.

Социалдык эффективдүүлүгү

Долбоор калктын аялуу катмарынын көйгөйлөрүнө көп сандаган жарандардын көңүлүн бура алды, көптөгөн бейөкмөт уюмдар социалдык көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бура баштады. Адамдар кошуналарына жардам берүүнүн жолун табышты, мисалы, Кара-Балта шаарынын тургуну Виктория ХАПЕРСКАЯ “Ыкчам жардам” долбоору тууралуу угуп калып, муктаж болгондорго буюмдарын жана бут кийимдерин тапшырды, жалпысынан 125 адам шаардыктардан буюмдар жана бут кийим түрүндө жардам алышты.

10 жарандын паспорттору калыбына келтирилип, аларга жарандык укуктарын кайтарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул адамдардын көбү советтик үлгүдөгү паспортторун жоготуп, жаңысын ала албай 30 жылдай паспорту жок жүрүшкөн. Паспорттун жоктугунан улам бул жарандар тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү колдоно албай, укуктарын коргой албай калышкан: акысыз медициналык жардам алуу, ишке орношуу, майыптыкты аныктап, пенсия же жөлөкпул алуу, каттоого туруу, никеге туруу, балдарына документ берүү ж.б. укуктарын колдоно алышкан эмес.

Умид ШУКУРОВ, “Өзүңө ишен” Коомдук фондунун директору: “Бүгүнкү күндө паспорттун жоктугу адамды жарандык укуктарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууда. Паспортсуз адамдар каттоого тура алышайт, жөлөкпул жана пенсия алышпай, COVID-19га каршы эмдөөдөн өтө алышпайт. Паспорту жок жаран биздин коомдо жок болгондой эле экен. Калктын социалдык жактан аялуу катмарына кирген адам үчүн паспортту өз алдынча алуу дээрлик мүмкүн эмес, анткени бул чөйрөдө мамлекеттик түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү өтө бюрократташтырылган жана үндөшүп иштешпейт. Ошондуктан биз ушул көйгөйлөрдү чечүүгө болгон көңүлүбүздү бурдук. “Ыкчам жардам” долбоорун ишке ашыруу ийгиликтүү болду деп эсептейм, себеби мэрия менен МСЗ механизми аркылуу биз көзгө урунарлык жыйынтыктарга жетише алдык. Алдыда дагы ушундай долбоорлорубуз болот деп үмүттөнөм”.

Павел БЕРЕЗОВСКИЙ, кызмат көрсөтүүнү алган бенефициар: “Абактан чыккандан кийин жаңы жашоо баштайм деген үмүт бар эле, артка кайтпашым керек экенин түшүндүм, бирок жаңы жашоо баштоого бир көйгөй – жарандык паспорттун жоктугу тоскоол болду. Паспорт алуу үчүн каттоого турушум керек эле, ал эми бир жерге каттоого туруш үчүн турак жай керек, үйдү ижарага алып, же сатып алыш керек, бул үчүн акча керек, ал эми акча табуу үчүн жакшы жумуш табышың керек, жакшы жумушка орношуу үчүн паспорт сурашат. Ушундай туңгуюкка кептелип калгам. Анан тааныштарым аркылуу “Өзүңө ишен” Коомдук фонду элге паспорт алууга жардам берип жатканын билдим. Уюмдун кызматкерлерине кайрылсам, алар мага жардам беришти. Жыйырма жылдан бери биринчи жолу кимдир бирөө мага чындап жардам берди! Натыйжада паспорт алдым, паспортсуз дээрлик 30 жыл жашагам. Эми мен жаңы жашоо баштай алам, жакшы жумушка орношуп, медициналык жардам ала алам, үйдү ижарага алам. Паспортумду алууга жардам берген адамдарга абдан ыраазымын”.

Исмаил ЗУЛЬЯРОВ, кызмат көрсөтүүнү алган бенефициар: “Паспорттун жоктугунан улам жумушка орношо албай, майыптуулук боюнча пенсия ала албай, жада калса Кыргызстандын башка шаарына бара алчу эмесмин. Милиция кызматкерин көргөн сайын коркуп кетчүмүн. Бүгүн мен абдан бактылуумун, себеби алар мага паспорт алууга жардам беришти! Эми менин жашоом жакшы жакка өзгөрөт!”.

