Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

10 (108) 13 Ноябрь 2020

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Социалдык тапшырыкты апробациялоонун жыйынтыктары: ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээли өстү

2015-09-03 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.

Муниципалдык социалдык тапшырыкты ишке ашырууда өзөктүк ролду бейөкмөт уюмдар (КЭУ)ойнойт. Дал ушулар башкаруу органдарына актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштап, конкурстук негизде гранттарды утуп алып, тапшырыктын аткаруучусу болуп калууда. Муниципалдык социалдык тапшырык механизми жамаатта ишке ашышы үчүн ЖӨБ органдары КЭУга социалдык долбоорду ишке ашырууну ишенип бериш керек: көйгөйдү чечүү жолдорун тандап алууну жана долбоорду аткарууга жергиликтүү бюджеттин акчасын ишенип бериш керек. Экинчи жагынан жамаатта сапаттуу долбоордук сунуштарды жана конкурс өткөрүүдө атаандаштыкты камсыздай ала турган жетиштүү санда КЭУ иштеш керек. КЭУ өзү да жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө анын социалдык маңызына кызыкдар болууга тийиш. Башкача айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бейөкмөт уюмдар ортосунда белгилүү бир ишеним жана кызматташтык деңгээли болууга тийиш. Бул деңгээлди баалоо үчүн, ошондой эле МСТ боюнча Fonds/GIZ Долбоорунун таасири алдында ал канчалык өзгөрөрүн түшүнүү үчүн пилоттук муниципалитеттер жарандардын демилгелүү топтору арасында сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыктарын төмөн жактан таба аласыз.

Сурамжылоонун биринчи айлампасы 2014-жылдын жаз мезгилинде муниципалитеттер менен КЭУ кызматташтыкты жаңыдан гана баштаган учурда өткөрүлгөн. Экинчиси болсо 2015-жылдын жай мезгилинин соңунда социалдык тапшырыктын алкагындагы долбоорлор жыйынтыкталганда өткөн. 2015-жылы сурамжылоого 190 киши катышкан – ЖӨБ органдарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана окуучулар, бизнестин,үй кожолуктардын өкүлдөрү.
 
Негизги тыянактар:
 
  • жалпысынан калктын жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата ишеними бир топ жогорку деңгээлде кала берүүдө. Ошону менен бирге КЭУ тарабынан ЖӨБОго болгон ишеним деңгээли да жогорулаганы байкалат;
  • ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандык коомго кулак төшөй баштады, ЖӨБ органдарынын максаты жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө көбүрөөк шайкеш келүүдө;
  • жарандык коом уюмдарынын жана активисттердин ЖӨБ органдары менен кызматташуусунун деңгээли өстү;
  • коммерциялык эмес уюмдарга калкка жергиликтүү кызмат көрсөтүүнү ишенип берүүгө даяр адамдардын саны өстү.
ЖӨБ органдары менен КЭУнун өз ара аракеттешүүсү, бири бирине болгон ишеними, түшүнүшүү жана колдоо көрсөтүү жакшырды. Бул болсо КЭУ кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү болгонун далилдей алганын ырастайт. Анткен менен муниципалдык социалдык тапшырыктын артыкчылыктарын толук көлөмдө колдонуу үчүн ЖӨБ органдары КЭУ, ММК менен өнөктөштүктө бул механизмдин колдонулушу тууралуу калк арасында маалымат иштерин жүргүзүүсү маанилүү.
 
Жалпысынан калктын жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата ишеними бир топ жогорку деңгээлде кала берүүдө. Ошону менен бирге КЭУ тарабынан ЖӨБ органдарына болгон ишенимдин деңгээли бир кыйла жогорулаганы байкалат Негизинен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын жогорку ишенимине ээ.Жыл сайын Улуттук статистика комитети2 жарандардын мамлекетке болгон жеке ишениминин индексин эсептеп келет. Ага ылайык, жылдан жылга өлкөдөгү башкаруу системасынан дээрлик бардык системаларына караганда, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкарууга көбүрөөк ишенет. Айталы, 2013-жылдагы жыйынтыктарга ылайык, жарандын жеке ишениминин рейтингинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КР Билим берүү жана илим министрлигинен кийинки эле тепкичти ээлеген. 2014-жылдын соңунда ЖӨБ органдары биринчи орунга көтөрүлө алган.
 
МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын тастыктайт: жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеним деңгээли 2014-жылы жогору болгон. Ал эми 2015-жылы 14% өскөн. КЭУнун ЖӨБ органдарына карата ишеними өтө өзгөргөнүн белгилей кетүү зарыл. Айталы, 2014-жылы КЭУдан сурамжылоого катышкандардын арасында ЖӨБго ишенбегендердин саны бир кыйла болчу – 18,2%.Ал эми 2015-жылы дал ушул аудиторияда ишеним деңгээли толук максимумга – 100% жеткен.
 
ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандык коомго кулак төшөй баштады, ЖӨБ органдарынын максаты жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө көбүрөөк шайкеш келүүдө ЖӨБ органдары жана жарандык коом уюмдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө бири бирине канчалык кулак төшөөрүн билүү үчүн КЭУ менен ЖӨБ ортосунда бири бирин түшүнүүдөгү айырманы карап чыгуу максатка ылайыктуу болот. Айырма 2014-жылы да, 2015-жылы да болду. Бирок 2015-жылы КЭУ менен ЖӨБО “орун алмашты”.Эгерде 2014-жылы айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү КЭУ менен баарлашуу деңгээлине оптимисттик баа берсе (алардын 66% жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө КЭУну толук угарын айткан), КЭУ өкүлдөрүнүн 27% гана ушундай жооп кайтарган.2015-жылы ЖӨБОнун өкүлдөрүнүн 85,4% жарандык коомго кулак төшөөрүн айткан. КЭУ тараптан болсо сурамжылоого катышкандардын 100% муну ырастаган. Ошентип МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоору социалдык тапшырык механизмин жайылтуу аркылуу тараптар ортосундагы кызматташтыкты кабыл алууга байланышкан кырдаалды өзгөрттү десек болот. Эми КЭУ ЖӨБ органдарындай эле эки ортодо кызматташтык мүмкүн болгонуна ишенет. Ошону менен бирге ЖӨБОнун максаттары менен баалуулуктарынын жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө дал келүүсүн баалоо 60% деңгээлинде кала берди. ЖӨБ органдары менен КЭУ тарабынан берилген баа 2015-жылы да ушундай болуп, респонденттердин эки тобунда тең 75 пайыздан болгон.
 
Жарандык коом уюмдарынын жана активисттердин ЖӨБ органдары менен кызматташуусунун деңгээли өстү Жарандык коом уюмдарынын жана активисттердин ЖӨБ органдары менен кызматташуусунун деңгээли өстү.Сурамжылоонун катышуучуларына ЖӨБ органдарынын жарандык коом уюмдары – КЭУ менен кызматташуу деңгээлин он баллдык шкала менен баалоо сунушталды. Ошону менен бирге респонденттерге мындай кызматташтыктын түрдүү формалары сунушталды.2015-жылы кызматташтыктын бардык сунушталган варианттары боюнча дагы да жогорку баалар коюлган. Эң жогорку баа – 8,2 балл – ЖӨБ органдарынын өз иши тууралуу отчет берүүгө умтулуусуна берилген. Бул болсо ЖӨБ органдары менен калк ортосундагы маалымат алмашуу деңгээлинин жогорулаганынан кабар берет. Бул болсо дайыма ишеним деңгээлине оң таасирин тийгизип келет. ЖӨБ органдарынын КЭУнун демилгелерин ишке ашыруу үчүн ресурстарды издөөнү колдоо аракети 8 баллга бааланган.
 
