Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда муниципалдык менчикти башкаруу: жылыштар, көйгөйлөр жана жаӊыча мамиле

2014-02-14 / ЖӨБ ресурстары
Кыргызстанда муниципалдык менчикти башкаруу: жылыштар, көйгөйлөр жана жаӊыча мамиле

Муниципалдык менчикти жана жерлерди ачык-айкын эмес жана акыйкатсыз башкаруу коррупциянын өсүшүнө алып келет жана жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды начарлатып, жанжалдарга себеп болуп, социалдык туруксуздукка көмөктөшөт. Анткен менен муниципалдык менчикке байланышкан укук бузуулар коррупциялык курамага гана ээ болбостон, ЖӨБ жетекчилигинин жана кызматкерлеринин муниципалдык менчикти башкаруу маселелеринде билим деңгээлинин төмөндүгүнө байланыштуу да пайда болууда. Бул маселени чечүүгө көмөктөшүү үчүн Өнүктүрүү саясат институту муниципалдык менчикти башкаруу менен алектенген шаардык муниципалитеттердин кызматкерлеринин дараметин жогорулатууга багытталган долбоорду1 ишке ашырды. Долбоордун алкагында ЖӨБ эксперттери жана кызматкерлери үчүн окуу гана уюштурул бастан, Кыргыз Республикасынын шаарларында муниципалдык менчикти башкаруунун абалын мүнөздөгөн аналитикалык сереп да жасалды. “Муниципалитет” журналы аналитикалык сереп жана жалпысынан долбоорду аткаруунун негизинде түзүлгөн маалыматтар менен бөлүшүүгө кубанычта.

 
2007-жылдан 2013-жылга чейин муниципалдык менчикти башкаруунун сапатынын динамикасы
 
Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда муниципалдык менчикти (ММ) башкаруунун абалына тең салмактуу баа берүү үчүн 2013-жылдын август айында Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттик менен өнөктөштүктө ЖӨБдүн бир катар шаардык жана айылдык органдары арасында сурамжылоо жүргүздү. Алдын ала иштелип чыккан анкета-сурамжылоо 2010-2012-жылдар мезгилинде муниципалдык менчикти башкаруунун өзөктүү аспекттери боюнча 30 суроону камтыган. Анкета бардык шаарларга жана элеттик муниципалитеттердин бир бөлүгүнө таратылган. Анткен менен жооптор 11 шаардан жана 10 айылдык аймактан алынган.ММ башкаруунун абалына карата динамиканы, прогрессти баалоо үчүн ӨСИ эксперттери 2013-жылдагы сурамжылоонун жыйынтыгын 2007-жылда жүргүзүлгөн ушул өңдүү сурамжылоо менен салыштырышкан. Бул салыштыруу 6 жыл ичинде шаарларда муниципалдык менчикти башкаруунун сапаты канчалык өзгөргөнүн көрүүгө жардам берет. 1-таблицада бул салыштыруунун негизги натыйжалары келтирилген, алар ММ башкарууда иштердин абалынын динамикасына карата айрым тыянактарды жасоо мүмкүнчүлүгүн берет.
 
Шаарларда ММ эсепке алуу жана инвентаризация жүргүзүлөт, бирок маалыматтар жамааттар үчүн белгисиз бойдон калууда
 
Муниципалдык менчиктеги объекттерге инвентаризация иш жүзүндө 11 шаардын тогузунда жүргүзүлгөн. Сурамжылоого катышкан 11 шаар тең ММ инвентаризация жүргүзгөнүн көрсөткөнү менен, эки шаарда – Кара-Балтада жана Кадамжайда инвентаризация жарым-жартылай өткөрүлгөн. 10 шаарта объекттердин толук реестри бар. Анткен менен 3 шаар гана ММ реестрлерин маалымат тактасында жарыялоо зарыл деп тапкан. Алар: Нарын, Талас, Токмок. Ушуну менен бирге алынган реестрлердин анализи көрсөткөндөй, дээрлик эч жерде ММ объекттерин эсепке алуу тууралуу Типтүү жобого киргизилген реестрлер форматы сакталган эмес. Аталган Типтүү жобо КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жана аткарылууга милдеттүү деп эсептелет. Ошентип, көпчүлүк шаарларда инвентаризация жүргүзүлгөнүнө карабастан анын натыйжалары тууралуу маалыматтар коомчулукка көп деле маалым эмес. Ушуну менен бирге 2007-жылга салыштырмалуу жагдай өтө деле өзгөргөн эмес.
 

