Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Канышкыялык эне кызы орус тилинде ырдап, бийлеп, сүйлөп калганына кубанууда

2015-09-03 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.

“Кошумча билим жана тарбия берүүнү, ошондой эле 2ден 6 жашка чейинки балдардын бош убактысын туура уюштуруу” Долбоору. Тапшырыкчы: Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылдык аймагы. Аткаруучу: “Курулуш а. АКӨБ” коомдук бирикмеси.

Каныш-Кыя айылдык аймагы облус борбору – Жалал-Абад шаарынан 376 км., борбор шаардан 780 км аралыкта жайгашкан. Аймак оор климаты бар тоолуу жерде орун алган: кышында абанын температурасы өтө төмөн, жергиликтүү тургундар зарыл кийим кече, азык-түлүк, тиричилик үчүн керектүү буюмдарды алуу үчүн жакынкы борбор болгон Ала Бука айылдык аймагына өтө кыйынчылык менен жетишет. Мындай шарттарда балдарга мектепке чейинки билим жана тарбия берүү маселеси экинчи планга жылып калат. Каныш-Кыя ААнын курамына 7 айыл киргенине карабастан, муниципалитеттин аймагында болгону үч бала бакча бар.
 
Мектепке чейинки мекемелерге барбаган балдардын жалпы саны үч жүздөн ашат, ал эми иштеген бала бакчаларда болгону эки группа гана бар. Балдарды караар киши жок болгондуктан көпчүлүк жаш ата-энелер ишке чыга албайт. Башкалары болсо балдарын карыган чоң ата, чоң энелерине ташташат. Бирок кары адамдар балдардын курсагын тойгузуп, аларга көз салып турганы менен, мектепке даярдык жана жалпысынан эле балдардын өнүгүүсү төмөн деңгээлде кала берүүдө. Каныш-Кыя ААнын баштапкы мектептеринин мугалимдери арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, 2014-жылы биринчи класска барган 25 баланын ичинен жетөө гана бала бакчага барган. Калган 18и мектеп программасына даяр эмес болчу. Ошону менен бирге социалдык жактан адаптациялан бастан, коомдо жашоо, курдаштардын арасында өнүгүү мүмкүнчүлүгүнөн да ажырашкан.
 
Баласы жетиштүү билим албай калганына тынчсызданган ата-энелердин арасында маданият бөлүмүнүн адиси Махабат ТОКУЕВА да бар болчу: “Менин ишим биздин жашоочулардын маданий, руханий өнүгүүсү жана эс алуусу менен түздөн түз байланышта. Бирок ошону менен бирге өз балама көңүл буруу да өтө оор. Жумуш көп убакытты жана күчтү алгандыктан кызым менен алектенүүгө такыр убакыт калбайт. Биздин аймакта долбоор өз убагында ишке ашып, маанилүү окуя болду. Долбоордун жардамы менен кызым Жумаида жана анын көптөгөн курдаштары кошумча билим алышты. Бул билим кийин мектепте жардамчы болот деп ишенем”. 2013-жылы Каныш-Кыя АА жегиликтүү деңгээлде социалды тапшырыкты жайылтуу боюнча пилоттук муниципалитет болуп калган. Аталган долбоор Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоорунун 1 000 000 сом көлөмүндөгү финансылык жардамы менен, Өнүктүрүү саясат институтунун техникалык колдоосу алдында ишке ашты.
 
Долбоордун алкагында жергиликтүү жамаат 122 киши катышкан ЖМБА-иш-чараларында беш өзгөчө артыкчылыктуу көйгөйдү аныктап алышты. Ал эми элдик жыйында добуш берүүнүн натыйжасында эң актуалдуу көйгөй тандалып алынды – сапаттуу мектепке чейинки тарбияга жана билим берүүгө жеткиликтүүлүк.Социалдык тапшырыкты аткаруу үчүн конкурстун негизинде аткаруучу уюм – “Курулуш а. АКӨБ” коомдук бирикмеси тандалып алынды. Аталган бирикме балдарды мектепке даярдоо, актердук чеберчилик, сүрөт тартуу, ырдоо жана бийлөө өңдүү алардын көркөм таланттарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар комплексин берди. “Курулуш а. АКӨБ” КБнын ишинин жыйынтыгында Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылдарындагы бала бакчалардын имаратында балдарга кошумча билим жана тарбия берүүчү эки күндүзгү борбор ачылды. Борборлор үчүн жабдуулар, кеңсе техникасы сатып алынып, беш тарбиячы ишке алынды.Алар айыл өкмөттүн социалдык маселелер боюнча адистеринин катышуусунда уюштурулган тренингдерде жана семинарларда квалификациясын жогорулата алышты. Беш жумушчу орундан тышкары,ишке тарбиячынын жардамчысын да тартышты.
 