Ошондой эле социалдык кызматкерлер оор турмуштук кырдаалга кабылган адамдарга психологиялык жана эмоционалдык колдоо көрсөтүп, маалымат берип, социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн даректүү жардам көрсөтүштү. Консультациялар маалында жумушсуздук, финансылык кыйынчылыктар жана акчанын тартыштыгы, үй-бүлө мүчөлөрүнө тынчсыздануу, начар социалдык камсыздоо, азык-түлүк жана турак жай, адам укуктарынын бузулушу, стигма жана басмырлоо, ошондой эле юридикалык өңүттөр сыяктуу көйгөйлөр каралды.

Татьяна БЕЛОЦЕРКОВСКАЯ, кызмат көрсөтүүнү алган бенефициар: “Мен ар кандай жумушка даяр болчумун. Жумуш таап, орношоор замат иш берүүчү менин диагнозумду – эпилепсияны билээри менен, ошол замат иштен бошотчу. Баламдын атасы менен никебиз расмий катталбагандыктан, аталыкты аныктоо жол-жоболоштурулбагандыктан, баккан адамынан айрылгандыгы үчүн балага жөлөкпул ала албай жүргөнүм да көйгөйдү курчутту. Юристтин консультациясын алууга акча жок болчу. Менин абалымды билгенден кийин долбоордун кызматкерлери менин тагдырымды өз колуна алышты. Консультациядан бир жума өткөндөн кийин мага телефон чалып, мэрияга жумушка байланыштуу кайрылууну сунуш кылышты. Ал жерде шаарды көрктөндүрүү боюнча социалдык долбоордо иштөөнү сунушташты. Долбоордо келишимде көрсөтүлгөн он күндү иштегенден кийин айлык акы алдым. Тапкан акчама керектүү документтерди чогултуп, сот тартибинде аталыкты таануу үчүн Жайыл райондук сотуна доо арыз менен кайрылдым. Сот менин доо арызымды канааттандырды жана багаар адамын жоготконуна байланыштуу балама жөлөкпул алууга шарт түзүлдү. Бүгүн мен күнүмдүк жумуш менен алектенип жатам: батирлерди тазалап, ремонт жасайм. Тапкан акчама балам менен өзүмө жаңы керектүү буюмдарды сатып алдым, апам экөөбүз жазында огород тиктик. Жашоо бара-бара өз нугуна түшүп жатат”.

Ольга ЧЕБАКОВА, кызмат көрсөтүүнү алган бенефициар: “Мен жалгыз бой энемин, бир жарым жаштан 14 жашка чейинки курактагы төрт баланы тарбиялап жатам. Ижарага алган батирде турабыз, жумушсуз калгам. 2021-жылдын январь айынын орто ченинде “Өзүңө ишен” Коомдук фондуна кайрылып, алардын жардамы менен бүгүнкү күндө балдарыма жөлөк пул алып, Жекен айылынан үй жана жер тилкесин менчигиме каттап жатам. Балдарымдын жана менин жашоом оңоло баштады, өз убагында сунулган кол оор сыноодон өтүүгө жардам берди, мен бактылуумун! Тилекке каршы, мен мектепти бүтүрө алган жокмун, жашоомдо билим жетишпейт, бирок балдарым мектепке барып, билим алып, эч нерседен кем болбой жашашы үчүн болгон аракетимди жумшайм”.

Административдик эффективдүүлүгү

Бул Кара-Балта шаарында МСЗны киргизүүнүн алгачкы тажрыйбасы, ошондуктан мэрия КЭУ менен иштөөнүн баалуу тажрыйбасына ээ болду, коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзгөндү үйрөндү. Мэрия ошондой эле тобокелге кабылган муктаж адамдар тууралуу маалымат базасын жаңылады.