ММ объекттерин мамлекеттик каттоо: олуттуу прогресс көзгө урунат

Муниципалдык объекттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн абалы өтө начар деген калыптанып калган пикирлерге карабастан 11 шаардын 9у өз объекттерин ККМУКДнын жергиликтүү каттоо органдарында каттатып алышкан. Ушуну менен бирге өз объекттерин каттаганы тууралуу шаарлардын үлүшүолуттуу өскөн – 2007-жылдагы 28 пайыздан2013-жылдагы 28 пайызга чейин. Албетте бардык эле объекттер толугу менен катталган эмес жана толук эмес каттоонун же ал болбогондун себеби – каржы маселеси. Анткен менен мамлекеттик каттоо – мамлекеттик болсо да, акыга жана арзан турбаган кызмат көрсөтүү. Анткен менен муниципалдык менчиктин кирешелеринен пайданы бардык муниципалитеттер алат. Техникалык паспортторду жоготуп алуу, укук орнотуучу баштапкы документтерге жана башка документтерге эч бир шаар шилтеме жасаган эмес. Бирок мындай көйгөй бар.

ММ башкаруу боюнча жергиликтүү  ченемдик укуктук акттар (ЧУА) эми бардык шаарларда бар

Кадамжайдан тышкаркы сурамжылоого катышкан бардык шаарларда ММ объекттерин берүүнүн тартибин жөнгө салган жергиликтүү ЧУА бар. Бул олуттуу өзгөрүү, анткени 2007-жылы шаарлардын 28% гана жергиликтүү ЧУА бар болчу. Ушуну менен бирге беш шаар колдонуудагы мениктештирүү программасына, эки шаар ММ башкаруунун программасына ээ, эки шаарда жерлерди жеке турак жай курулушуна берүүнүн планы бар.Сынактык жол-жоболор (тооруктар) бардык жерде колдонулат 11 шаардын алтоондо бардык объекттерди ижарага же менчикке берүүгө тооруктардын жол жоболорун колдонушат, ал эми эки шаар тоорукту жарым-жартылай колдонууда. Калган шаарлар бир жылга чейинки мөөнөткө объекттерди сынак өткөрбөстөн берүү мүмкүнчүлүгүнөн колдонууну уланта берүүдө. 2007-жыл менен салыштырмалуу кырдаал бир топ жакшырган – ал учурда шаарлар сынактык жол-жоболорду таптакыр колдончу эмес.ММ башкарууда макулдашылган саясать анализге оӊой менен берилбейт Кадамжайды кошпогондо, сурамжылоого катышкан бардык шаарлар ММ объекттин пайдалануучулары жана ижарага алуучулары менен милдеттүү түрдө жазуу түрүндөгү келишимдерди түзөөрүн айтышкан. Анткен менен катталган объекттердин жана аларды пайдалануу боюнча колдонуудагы келишимдердин санына жасалган анализ ушул шаарларда олуттуу айырманы көрсөттү.Жалпысынан ММ объекттерине карата шаарлардын макулдашылган саясатына жасалган анализ көбүрөөк аракеттерди талап кылат. Анткени колдогу маалыматтар боюнча анын айкындуулугу жана адилеттүүлүгү тууралуу тыянак чыгаруу мүмкүн эмес. Бул болсо 2007-жылдагы да, 2013-жылдагы да кырдаал үчүн мүнөздүү
 
