Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык социалдык тапшырыктын буйрутмачыларын жана аткаруучуларын окутуу

2015-04-07 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Муниципалдык социалдык тапшырыктын буйрутмачыларын жана аткаруучуларын окутуу

“МСТ боюнча GIZ/Fonds долбоорунун” алкагында 2015-жылдын февралында социалдык тапшырыкты аткарып жаткан 11 муниципалитеттин жана БӨУнун өкүлдөрү үчүн “Финансылык отчеттуулук” жана “Мониторинг жана туруктуу өнүгүү” темалары боюнча тренингдер уюштурулду. Ар бир муниципалитеттен бештен жана БӨУ-аткаруучудан экиден өкүл катышты. Тренингдер катышуучуларды финансылык отчет берүүнүн эрежелери жана жол-жоболору, мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн эрежелери менен тааныштырууга багытталган.

Тренингдин катышуучулары катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан “МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоору” менен иш алып барган координаторлор, демилгелүү топтордун мүчөлөрү, айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары, ошондой эле финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери чакырылган. Социалдык тапшырыкты аткаруучулар тараптан долбоордун жетекчилери жана бухгалтерлери катышты.Тренингдерди өткөрүү методикасы интерактив принциптерине, анын ичинде топтордо иштөөгө жана “СУРОО жана ЖООП” (СжЖ) сессиясына негизделген. СжЖ сессиялары бардык катышуучуларга социалдык тапшырыкты жайгаштыруу, ишке ашыруу маселелери боюнча да, ЖӨБ органдарынын ишиндеги башка маселелер боюнча да квалификациялуу юридикалык консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн берди.
Белгилей кетүү керек, топтордо иштөө, тренингдин катышуучуларынын тажрыйбасына жана пландарына негизделген материалдарды андан ары көрсөтүп берүү тажрыйба алмашуу, өзгөчө социалдык тапшырыктын БӨУ-аткаруучуларынын өкүлдөрү үчүн тармактык байланышты баштоо үчүн жакшы дем болуп берди.Тренингдин программаларына ылайык, окутуунун биринчи күнү социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана алар боюнча финансылык отчет тапшыруу маселесине арналды. Долбоордун адистери Татьяна БЕЛЕЦКАЯ жана Айгүл БАЙЫ ШБАЕВА финансылык өз ара эсептешүүнүн эрежелери, отчеттуулук жана долбоорлорду ишке ашыруунун шарттары тууралуу кенен айтып беришти. Ошондой эле сатып алуулардын жол-жобосу, документтерди түзүү жана колдонулган гранттык каражаттар тууралуу отчет тапшыруу тууралуу маселелер каралды.
Тренингдин экинчи жана үчүнчү күндөрү мониторинг жана баалоо түшүнүктөрүнө арналып, катышуучуларда аларды өткөрүү үчүн кандай аспаптар колдонулары, ким өткөрө алары тууралуу билүү мүмкүнчүлүгү болду. Мында катышуучуларга Долбоордун адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ жардамга келди. Анын көмөгү менен катышуучулар мониторингди система катары карап чыгып, мониторинг жана баалоо (МжБ) аудиттен, инспекциядан жана изилдөөдөн эмнеси менен айырмаланарын; БМжБ тобун түзүү процессин талкуулап, БМжБ тобунун иш планын, долбоордун туруктуулугу боюнча планды иштеп чыгышты; аткарылган иштер тууралуу БМжБ тобунун отчеттору, анын формалары, муниципалдык социалдык тапшырык долбоорун ишке ашыруу боюнча алынган транштар боюнча отчеттордун формалары менен таанышып, талкуулашты.
Буга кошумча Долбоордун юристтери Нурдин КҮМҮШБЕКОВ жана Бекболот БЕКИЕВ долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болушу ыктымал суроолорду чечүүнүн юридикалык жолжоболоруна байланыштуу катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.Тренинг учурунда катышуучулар көтөргөн суроолордун, талкуулардын жыйынтыгын Өнүктүрүү саясат институту андан ары өнөктөштөр менен кеңешүү үчүн дыкат талкуулап, иликтеди. Тренингдин бардык катышуучуларына (ЖӨБО жана БӨУ өкүлдөрүнө)социалдык тапшырыкты жайгаштыруунун жана ишке ашыруунун алкагында ишаракеттерди тийиштүү аткаруу үчүн документтердин үлгүлөрү берилди.