Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

10 (108) 13 Ноябрь 2020

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүй облусунда мамлекеттик социалдык тапшырыкты ишке ашыруу практикасы – муниципалитеттердин жаӊы билимдери үчүн полигон

2014-08-01 / ПИЛОТ:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Чүй облусунда мамлекеттик социалдык тапшырыкты ишке ашыруу практикасы – муниципалитеттердин жаӊы билимдери үчүн полигон

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин (СӨМ) тажрыйбасында социалдык тапшырык кантип иштеп жатканын Кыргызстандын 12 пилоттук муниципалитетинин өкүлдөрү үйрөнүп чыгышты. Алар 2014-жылдын август айында социалдык маселелерди чечүүгө БӨУ арасында сынактарды өткөрүшөт. Бишкекте жана Чүй облусунда СӨМ тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы муниципалитеттердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү үчүн окуу сапары уюштурулду.

Жакынкы келечекте он эки муниципалитет жалпы суммасы 12 миллион сомго ушул жамааттардагы эң көйгөйлүү социалдык маселелерди чечип берүүнү бейөкмөт уюмдарга тапшырмакчы. Көйгөйлөр муниципалитеттердин аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун күчү менен уюштурулган атайын изилдөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталган. Муниципалитеттерде суроолор көп. Муниципалдык социалдык тапшырык процессин мыйзамдын бардык талаптары аткарылгыдай кылып, кантип уюштурса болот? Жардамга муктаж социалдык топтордун керектөөлөрүн кантип эсепке алыш керек?Каржылоону канткенде туура уюштурууга болот?Тапшырыкты аткаруучу – БӨУну тандоодо кантип жаңылбаш керек? Мамсоцтапшырыкты ишке ашыруу практикасын үйрөнүп, ушул суроолордун жок дегенде айрымдарына гана жооп алуу үчүн мына ушул сапар уюштурулду.Сапардын катышуучулары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды интеграциялоо боюнча Бишкектеги шаардык реабилитациялык борбордун; оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга жанаүй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөткөн борборлорду колдоо боюнча Улуттук кызыл жарым ай коомунун (балдардын кризистик борбору) жана “Манас” социалдык кыштагынын иши менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.Бул уюмдар ар кайсы убактарда СӨМ өткөргөн мамлекеттик социалдык тапшырыкты ишке ашырууга сынактын жеңүүчүлөрү болуп табылган, бул өңдүү практиканын оң жана терс жактарын жакшыбилишет.Коммерциялык эмес уюмдарды социалдык мааниге ээ программаларды аткарууга тартуу боюнча алгачкы тажрыйба 2004-жылы орун алган, деп айтып берди КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Соцкамсыздоо департаментинин социалдык тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси Саида АСАНБАЕВА. – Бул демилгенин максаты – социалдык маселелерди чечүүгө жаңы күчтөрдү аныктоо,колдоо жана тартуу, ошондой эле ушул чөйрөдө иштеген коммерциялык эмес уюмдардын аракеттерин бириктирүү. Акыркы жылдары бейөкмөт уюмдардын социалдык долбоорлорун каржылоонун көлөмү кескин өстү – 2009-жылдагы 4,3 млн.сомдон 2013-жылдагы дээрлик 14 миллион сомго жетти. МСТга муниципалдык бюджеттер аркылуу сарптала турган 12 миллион сом – социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым жана муниципалитеттер ийгиликтүү тажрыйбага ээ болуп, социалдык тапшырыкты өз практикасында жыл сайын колдонуп калат деп үмтөтөбүз”.Окуу сапарынын алгачкы күнүндө КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү жана Долбоордун эксперттери катышуучулардын көңүлүнө мамлекеттик социалдык тапшырыкты ишке ашыруунун ийгиликтүү мисалдарын тартуулашып,мамлекеттик социалдык тапшырык чөйрөсүндөгү мыйзамдар жана социалдык долбоорлор сынагын өткөрүүдө ЖӨБ органдарынын милдеттери менен тааныштырып чыгышты.Эң көп узатылган суроолордун дагы бири балдарды мекемелерге кабыл алуу процесси болуп калды. Айталы, эгерде шаардык реабилитациялык борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бишкектик болуш керек деген шарт болсо, башка эки борбордо мындай чектөөлөр коюлган эмес. Анткен менен ар бир борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана улуу муундун өкүлдөрүнө жардам берүү ниети болгону менен, орун баарына эле жете бербей турганын да унутпаш керек. Көптөгөн катышуучулар, пилоттук айыл өкмөттүн өкүлдөрү муниципалдык социалдык тапшырыкты андан ары ишке ашыруу бул үчүн өз каражаттары бар, дотацияда болбогон аймактардын гана колунан келчү иш деген тыянакка келишти.