Муниципалдык жерлерди башкаруу жакшырууда
 
Он бир шаардын экөөндө гана курулушу жүрө элек муниципалдык жерлерге азырынча инвентаризация жүргүзүлө элек (жер шаарлардын 82 пайызында инвентаризациядан өткөн). Салыштыруу үчүн: 2007-жылы сурамжылоого катышкан шаарлардын 48 пайызында гана инвентаризацияланган.Анткен менен 2013-жылы инвентаризация жүргүзгөнүн жарыялаган үч шаарда муниципалдык жерлердин реестри жок, ал эми калган көпчүлүгүндө реестр толук эмес. Муниципалдык жерлердин реестри бар шаарларда алар жарыяланган эмес, жамаат үчүн жеткиликсиз бойдон кала берүүдө (2 гана шаар муниципалдык жерлердин реестрин жарыялаганын билдиришкен). Шопоковдон башка сурамжылоого катышкан дээрлик бардык шаарлар жерди тоорук аркылуу берээрин билдиришкен.
 
Имараттарды сатуудан жана ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер өсүүдө
 
Бир караганда муниципалдык имараттарды сатуу көп деле эместей көрүнөт – 11 шаардын үчөө гана акыркы жылдары муниципалдык имараттар сатылганын көрсөтүшкөн.Бирок эксперттер суроо узатат: бул муниципалитеттер өз объекттерин сактап калууга аракет жасаганын көрсөтөбү, же шаарларда имараттар жашыруун түрдө акысыз (же коррупциялык жол менен) өткөрүлүп берүүдөбү?Имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер 8 гана шаар көрсөткөн. Ушуну менен бирге ижарага берүүдөн түшкөн кирешелердин динамикасы көрсөткөндөй, сунуштар 2011-жылы көп болгон, ал эми 2012-жылы төмөндөө байкалган жана бул ижарага алуучулар тарабынан суроо-талаптын азайюусуна байланыштуубу, же болбосо ижара кирешелери көмүскөгө, коррупциялык талаага кете баштадыбы - белгисиз.Муниципалдык жерлерди башкаруудан түшкөн кирешелер боюнча кырдаал жакшыраак. Анализ көрсөткөндөй, шаарларда бардык жерлерде муниципалдык жерлерди сатуу активдүү жүрүп жатат, бирок ошол сатуулардан кирешелер көп деле эмес.Анткен менен жалпы кырдаал мындайча: муниципалдык жерлерди сатуудан кирешелердин көлөмү өсүүдө жана болгондо да олуттуу өсүп жатат – акыркы үч жылда кирешелер дээрлик 80 пайызга өскөн. Муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер тууралуу маалыматтар өтө аз. 7 гана шаар жерлерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешесин көрсөткөн. Ушундан улам калган шаарларда күркөлөр үчүн жерлерди, жалпы колдонуудагы башка жерлерди ижарага берүүдөн түшкөн киреше кайда деген суроо жаралат. Ошондой эле эки шаарда 2012-жылы жерлерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер төмөндөгөнү, ал эми дагы эки шаарда такыр эле токтогону шектенүүлөрдү жаратат. Бизнес, өзгөчө жеке ишкерлер муниципалдык жерлерди пайдаланууну токтотконун элестетүү кыйын.Элеттик муниципалитеттерге карата пессимисттик маанай жаралат. Сурамжылоо “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жопокерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун ӨСИ консультанттары активдүү иштешкен пилоттук АА жүргүзүлгөн. Андыктан бул жактарда башка айылдык аймактарга салыштырмалуу жакшы болуш керек деп күтүлгөн.Анткен менен толтурулган анкеталардын сапаты өтө төмөн болуп чыккан. Суроолорго жооп берген айыл өкмөтүнүн адистери алардын маанисин жакшы түшүнгөн эмес, андыктан анкетадагы жооптор так эмес жана чаржайыт болуп калган. 11 айылдык аймакта жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжалары элеттик муниципалитеттерде муниципалдык менчикти башкаруу дегенде көңүлдүн баары муниципалдык менчикти эсепке алуу жана мамлекеттик каттоого гана бурулуп калганын көрсөткөн (2012-жылы сурамжылоого катышкан аймактардын жарымы ММ мамлекеттик каттоонун чыгымын көтөргөнүн айтышкан, мындай көрүнүш өткөн жылдары болгон эмес). Аймактар муниципалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдар маселелеринен артта калышууда, муну жергиликтүү ЧУА ылайык иш алып барууда укук бузуулар, объекттерди берүүдө тооруктун жол-жоболорун, муниципалдык менчиктин абалы тууралуу маалыматты жарыялоо тууралуу талаптарды көрмөксөнгө салуулар ж.б. тастыктап турат. Айталы, сурамжылоого катышкан аймактардын жарымы гана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жергиликтүү ЧУА ээ, жерлерди берүү боюнча тооруктарды өткөрөт, пайдалануучулар менен ижарага берүүчүлөр ортосунда жазуу түрүндөгү макулдашууларды түзүшөт, калгандары эрежесиз иштешет. Айыл өкмөтү муниципалдык жерлер менен АБЖМФ жерлери ортосундагы айырманы көп жакшы түшүнө беришпейт. Муниципалитеттердин аракеттери АБЖМФ жерлери менен иш алып барууга жумшалат, муниципалдык жерлерге карата саясат жокко эсе. Айылдык аймактар муниципалдык менчикти башкаруудан киреше албайт. 2 муниципалитет гана муниципалдык жерлерди сатуудан жана ижарага берүүдөн киреше болгонун көрсөтүшкөн