Анын маянасын айына 2500 сом көлөмүндө (8 айга) балдардын ата-энелери өз чөнтөгүнөн чыгарышты. Планга ылайык, 2ден 6 жашка чейинки балдарга кошумча билим берүү боюнча кыска мөөнөттүү программадан 150 бала өтүш керек болчу. Ошондуктан балдарды эки агымга бөлүштү. Биринчи агым жарым жылда – 2014-жылдын декабрынан 2015-жылдын май айына чейин, экинчи агым 2015-жылдын июнь айынан октябрь айына чейин окуудан өттү. Ошентип алты жаштагы Жумаида ТОКУЕВА мектепке чейин билим алып, курдаштары менен эне тилинде гана эмес, орус тилинде да эркин сүйлөшүп калды. Күндүзгү борбор кызга эл алдында тартынбай сүйлөгөндү үйрөттү. Наристе ырдап, бийлеп, балдар спектаклинде роль аткарууну үйрөндү. Түрдүү сынактар, спектаклдер жана оюндар элдин алдына чыкканды гана эмес, ошону менен бирге эс-тутумду жакшыртып, дагы да тыкан, тил алчаак жана ыкыластуу болгонду үйрөттү. Бул болсо келечекте жакшы окуп, жөндөмдүүлүгүн мындан ары да өркүндөтүүгө жардамчы болот.
 
Ар бир ата-эне баласын күндүзгү борборго ар кандай себептер менен жиберген. Кимдир бирөө үй иштеринен алагды болбош үчүн, башкалары балдары башкалар менен тартынбай баарлашканды үйрөнсүн деп, кээ бири баласын мектепке даярдоо үчүн жиберген. Жумаиданын апасынын айтымында, ал кызын борборго жалпы өнүгүүсү жана орус тилин үйрөнүүсү үчүн жиберген экен: “Кызым башкалар менен тартынбай баарлашканды, орус тилинде сүйлөп, жаза алганды үйрөнсүн деп жибердим. Биздин заманда бул өтө керек да. Мен өзүм деле орус тилин үйрөткөнгө аракет кылгам. Бирок педагог болбогондон кийин балдар менен туура иш алып барганды билбейт экенмин да. Азыр болсо кызым абдан өзгөрдү, активдүү болуп, дайыма эле ар кандай суроолорду берип, мен менен орус тилинде эркин сүйлөшүп калды. Үйдөн көбүрөөк орусча сүйлөшкөнгө аракет кылабыз. Мунун баары борбордун, ал жерде тарбияланган теңтуштардын жардамы менен болуп жатат. Окууну оюн катары кабыл алгандыктан жыйынтык да жакшы болду. Бул демилге мындан кийинки билим берүүсүн өнүктүрүүдө кызыма гана эмес, борборго барган башка балдарга да чоң пайда алып келет деп ойлойм. Башкысы – борбор дайыма иштеп турса эле болду”.Күндүзгү борбор жаңы бала бакча болгон жок, кошумча иш орундарын түзгөн жок. Бирок ал мектепке чейинки билим берүүгө жете албай жүргөн балдар жана ата-энелер үчүн альтернативага, жардамчыга айланды.
 
Байланыш үчүн: Каныш-Кыя АӨ: Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, тел.: (03749) 60013, моб.: 0777780007, 0779 459156, электрондук дарек: kanysh_kya@mail.ru, айыл өкмөттөн долбоордун координатору ОСМОНОВА Жайнагуль. “Курулуш АКӨБ” КБ: Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Курулуш айылы, моб.:777 731192, электрондук дарек: saikal0814@yandex.ru, АБДЫЛДАЕВА Сайкалбү.