Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитеттер кызмат көрсөтүүгө керектөөнү аныктап, социалдык тапшырык жасай алууга, ал эми коммерциялык эмес уюмдар кызмат көрсөтүүнү уюштуруп, ишке ашыра алууга жөндөмдүү болгонун далилдешти

2015-09-02 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Муниципалитеттер кызмат көрсөтүүгө керектөөнү аныктап, социалдык тапшырык жасай алууга, ал эми коммерциялык эмес уюмдар кызмат көрсөтүүнү уюштуруп, ишке ашыра алууга жөндөмдүү  болгонун далилдешти

2013-жылы МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоорунун башында айтылган гипотезалар 2015-жылы тастыкталды – муниципалдык деңгээлдеги социалдык тапшырык өз артыкчылыктарын көрсөтө алды. Процессти башкаруунун, кошумча каржылоо тартуунун, сапатты арттырып, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн күчөтүүнүн ордуна жыйынтыктарды башкаруу мүмкүн болду; жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишине канааттануусу артты. Бирок эң негизги маселе – мамлекет жарандардын социалдык керектөөлөрүнө жооп берүүгө жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн реформалоого даярбы?2013-жылдын соңунда Өнүктүрүү саясат институту муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырыкты жайылтуу боюнча долбоорду ишке ашыра баштаганда бул тапшырманы аткаруу мүмкүн болбогондой көрүнгөн. Себеби Кыргызстанда муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырыктын жол-жоболору жана практикасы болгон эмес. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көптөргө чабал, колунан эч нерсе келбеген, керектөөлөрдү аныктоо үчүн жоопкерчилик алууга жана ушул керектөөлөргө ылайык социалдык кызмат көрсөтүүгө жөндөмсүздөй көрүнгөн.

Бүгүнкү күндө да, 2015-жылдын соңунда Бишкекте отурган көптөгөн саясатчылар менен аткаминерлер айыл өкмөтү кандайдыр бир чарбалык контора, болгондо да таштанды тазалоого гана жараган, аны да жасай албаган жакыр жана сабатсыз кеңсе катары элестетишет. Көп учурларда айыл өкмөтүн Бишкекте отургандар жупуну маалымат булагы жана калкка маалымат кат берүү ыкмасы катары гана кабылдашат. Бирок бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жергиликтүү жамааттарды өтө ызаланткан жалган. Кыргызстанда жергиликтүү жамааттын өтө татаал жана көйгөйлүү маселелерин чечүүгө толук жөндөмдүү муниципалитеттердин саны өтө көп.Бул түшүнүктүү эле. Анткени көптөгөн айылдардын тургундарына мамлекет убада кылган кызмат көрсөтүүлөрдү талап кылып, министрлердин бөлмөсүнө жетүү оңой эмес. Анан айыл өкмөтү, мэрия жана жергиликтүү кеңеш болбогондо, бул кызмат көрсөтүүлөрдү жарандарга ким жеткирмек эле?
 
Ал эми ЖӨБ органдарына жардамга мамлекеттик социалдык тапшырыкты муниципалдык деңгээлде аткарууга жөндөмдүү жергиликтүү да, улуттук да бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) келет. Муниципалдык социалдык тапшырык Кыргыз Республикасынын муниципалитеттеринде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн санын жана сапатын кескин түрдө жогорулатууга жол берген революциялык аспап болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Муниципалдык социалдык тапшырык турмуш шартынын сапатына жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарга мультипликативдүү таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү. Социалдык тапшырыктын артыкчылыктары ушунчалык олуттуу жана айкын болгондуктан, аны башкы механизм кылуу керек. Ал – улуттук да, муниципалдык да деңгээлдерде мамлекеттин бардык социалдык саясатынын кыймылдаткычы, “скелети” болуп эсептелет. Бирок бул артыкчылыктар өзгөчө муниципалдык деңгээлде билинип турат. Ошондуктан адегенде социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү керек. Андан кийин социалдык тапшырык аркылуу муниципалитеттерге аларды аткарууга.
 
Социалдык тапшырык темасынын негиздүүлүгү Кыргызстандын мыйзамдары социалдык тапшырык аркылуу ишке ашырууга уруксат берген кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрдү аныктоого 3000ден ашык киши, же болжол менен ар бир муниципалитетте 250дөн кызыкдар болгондор катышты (Чаткал жана Көк-Ой айылдык аймактарында 149 кишиден Кара-Көл шаарындагы 396 кишиге чейин). Социалдык тапшырыктын темасы эки этапта же эки деңгээлде тандалып алынганы маанилүү. Адегенде Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) аркылуу эң көйгөйлүү маселелердин тизмеси аныкталган. Андан кийин жарандардын чогулушунда добуш берүү жолу менен эң маанилүү жана курч турган көйгөй тандалып алынды. Коомчулуктун кеңири пикири, жамааттын социалдык чөйрөдөгү муктаждыктарын биргелешип аныктоо, теманы тандоодо эки тепкичтүү процесс тапшырыкчыга – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына бул кызмат көрсөтүү чындап зарыл болгонун, же бул көйгөй биринчи кезекте чечилүүгө тийиш экенин баамдоого жардам берди. Эч бир министрлик мындай жараянды Кыргыз Республикасынын ар бир муниципалитетинде камсыздай албайт. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муну эч шексиз ишке ашыра алат. Албетте, эгерде ошол кызмат көрсөтүүгө тапшырык болсо, б.а., ошол милдетти мамлекет өткөрүп берсе.
 
