Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандагы алты муниципалитет МСЗнын жардамы менен социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн КЭУну тарта баштады

2019-11-20 / Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык
Кыргызстандагы алты муниципалитет МСЗнын жардамы менен социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн КЭУну тарта баштады

2019-жылдын июль айында Чүй облусунун Ленин, Узун-Кыр жана Кызыл-Октябрь айылдык аймактары коомдук пайдалуу долбоорлорду (КПД) ишке ашырууга коммерциялык эмес уюмдардын арасында конкурс өткөрүштү. КПД артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырылып жатат.

Пландалып жаткан коомдук пайдалуу долбоорлордун темалары жана максаттары

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ

Темасы: «Балдарды жана жаштарды жергиликтүү жамааттын социалдык турмушуна тартуу жана адамдын потенциалын күчтөндүрүү, адамдар ортосундагы байланыш түзүү көндүмдөрүн жана жүрүм-турум маданиятын жакшыртуу аркылуу алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн шарттарды түзүү».

Долбоордун максаты: балдарды жана жаштарды жергиликтүү жамааттын социалдык турмушуна тартуу жана адамдын потенциалын күчтөндүрүү, адамдар ортосундагы байланыш түзүү көндүмдөрүн жана жүрүм-турум маданиятын жакшыртуу аркылуу алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн шарттарды түзүү.

Долбоордон күтүлгөн жыйынтыктар:

  • Балдар жана жаштар өз ара баарлашуу көндүмдөрүн жакшыртып, коомдо өзүн алып жүрүү маданияты тууралуу билимин тереңдетишет.
  • Балдар жана жаштар катылып жаткан таланттарын ачыкка чыгарып, өзүнүн адамдык потенциалын күчтөндүрө алышат.

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ

Темасы: «Балдар – биздин келечегибиз»

Долбоордун максаты: Бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу аркылуу өспүрүм курактагы балдардын дараметин ачуу, турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Долбоордун тапшырмалары: Балдардын дараметин ачууга, турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк болчу иш-чараларды өткөрүү.

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ

Темасы: «Балдар үчүн бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу»

Долбоордун максаты: Балдардын маданий жана интеллектуалдык өнүгүүсү, дараметин ачуу үчүн шарттарды түзүү.

Долбоордун тапшырмалары: 

  • 7 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдардын мектептен кийинки бош убактысын пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу
  • Балдардын дараметин ачып берүү.

2019-жылдын 17-июлунда Бишкекте «Гранттык комиссияны тандап алуунун жол-жоболору» деген аталышта тренинг өттү. Бул тренинг Чүй облусунун Узун-Кыр, Ленин жана Кызыл-Октябрь айылдык аймактарынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, Ош жана Нарын шаардык мэриялары үчүн өткөрүлдү.

2019-жылы жогоруда аталган бардык муниципалитеттер коомдук пайдалуу долбоорлорду (КПД) ишке ашырууга коммерциялык эмес уюмдардын арасында конкурс жарыялап, аны өткөрүшкөн.

КПД артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган мамлекеттик социалдык заказдын (МСЗ) алкагында ишке ашырылышы керек эле. Ушул тапта өтүнмөлөрдү кабыл алуу процесси жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү коммерциялык эмес уюм аныкталат. Бул КЭУ келечекте жергиликтүү маанидеги маселелерди (ЖММ) чечүүгө багытталган коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырмакчы.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга МСЗнын формалары, аны ишке ашыруунун тартиби, кулактандыруунун жана конкурстарды өткөрүүнүн жол-жоболору, Гранттык комиссияны түзүү жана анын иш тартиби, конкурсту өткөрүү, долбоордук сунуштарды баалоо, жыйынтык чыгаруу жана келишимдерди түзүү тууралуу маалымат берилди.

Жогоруда сөз болгон үч муниципалитеттин иш планына ылайык, 2019-жылдын 19-июлунда Бишкекте мамлекеттик социалдык заказдын (МСЗ) механизмин жайылтуу чөйрөсүндөгү эки маанилүү иш-чара өттү:

Чүй облусунун үч айылдык аймагы – Ленин, Узун-Кыр жана Кызыл-Октябрь АА жайгаштырган мамлекеттик социалдык заказдын алкагында долбоорлорду каржылоого конкурска катышууга кызыкдар болгон КЭУ өкүлдөрү менен маалымат берүүчү жолугушуу өттү.

Тренингге катышуу үчүн өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) 12 өкүлү үчүн тренинг өттү.

Маалымат берүүчү жолугушуунун жүрүшүндө Ленин, Узун-Кыр жана Кызыл-Октябрь айылдык аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) өкүлдөрү катышуучуларга конкурска катышуунун жол-жоболорун жана талаптарын түшүндүрүп берип, катышуучулардан түшкөн суроолорго жооп беришти.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө кызыкдар КЭУ үчүн «Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду тандап алчу конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү даярдоо» деген темада тренинг өттү. Тренингдин алкагында КЭУ катышуучулары тренер менен чогуу төмөнкү суроолорду карап чыгышат:

  • Мамлекеттик социалдык заказ деген эмне?
  • Коомдук пайдалуу долбоор деген эмне жана КЭУ аны ишке ашырууга кантип катыша алат?
  • Муниципалитеттер МСЗнын алкагында КЭУнун жардамы менен кандай социалдык маселелерди чече алышат?
  • МСЗнын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду аткарууга өтүнмөнү кантип толтуруп, кантип тапшырыш керек?
  • КЭУну карап чыгуунун жана тандап алуунун кандай жол-жоболору бар?

