Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Катрандагы биринчи класстын окуучулары “бешке” гана окуй турган болду

2015-09-04 / Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык

Долбоор: “Балдардын билим берүүсүнө инвестициялар”. Тапшырыкчы: Катран айылдык аймагы, Лейлек району, Баткен облусу.Аткаруучу: «Инсан-Лейлек» коомдук фонду.

Мектепке чейинки курак – бул ар бир баланын өнүгүүсүндөгү өтө маанилүү учур. Бул маалда башка балдар жана улуулар менен байланыш түзүү көндүмдөрү өнүгөт. Ошондой эле кубануу, кейүү, жаңы жана кызыктуу нерселерди таанып-билүү жөндөмдүүлүгү пайда болот. Бала жетилген сайын анын эмоционалдык дүйнөсү да кеңейип, байый баштайт. Бала бакча – бул социумдагы жашоонун алгачкы көндүмдөрү кабыл алынган жер: баарлашуу, билим алуу, тарбия. СЕЙДАХМАТОВдордун үй-бүлөсүндө сегиз, беш жана үч жаштагы үч бала бар. Финансылык жана турмуш кыйынчылыктарына карабастан ата-эне дайыма үйдө шарт түзүп, балдарын жакшы тамак тандырып, кийинтүү үчүн тынбай иштеп келет. Бирок акча такыр эле жетишсиз болуп калганда балдардын атасы Орусияга иштеп келүүнү чечет. Ал Москванын жанындагы айылдардын биринде ишке кирет.
 
Анткен менен акыркы айларда үй-бүлөсүнө акча жиберүү мүмкүнчүлүгү болбой калды.Күйөөсүнөн жардам күтө берип чарчаган Бүүсайра эки баласы менен айылдыктардын малын багууну чечти. Орусияга кеткенден кийин бир жылдан кийин гана атасы акча жибере алды.Ал маалда улуу баласы мектепке барып калган. Бирок мугалимдер бала тамгаларды, жазганды, санаганды да билбей турганын айтышат. Ал эми үй-бүлөнүн эң кичүүсү, үч жаштагы Мухамадали ойноок жана активдүү бала. Бүүсайра Мухамадалини да улуу баласынын тагдыры күтүп турганын түшүндү – атасы жанында жок, өзү болсо кечке үй иштери менен алек, бала менен эч ким алектенбейт. Ушундан улам Бүүсайра Мухамадалини бала бакчага орноштурууну чечти. Катран айылдык аймагы – эң алыскы муниципалитеттердин бири. Катран айылында болгону бир бала бакча бар. Аймакта мектепке чейинки курактагы миңден ашык бала жашаганына карабастан бала бакчага 132 бала гана барат. Жыл сайын эки жүздөй бала мектепке эч даярдыксыз келет.
 
Дал ушул көйгөй аймактагы коомдук угууда эң маанилүү жана биринчи кезекте чечилүүгө тийиш катары аныкталды. Ал эми коомдук угууну Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоорунун финансылык колдоосу алдында Өнүктүрүү саясат институту уюштурган.Аталган долбоор муниципалдык социалдык тапшырыкты жайылтуу аркылуу артыкчылыктуу социалдык көйгөйдү чечүүнү караштырат. Бирок адегенде 333 киши катышкан ЖМБА-сессиясынын жардамы менен аймактын эң көйгөйлүү беш маселеси аныкталды.Андан кийин элдик жыйында көпчүлүктүн добушу менен мектепке чейинки курактагы балдардын билим деңгээлин жогорулатуу темасы артыкчылыктуу болуп тандалды. Аймактын калкы бир добуш менен бардыгы үчүн маанилүү жана актуалдуу болгон тапшырманы кандай гана болбосун чечиш керек деген пикирге келди. Муниципалдык социалдык тапшырыктын аткаруучусу болуп, конкурстун негизинде “Инсан-Лейлек” коомдук фонду тандалып алынды.
 