Окуу сапарынын экинчи орундагы, бирок мааниси андан кем калышпаган тапшырмасы БӨУ арасында социалдык долбоорлорго сынакты уюштурууда жана өткөрүүдө муниципалитеттерге консультативдик жардам көрсөтүү болуп калды. Пилоттук долбоор үчүн ушул сынак мүмкүн болушунча ачыкайкын, адилет өтүп, башка муниципалитеттерде кайталана алчу үлгү болуп бергени өтө маанилүү.Тажрыйба үйрөнгөндөн тышкары сапардын каты шуучулары БӨУ үчүн августтун башында өткөрүш керек болгон сынактын жол-жоболору менен таанышып чыгышты, график түзүп, документтерди ирээтке келтиришти.Ошондуктан тажрыйба алмашуу сапарынын экинчи күнү мамлекеттик социалдык тапшырыкты жайгаштыруу, аткаруу, ага мониторинг жүргүзүү тууралуу мыйзамдардагы нормаларга, ошондой эле Болгариянын мисалында эл аралык тажрыйбага арналды. Муниципалитеттердин өкүлдөрү “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу жана тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү” темасына долбоорлорду тандап алуу боюнча сынакты өткөрүүжаатындагы практикалык иштерге активдүү катышып беришти. Катышуучуларга долбоордук сунуштарды баалоо көрсөткүчтөрү бар баалоочу кагаз сунушталды. Топтордо иштөөнүн натыйжасы боюнча катышуучулар сынактык комиссиянын жыйындарын өткөрүү жана долбоордук сунуштарды баалоо боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Мамлекеттик социалдык тапшырыктын каржылык жагы кызуу талкууга түштү: акча каражаты жергиликтүү бюджетте кантип каралат, каражаттар ушул жылы түшөбү, эгерде тандалып алынган долбоор 3-5 айга созулса, транш-төлөмдөрдү төрт кварталга тең бөлүү зарылчылыгы барбы ж.б. Уюштуруучулар мүмкүн болушунча кеңири жоопторду бергенге аракет кылышты, анткен менен көптөгөн суроолорго жооптор дале табыла элек.
Баймурат БЕКМУРАТОВ, Баткен облусундагы Сумбула АА башчысы: “Биз көптөн бери эле социалдык көйгөйлөрдү чечүү менен алектенгибиз келип жүрөт. Бирок бизге дайыма эле убакыт да, акча да жетишпей калат. Артыкчылыктуу маселе болуп инфраструктура – таштанды,жолдор, суу чыга келет, ал эми эң чабалдардын – мүмкүнчүлүк чектелген балдардын, адамдардын керектөөлөрү, руханий жана жана маданий муктаждыктары жергиликтүү бюджеттин жана ЖӨБ органдарынын көңүл сыртында кала берет.Эми GIZ долбоорунун (Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коому) колдоосу менен бизде жаңы мехнизмди – муниципалдык социалдык тапшырыкты сынап көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ошону менен бирге колдоо биз жергиликтүү бюджет аркылуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө сарптала турган акчада гана камтылган эмес.Биз социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө бейөкмөт уюмдарды тартканды үйрөнүп жатабыз, алар чоң чыгармачыл жана жаратуучулук дараметке ээ.Менин түшүнүгүмдө жарандык коом – бул саясат тууралуу кыйкыргандар эмес, бул – татаал коомдук көйгөйлөрдү чечүү менен алектенгендер”.Айгүл ЖАНТАЕВА, Жалал-Абад облусундагы Терек-Сай ААдагы долбоордун координатору: “Муниципалдык социалдык тапшырыкты ишке ашыруу жеңил болгон жок: көп нерсени билиш керек,татаал жол-жоболорду иштеп чыгып, аларды ишке ашыруу зарыл, түрдүү социалдык топтордун жана бейөкмөт уюмдардын кызыкчылыктарын да эсепке алыш керек. Мурда Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эч кимиси муну менен алектенген эмес. Биз бир жагынан бул иште жол баштоочу болгонубузга сыймыктанабыз, экинчи жагынан натыйжасы үчүн чоң жоопкерчиликти алдык. Окуу сапары өз күчүбүзгө болгон ишенимди бекемдеди. Биз муниципалдык социалдык тапшырык муниципалдык деңгээлде көйгөйлөрдү чечүүнүн жакшы аспабы да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандык коом уюмдарынын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуу каналдары да болуп калат деп ишенебиз”.М
Надежда ДОБРЕЦОВА,
Айганыш КАЧАГАНОВА, ӨСИ