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн күчөтүү Аталган долбоор көптөгөн пилоттук айылдык аймактарда социалдык кызматтарды көрсөтүү даректүүлүгүн күчөтүүгө жол берет. Мисалы,Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык айылдык аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн Күндүзгү реабилитациялык борбордун (КРБ) ачылышына даярдыктын жүрүшүндө ошондой балдардын жана алардын ата энелеринин маалымат базасы түзүлгөн. Ошону менен бирге КРБ, борбордун кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу толук маалымат берүү үчүн аткаруучу уюмдун (КЭУнун) кызматкерлери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жашаган үй-бүлөлөргө 46 жолу барышкан. Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык аймагында долбоордун кызматкерлери жана жамаат лидерлери беш (!) айылды үймө-үй кыдырып чыгып, мындай балдардын маалымат базасын түзүшкөн; 53 балага Социалдык карта ачышкан; кызмат көрсөтүүгө болгон конкреттүү, даректүү керектөөнү аныктай алышкан. Атүгүл бул жерде социалдык тапшырык “сыртынан билинбеген” ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 20 баланы аныктай алган.
 
Мунун баары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ЖӨБ органдары ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды так ажыратуунун жоктугунан кабар берет. Бул маселелер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын комментарийлерин алдын алып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды социалдык жактан коргоо функциясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кире турганын белгилеп коюу зарыл. Учурдагы системанын алкагында ар бир айыл өкмөтүндө жеринде эле социалдык жактан аярлуу жарандарды аныктоо жана эсепке алуу боюн-
ча айрым функцияларды аткара турган социалдык кызматкер бар. Бирок учурда иштеп жаткан тартип боюнча, бул кызматкерде жана ЖӨБдогу анын жетекчилигинде сапаттуу иш жүргүзүү үчүн жеке мотивациясы жок. Бир жагынан мамлекет өткөрүп берген бул функция төлөнбөйт (төлөнсө да теңдөөчү гранттын алкагында ишке ашат. Бирок ал жакта бардык өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар гранттын жалпы көлөмүндө жоголуп кетет жана алынган каражат кызмат көрсөтүү менен маалыматтын сапатына эч кандай таасир тийгизбейт).
 
Мындан улам ЖӨБ органдары үчүн эч кандай мотивация жок десек болот. Экинчи жагынан социалдык кызматкер жарандар алдында бул маселелер боюнча жооп бербейт, ал болгону маалыматты “жогору” жакка өткөрүп берет, көп учурда жөлөк пулдар менен иш алып барат. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелеринин өтүнүчтөрүн орундата албайт, же үй-бүлөнү Бишкектеги министрликке, же анын облустук, район борборундагы аймактык бөлүмчөлөрүнө гана жибере алат. Мындай учурда ЖӨБ органы кызмат көрсөтүү процессинде чакан этап бойдон гана кала берет, конвейердин бир деталы болуп, жыйынтык үчүн жооп бербейт.Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзам же келишим боюнча өткөрүп берүүнүн алкагында кызмат көрсөтүү үчүн жооп бере турган болсо, кызмат көрсөтүүнүн даректүүлүгү да башкача болот. Эгерде кызмат көрсөтүү социалдык тапшырыктын алкагында КЭУнун күчү менен ишке ашырылса, анда кызмат көрсөтүү андан беш бетер даректүү болот. Анткени КЭУ түз да, кыйыр да маанисинен алганда, кардарга жакшыраак “жетет”.
 
Социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн кошумча ресурстарды тартуу Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу бардык деңгээлдерде – улуттук да, өзгөчө жергиликтүү, муниципалдык деңгээлдерде социалдык жактан мааниге ээ болгон долбоорлорду аткарууда коомдук ресурстарга таянуу мүмкүнчүлүгүн сөзсүз кеңейтет.Бул социалдык тапшырыктын аткаруучусу укугуна ээ болуу үчүн КЭУнун сынак шарттары менен камсыздалат. Бул шарттар КЭУнун өз ресурстарын мүмкүн болушунча мобилдештирүүнү жана бул тапшырыкты аткарууга, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө бюджеттен тышкаркы кошумча каражаттарды тартууну караштырган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде, жамааттын көз алдында муну жасаган жеңил. Анткени Кыргыз Республикасынын жарандарынын көбү аярлуу топторго кайдыгер карабайт жана реалдуу долбоорду жана реалдуу жыйынтыктарды көрсө, жардам берүүгө даяр турушат. МСТ боюнча GIZ/Fonds пилоттук долбоору керектөөлөрдү сапаттуу аныктап алганда жана му-ниципалдык деңгээлде мамлекеттик социалдык тапшырыкты акыйкат жайгаштырганда жергиликтүү жамаат көйгөйдү чечүүнүн айланасында чогула калат.
 
