Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Социалдык долбоорлорду баалоо” китебин сунуштайбыз

2015-04-07 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
“Социалдык долбоорлорду баалоо” китебин сунуштайбыз

“Муниципалитет” журналы буга чейин өз басылмаларында Орусия Федерациясынын Кайрымдуулук уюмдардын Улуттук ассоциациясынын социалдык тапшырыкты өнүктүрүү тажрыйбасына көп жолу шилтеме жасап келген эле.2015-жылдын март айында Өнүктүрүү саясат институтунун чакыруусу менен Кыргызстанга аталган ассоциациянын жетекчилеринин бири, секторлор аралык өз ара аракетти жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү чөйрөсүндө белгилүү эксперт Нодар ХАНАНАШВИЛИ келген болчу.

 Нодар Лотариевич 2015-жылы Москвада чыккан “Социалдык долбоорлорду баалоо” китебин ӨСИге белек катары ала келген. Бул окуу куралы биринчи кезекте социалдык долбоорлорду жана программаларды баалоо жаатында баалоо ишмердигинин методикалык негиздерин түзүү темасынын үстүнөн ишти улантууну көрсөтүп турат. Социалдык-долбоордук ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана долбоордук маданияттын негиздерин жайылтуу бүгүнкү күнгө чейин Орусияда да, Кыргызстанда да заманбап социалдык саясаттын актуалдуу милдеттеринин бири бойдон кала берүүдө. Бул методикалык окуу куралы социалдык долбоорлоо чөйрөсүндө иш алып барган жана социалдык программалар менен долбоорлорго экспертиза жүргүзүү менен алектенген адистер,бийлик органдарынын өкүлдөрү, социалдык долбоорлоодо белгилүү бир тажрыйбасы бар коммерциялык эмес уюмдардын активисттери, студенттер, аспиранттар, политологиялык, социологиялык жана экономикалык окуу жайлардын аспиранттары, окутуучулары үчүн кызыктуу болушу мүмкүн.Автордун уруксаты менен “Муниципалитет” журналы өз беттерине “Социалдык долбоорлорду баалоо"китебинин бир главасын жарыялоону чечти.
“Социалдык долбоорлорду баалоо” китебин сунуштайбыз Автор тууралуу Нодари Лотариевич ХАНАНАШВИЛИ Д.И.Менделеев атындагы Москва химия-технологиялык институтун 1981-жылы жана Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин 1995-жылы аяктаган.2007-жылдан бери Кайрымдуулук уюмдардын Улуттук ассоциациясынын вице-президенти, “Просвещение” Кайрымдуулук фондунун өнүгүү долбоорлору боюнча башкы директорунун орун басары, Москва шаардык Коомдук кеңешинин мүчөсү.
1991-жылдан 2005-жылга чейин “Аракечтикке жана баңгиликке жок дейли” Орусиялык кайрымдуулук фондунун юридикалык кызматын жетектеген; ювеналдык юстиция боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга, ошондой эле социалдык тапшырык, фонддор, бийлик органдарынын бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракети боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жигердүү катышкан; ошондой эле бир нече концептуалдык материалдарды иштеп чыккан: Бийлик органдарынын КЭУ менен өз ара аракетинин системасынын концепциясы; Орусия Федерациясында мамлекеттик саясатты балдардын кызыкчылыгында түзүү жана жүзөгө ашыруу концепциясы; Орусия Федерациясында жарандык көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун концепциясы; ОФ Коомдук палатасын түзүү жана ишинин концепциясы.
2005-жылдан 2006-жылга чейин Орусия Федерациясынын Президентине караштуу жарандык коом жана адам укуктары институттарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеген.Юридикалык илимдердин кандидаты,150дөн ашык макаланын, 8 жамааттык монографиянын автору.1998-жылдан бери Орусиянын 40тан ашык регионунда, ошондой эле Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Азербайжанда, Грузияда, Украинада, Беларусияда 200дөн ашык семинар жана тренингдерди өткөргөн.