“Өзүңө ишен” Коомдук фондунун жардамы менен мэриядагы бардык социалдык иштерге жана жардамга жооптуу бир кызматкердин аракети менен мүмкүн болбогон социалдык көйгөйлөр чечилди. Мэриянын социалдык маселелер боюнча адисинин эмгек чыгымдары бир топ кыскарды, себеби ал жумуштун көлөмүн жалгыз аткара алмак эмес. “Өзүңө ишен” КФнын кызматкерлери жасаган иштер мэриянын көп убактысын жана башка чыгымдарын алмак.

Мэрия ошондой эле муниципалдык сайтында МСЗ маселелери боюнча өзүнчө маалымат блогун түздү, бул блок шаардын социалдык жактан аялуу жашоочулары үчүн пайдалуу болот.

Бирок эң негизгиси – бул долбоорду ишке ашыруунун алкагында жарандык секторду тартууга мүмкүн болду. Шаар тургундары жардамга муктаж жарандарына жардам берүүгө жигердүү катышты.

Алынган сабактар

Умид ШУКУРОВ, “Өзүңө ишен” Коомдук фондунун директору: “Долбоорду ишке ашыруу процессинде биз айрым көйгөйлөргө туш болдук: 

  • 1) шаарда чындап иштеп жаткан КЭУлар иш жүзүндө жок болгондуктан, эки гана уюм өтүнмө берген;
  • 2) жетекчилик тынымсыз алмашып тургандыктан бул көрүнүш ишти жайлатат;
  • 3) мэрияда жана КЭУда МСЗ механизмин ишке ашыруу боюнча буга чейин тажрыйба болгон эмес, “көнүп кетүү” үчүн кошумча убакыт талап кылынды.

Турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды аныктоодо да кыйынчылыктар жаралды. Мыйзамдарда турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарды аныктоочу аспаптар көрсөтүлбөгөнү белгилүү болду. Турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын категориясын аныктоо үчүн 2001-жылдын 19-декабрындагы №111 “Кыргыз Республикасында калкка социалдык кызмат көрсөтүүнүн негиздери жөнүндө” КР Мыйзамына таянганбыз. Бул мыйзамда турмуштук оор кырдаал - бул жарандын жашоого аракетин объективдүү түрдө үзгүлтүккө учураткан, өз алдынча жеңүүгө болбой турган кырдаал (майыптык, карылыктын же оорунун айынан өзүн өзү тейлөөгө жөндөмсүздүк, жетимдик, кароосуз калуу, аз камсыз болуу, жумушсуздук, туруктуу жашаган турак жайдын жоктугу, үй-бүлөдө чыр-чатактар   жана зомбулук, жалгыздык ж.б.). Бирок төмөнкү топтор мыйзамда так “жазылган” эмес: мигранттар, паспорту жоктор, абактан чыккандар жана башкалар. Ошондуктан, мыйзамды кайра карап чыгуу керек деп эсептейбиз. Ушундай социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн каржылоонун көлөмү көбөйсө жакшы болмок деп ойлойм”.

Тажрыйба менен дагы толугураак таанышуу үчүн ресурстар

Кара-Балта шаарынын социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү тажрыйбасын кененирээк изилдегиси келген башка ЖӨБ органдарына ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталындагы документтерди окуп чыгууну сунуштайбыз (шилтемеси: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=kg&id=217):

  • мэрия менен бейөкмөт уюмдун ортосунда түзүлгөн келишим,
  • гранттык комиссиянын жобосу,
  • гранттык комиссиянын курамын түзүү жөнүндө мэриянын буйругу,
  • жумушчу комиссиянын курамын түзүү жөнүндө мэриянын буйругу,
  • МСЗны ишке ашыруу жөнүндө программалык отчет жана техникалык тапшырма.
  • Кара-Балта ш. мэриясынын электрондук дареги: meriya@kara-balta.kg

 

_____________ 

МСЗны колдонуу тажрыйбасы “Муниципалитет” журналынын сайтында, ошондой эле ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында да кеңири чагылдырылган. Мисалдарды караңыз: http://municipalitet.kg/ru/article/full/686.html; http://municipalitet.kg/ru/article/full/769.html; http://municipalitet.kg/ru/article/full/956.html; http://municipalitet.kg/ru/article/full/2431.html ж.б.