GIZден грант түрүндө алынган жергиликтүү бюджеттин каражаты түрүндөгү негизги финансылык салымдардан тышкары, долбоорлор бенефициарлардан, ата-энелерден, жергиликтүү жамааттан, КЭУдан, демөөрчүлөрдөн жалпысынан бир жарым миллион сомдун тегерегинде кошо каржылоого ээ болушту. Бул болсо жалпы суммадан болжол менен 10% түзөт . Мисалы, Катран айылдык аймагынын жашоочуларынан 180 000 сом, Тогуз Булак айылдык аймагынан 19 000 сом түшкөн. Көпчүлүк жамааттар олуттуу эмгек салымын кошту. Мисалы, ремонттук иштерди аткарды. Айзат ӨМҮРКУЛОВА, ишкер, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району: “Биз четте карап турбашыбыз керек, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн Күндүзгү реабилитациялык борбор ишин уланта бериш үчүн аларга жардам беребиз. Мындай балдар көңүл сыртында калбаш керек. Жамаат мүчөлөрү бул балдардын өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлгөнүн угуп, абдан кубанышты”.
 
Мындан тышкары жергиликтүү маанидеги маселелерди каржылоого байланышкан чоң көйгөйлөргө карабастан, жамаат үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн маанисин баамдап, жергиликтүү бюджеттер да кызмат көрсөтүүнү кошо каржылоо үчүн өз каражатын бөлүп берди. Бул болсо эгерде ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүү үчүн калк алдында жооп берсе, ошол кызмат көрсөтүүнүн деңгээли калкты толук канааттандырса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кошумча финансы берет деп мамлекетти ынандыра алыш керек. Бул көптөгөн өлкөлөрдүн практикасында тастыкталды. Мисалы, Болгарияда муниципалитеттер жамааттын керектөөлөрүнө жооп катары өзүнүн муниципалдык социалдык кызмат көрсөтүүлөрүн түзүп, андан кийин гана мамлекетке колдоо сурап кайрылышат. Бирок Болгарияда мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкарууга финансы менен кошо социалдык чөйрө үчүн ыйгарым укуктарды, жоопкерчиликти кошо өткөрүп берген.
 
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жамааттын көйгөйлөрүн чечүү: процессти башкаруунун ордуна жыйынтыкты башкаруу Мамлекет социалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө процессти башкарууга көбүрөөк көңүл буруп, ал эми жыйынтыгы аткаминерлердин көңүл сыртында кала бергендей жагдай түзүлүп келген. Иш жүзүндө мамлекет социалдык туруктуулукка жетүү максатында процесс үзгүлтүксүз болуп, “бала кароосуз калбасын” менен эле алек болуп калган. Ал эми сапаты, мындай “көзөмөлдүн” жыйынтыгы экинчи планда кала берүүдө. Бул үчүн мамлекетке
сын тагуу майнапсыз. Андан көрө канткенде процесс да үзгүлтүксүз болуп, сапат да артып, жыйынтык да эл күткөндөй болуш керек дегенди ойлонуп көрүү зарыл. Муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык бул көйгөйдү чечүүгө жардам берет.Биздин шартта жыйынтыкты башкаруу дегенде 11 муниципалитетте конкреттүү кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болгон жарандар (балдар жана ата-энелер, жаштар жана кары-картаңдар, педагогдор жана тарбиячылар) аны күтүлгөн сапатта жана көлөмдө алуусун түшүнүү керек. Сандык жагынан төмөнкүдөй абал түзүлдү: эки жарым миңден ашык киши өзгөчө курч турган төрт маселе боюнча 11 кызмат көрсөтүүгө ээ болду:
 
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын реабилитациясы жана адаптация маселеси боюнча – 3 долбоор (Тогуз-Булак АА, Каргалык АА, Кара-Көл шаары);
  • балдардын мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси боюнча – 6 долбоор (Сумбула АА, Каныш-Кыя АА, Терек- Сай АА, Катран АА, Чаткал АА, Көк-Ой АА);
  • жаштардын социалдык-маданий өнүгүүсү маселеси боюнча – 1 долбоор (Таш-Көмүр шаары);
  • маданиятты өнүктүрүү маселеси боюнча –  долбоор (Өмүралиев АА).
Долбоорду ишке ашыруунун баштапкы натыйжалары бардык 11 муниципалитетте социалдык тапшырыкты аткаруу сапаты жогорулаганын көрсөттү. Бул эмнеден билинди? Мисалы, Сумбула айылдык аймагында долбоордун алкагында 3-6 жаштагы 58.бала үчүн “Ай-Данек” мектепке чейин билим берүү борбору ачылды. Борбор Сары-Дөбө айылында мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоону уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү максатын көздөйт. Кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо максатында 60 ата-эненин арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Ата-энелердин баамында, балдарда олуттуу оң өзгөрүүлөр байкалган. Балдар курдаштары менен мурдагыга караганда жакшы сүйлөшүп, баарлаша баштаган; нөлдөн онго чейин жана тескерисинен санаганды үйрөндү; түстөрдү, предметтерди жана геометрикалык фигураларды, үй жаныбарларын жана жапайы айбанаттарды айырмалай алышат; багыттарды айырмалаганды (солгооңго) өздөштүрдү; ырдаганды жана бийлегенди үйрөнүштү; ырааттаманы сактап, графикке баш ийгенди үйрөнүштү; калем, карандаш, кайчы менен иштөө көндүмүн өздөштүрдү; пластилинде иштегенди, пазл, лего-конструкцияларын чогултканды, жомоктогу каармандарды туураганды үйрөнүштү.Өнүгүүдөгү прогрессти 18 баланын ата-энеси “мыкты”, басымдуу бөлүгү “жакшы” деп баалашкан.
 