Шаарлар боюнча тыянактар

  1. Шаарлар муниципалдык менчик укугун аны мамлекеттик каттоодон өткөрүү жолу менен коргоп калууга аракеттенүүдө. 6 жыл ичинде өз объектте рин каттоодон өткөргөн шаарлардын саны үч эсе- ден ашуунга өстү. Бирок айрым шаарларда жана дээрлик бардык айылдарда объекттерден киреше алып турганына карабастан, аларды жоготуп алуу тобокелчилигинен сактоо үчүн объекттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн маанисин мурдагыдай эле түшүнбөй жатышат.
  •  Сурамжылоого катышкан шаарлардын дээрлик төрттөн үчүндө ММ объекттерин сынак аркылуу берүү практикасы кеңири жайылууда. Болжол менен ар бир төртүнчү шаарда муниципалдык менчик объекттерин сынаксыз эле түз берүүнүн айынан пайда болгон коррупция тобокелчилиги өтө жогору бойдон калууда. Айылдарда мурдагыдай эле объекттерди түз, сынаксыз берүү көрүнүшү тыйылбай келатат. Бул болсо, эрежеге ылайык, ушул жолжобонун коррупциялануусун жөнөкөйлөштүрөт.
  •  Муниципалдык менчик талаасында “оюн эрежелерине” карата кырдаал жакшырды – сурамжылоого катышкан шаарлардын 100 пайызы бул маселе боюнча аларда жергиликтүү кеңештер кабыл алган ченемдик укуктук акттар бар болгонун ырасташууда. Анткен менен бул документтердин сапаты тууралуу маселе актуалдуу бойдон калууда. Ошол эле кезде элеттик муниципалитеттерде кырдаал начарыраак,анткени сурамжылоого катышкандардын жарымы гана мындай документ бар болгонун белгилешкен.
  • Муниципалдык менчикти башкаруу ачык айкын эмес бойдон калууда. ЖӨБ органдары ММ башкаруу тууралуу маалыматты жарыялоого ашыгышпайт. Ал эми муну КР мыйзамдары талап кылууда. Мисалы, ММ реестрлерине карата. Ал эми жарыяланган реестрлердин форматы мыйзамдардын талаптарына жооп бербейт.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун элеттик органдары ММ башкарууда шаарлардан олуттуу түрдө артта калууда. ММ башкаруу маселелеринде эң аз натыйжаны көрсөткөн, жакында эле айылдык аймактан шаарга айланган Кадамжай шаары мунун далили боло алат.
  • ЖӨБ органдары муниципалдык менчик объекттерин берүүдө өз укуктарын коргоо үчүн жазуу түрүндө келишимдерди активдүү түзүп жатышат.Бирок бардык эле объекттерге эмес. Келишимдердин санына жана катталган объекттердин санына жасалган салыштырмалуу анализ ушул экөөнүн ортосунда бир топ айырма бар болгонун көрсөттү.
  •  Бардык шаарлар муниципалдык менчикти башкаруудан киреше алууда. Анткен менен бул объекттерге эч кандай инвестиция жасашпайт. Бул жерде имараттар менен курулуштар – эгерде ага инвестиция салбаса, баалуулугун тез жоготкон чектелүү жана түбөлүктүү эмес ресурс болгонун унутпоо маанилүү. Мындай мамиле улана бере турган болсо, белгилүү бир убакыттан кийин шаарлар муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн да, жергиликтүү казынага киреше алуу үчүн да ресурсту жоготуп алып, ушул кыймылсыз мүлктөн ажырап калышы мүмкүн.
  • Айылдарда муниципалдык менчикти башкаруудан кирешелер дээрлик жокко эсе (11 аймактын экөө гана чакан киреше түшөөрүн айтышкан).

