Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

10 (108) 13 Ноябрь 2020

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитет социалдык тапшырык аркылуу ЭМНЕ аларын билет, ал эми бейөкмөт уюмдар аны КАНТИП ишке ашырса болорун билишет

2014-04-07 / «Пилот : Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык»

Сабина ГРАДВАЛЬ, Өнүктүрүү саясат институту

 
2014-жылдын жаз мезгилинде буга чейин социалдык чөйрөдө жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарын аныктоого катышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана активисттерине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына негизделген социалдык тапшырык процессин уюштуруунун жол-жоболору сунушталган. Бул Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) "Жарандык коомду колдоо фонду" ("МСТ боюнча GIZ/Фонд долбоору") каржылаган “Муниципалдык социалдык тапшырыктын негизинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө БӨУ менен ЖӨБнын өнөктөштүгү” Долбоорунун 12 пилоттук муниципалитетинде социалдык тапшырыкты жайылтуу боюнча жумушчу пландоо сессиялардын учурунда жасалган.
 
Сессиянын ишине ЖӨБнын аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, демилгелүү топтордун (ДТ) жана бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдардын (БӨУ) 211 өкүлү, анын ичинде 100 аял катышты. Муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырыкты ишке ашыруунун жол-жобосу менен таанышып чыккан соң, пилоттук муниципалитеттер БӨУ-аткаруучулар үчүн техникалык тапшырмаларга кошулуш керек болгон болочоктогу тапшырыктардын конкреттүү параметрлерин талкуулоого киришти.Бул параметрлер муниципалитеттердин социалдык тапшырыктан негизги күтүүлөрүн сүрөттөп, төмөнкү суроолорго жооп бериш керек: максаттуу аудитория кандай, БӨУ күчү менен кимдин көйгөйлөрү чечилет, алардын саны канчалык; бул жарандар кайда жашашат, алардын кайсы керектөөлөрү канааттандырылат? Бирок бул көйгөйлөр кантип чечилет деген суроого жоопту болочок сынактардын катышуучулары – бейөкмөт уюмдар жооп бериш керек. Бардык пилоттук муниципалитеттерде калк бир катар көйгөйлөрдү атады. Алардын ичинен 5 өтө маанилүү көйгөй аныкталды. Ошентсе да тандалган беш артыкчылыктуу көйгөйдү чечүү үчүн да жергиликтүү бюджеттин жана "МСТ боюнча GIZ/Фонд долбоорунун" каражаттары жетишсиз, анткени ар бир жамааттан артыкчылыктардын тизмесин үчкө чейин кыскартуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бирок беш маанилүү маселенин ичинен үч негизгини кантип тандаса болот? Бул жерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаңылып алуу, калктын үмүтүн актай албай калуу тобокелдигине туш болот. Алар калктын көз карашы башкача болуп турган чакта биринчи кезекте өздөрү үчүн өзгөчө маанилүү маселени тандап алышы мүмкүн. Ошондуктан бул этапта отчеттуулук кепилдиги үчүн жарандардын үч артыкчылыктуу долбоорду тандап алууга катышуусу зарыл. Элеттик муниципалитеттердин шартында муну жарандардын чогулушу аркылуу уюштуруу эң туурасы болмок. Ошондуктан экинчи пландоо жолугушуунун тапшырмасы чогулуштарга даярдык көрүү болуп калды.Ошондой эле жолугушуу учурунда социалдык тапшырыктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталышы, бул механизмдин товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардан айырмасына өзгөчө көңүл бурулмакчы. Негизги айырма – сатып алуулар механизми муниципалитет көйгөйдү жана аны чечүү үчүн эмнени сатып алып, эмне жасаш керектигин так билгенде колдонулат. Мисалы, ЖӨБ органдары окуучулардын тамактануусу тууралуу маселени чечүү үчүн ошону сатып алыш керектигин так билет. Мындай учурда соцтапшырыкты колдонуу мүмкүн болбойт жана муниципалитет сатып алуулар жол-жобосун колдонот. Бирок ЖӨБ органдары жана жамаат үчүн белгисиз болгон бир катар көйгөйлөр бар, бул жерде жаңы чыгармачыл мамиле, буга чейин болбогондой чечимдерди издөө зарыл. Мындай учурларда муниципалитет БӨУ арасында сынак жарыялоо менен мыкты чечим сунуштагандарды издейт – мына ушул нерсе социалдык тапшырыктын формаларынын бири болуп эсептелет. Ошондуктан социалдык тапшырык үчүн техникалык тапшырмада жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана товарлардын конкреттүү түрүнө көрсөтмөлөр болбош керек.
 