Жалпысынан бардык муниципалитеттердин жамааттарынын долбоордун жыйынтыктарын баалоо боюнча жыйыны маалында кызмат көрсөтүүлөр толук көлөмдө жана талап кылынган деңгээлде ишке ашырылганы белгиленип, мындан ары да бул кызмат көрсөтүүлөргө колдоо көрсөтө берүү даярдыгы айтылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башталган ишти орто жолдо таштап койбойт, ал эми мамлекет четте карап турбайт деген тилек айтылды. Зайнап ЭШМУРАТОВА, “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунун башкаруу төрайымы: “Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн социалдык тапшырыктын алкагында түзүлгөн “Зирек” күндүзгү реабилитациялык борбору жакшы жабдылган, сенсордук-эс алуу бөлмөсү, кургак бассейн, буттардын, колдордун моторикасын иштетүү үчүн атайын сенсордук панелдер бар, ар бир бала үчүн жеке өнүктүрүү программасы иштелип чыгат. Ата-энелердин кубанычында чек жок, алар 2015-жылдын жай мезгилинен баштап борборго келе баштаган балдарында өзгөрүүлөрдү байкашты. Күндө 25 бала келет, 18 бала болсо аптасына 3 жолу келип турат”. Чубак ЗАМИР УУЛУ, баланын атасы: “Зирек” күндүзгү реабилитациялык борборунун ачылышына келген балдардын арасында менин да балам – Эльмир ЗАМИРОВ бар.Тогуз жаштагы уулум майып болуп төрөлгөн.
 
Мурда Бишкекке каттап, ылайыктуу борборлорду издеп, кезек күтүп, жашоосун бир аз да болсо жеңилдетүү үчүн көп убакыт жана чоң акча сарптачубуз. Ошонун өзүндө кышында Тогуз-Торо районунан Бишкекке барып келүү кээде такыр мүмкүн болбой калат.Бирок эми биздин көйгөйүбүздү коомдук уюмдар айыл өкмөтү менен биргелешип чечишүүдө. Бул абдан чоң кубаныч! Борбор көпкө чейин иштейт деп ишенем. Себеби бул биздин аймакта, атүгүл райондо жайгашкан жалгыз борбор. Ушул өңдүү борборго барган бала менен үйдө отурган баланын өнүгүүсүндө чоң айырма бар. Мен муну уулумдан кийин байкадым – үйдөн биз мунун баарын үйрөтө алмак эмеспиз”. Анткен менен кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо үчүн бенефициарлардын пикири жетишсиз. Себеби жарандар мурда болбогон кызмат көрсөтүүнүн өзүнө эле кубанып, стандарттар менен тааныш болбогондуктан анын сапатына тең салмактуу баа бере албашы мүмкүн. Ошондуктан МСТ боюнча Fonds/GIZ Долбоорунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам катары техникалык экспертиза уюштурулду: тиешелүү министрликтердин эксперттери кызмат көрсөтүүнүн, билим берүүнүн, маданияттын жана социалдык коргоонун сапатын жеринде баалоо үчүн муниципалитеттерге келишти. Натыйжада министрликтерайрым бир кемчиликтерди тапса да, жалпысынан кызмат көрсөтүү талап кылынган деңгээлде ишке  ашырылып жатканын белгилешти.Эксперттер бул кемчиликтерди жоюуга жардам беришти. Ошондой эле ишке тиешелүү министрликтердин аймактык бөлүмчөлөрү тартылды – ошентип жергиликтүү КЭУ-аткаруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу - тапшырыкчы жана бул чөйрөдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ортосунда мамиле түзүүдө алгачкы кадамдар жасалды. 
 