​Муниципалдык менчикти дайындоо тууралуу жаӊы – эски маселе

Чындыгында мындай мамилелерде эч кандай жаңылык деле жок. Өнүктүрүү саясат институту муниципалдык менчиктин чыныгы табиятына жана максатына кайтып келүүнү сунуштап, “муниципалитеттер аз эмес көлөмдөгү мүлктү кандай максатта өз карамагына алды эле?” деген суроону берүүнү сунуштайт.

Муниципалдык менчик боюнча окуу куралдарында жана беренелерде акыркы он жылдыкта менчик биринчи кезекте бизнести, анын ичинде өндүрүштү өнүктүрүү; жергиликтүү бюджетти толуктоо (40% чейин ыктымал өсүш); инвестициялар жана инфраструктуралык өнүгүү үчүн ресурс катары керек деп пикир калыптанып келген. Бул туура. Бирок жогоруда саналгандардан мурда эң алды муниципалдык менчик муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн керек. Бул алгачкы, маанилүү жана талашсыз максаты. ММ Кыргыз Республикасында өнүктүрүү ресурсу катары пайдалануу жагынан алып караганда белгилүү бир аналитикалык иштер жүрүп жатат, бир катар окуу курстары бар. Анткен менен менчикти кызмат көрсөтүүлөр үчүн база катары кароо маселеси көптөн бери көтөрүлө элек. Мисалы,паспорт столу айыл өкмөтүнүн чакан бөлмөсүндө жайгашкан, айылда карылар үчүн күндүзгү борбор жок, ал эми айыл өкмөтү ээнсиреген имаратты сатып, бюджетти толуктоодо. Бул каражатты күнүмдүк муктаждыктарга (майрам өткөрүүгө) сарптайт, же бизнеске ижарага берет. Ооба, бюджет бир аз да болсо толукталууда. Бирок калкка зарыл болгон кызматтар зарыл болгон денгээлде көрсөтүлүп жатабы? Каржылык саясат көз карашынан алып караганда, башкаруу негизинен туурадай эле, бирок жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө канааттанганын алып карасак, анда таптакыр башкача кырдаал түзүлөт. Тилекке каршы Кыргызстанда муниципалдык менчикти башкарууга карата маселе көптөн бери көтөрүлбөй келатат. Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акыркы жылдар ичинде жүргүзгөн кызмат көрсөтүү процессин ирээтке келтирүү боюнча иштерге байланыштуу анын мааниси биринчи планга чыкты.Менчикти кызмат көрсөтүү үчүн база катары кабылдоо 2013-жылдын күз мезгилинде Өнүктүрүү саясат институту өткөргөн семинарларда талкуунун темасына айлантты.
 

Менчикти узак мөөнөттүү келечекти эсепке алуу менен стратегиялык жактан башкарыш керек

Муниципалдык менчик тууралуу эксперттердин билим мейкиндигин кеңейтүү үчүн Кыргызстанга муниципалдык менчикти башкаруу жаатында эл аралык класстагы таанылган эксперт Ольга КАГАНОВА келди1. 2013-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Бишкекте өткөн эксперттик семинарга муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөсүндөгү 20га жакын алдыңкы эксперттер, ошондой эле Жалал-Абад, Балыкчы, Кант, Кара-Көл, Кара-Балта, Ноокат өңдүү алты шаарынын өкүлдөрү, практиктер катышты. Семинардын негизги темалары төмөнкүдөй суроолорго жоопторду камтыды:

