Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Каргалыктык Фатиманын сыйкырдуу жылмайышы

2015-09-03 / Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык

“Күндүзгү реабилитациялык борборду ачуу менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын адаптациясы жана реабилитациясы” Долбоору.Тапшырыкчы: Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык айылдык аймагы.Аткаруучу: “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду.

Бул окуя Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн беш жаштагы Фатима ЖОЛДОШБЕКОВА тууралуу. ДЦП менен ооруган наристе эч качан бала бакчага барган эмес жана дайыма үйдө отурчу. “Күндүзгү реабилитациялык борборду ачуу менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын адаптациясы жана реабилитациясы” Долбоорунун жардамы менен Фатимада өз жашоосун өзгөртүүгө үмүт пайда болду. Аталган долбоорду муниципалдык социалдык тапшырык аркылуу Тогуз-Торо айылдык аймагы демилгелеп чыккан. Конкурстук тандап алуунун жыйынтыгында анын аткаруучусу болуп “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду тандалып алынган. Долбоор Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоорунун 1 000 000 сом өлчөмүндөгү финансылык жардамы менен жана Өнүктүрүү саясат институтунун техникалык колдоосу алдында ишке ашты. Долбоор ЖМБА-ишчараларын өткөрүүдөн башталып, ага жергиликтүү жамааттан 160тан ашык киши катышты. Натыйжада бардык айылдык аймак үчүн мүнөздүү болгон сегиз артыкчылыктуу көйгөй аныкталды. Андан кийин элдик жыйында көпчүлүк добуш менен бир көйгөй тандалып алынды – “Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын адаптациясы жана реабилитациясы үчүн шарттардын жоктугу”.
 
Фатимага окшогон балдар мектепке кеч барышат жана көрүүгө, угууга, булчуң-сөөк деформациясына байланышкан оорулары тынчын алып турат. Алар калыбына келтирүүчү дарылоо курстарын калтырбаш керек. Көптөргө ортопедикалык операциялар зарыл. Фатима төрөлгөндөн кийин ага дарыгерлер ДЦП деген диагноз койгон. Кыздын ата-энеси үчүн бул өкүм катары жаңырды. Фатиманын үй-бүлөсү Жалал-Абад облусунун алыскы районунда жашайт жана реабилитациялоо курстарына баруу үчүн борборго тез-тез каттай алышпайт. Ал эми аймакта эзели мындай борборлор болгон эмес. Фатимадан тышкары бул жерде 2000 бала жашайт, алардын 80ден ашыгы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп табылган. Бул өтө чоң көрсөткүч. Ошондуктан Каргалык айылдык аймагынын жашоочулары жергиликтүү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү изилдегенде, ушул тапта мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын адаптациясы жана реабилитациясы үчүн шарттардын жоктугу эң актуалдуу маселе экенин аныкташкан. “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунун кызматкерлери социалдык департаменттин адистери менен биргеликте ушундай балдар тарбияланган үй-бүлөлөргө барып, бул категорияга кирген балдарга карата сабырдуу мамилени калыптандыруу үчүн жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин жүргүзүшкөн.
 
Тиешелүү окуудан өткөндөн кийин педагогдордун, ата-энелердин, тарбиячылардын, ыктыярчылардын, жигердүү жергиликтүү тургундардын ичинен 27 киши мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга кам көрүү көндүмдөрүнө ээ болушту. Каргалык АА күндүзгү реабилитациялык борбордун (КРБ) ачылышы үчүн 11 айга Казарман айылындагы имаратты ижарага берди, атайын эмеректер жана зарыл болгон материалдар сатып алынды. Июнда КРБ өз ишин баштаганда эле Фатиманы апасы ээрчитип келди. Ал өз алдынча баса алчу эмес, бирөөгө таянып басчу, үндөрдү жакшы чыгара алчу эмес. Борбордун кызматкерлери баланын психологиясын текшерип, анын өнүгүүсү үчүн жеке план иштеп чыгышты. Сүйлөө, көңүл буруу, иш жөндөмдүүлүк өзгөчөлүктөрүн такай изилдеп отуруп, дайыма коррекциялык-өнүктүрүүчү иштерди жасап, педагогдор алгачкы жыйынтыкты көрсөтө алышты – кыздын жалпы моторикасы, маалыматты кабылдоосу жакшырып, эмоционалдык абалы да өзгөрдү, муундарды жана сөздөрдү байланыштыра баштады. Кыздын апасы Анаркүл ЖУСУБАЛИЕВА үмүтүн үзбөйт жана борбордун педагогдору менен үзгүлтүксүз сабактар, атайын гимнастика жана массаж баласына башкалар менен чогуу мектепке барууга жардам берет деп ишенет. “Фатима өз алдынча басканга аракет жасап калды, музыкага реакция кылат, жөнөкөй бий кыймылдарын аткарат. Биз борборго үзгүлтүксүз барып турабыз, үйдөн да көнүгүүлөрдү жасайбыз.
 