Ишенимдин жана бийликтин ишине канааттануу деңгээлинин өсүшү, социалдык мунасага жетүү Ишенимдин жана бийликтин ишине канааттануу деңгээлинин өсүшү, социалдык мунасага жетүү Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу – социалдык өнөктөштүктүн жана коомдо социалдык мунасага жетүүнүн эң эле натыйжалуу формаларынын бири болуп эсептелет. КЭУ жергиликтүү жамааттын социалдык көйгөйлөрүн чечүүдө бийликтин тең укуктуу өнөктөшү болуп калууда. Коомдук конкурстарга, социалдык тапшырыкты ишке ашырууга коммерциялык эмес уюмдарды, коомчулукту кеңири тартуу калк арасында “социалдык муктаждыктар үчүн бөлүнгөн каражаттар үнөмсүз пайдаланып жатат”, “коррупция бар”, “мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар өз адамдарын гана иштетүүдө” деген шектенүүлөргө бөгөт коёт. Мунун баары жарандык коомду түзүү жолунда белгилүү бир социалдык мунасага жетүүдө социалдык өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жол берет. Соңунда экономикалык, саясий жана административдик өзгөрүүлөрдү чындап жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн коомдо социалдык жана руханий плацдармды жаратат.МСТ боюнча Fonds/GIZ Долбоору пилоттук жамааттардагы кырдаалга таасирин тийгизди. Сурамжылоо көрсөткөндөй, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата ишеним деңгээли 2014-жылга салыштырмалуу 14% жогорулап, 2015-жылы 85,3% түзгөн. Ал эми 2014-жылы бул көрсөткүч 71,4% болчу. Ошону менен бирге КЭУнун ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээли бир топ өзгөрүп, 100 пайызга жеткен.
 
Социалдык тапшырык муниципалдык деңгээлде ишке ашырылган чакта ЖӨБго болгон ишеним мамлекеттик органдарга карата да пайда болот. Көпчүлүк жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен мамлекетти чогуу алып карашат.Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата ишенимдин өсүшү, жарандардын ЖӨБдүн ишине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө канааттануусунун артышы автоматтык түрдө мамлекеттик органдарга да тиешелүү болуп калат. Анын үстүнө балдардын ата-энелери үчүн реабилитациялоо борборун ким уюштурганы – айыл өкмөтүбү же министрликпи – бул маанилүү эмес. Аларга борбор кол жеткен жерде жайгашып, үзгүлтүксүз иштеп, баласынын татыктуу шарттарда жашап, башкалардан кем калбай өнүгүүсүнө жардам берип турганы маанилүү эмеспи. Сапаттуу, эң негизгиси жеткиликтүү кызмат көрсөтүүгө ээ болгон адамдар ЖӨБ органдарына гана эмес, мамлекетке да ыраазычылыгын билдиришет. Бул саясий капитал эмей, анда эмне?
 
Жарандык коомдун институционалдык күчтөнүүсү Экинчи жагынан жарандык коом, КЭУ социалдык тапшырыкты алып, аны аткарууда толук өлчөмдө өз миссиясын аткарган болот. Алар коомдун өнүгүүсү жана биригүүсү үчүн кам урган чыныгы борборго айланат. Жарандардын көз алдында алар коргоочу жана жардамчы деген абройго ээ болуп, адамга өзүнүн коомдук потенциалын дагы да ыңгайлуу шарттарда ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн беришет. КЭУ өз ишмердүүлүгү үчүн саясий жана социалдык жактан негизделген каржылоого ээ болот, чет элдик гранттарга карата көз карандуулук азаят, жалпысынан коммерциялык эмес секторго ишеним артып, бул болсо коомдун биригүүсүнөжана социалдык туруктуулукка көмөктөшөт. КЭУ, тажрыйба алмашуу, экспертизанын деңгээлин жогорулатуу ортосунда горизонталдык кызматташтык өтө маанилүү аспектке айланды.
 
Бул жагынан алганда КЭУ консорциумдары маанилүү ролду ойношууда. МСТ боюнча Fonds/GIZ Долбоорунун пилоттук муниципалитеттеринде эки консорциум социалдык тапшырыктын аткаруучулары болуп калды: Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев ААда “Аталар мурасы” Долбоорун “Айкөл” Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” коомдук бирикмеси жана КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Талас облустук башкармалыгы консорциуму аткарды; Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык ААда “Күндүзгү реабилитациялык борборду ачуу менен мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын адаптациясы жана реабилитациясы” Долбоорун “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду, “ТТ Алкан” КБ жана “Үмүттүү наристе” КБ консорциуму аткарды. Өзгөчө экинчиси кызыктуу – “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду Ошто жайгашкан, облус боюнча чоң иш тажрыйбасына ээ, күчтүү штаты, жакшы экспертизасы бар.
 
