Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кара-Көлдө адистикке ээ болуунун мыкты мүмкүнчүлүгү

2015-09-03 / Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык

“Бөтөн балдар болбойт” Долбоору, Тапшырыкчы: Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары, Аткаруучу: “Аймира” коомдук фонду

Кара-Көл 1962-жылы Орто Азиядагы ири Токтогул ГЭСин куруучуларынын поселогу катары түзүлгөн. 1977-жылы облуска баш ийген шаар статусу ыйгарылып, ага 23 592 жашоочусу бар эки айыл кошулган. Кара-Көл Бишкек – Ош жолунда жайгашкан. Тоо кыркаларынын артында Токтогул ГЭСинин плотинасы орун алган. Өз учурунда гидрокуруучулардын жана энергетиктердин бул шаары өлкөдөгү эң кооз жана өнүккөн деп эсептелчү. Союз кыйрап, ГЭС каскадынын курулуш иши дээрлик токтогондон кийин Кара-Көлдөгү ишканалардын жарымы жабылып, жарымы иш багытын өзгөрткөн. Жумуштун жоктугунан 1990-жылдары жашоочулар Кара-Көлдөн жапырт көчө баштаган. Ушул тапта бул жерде ийгиликтүү ишканалар деп электр энергиясын иштеп чыккан “ТГЭС каскадынын электрстанциялары” АК, “Камбар-Ата ГЭСи” АК жана гидроэлектр станцияларынын курулушуна адистешкен “Нарын ГЭСи” АК эсептелет.
 
Базар экономикасына өткөндөн баштап көпчүлүк үй-бүлөлөр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын адистештирилген окуу жайларда окутпай калган. Себеби алардын көпчүлүгү жабылып, ал эми борбордо жана облус борборлорунда жайгашкан жайлар чөнтөккө чак эмес болчу. Ошондуктан 20 жылдан ашык өзгөчө алыскы айылдарда жашаган калктын социалдык жактан аярлуу тобу жана майыптар кароосуз жана унутта калган. Бүгүнкү күндө Кара-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелүү 347 киши жашайт.Алардын 126сы балдар. Ал эми иштеп жаткан билим берүүчү жана социалдык мекемелерде бул категорияга кирген балдарда кошумча билим алуугашарты жок.Акыркы жылдары Кара-Көл шаары калыбына келе баштады. Мындан улам көптөгөн жаңы үй-бүлөлөр пайда болуп, жаштардын саны да көбөйдү. Буга жараша түрдүү билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө да талап өстү. Албетте мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жана жаштар үчүн шарт түзүү, алардын адаптациясы өңдүү маселелер да курч турду.
 
Бул маселени чечүү үчүн 2012-жылы шаар пилоттук муниципалитет болду. Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоорунун 1 000 000 сом өлчөмүндөгү финансылык жардамы жана Өнүктүрүү саясат институтунун техникалык колдоосу менен Кара-Көл шаарынын мэриясы тарыхта биринчи жолу муниципалдык социалдык тапшырыкты жайылта баштады. Үч жүздөн ашык шаар тургуну катышкан ЖМБА-иш-чараларын өткөрүү менен ЖӨБ органы жамааттын 7 артыкчылыктуу көйгөйүн аныктап алды. Ал эми шаардык жыйында көпчүлүктүн добушу менен алардын ичинен эң актуалдуусу тандалып алынды – “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга алардын дараметине жараша кошумча билим жана тарбия берүү үчүн шарттардын жоктугу”.Бул маселени чечүү үчүн аткаруучуну тандап алыш керек эле.
 
Буга байланыштуу мэрия КЭУ арасында конкурс өткөрүп, анда “Бөтөн балдар болбойт” долбоорун сунуштаган “Аймира” коомдук фонду жеңүүчү аталды. Анын максаты мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн реабилитациялык борборду түзүү болчу.Борбордун негизги тапшырмасы – оорулуу балдардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, көндүмдөргө үйрөтүү аркылуу ден соолугун колдоо системасы үчүн кадимки чөйрөнү түзүү. “Аймира” коомдук фонду борбордун ишин уюштуруу жана иштетүү жаатында чоң иштерди аткарды – имаратка капиталдык ремонт жасап, атайын кызматкерлерди (юрист жана психолог) ишке алуу, колдоого муктаж балдарды аныктап (мындайлардын саны 128 болду), реабилитация (билим берүү) программасын иштеп чыгып, психологиялык жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдөн баштап, долбоордун туруктуулугу жана мониторинг тобунун иши маселелери боюнча тегерек стол өткөрдү.Натыйжада 2015-жылдын 22-майында Кара-Көлдөгү мектеп-лицейинин базасында мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылып, анда бүткүл региондон келген балдар кесиптик-техникалык билим алышууда.
 