  • Кыргызстанда муниципалдык менчикти башкаруу процессинин азыркы абалы,
  •  эмне үчүн мүлктү жакшы башкаруу маанилүү?
  •  жакшы башкаруунун заманбап ыкмалары кайсылар?
  • жакшы башкаруунун заманбап каржылык аспекттери кайсылар? 5) капиталдык инвестицияларды пландоо кайсы элементтерди камтыйт?
  •  кантип инфраструктураны стратегиялык жактан башкара баштаса болот? Акыркы эки тема Кыргызстан үчүн жаңы болду жана өлкөдө систематикалык негизде каралган эмес.
Ошону менен бирге биринчи жолу бир белгилүү объектти же бир системаны (имараттын, курулуштун, суу менен камсыздоо түйүндөрүнүн ж.б.) аны пайдаланган мезгил ичинде (life-cycle management) башкаруу жана колдонуу процесси кеңири чечмеленип берилди: сатып алуу же курулуштан тарта эксплуатациялоого, чакан күнүмдүк ремонт, капиталдык жүргүзүүгө чейин жана акырында сатуу, жок кылуу же толугу менен алмаштырууга чейинки процесс. Бул процесстин техникалык жана каржылык аспекттери кандай? Мисалы, ЖӨБ суу бассейнинин капиталдык ремонту үчүн донордук каражат таба алат. Бирок бассейндин жылдык эксплуатациясы канчага турат? Бул чыгымдарды ЖӨБ кайсы булактардан төлөйт? Же кийинки 5 жылда капиталдык ремонтко муктаж боло турган имараттардын, курулуштардын жана инженердик түйүндөрдүн тизмесине эмнелер кирет жана ага канча каражат кетет?
 
Муниципалдык мулктүн туруктуулугун камсыздоо маселелери биздин өлкөдөгү муниципалитеттерде дээрлик каралган эмес жана каралбайт дагы.Мисалы, Кара-Көл шаарынын маалыматтарынын негизинде болочок инвестициялык керектөөлөргө берилген орой эле баа көрсөткөндөй, муниципалдык инфраструктурага жана мүлккө жасалган инвестициялардын жетишсиздиги коомчулуктун, эксперттердин жана жергиликтүү жана борбордукдеңгээлдерде саясатчылардын чукул көңүл буруусун талап кылат.Биздин өлкөдө калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн жаңыланган стандарттарынын жана ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрү үчүн аянттарды аныктоо критерийлеринин жана ушул стандарттарды колдонуу практикасынын жоктугу көңүл бурдурат. Ушул өңдүү маселелерди чечүү үчүн бул жааттагы учурдагы эл аралык тажрыйба каралып чыгып, мүлктү башкарууда жаңы методология сунушталган. Бул методологиянын негизги жоболору төмөнкүлөрдө камтылган.
 
  • Жергиликтүү бюджеттердеги топтолуучу амортизациялык фондду муниципалдык объекттердин ремонту жана аларды калыбына келтирүү үчүн пайдалануу. Кыргызстандын практикасында объекттерге амортизациялык акча кошуу колдонулат. Анткен менен шаарлардын өкүлдөрүнүн бири да бул топтолуучу каражаттар кантип жана кайда жумшалаарын так айта алган жок.
  •  Муниципалдык мүлктү башкарууда стратегиялык пландоону жайылтуу. Ал башталгыч “мүлктү туруктуу башкаруунун моделин” киргизип, шаардын бардык масштабында муниципалдык мүлктүн санын, мүлктүн курагын жана ага байланыштуу болочок каржылык керектөөлөрдү (3-5 жылдан кийин) орой баалайт.
  •  Объекттердин жана түйүндөрдүн тейлөө деңгээлин жана физикалык абалын болжолдоонун негизинде узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыздоо (техникалык жана каржылык) максатында орто мөөнөттүү (3-7 жыл) жана узак мөөнөттүү, техникалык жана каржылык пландоону жүзөгө ашырат.
  • Инвентардык маалыматтарды компьютерлештирүү жана участокторду, объекттерди жана түйүндөрдү картага түшүрөт.
  •  Ар бир имарат, же объект, же инженердик системанын элементтери боюнча эксплуатациялык чыгашаларга эсеп жүргүзүү.
  • Объекттердин жана инженердик түйүндөрдүн техникалык абалына систематикалык эсепт жүргүзүү.
  • Пландуу техникалык эксплуатациялоону, алдын алууну жана пландуу ремонтторду жүргүзүү (авариялык ремонттордун ордуна).
  • Муниципалдык капиталдык чыгымдарды киреше алуу укугун берүү менен жеке секторго өткөрүп берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн табуу.
  • Калк менен биргеликте артыкчылыктуулугуна жараша капиталдык инвестициялар үчүн объекттерди тандоо системасын киргизүү.

