Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сумбулалык Акбермет мектепке даяр

2015-09-11 / Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык
Сумбулалык Акбермет мектепке даяр

Долбоор: “Коммуна (Сары-Дөбө) айылында мектепке чейинки би- лим берүү борборун ачуу”.Тапшырыкчы: Сумбула айылдык аймагы, Лейлек району, Баткен облусу.Аткаруучу: “Белек” коомдук фонду.

Кыргызстандын көпчүлүк элеттик жана шаардык муниципалитеттеринде мектепке чейинки билим берүүгө жана балдардын тарбиясына байланышкан көптөгөн көйгөйлөр бар. Өзгөчө бул маселе алыскы айылдарда курч турат. Адатта көйгөйдүн бир эмес, бир нече себеби бар. Анын ичинде талапка ылайык жайдын, финансы мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу, квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги. Мындай кырдаал көп убакыт бою Баткен облусунун Лейлек районундагы Сумбула айылдык аймагынын Сары-Дөбө айылында да түзүлүп келген.Сары-Дөбө айылында эле мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган 2ден 6 жашка чейинки балдардын саны 120га жетет. Мектепке чейинки курактагы балдар толук кандуу билим алып ойноп, тарбиячылардын көзөмөлүндө, курдаштарынын катарында жетиле тургандай шарттар менен балдарды камсыздоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги максаты болуп,айыл тургундары арасында кызуу талкуулардын предметине айланган.
 
Бул көйгөй айылда жашаган жаш үй-бүлөлөрдүн көбүнө тиешелүү. Жаш энелер балдарын бала бакчага орноштура албагандыктан кыйналып, ар кимиси маселени өз алдынча чечип келген. Алардын катарында жергиликтүү орто мектепте биология жана химия мугалими болуп иштеген Сүйүмкан ТОЛУБАЕВА да бар. Аял беш жаштагы кызы Акберметти эч кимге калтыра албай, жумушка ээрчитип келүүгө мажбур болчу. Мугалимдин айтымында, баласынын дайыма класста отурганы сабак берүү процессин татаалдаштырып,кызы да кыйналып кеткен. Ошондуктан Акбермет жайы-кышы мектептин короосунда ойноп жүрчү.Апасын бул жагдай тынчсыздандырганы менен сабактан алагды болууга акысы жок эле. Туңгуюк абал түзүлгөн... 2012-жылы Сумбула айылдык аймагы “Муниципалдык тапшырыктын негизинде жергиликтүү жамааттын социалдык чөйрөдөгү артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө БӨУ менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү” Долбоорунун пилоттук муниципалитети болуп калган.
 
Бул долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоору бир миллион сом өлчөмүндө каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат. Долбоордун жардамы менен аймактын 207 тургуну ЖМБАиш-чараларына катышып, алты артыкчылыктуу көйгөйдү аныктап чыгышкан. Андан кийин элдик жыйында көпчүлүктүн добушу менен “Коммуна  (Сары Дөбө) айылында мектепке чейинки курактагы балдардын жетилүүсүнүн төмөн деңгээли” көйгөйү артыкчылыктуу деп табылган.Ал муниципалдык социалдык тапшырыктын негизин түзүп, ААнын аймагында биринчи жолу ишке ашырылган. Социалдык тапшырыктын аткаруучусу болуп конкурстун негизинде Баткен облусунун Исфана шаарында катталган “Билек” коомдук фонду табылган. Социалдык долбоорлорду жана мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашырууда тажрыйбасы жок болгонуна карабастан “Билек” КФ толук жана сапаттуу долбоордук табыштаманы сунуштаган. Анда пландалган техникалык жабдуу гана камтылбастан, ошону менен бирге программасы да жакшы ойлонуштурулган. Сумбула АА менен келишим түзүп, фонд 2015-жылдын башында социалдык тапшырыкты ишке ашырууга киришти.
 