Эки башка уюм болсо – жергиликтүү, жамааттагы кырдаалды, жарандарды, жетекчилерди жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин жакшы билет. Билимдин жана коммуникациялардын мындай мыкты айкалышы долбоордун ийгилигин жана туруктуулугун гана камсыздабастан, ошону менен бирге жергиликтүү КЭУга мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга кызмат көрсөтүү маселелери боюнча өз дараметин бир топ жогорулатып алууга жардам берди. МСТ боюнча Fonds/GIZ Долбоору конкурстарга ири улуттук тармактык жана секторлор аралык КЭУлар катышат деп күткөн. Анткен менен түрдүү себептерден улам алар азырынча процесске четтен көз салып турууну туура көрүштү. Долбоорлордун суммасы борбордогу долбоорлорго салыштырмалуу аз болгонун, донордун каражаттарына салыштырмалуу бюджеттин каражаттарын башкаруу бир кыйла оор экенин эске алганда бул таң калычтуу деле эмес. Экинчи жагынан Бишкектеги ири КЭУлардын жергиликтүү социалдык тапшырыктар конкурсуна катышпаганы да жакшы болду – жергиликтүү КЭУнун утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Анткен менен келечекте ири секторлор аралык КЭУлар инновациялары, тажрыйбасы жана атайын билимдери менен бөлүшүп, жергиликтүү КЭУлар менен консорциумга киргени туура болмок.
 
Жыйынтыктардын туруктуулугу Социалдык тапшырык механизми аркылуу долбоорлорду аткарууга бел байлаган пилоттук муниципалитеттердин бири да кызмат көрсөтүүнү токтотпой турган болду.Кимдир бирөө кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен төлөй турган болсо, башкасы жергиликтүү жана республикалык бюджеттерден биргелешип каржылоого аракеттенүүдө, дагы бири кошумча бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарын издеп жатат. КЭУ туруктуулукка жетүүдө муниципалитеттерге жардам берүүнү улантууда – түзүлгөн мекемелерди Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүүдө, ички жол-жоболорду иштеп чыгууда, кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүүдө, кызматкерлерди окутууда, кызмат көрсөтүүнү мындан ары да колдоп, же ага акы төлөө зарылчылыгы тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.Долбоорлордун туруктуулугу тууралуу тыянак чыгаруу азырынча эрте. Бирок азыртадан эле көрүнүп тургандай, керектөөлөр туура аныкталган, кызмат көрсөтүүгө болгон суроо-талап чоң. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муну көрмөксөнгө салып, буз кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартып коө албайт.
 
Ошону менен бирге жетиштүү бюджети бар айрым бир муниципалитеттер КЭУ менен социалдык тапшырык механизми аркылуу өнөктөштүктү уланта берүү ниетин билдирип жатышат. Себеби ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери КЭУ кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө олуттуу салым кошуп жатканына ынана алышты. Бул жарандарга да, ЖӨБ органдарына да, КЭУга да пайдалуу. Бирок мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ЖӨБ менен КЭУнун социалдык чөйрөдөгү кызматташтыгы натыйжалуу болгонун жеринде өз көзү менен көрүштү.Гүлжамал СУЛТАНГАЗИЕВА, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча акиминин орун басары: “Механизм иштей турганына ынандык. Эми долбоордун туруктуу болуусунун үстүнөн иштеп жатабыз – Күндүзгү реабилитациялык борбордун толук кандуу иш алып баруусу үчүн өзүнчө имарат табууга жардам берүүдөбүз. Каргалык айылдык аймагы дотацияда эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу социалдык кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү, бирок бардык жоопкерчиликти ЖӨБго жүктөп коюу да туура эмес болот”.
 
Кыйынчылыктар. Эмнелерди баалап, талдап, эртең  жасаш керек? Өнүктүрүү саясат институту канчалык мыкты жыйынтыктар тууралуу рапорт менен чектелүүнү каалабасын (ал эми мындай жыйынтык чындап эле бар), бирок МСТ боюнча Fonds/GIZ Долбоорун ишке ашыруудагы кыйынчылыктар жөнүндө да айтпай коюуга болбойт. Анын үстүнө кыйынчылыктар эволюциялык жана системалык мүнөзгө ээ болгондуктан, аларды мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана КЭУ акылдашып отуруп чогуу ч чиш керек. Биринчиден, социалдык чөйрөдө ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу мыйзамды ишке ашыруу жөнүндө маселени чукул арада чечүү керек. Бул маселени кийинкиге калтырууга болбойт. Анткени бир жагынан мамлекет кызмат көрсөтүүнү ар бир аймакк жеткире албайт.
 
Экинчи жагынан берилген ыйгарым укуктар каржыланса, ЖӨБ органдары аны ишке ашырууга даяр турат. Ошону менен бирге тиешелүү мамлекеттик органдар таасирибиз азайып кетет деп коркпой деле койсо болот – алар мамлекеттик саясатты ишке ашырып, талаптарга ылайык кызмат көрсөтүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүп, ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана каржылоо тууралуу чечим кабыл ала беришмекчи. Мындан тышкары усулдук жактан камсыздоо, кеп-кеңеш берүү, мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат, окуу куралдарын, протоколдорду, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жеткирүү боюнча министрликтер тараптан көп иштер аткарылыш керек. Балким ведомстволук окуу борборлору түзүлүп, аймактык бөлүмчөлөрдүн дарамети күчөтүлөт.
 