Аталган фонд “Балдардын билим берүүсүнө инвестициялар” долбоорун сунуштаган. Аталган долбоор агартуучу, чыгармачыл жана оюн кызыгуусун өнүктүрүп, ата-энелер жана педагогдор менен баарлашуу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн шарт түзүү жолу менен балдарды мектепке даярдоону уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүгө багытталган.Бүүсайра айылда көпчүлүк үй-бүлөлөрдө балдарын мектепке даярдоо мүмкүнчүлүгү пайда болгонун угар замат биринчи болуп келип, Музамада лини жаздырып кеткен. “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун кызматкерлери бала бакчанын тарбиячылары менен биргеликте үймө-үй кыдырып, атаэнелер менен сүйлөшүп, мектепке чейинки билим берүүгө муктаж болгон 180 баланын тизмесин түзүп чыгышкан. Ошентип 2ден 6 жашка чейинки 75 бала үчүн “Алтын-Бешик” деп аталган бала бакча ушул жылдын 8-майында ачылды.
 
ЖӨБ органдарынын, айыл тургундарынын, бала бакча жамаатынын биргелешкен аракеттери жана албетте Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоорунун миллион сом түрүндө салымы менен аймак үчүн көпкө күтүлгөн, өтө маанилүү мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды.Бул көйгөйлүү маселени биргелешип чечкен аймак тургундары бул жалпы жеңиш болгонун, ага эч ким кайдыгер карабаганын белгилешти.Бала бакчанын жаңы имараты эмерек, шаймандар,акыл жөндөмүн өстүрчү оюндар менен жабдылды. Педагог тарбиячылар окуудан өттү. Алар үчүн Исфана шаарындагы жана Кара-Булак айылындагы ийгиликтүү бала бакчаларга тажрыйба алмашуу сапарлары уюштурулду. Бул бала бакчалар билим берүүнүн инновациялык усулдары менен иштейт. Жаңы бала бакчадан балдардын өнүгүүсү, аларды мектепке даярдоо үчүн абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары агартуучу жана чыгармачыл кызыгууну өнүктүрүү үчүнинтерактивдүү усулдарды колдонуу менен түрдүү сынактар жана оюндар өткөрүлүп турат.
 
Мухамадалинин энеси Бүүсайра СЫДЫКОВА буларды айтты: “Мен кичүү балам үчүн тынчсызданып жүргөм. Ал мектепке эч даярдыксыз барып, башкалардан артта калып, эң негизгиси үй-бүлөсүнүн колу жука болгону үчүн өзүн ыңгайсыз сезеби деп коркком.Эми болсо Мухамадали окуганды билет, санаганды үйрөндү, айлана-чөйрөнү тааный баштады,Кыргызстанда да болбогон экзотикалык жаныбарлардын аталышын билет, түстөрдү айырмалап калды, сүрөт тартат жана ырдайт. Бир жолу үйгө келип,атасына кат жазарын айтып, “ата, тезирээк кайтып келчи” деп биринчи сөздөрүн жазды” Аймакта мектепке чейинки билим берүүнү колдоо – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен КЭУнун кызматташтыгынын алкагында социалдык муниципалдык тапшырыкты ишке ашыруунун ийгиликтүү мисалдарынын бири. “Биздин ЖӨБдо мектепке чейинки билим берүүгө тартылган балдардын саны өтө төмөн болчу. Ошондуктан балдар мектепке эч даярдыксыз келчү. Бала бакча ишке киргенден баштап, балдардын мектепке даярдык деңгээли өстү, бул болсо биздин ЖӨБдо балдар “бешке” гана окуй турганын билдирет”, - деген ишенимде турат Катран айылдык аймагынын башчысы Абдыкасыт ИСАЕВ.
 
Байланыш үчүн: Катран АӨ: Баткен облусу, Лейлек району, Катран айылы, тел.: 03656 60142, моб.: 0779 326 369, 0773 515 900, электрондук дарек: katran_su@mail.ru. Айыл өкмөтүнөн долбоордун координатору – БАПОВ Сейдакмат. “Инсан-Лейлек” КФ: Исфана ш. (Баткен облусу), Стадионная көч., 1, тел.: 03656 50104,моб.: 0773 427 932, 0770 691 184, электрондук дарек: insan_leilek@rambler.ru, СЕЙДАЛИЕВ Сагынбек, Гульнара ДЕРБИШЕВА.