Бул долбоордун жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү борбору ачылган. Бул жерде капиталдык ремонттук монтаж иштеринен тышкары борбордо иштей турган адистер тандалып алынды. Алар: борбордун жетекчиси, эки тарбиячы жана тарбиячынын жардамчысы. Квалификациясын жогорулатуу максатында алар үчүн 12 күндүк “Алтын ачкыч” программасы боюнча окуулар, “Бала бакчаларда санитардык эрежелер” жана “Бала бакчаларды өзгөчө кырдаалдарга даярдоо” темаларына тренингдер өткөрүлгөн. Тажрыйба алмашуу үчүн Исфана шаарындагы бала бакчаларга окуу сапарлары уюштурулган. Ал жерде окуучулар оң тажрыйбалар менен бөлүшүп, пикир алышып, балдар менен иштөөдө жаңы усулдар тууралуу маалымат алышкан.Акберметтин жана башка көптөгөн балдардын багына 2015 жылдын 15-майында Борбор өз эшигин ачып, ал жакка үчтөн беш жашка чейинки 58 бала кирди. Борбордо окуу үчүн зарыл болгон бардык шарттар гана эмес, ошондой эле Акбермет жана башка балдар ойноп, жетилип, дүйнө таанып, биринчи класска даярдануусу үчүн жагымдуу маанай да түзүлдү. Акберметтин апасы башка ата-энелердей эле альбом, дептер, карандаш, китептерди жана окуу үчүн зарыл болгон башка буюмдарды сатып алышты.
 
Сүйүмкан ТОЛУБАЕВА ойпикири менен мындайча бөлүштү: “Ушундай борбор ачылганына кубанып турам. Мурда балам үчүн тынчсызданып, ишке көп жакшы көңүл бура алчу эмесмин. Өзгөчө кышында эрте эле караңгы киргенде кыйын болчу. Анткени баланы үйдө камай албайсың да. Эми болсо кызым үчүн санаам тынч. Ал тарбиячылардын ишенимдүү көзөмөлү алдында, курдаштарынын чөйрөсүндө билим алып, түрдүү багыттарда өнүгүүдө. Азыр эле санаганды, жазганды, ырдап, бийлегенди, өз оюн так билдиргенди үйрөнүп калды. Эми ал мектепке даяр деп ишенимдүү айта алам. Ал мектептен кыйналбайт”. Дагы бир жетишкендик – Долбоор жыйынтыкталгандан кийин борбор бир күн бою иштеген бала бакча катары ишин уланта берет. КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 11 кызматкердин маянасын төлөп берүү убадасы берилди.Штаттык ырааттамада мекеменин жетекчиси, эки тарбиячы, тарбиячынын эки жардамчысы, бир кароолчу, бир ашпозчу жана техникалык кызматкерлер бар.
 
Имаратты күтүүгө, анын ичинде коммуналдык чыгашалар жергиликтүү бюджеттен каржыланмай болду. Ал эми балдардын тамактануусу үчүн акча ата-энелер фондунан бөлүнөт.Аймак боюнча баары болуп мектепке чейинки курактагы 120 бала бар. Алар мектепке чейинки билимге муктаж. Борбор болсо 58 балага эсептелген.Буга карабастан Сумбула АА үчүн бул долбоорду ишке ашыруу мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк өңдүү маанилүү маселени чечүүдө чоң ийгилик болду. Ал эми ЖӨБ органдарынын, КЭУнун жана жергиликтүү жамааттын биргелешкен аракеттери бардык маселени чечсе болорун далилдеди.Байланыш үчүн:Сумбула АӨ: Лейлек району, Баткен облусу,Андарак айылы, Достук көч., моб.: 0770 410 304,0777 008 586, электрондук дарек: sumbula01@mail.ru, айыл өкмөтүнөн долбоордун координатору –ДЖУРАЕВ Абдураим.“Билек” КФ: Исфана ш. (Лейлек району, Баткен облусу), Кошмуратов көч., 7, тел.: (03656)50132, факс: 50132, моб.: 0771357 030, электрондук дарек:Ngo-bilek@yandex.ru/ janatay@rambler.ru, НАБИЕВА Аида, АСАНОВА Жанатай.