Бул маселени көрмөксөнгө салып отура берүү – ушул кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болгондорго карата адамкерчиликке жатпайт. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү иштеп кетүүгө тийиш – бардык мыйзам чыгаруу базасы бул үчүн даяр болуп калган Экинчиден, Кыргызстанда социалдык кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү инфраструктура такыр эле жок. Советтер Союзу маалында социалдык кызмат көрсөтүүлөр өтө институционалдаштырылып, аларды атайын мекемелер гана ишке ашырып келген (интернаттар, карылар үйлөрү, балдар үйлөрү ж.б.), жергиликтүү жамааттар деңгээлинде мындай инфраструктура курулчу эмес. Эгемендик алгандан кийинки алгачкы он жылдыкта такыр эле курулуштар болгон эмес. Натыйжада бүгүнкү күндө өзгөчө элеттик муниципалитеттерде социалдык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жетиштүү сандагы имараттар, жайлар, ыңгайлуу аймактар такыр жок.
 
МСТ боюнча Fonds/GIZ Долбоорунун көптөгөн пилоттук муниципалитеттери бул маселени өтө кыйынчылык менен чечип жатышты. Анткени 1 миллион сомдук гранттык каражатка имарат курмак түгүл, чоң ремонт да жасай албайсың. Ошондой эле жакынкы жылдары көптөгөн муниципалитеттер маселени өз күчү менен чече албай турганы анык.Анын үстүнө мамлекет да бул маселеде өзүнөн жоопкерчиликти алып салганы туура болбойт. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде ЖӨБ органдарына социалдык чөйрөдө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселеси боюнча гана эмес, ошону менен бирге бул максаттар үчүн инфраструктураны түзүүдө мамлекеттин салымына карата да ишти активдештирүү зарыл.
 
Үчүнчүдөн, мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын чукул арада кабыл алуу мезгил талабы болуп турат. А мыйзам механизмге жана процесске карата дагы да заманбап, ачык-айкын жана кеңири талаптарды коёт; жаңы аспаптарды жана жол-жоболорду киргизет;социалдык тапшырык механизмдерин колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет, колдонуудагы мыйзамдагы кемчиликтерди жана карама-каршылыктарды жоготот. Ушул тапта КР Өкмөтү мындай мыйзамдолбоорун иштеп чыгып, КР Жогорку Кеңешине өткөрүп берген. Мыйзам долбоору мыкты дүйнөлүк практиканы эсепке алуу менен иштелип чыккан. Анда колдонуудагы “Мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө” КР Мыйзамындагы кемчиликтер жана коллизиялар алып салынган, ошондой эле бул системанын айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы механизмдер сунушталган. Аны менен катар мыйзам долбоорунда МСТны ишке ашыруунун үч формасы каралган:
 
  •  социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу;
  • коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоого алуу;
  • социалдык талондордун (ваучерлер) жардамы менен муктаж болгон жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү.
Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, мамлекеттик жана муниципалдык органдар (мындан ары – мамлекеттик тапшырыкчы) социалдык кызмат көрсөтүүгө, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, же коомго пайдасы бар максаттарга жетүүгө МСТнын тиешелүү формасын колдонууга тандоо укугуна ээ болушат. “Мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө” КР Мыйзамынын жаңы редакциясы менен бирге эле жумушчу топ аталган мыйзамды натыйжалуу ишке ашырууга багытталган мыйзам алдындагы актылардын пакетин да иштеп чыкты. Алар аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин каралат.Ошондуктан Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы өз ишин элге керектүү маселеден баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алар мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө жаңы мыйзамга байланышкан маселени чечип бере алат. Төртүнчүдөн, мамлекеттик органдардын атынан мамлекеттик социалдык тапшырыкты да кеңейтүү зарыл. Мамлекеттик социалдык тапшырык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр арасында атаандаштыкты пайда кылат. Бул болсо кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана кардарлардын кызмат көрсөтүүгө канааттануусуна алып келет. Пермде конкурстук тапшырык технологиясын жайылтууну баалоо көрсөткөндөй, тапшырык технологиясын баалоо чындап эле социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттыра алат.
 
Тапшырыкты аткаруучулардан алынган кызмат көрсөтүүлөргө кардарлардын канааттануу даражасы смета боюнча жеткирүүчүнү күнүмдүк каржылоо режиминдеги ушул өңдүү кызмат көрсөтүүнү алган кардарлардын канааттануу даражасын орточо эсеп менен 10% ашат. Бул баалоого ылайык, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана натыйжалуулугу боюнча КЭУ социалдык тейлөө боюнча муниципалдык мекемелер менен атаандашууга жөндөмдүү.Бирдей эле тапшырыкты аткарган уюмдардын кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жана аларга канааттануунун даражасын салыштыра келгенде, кызмат көрсөтүүгө өтө ыраазы болгон коомдук уюмдардын кардарларынын үлүшү муниципалдык мекемелердин кардарларынын үлүшүнөн 15 пайызга көп болгону аныкталган.
 