Мында таң калычтуу эч нерсе жок: айыл өкмөтү жана мэрия чындап эле КЭУнун долбоорлорун колдогон каттарга чын ниети менен кол коюп берет. Ал эми ЖӨБ органдары Долбоордун алкагында КЭУ менен өнөктөштүктө кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугун камсыздоо үчүн да кошумча ресурстарды издөө менен алек болгон. Үчүнчү орунда – эгерде калк сындаса, ЖӨБ органдарынын өз иш-аракеттерин өзгөртүүгө жөндөмдүү болгону.Бул 7,9 баллга бааланган. Бул жөндөмдүүлүк ЖӨБ органдарынын жоопкерчилик деңгээли жогорулаганынан, калк менен кайра байланыш жолго салынганынан кабар берет. Жалпысынан 2015-жылдагы сурамжылоонун катышуучуларынын бардык топтору ЖӨБ менен КЭУнун кызматташтыгына 7,5 балл ыйгарган. Бул болсо 2014-жылдагы көрсөткүчтөн 1,1 баллга жогору (2014-жылы – 6,4 балл болгон).
 
Коммерциялык эмес уюмдарга калкка жергиликтүү кызмат көрсөтүүнү ишенип берүүгө даяр адамдардын саны өстү Коммерциялык эмес уюмдарга калкка жергиликтүү кызмат көрсөтүүнү ишенип берүүгө даяр адамдардын саны өстү. Социалдык чөйрөдөгү жергиликтүү кызмат көрсөтүүнү коммерциялык эмес уюмдарга ишенип берүүгө даяр адамдардын көбөйгөнүн МСТ/GIZ Долбоорунун маанилүү жетишкендиги катары атасак болот! Мындай мамиленин тарапкерлери ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын жана КЭУнун өкүлдөрү арасында бир кыйла көбөйгөн. Б.а., ЖӨБдүн аткаруучу органдары арасында 27 пайызга, КЭУ арасында 9% өскөн. Долбоор ЖӨБО тарабынан КЭУга ишеним деңгээлин гана жогорулатпастан (45,45 пайыздан 72% чейин), ошону менен бирге КЭУнун өз күчүнө болгон ишеним деңгээлин да арттырды. Б.а., КЭУдан катышкан респонденттердин 100% тең коом буга даяр деп эсептейт.Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары менен КЭУ ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана аракеттешүү деңгээли бир кыйла жакшырган. Анткен менен, ЖӨБ органдарындагы мындай өзгөрүү депутаттык корпуста эмес, көбүрөөк аткаруучу органдарда байкалат. Мисалы, ЖӨБдөн аткаруучулардын арасында КЭУга кызмат көрсөтүүнү өткөрүп берүүгө даярлар 72% болсо, депутаттар арасында 33,3% түзгөн.
 
Ушул өңдүү, бирок мынчалык олуттуу эмес айырмачылыктар ЖӨБ органдарынын максаттарынын жамааттын керектөөлөрүнө шайкеш келүүсүнө карата да (АӨ/ мэрия – 75%, жергиликтүү кеңеш – 66,7%, бири бирине кулак төшөө аракетине карата да (АӨ/мэрия – 84%, жергиликтүү кеңеш – 83%) байкалат.Бул фактты балким Долбоордо АӨ жана мэрия өкүлдөрү көбүрөөк жигердүү катышканы, социалдык тапшырыкты жайгаштыруу жана ишке ашыруу башкаруучулук, атүгүл операциялык ишмердүүлүкменен байланыштуу болгону, анткени булар аткаруучу органдардын компетенциясына кирери менен түшүндүрсө болот. Аткаруучу органдар социалдык тапшырыкты жайгаштыруу боюнча иштер, шайлоочулардын – 10 аймактын жана шаардын тургундарынын артыкчылыктуу социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө бюджеттик каражаттардын колдонулушу тууралуу жергиликтүү кеңешке туура отчет бергенде гана кызмат көрсөтүүнү коммерциялык эмес уюмга ишенип берүүгө даяр депутаттардын саны өсөт чыгар. Бул ишке ашуусу үчүн аткаруучу органдар жергиликтүү кеңештер менен да, жалпысынан эле жергиликтүү жамаат, ММК менен маалымат алмашууну өркүндөтүүсү зарыл.