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн өкүлү Бактыгүл АЙДАРБЕКОВА катышуучуларга Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айылдык аймагындагы МСЗ долбоору тууралуу кенен айтып берди: «Бул жылы коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу үчүн МСЗ долбоору боюнча жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом бөлүндү. Бул долбоор өспүрүм курактагы балдардын дараметин ачып, алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүн уюштуруу аркылуу турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүү максатын көздөдү. Калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгын аныктоо боюнча жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, 12 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балдар өзгөчө камкордукка муктаж экен. Ушул тапта мындай топторго 250 бала кирет, алардын 120сы – эркек балдар, 130у – кыздар. 37 өспүрүмдүн катышуусу менен өткөрүлгөн фокус-топтор өспүрүмдөр чоңойгон сайын кайсы көйгөйлөргө көбүрөөк туш болгонун аныктап чыкты. Балдарда акыл-эсин өнүктүрчү иш-чаралар уюштурулбаганы белгиленди. Себеби бош убакытты пайдалуу өткөрүү үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Рынок экономикасынын өсүшү менен, ата-энелер күнүмдүк жашоого акча табуу менен гана алек болуп калышты. Алар балдарды тарбиялоого талаптагыдай көңүл бура албай жатышат. Үй тиричилигинде балдардын эмгегин колдонгон учурлар көбөйдү. Өспүрүм курактагы балдардын мойнуна кичүүлөрдү багуу, мал кароо, үй тиричилигинде жардам берүү өңдүү милдеттер жүктөлгөн. Балдардын артыкчылыктары үй-бүлөдө да, жамаатта да эсепке алынбай келет. Баланын намысына тийген тарбиялоонун терс ыкмалары, анын ичинде күч колдонулган жана психологиялык зомбулук үй-бүлөдө да, мектепте да бар. Бала ата-энесине өз көйгөйлөрүн, аны эмнелер тынчсызданыдырып жатканын ачык айта албайт. Себеби ата-энелердин колу бош эмес же балдар менен сүйлөшүп туруу зарыл экенин түшүнүшпөйт. Ушул себептен балдардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө шарт түзгөн кызмат көрсөтүүнү уюштуруп, алардын потенциалын ачып берүүгө, чыгармачыл же сынчыл ой жүгүртүүгө көмөктөшүш керек. Бала өз алдынча чечим кабыл алганды, өзүн контролдогонду, чечимдер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганды үйрөнүшү керек. Балада өзүнө болгон ишенимди пайда кылып, анда лидердик сапаттарды өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле бала башкалар менен тил табышканды билиши керек. Мындай көндүм балдарга чогуу чечим кабыл алганды, баарлашууну, мамиле түзгөндү, бири-бирине күйүп, турмуштагы кыйынчылыктарды жеңе билгенди, сергек жашоо жүргүзгөндү үйрөтөт. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 2019-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айлары».

Ал арада Каракол шаардык мэриясы мамлекеттик социалдык заказ[1] (МСЗ) механизминин жардамы менен ишке ашырыла турган эки коомдук пайдалуу долбоор ишин баштаганын жарыялады. Конкурстун жыйынтыгы менен «Балдарга тирек» Коомдук фонду «Ата-энеси эмгек миграциясында жүргөн балдар» аттуу долбоорду ишке ашыруу үчүн, ал эми «Улукман дарыгер» Коомдук бирикмеси «Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар» аттуу долбоорду ишке ашыруу үчүн тандалып алынды.

«Эки долбоорду ишке ашыруу үчүн Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн жалпы сумма 400 миң сомду түзөт. Долбоорлор жылдын этегине чейин ишке ашырылат. Жакын арада үчүнчү долбоорго конкурс жарыяланат. «Коомдук тартипти сактоо» деп аталган долбоор туруктуу жашаган жери жок адамдар менен иш алып барууга багытталат», – деп айтып берди Каракол ш. финансы башкармалыгынын жетекчиси Г. ТОЛУМБЕКОВА.

Ошентип, Каракол коммерциялык эмес уюмдарды (КЭУ) артыкчылыктуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө тартып, алар менен кызматташтыктынжаңы формасын колдоно турган Кыргызстандын тарыхында үчүнчү шаар болуп калды. Каракол мэриясы КЭУнун алдына так тапшырманы койду – эмгек мигранттарынын балдарынын кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга зарыл болгон жардамды жана колдоону камсыз кылуу үчүн КЭУдан идеяларды жана сунуштарды алууну чечти.

Ленин, Узун-Кыр жана Кызыл-Октябрь айылдык аймактары, Ош, Нарын жана Каракол шаарлары «Социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин дараметин күчтөндүрүү» Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) өнөктөштөрү болуп эсептелинет. Аталган долбоорду АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Биргелешип башкаруу боюнча программасы аркылуу каржылайт жана аны Ист-Вест Менеджмент Институту ишке ашырат. Бул долбоордун алкагында ӨСИ мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказды практикада колдонууга даяр болгон муниципалитеттерди тандап алды. ӨСИ МСЗны ишке ашыруунун бардык этаптарында – артыкчылыктуу көйгөйдү аныктап алгандан баштап, КЭУну тандап алып, долбоордун аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө чейинки бардык баскычтарда муниципалитеттерге консультациялык жардам берип келатат. Биргелешип башкаруу боюнча программа (ББП) Кыргыз Республикасындагы жарандык коом менен мамлекеттик органдардын ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкка көмөкчү болот. Программаны АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылап, Кыргыз Республикасындагы Ист-Вест Менеджмент Институту ишке ашырууда.

 

________________


[1] 2017-жылы «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалитеттин аймагындагы социалдык көйгөйлөрдү коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен чечүү үчүн социалдык заказды жайгаштырууга жол ачты. Сөз болуп жаткан үч муниципалитет Чүй облусунда биринчилерден болуп мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга конкурс жарыялашты.