Муниципалдык мекемелерден айырмаланып, коомдук уюмдарда кызмат көрсөтүүгө нааразы болгон кардарлар болгон эмес. Муниципалдык мекемелерде мындай кардарлардын үлүшү орточо 6,4% түзөт.Бешинчиден, жергиликтүү КЭУлардын дараметин жогорулатуу, күчтүү борбордук КЭУлардан чабалыраак жергиликтүүлөргө тажрыйбаны жана билимди өткөрүп берүү максатында ири улуттук КЭУлар арасында дагы да жигердүү кызматташтык зарыл болуп турат. Бул жагынан алганда тармактык түзүмдөр чоң ролду ойнош керек.Мындай кызматташтык мамлекеттик социалдык тапшырыктын дагы бир артыкчылыгын практикага киргизүүсү зарыл – социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы идеялар, усулдар көбөйөт. Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу менен калктын социалдык, чыгармачыл активдүүлүгү да бир топ артат. Конкурстардын ачык болушу бул тапшырманын аткарылышын камсыздайт.
 
Алар ар бир адамга анын идеясы кызыктуу, сунушу эске алынды деген ишенимди берет. Дагы бир нерсени унутпоо зарыл – дүйнөдө эч бир мамлекет инновацияны жаратпайт, инновациялар – бул КЭУ менен бизнестин миссиясы.Алтынчыдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатуу үчүн күч жумшоо зарыл. Алар МСТ боюнча Fonds/ GIZ Долбоорун аткаруунун алкагында көптөгөн маселелерге, кыйынчылыктарга, техникалык башаламандыктарга туш болушту. Мисалы, долбоордун бюджетин өзгөртүү, техникалык экспертиза үчүн жеринде кесипкөй адистердин жоктугу, тараптардын өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү болушу, долбоордун кызматкерлеринин маянасынын аздыгы, айрым кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрдүн мезгилден көз каранды болушу (мисалы, жаштар үчүн), технологиялардын жана билимдин жоктугунан улам катышуучулардын ортосунда байланыштын начардыгы ж.б.
 
Эң чоң көйгөй – кадр маселеси: тарбиячылар, психологдор, логопеддер, дефектологдор жана башка адистер жетишсиз,көптөгөн кызматкерлер тиешелүү билимге, сертификаттарга ээ эмес. Бул адистердин квалификациясын жогорулатуу же кайрадан квалификациядан өткөрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр талап кылынат. Буга жараша жол-жоболорду иштеп чыгуу, методологияны сүрөттөө, окутуу жана техникалык колдоо боюнча чоң методикалык иштер талап кылынат. Өнүктүрүү саясат институту бул иштерди уланта бермекчи. Анткен менен натыйжага жетүү үчүн мамлекет менен тыгыз кызматташуу керек жана эл аралык донордук уюмдардын колдоосу зарыл. Бир дагы уюм бул маселени өз алдынча чече албайт.Анткени бул ишмердүүлүктүн бенефициарлары жүз миңдеп саналат.
 
Корутунду Корутунду сөздүн ордуна украиналык белгилүү изилдөөчү жана социалдык тапшырыктын практиги Андрей КРУПНИКтин сөздөрүн дагы бир жолу кайталап коюу зарыл: “Социалдык тапшырык механизмин жайылтып, бийлик менен коом ортосундагы социалдык жоопкерчиликти адекваттуу кайра бөлүштүрсө болот. Тажрыйба көрсөткөндөй, базар экономикасында социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда оператордун функциялары мамлекет үчүн зарыл эмес. Бул маселелерде мамлекеттин функциясы укуктук базаны түзүүдө камтылган. Ал муниципалитеттерге жана КЭУга белгиленген социалдык стандарттарга ылайык, атаандаштык негизде керектөөчүлөргө социалдык кызматтарды материалдык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, анын ичинде акысыз да көрсөтүүгө жол берет. Биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук, кайрымдуулук уюмдары, калкты өзүн өзү уюштуруу органдары жана башка КЭУ аркылуу көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү чечүү ишин өзүнө коом алат. Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу бул багытта реалдуу жана натыйжалуу кадам болуп эсептелет.
 
Ал мамлекеттин убактысын жана каражатын башка актуалдуу маселелерди чечүү үчүн бошотот”.Башкача айтканда, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жалпысынан үч негизги сектор – мамлекеттик, коммерциялык жана жарандык секторлор ортосунда бөлүштүрүлгөн жоопкерчилик балансынан көз каранды. Ал эми Кыргызстанда бүгүнкү күндө мамлекеттин жана бизнестин ролдору жана таасири аздыр-көптүр так бөлүштүрүлгөн жана сүрөттөлгөн.Бирок жарандык коомдун ролу менен таасири көбүнө анык эмес. Жарандык коом өзүн жакшы жагынан көрсөтүп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо ала турган негизги багыттардын бири – бул социалдык чөйрө. Жоопкерчилик балансын таап, мамлекеттин,бизнестин жана КЭУнун ролдорун ачык белгилөө – адамдын кызыкчылыгында башкаруунун чыныгы реформасы эмеспи.