Сабакта Фатима педагог айткандын баарын кылат. Мен баламдын эртең менен маанайы жакшы болгонун байкадым, ал борборго кубанып барат. Башында оор болгон, бирок тырышчаактык менен жакшы натыйжага жетебиз деп ишенем”, - деп айтып берди Анаркүл. “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунан долбоордун координатору Масуда АНАРБАЕВА бул долбоор балдарга өтө зарыл жана пайдалуу болгонун белгилейт: “Тогуз-Торо районунда эч качан КРБ болгон эмес. Ошондуктан бул долбоор бардык жашоочулар үчүн өтө маанилүү болуп калды. Дээрлик бардыгы, өзгөчө ата-энелер анын ачылышына кубанышты. Бул жерде баарлашып, тажрыйба бөлүшүп, пайдалуу маалыматтарды бири-бирине жеткирип, жалпы көйгөйдү чогуу чечүү мүмкүнчүлүгү бар. Биздин практикада бул түштүк региондогу жетинчи борбор. Ошондуктан бул көйгөйдөн кабардарбыз жана аны түшүнөбүз. Менимче, муниципалитеттер КРБнын ишин улантуу үчүн мүмкүн болушунча көп аракет жумшаш керек. Анткени ал мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн өтө маанилүү”. Долбоорду ишке ашырууга балдардын ата-энеси менен чогуу мындай балдардын тагдырына кайдыгер карабаган адамдардын да активдүү катышып жатканы өтө маанилүү.
 
Мүмкүнчүлүгүнө жараша алар колдон келген жардамын берип жатышат. Мисалы, Казарман айылынын жашоочусу Алтынай ЖЕҢИШОВА 4000 сомго, ата-энелер 3000 сомго борбор үчүн атайын оюнчуктарды сатып алышкан. Ал эми ИМАНАЛЫ кызы ЭЛЛАДАнын апасы борборго ДЦП менен ооруган балдар үчүн 5 миң сомдук атайын отургучту сатып берген. Негизги чыгашалардан тышкары долбоордун алкагында “Ар бир балага үй-бүлө” КФ жалпы суммасы 20 775 сомго эмерек, тиричилик бумюдарын, оюнчуктарды сатып берген.Бүгүнкү күндө “Зирек” КРБда 25 бала бар жана ар бири үчүн жеке өнүгүү планы иштелип чыккан. Каргалык ААнын жергиликтүү кеңеши долбоор жыйынтыкталгандан кийин эки айдын аралыгында борбордун алты кызматкерине маяна төлөп берүү тууралуу чечимди бекиткен. Ушул эле маселе 2016-жылга бюджет долбоорунда каралмакчы.Анда борбордун кызматкерлеринин маянасы тууралуу өзүнчө берене киргизилет. Эгерде бул ишке ашып калса, анда долбоордун туруктуулугу да камсыздалат, ошондой эле Каргалык айылдык аймагында гана эмес, жалпысынан Тогуз-Торо району боюнча да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн КРБ узак мөөнөткө иштеп калмак.
 
Байланыш үчүн: Каргалык АӨ: Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Акимбаев көч., 110, тел. (03738) 50250, (0777) 158438, электрондук дарек: doolotov70@mail.ru, айыл өкмөттөн долбоордун координатору ЧОКОНБАЕВА Майрамбү. “Ар бир балага үй-бүлө” КФ: Ош ш., Масалиев ат. конуш, 94/25,тел.: (03222) 56590, 0772 206 537, 0558 447 343, электрондук дарек: masuda.anarbaeva@mail.ru, familytoeverychild@list.ru, ЭШМУРАТОВА Зайнап, АНАРБАЕВА Масуда.