Белгилей кетсек, бул жерде ширеткичтерди, монтажчыларды, маляр-шыбакчыларды, ашпозчукондитерлерди, тигүүчүлөрдү, чач тарачтарды даярдашууда. Учур талабына ылайык дал ушундай билим берүүчү чөйрө керек болуп турган.Себеби, биринчиден, зарыл техника менен жабдууланган адистештирилген класстар түрүндө “пайдубал” бар. Экинчиден, бир имаратта курдаштары менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга социумга тез интеграцияланып, маанилүү байланыш түзүүгө жардам берет. Бул болсо кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн да, ден соолук үчүн да зарыл фактор. Реабилитациялык борбор 13төн 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелүү 30 баланы кошумча билим менен камсыздай алды. Алар ашпозчу-кондитер (15 киши), чач тарач (7 киши), тигүүчү (8 киши) кесиптерин өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Борбордук ачылышына 100дөн ашык киши катышты. Алардын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар, алардын ата-энелери, мектеп-лицейде билим алгандар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү жана журналисттер болду. Баары борбордун иши менен таанышып, тигүүчүлөр ийримине баш багышты.
 
Окуучу кыздар жаңы тигүүчү машинелерде кантип иштеп жатканын көрсөтүп,сайма сайганды көрсөтүп беришти. Чач тарач классында балдар чачты кантип жасалгалаганды үйрөнгөнүн көрсөтсө, айрым балдар чыныгы чеберчилигин далилдей алышты. Ал эми ашпозчу балдар атүгүл айрым кафелерди суктандыра турган кенен ашканасында өздөрү жасаган даамдуу тамактары менен коноктордун курсагын тойгузушту. Мектеп-лицейде окуган дени сак балдар меймандостугун көрсөтүп, курдаштарын – мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды өз камкордугуна алып, окууда жардам берип, эч кимге таарынтпай турганын айтканы, өз алдынча болуп, акча таап баштаганда мындай балдарга сөзсүз жардам берери абдан кубандырды.Бирок эң башкы жана толкундандырган учур – балдарга болгон камкордукка кубанган ата-энелердин жана ошол балдардын туугандарынын реакциясы болду. Алар балдары борбордун адистеринин жардамы менен өз алдынча болуп, келечекте өз бизнесин баштап, коомдун толук кандуу мүчөлөрү боло алышат деген үмүттөрүн жашыра алышкан жок.Ошондой энелердин бири Куралжан УКУБАЕВА өз шаарында борбор ачылганын угары менен ал жакка кызы Нуркызды борбордогу адистештирилген окуу жайдан которгон.
 
Эне кызы бул жерден эле зарыл болгон билимди алып, көндүмдөргө ээ болот деп кубанып, эми үй-бүлөнүн бюджетине да жеңилдик болорун кошумчалады: “Кызым сүйлөй албайт. Эне катары мен үчүн тигүүчүлүк кесипти өздөштүрөрүн укканда кызымдын кубанганы өтө маанилүү.Ал сабактарды калтырбай, өз ишинин кесипкөйү болууну кыялданууда. Мен абдан бактылуумун жана биздин шаарда ушундай борборду уюштурууга жана ачууга жардам берген бардык кайдыгер эмес адамдарга ыраазычылыгымды билдирем”.Куралжан Кара-Көл шаарында төрөлүп, ушул жерде өскөн. Жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, көп жылдар бою №4 орто мектепте химия жана биология мугалими болуп иштеп келатат. Нуркыз кадимки, ден соолугу чың бала болчу. Бирок менингит оорусунан кийин тилден калган. Баланы канчалык даарылашпасын, бирок майнап чыккан эмес. Натыйжада Бишкек шаарындагы адистештирилген мектепке багыттама алышып, алты жашынан баштап 8-классты бүтүргөнгө чейин кыз ошол интернатта билим алган. Куралжан кызы Нуркыз дайыма тигүүчү болгусу келгенин айтты. Бирок Нуркыздын борбордогу окуусун улантуу үчүн үйбүлөнүн финансы мүмкүнчүлүгү жок болчу. Анын үстүнө апасынын санаасы тынчыбай, кызы кантип жалгыз жашайт деп ойлоно берчү.
 