Билим жетишпей турат

Муниципалдык менчикке, анын ичинде жерлерге байланыштуу укук бузуулардын көбөйүүсүнө эки негизги себеп бар: коррупция – бардык эле менчикти башкарууга мүнөздүү болуп калган көрүнүш жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелеринде ЖӨБ жетекчилигинин жана кызматкерлеринин билим деңгээлинин төмөндүгү. Андыктан 2013-жылдын 24-25-октябрь күндөрү Бишкекте жана 21-22-ноябрь күндөрү Жалал-Абадда Өнүктүрүү саясат институту “Муниципалдык мүлктбашкаруунун заманбап усулдары” темасына өткөргөн семинарлар муниципалитеттер үчүн өтө маанилүү жана талаптарына жооп берген иш-чара болуп калды. Семинарга катышуу үчүн Бишкекке Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөсүндө шаарлардын мэрияларынын адистери, ал эми Жалал-Абадга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн адистери чакырылган. Семинардын жүрүшүндө менчикти башкаруунун бир топ өзгөчөлүктөрү талкууланып, түрдүү маселелер көтөрүлдү. Ошентип, көптөр төмөнкү пикирге колдоосун билдиришти: “Бүгүн ММ башкаруу маселелери боюнча окуулар өтө чанда өткөрүлөт, ал эми биз окуу материалдарын кайдан алаарыбызды билбейбиз.Эгерде бирден окутуу татаал жана кымбат болсо, видеокурсту дискке жаздырып, аны бардык муниципалитеттер арасында таратканыңар пайдалуу болмок. Бул тема жаңы шайланган башчылар жана жаңы түзүлгөн шаарлар арасында өзгөчө актуалдуу болуп турат”.

Ал эми практикалык пайдасы тууралуу жаңы түзүлгөн Айдаркен шаарынын мэри жакшы айтып берди: «Силер уюштурган семинар мага ММ башкарууда кетирип алышым мүмкүн болчу каталарды болтурбоого жардам берди. Мисалы, бул жерден гана объектти берүүдө адегенде анын мыйзамдуу ээсин аныктап алуу керектигин билдим. Ал эми биз кароосуз жаткан имаратты жеке кыргызтүрк лицейинин пайдалануусуна берип койгонбуз.Демек шашып койгон экенбиз, эртең ээси чыгып калса, биз мыйзам бузган болуп калабыз. Мындай майда-чүйдөнү мурда билгенибизде го!»“Муниципалдык менчикти башкарууну жакшыртуу аркылуу Кыргыз Республикасынын шаарларында айкындуулук жана отчеттуулук демилгеси” Долбоорунун негизги жетишкендиктери катары долбоордун алкагында өткөрүлгөн эки тренингди атаса болот. Бул тренингдер негизги тыянакты жасоого жол ачат – Кыргыз Республикасынын шаарларынын мындан кийинки экономикалык өнүгүүсү үчүн шаарлардын дараметин жогорулатууга багытталган ушул өңдүү демилгелер зарыл. Бул пикирди семинарга катышууга чакырылган шаарлардын мэрия кызматкерлери да колдоп берди. Шаарлардын мэрия кызматкерлеринин муниципалдык менчикти башкаруу боюнча билим денгээлин жогорулатуу узак мөөнөттүү келечекте өз түшүмүн берет. Биз семинардан кийин алар дагы да ойлонуштурулган кадамдарга барып, өз ишин күн мурда пландап, мурда кетирилген каталарды оңдойт деп ишенебиз. Шаарлар менен жүргүзүлгөн иштер экономикалык өнүгүүнү колдоого жана шаарларда муниципалдык менчикти башкаруудан натыйжалуулукту арттырууга багытталган. Шаарлардын администрациялары калктын маалыматка жеткиликтүүлүгүн арттыруу аркылуу дагы да ачык болуп калышы мүмкүн. Натыйжада Кыргызстандын калкы муниципалдык менчикти жакшылап башкаруунун жардамы менен өнүккөн жана гүлдөгөн муниципалитеттер өңдүү пайда алыш керек. Тренерлер үчүн тренингдерге жана андан кийинки эки семинарга катышкандардын саны 50 адамды түздү. Алардын ичинен 10 адам тренер болчу. Эми булар алынган билимди жана тажрыйбаны өзүнүн максаттуу аудиториясы арасында таратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду жана 40 адам – муниципалдык менчикти башкарууга тартылган шаарлардын администрацияларынын  өкүлдөрү.