Бул шарт ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин ишин татаалдаштырды. Аларда калыптанып ПИЛОТ: Кырг ызстандагы муниципалдык социалдыктапшырык калган көз караш боюнча, бийлик адамдарга караганда жамаатка эмне керек экенин жакшы билет. Айыл өкмөтүнүн жана мэриянын өкүлдөрү техникалык тапшырмаларга, мисалы, сейил бакта күүлөнчөктөрдү орнотуу же китепканага китептерди сатып алуу өңдүү жумуштардын конкреттүү түрлөрүн кошууга аракет жасашты. "МСТ боюнча GIZ/Фонд долбоорунун" консультанттары муниципалитеттерге сатып алуулар менен социалдык тапшырык ортосундагы айырманы түшүндүрүү үчүн бир топ убакытты жана күчтү сарпташты. Жарандык коом уюмдары бере алышы мүмкүн болгон товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жасалган басын "МСТ боюнча GIZ/Фонд долбоорунун" катышуучуларын кайра-кайра адаштырып жатты: белгилүү бир темалар боюнча тренингди кошууга, мектепке чейинки билим берүү үчүн кошумча курстарды киргизүүгө аракеттер жасалды. Объекттерге инвестициялар, инфраструктуранын ремонту, курулушу муниципалитеттердин (жамааттардын да, башкаруу органдарынын да) көңүл чордонунда кала берүүдө. Маселенин ушундайча коюулушу Кыргыз Республикасынын аймагында грант алуучулар (бенефициарлар) менен донор уюмдар (долбоорлор)ортосундагы өз ара мамилелерде салттуу болуп калды. Ошону менен бирге бул салтты эки тарап тең түптөгөн, ал бейөкмөт уюмдарга өзүнүн чыгармачыл, жараткыч дараметин ачууга, ал эми ЖӨБ органдарына эски көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы ыкмаларды издөөгө тоскоолдук жаратып келатат. Ошого карабастан кызуу талкууларга бир топ убакытты короткон соң муниципалитеттер беш артыкчылыктуу маселе боюнча мунаса таап, андан соң алардын ичинен эң маанилүү үчөөнү тандап алуу үчүн алар коомдук талкууга коюлду (1-таблицаны караңыз). Бардык аракеттерге жана консультацияларга карабастан Өнүктүрүү саясат институтунун юристтери 60 техникалык тапшырманы сатып алуулардан социалдык тапшырыкка айландыруу үчүн алардын ар бири менен бир топ иштеп чыгууга туура келди.
 
Натыйжада 2014-жылдын 27-мартынан 7-апрелине чейин "МСТ боюнча GIZ/Фонд долбоорунун" бардык 12 пилоттук муниципалитетинде үч алгачкы артыкчылыктуу маселени тандап алуу боюнча чогулуштар өттү; аларга 1228 адам, анын ичинде 426 аял катышты (2-таблицаны караңыз).Чогулуш учурунда тургундар ЭКБА натыйжаларын билип, анын натыйжасы боюнча аныкталган социалдык мүнөздөгү эң артыкчылыктуу беш маселенин сүрөттөлүшүн уга алышты. Андан соң ачык добуш берүүнүн жолу менен өзгөчө артыкчылыктуу үч техникалык тапшырманы тандап алышты. Анын бири донор (Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) "Жарандык коомду колдоо фонду") менен Долбоордун критерийлерине шайкештик предметине карата макулдашылгандан кийин БӨУ үчүн сынакка ЖӨБ органдары тарабынан коюлат. 12 пилоттук муниципалитет ишке ашырууну пландап жаткан болочок социалдык тапшырыктардын тематикалык лидерлери болуп төмөнкү маселелер табылды: мектепке чейинки билим берүү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо жана социалдаштыруу, спортту жана физикалык маданиятты өнүктүрүү.
 
Бардык 12 пилоттун ЖӨБ органдары жооптуу этапка – сынактарды уюштурууга жана өткөрүүгө жетишти. Бул жерде муниципалдык кызматчыларга МСТ негиздери, тапшырыкты ишке ашыруунун тартиби тууралуу Долбоордун алкагында алынган билимдер керек болот. Сынактын ыктымал катышуучулары үчүн Долбоор социалдык программалар сынагына катышууга КР мыйзамдарынын талаптарынын негиздери, долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча тренингдерди уюштурат жана өткөрөт. Ошондой эле ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жана жарандык активдүүлүктү көрсөткөн “тематикалык топтордун” мүчөлөрү үчүн жалпысынан кызмат көрсөтүүлөрдү да, долбоорлордун өздөрүн да баалоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн негиздерине окутуу уюштурулат. Ал кандай долбоорлор экенин “Муниципалитет” журналынын окурмандары кийинки атайын чыгарылыштан биле алышат. М