Кокустан социалдык педагог Токтокан Мажиевна аркылуу Кара-Көл шаарында реабилитациялык борбордо тигүүчү курсу ачылганын билип калып, Куралжан көпкө ойлонбостон кызын үйбүлөсүнө жакын которуп, ушул жерде окутууну чечти. 2015-жылдын 11-майында Нуркыз алгачкы сабагына келди. Куралжан кызынын алгачкы ийгиликтерине кубанып, курска баргандан баштап кызы көптү үйрөнгөнүн, үйгө келери менен убактысын текке кетирбестен ар кандай кийимдерди тигерин, сабакты такыр калтырбастыгын, күн сайын барарын жана мугалимин мактап келерин айтып берди.Нуркыз сүйлөбөгөндүктөн мугалими менен кат жүзүндө, болгондо да орус тилинде баарлашат. Анткени атайын мектепте сабактар расмий тилде гана жүрөт. Куралжан ал үчүн баласы жанында болгону өтө маанилүү экенин айтты. Борбордун ачылышына катышкандардын баарына ыраазычылыгын билдирип, аруу-тилегин да айта кетти: “Мектеп-лицейдин имаратында дагы көп бөлмөлөр бар экен. Бул жерде кызыма окшоп муктаж болгондорго тигүүчү цех ачып койсо, алар ушул жерде иштеп, акча таап, өз алдынча болуп,кичи мекенинде эле бактыларын табышмак”.
 
Аталган социалдык тапшырык ийгиликтүү болгонунун далили катары 2015-жылдын 29-июлунда өткөн “Айланабызда бир дүйнө” акциясын атасак болот. Акция маалында Борборго барган мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын колунан жасалган товарлардын жармаңкеси өттү. Тигүүчүлөр өздөрү жасаган буюмдарды – шейшептерди, косметика салчу баштыктарды, телефон үчүн баштыкчаларды, ашканага керек буюмдарды, отургучтар үчүн каптамаларды көрсөтүштү.Бул буюмдар өтө тыкан, мыкты жана кооз жасалгандыктан баарын таң калтырды.Жармаңкедеги бардык буюмдар сатылып кетти. Алганга жетишпей калгандар болсо заказ беришти. Жаш ашпозчулар кулинардык шедеврлерин көрсөтө алышты – май токочтор, куймактар, нандын түрлөрү ошол замат сатылып, шаардагы айрым соода түйүндөрү балдар менен кызматташууга даярдыгын билдиришти. Кесипкөй аспаптары бар чач тарачтар болсо бардык каалоочуларга кызмат көрсөтүштү. Алардын биринчи кардары шаардын мэри болду.Аталган акция калкка Борбордо билим алган балдар эмнеге үйрөнгөнүн айтып берүү жана көрсөтүү, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга кийинки иш жолунда кардар табуу, өз алдынча болуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөдү. Бул акция Борбордун иши жемиштүү жана натыйжалуу болгонун көрсөттү. Эң негизгиси балдар коомго керек болгонун, ал эми коом аларга муктаж экенин сезе алышты.
 
Байланыш үчүн: Кара-Көл шаары: Жалал-Абад облусу, Ленин көчөсү, 1, тел.: 03647 51731, 51803, факс: 52431, моб.: 0771 836 863, электрондук дарек:adm.karakul@mail.ru, мэриядан координатор-ӨМҮРЖАНОВА Кызжибек. “Аймира” КФ: Жалал-Абад ш., Токтогул көч., 46/ 11-батир, моб.: 0772 663122, 0772199591, электрондук дарек: Pf-aymira@mail.ru, omurzhanova79@mail.ru, МАШАЕВА Анаркүл,ЖОЛОЕВА Нургуль.