Ошондой эле түрдүү муниципалитеттердин ЖӨБО кызматкерлеринин бири-бири менен таанышуусу биз жана семинардын катышуучулары үчүн маанилүү натыйжалардын бири болуп калды. Дагы да тажрыйбалуу кесиптештер муниципалдык менчикти башкаруу үчүн мүнөздүү болгон, көп кездешкен көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору менен бөлүштү. Семинардын катышуучулары мурда өз арбайын өзү согуп келсе, эми мындан ары да бири-бирине кесипкөй кеңеш сурап кайрыла алышат. Мисалы, азыраак өнүккөн шаарлар үчүн сунуштардын бири тажрыйба алмашуу жолу менен кызматкерлердин билимин жогорулатуу болуп калды. Дагы да тажрыйбалуу шаарлар башка шаарлардын өкүлдөрүн өзүндө кабыл алып, мындан ары кандай өнүксө болоорун көрсөтүп бермей болушту.
 

Сунуштар:

  • Шаардык жана элеттик муниципалитеттерди окутуу бир топ айырмаланыш керек. Анткени айылдык аймактар муниципалдык менчикти башкаруу маселелеринде шаарлардан бир топ артта калууда. Элеттик муниципалитеттер дагы да жөнөкөйлөштүрүлгөн жана алардын шарттарына ыңгайлаштырылган окутууга муктаж болуп турушат.
  •  Окутуу ЖӨБ органдарынын адистерин, башчыларын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын бирдей тартышы керек. Анткени муниципалдык менчикти башкаруу процессинде ар кимдин өз ролу бар.
  •  Муниципалдык менчикти башкаруу процессине көзөмөлдү жөнгө салуу үчүн бул маселелерде жергиликтүү калкка маалымат берүү зарыл.
  1. ЖӨБ органдары, өзгөчө шаардыктар муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруунун бардык элементтерин колдонуп жүрүшөт. Бирок сурамжылоолор жана менчикке карата көптөгөн козголгон кылмыш иштери көрсөткөндөй, мындай башкаруунун сапаты төмөн бойдон калууда. Бул маселени чечүү үчүн систематизацияланган жана туруктуу  1) ЖӨБОны окутуу, 2) бул жаатта ыкчам жана жаңыланган маалымат менен камсыздоо, 3) ММ башкаруу процессине кеңештин жана калктын көзөмөлүн күчөтүү зарыл.
  • Кыргызстанда муниципалдык менчикти башкарууда өзүнүн кайталангыс тажрыйбасы топтолуп калды, булар окуу программаларынын негизин түзүш керек.
  • Муниципалдык менчикти башкарууга окутуу программасын кеңейтүү жана ага өзгөчө ЖӨБдүн элеттик органдары үчүн жергиликтүү ресурстарды башкаруу маселелерин камтыш керек. Анткени мында ресурстардын топтому көбүрөөк (АБЖМФ жерлери, жайыттар, муниципалдык айыл чарба жерлери, жаратылыш ресурстары ж.б.).

​Улара НАРУСБАЕВА, ӨСИ эксперти

 

Окшош материалы: