Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Билим берүү системасын адам башына каржылоо: кимдин жоопкерчилиги жана акчасы?

2012-04-30 / ЖӨБ ресурстары

Билим берүү системасын каржылоо – бул Кыргыз Республикасынын мурдагы өкмөттөрү тушуккан көйгөй.

Асылбек Чекиров,

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” долбоорунун бюджет аралык мамилелер боюнча адиси, Өнүктүрүү саясат институту

Билим берүү системасын каржылоо – бул Кыргыз Республикасынын мурдагы өкмөттөрү тушуккан көйгөй. Айрымдар бул маселе өзүнөн өзү чечилип, бийлик болсо системанын өзүн алмаштырбастан эле бийликте кармалып калабыз деп үмүттөнүшкөн. Жарандардын эң тил алчаак тобу деп эсептелген мугалимдер өз нааразычылыгын ачык билдирбестен, шайлоо алдында мугалимдерге басым жасап, толгон-токой убадаларды берген саясатчыларга сааты жеткенге чейин үмүт артып, аларды басынткан абалга чыдап келишкен.

Мындай кырдаал түбөлүккө сакталмак эмес жана бир күнү жарылмак. 2010-2011-ж.ж. аралыгында билим берүү кызматкерлеринин нааразылык маанайлары азыркы бийликти жалпы билим берүү системасында реформаларды тездетүүгө мажбурлады. Күтүлгөндөй эле башкы саясий билдирүү катары мугалимдердин маянасын көтөрүү, каржы ресурстарын башкарууда мектептердин өз алдынчалуулугун камсыздоо жана квалификация деңгээлине жараша мугалимдерге дем берүү үчүн мотивация системасын иштеп чыгуу тууралуу убадалар берилди. Өкмөттүн ою боюнча, адам башына каржылоо принцибине негизделген ресурстарды башкаруунун жаңы системасы мына ушул принциптердин баарына жооп бермекчи. Бирок реформанын эч ким токтоолук менен ооз ачпаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына коркунуч жараткан экинчи жагы да бар.

Кириш сөз алды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2011-жылдын 20-сентябрында “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын адам башына каржылоо системасына өткөрүү жөнүндө” №563 токтомду кабыл алды. Ушул эле токтом менен жалпы билим берүү мекемелеринин бардык системасын камсыздоо үчүн да, муниципалдык билим берүү – шаардык жана айылдык аймактардагы түрү боюнча да категориалдык гранттын көлөмүн аныктоо үчүн убактылуу методика жана формула киргизилди.

Токтом Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы “Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө” №891 токтому менен бекитилген Билим берүүнү каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясын андан ары ишке ашыруу жана билим берүү секторунда каржылоонун мамлекеттик стандарттарын камсыздоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында кабыл алынган. Аталган токтом менен жалпы билим берүү системасын каржылоонун төмөнкү негизги принциптери киргизилген:

• Каржылоо көлөмү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында орнотулган бюджеттик каржылоо стандарттарына (БКС) шайкеш келиш керек.

• Бюджеттик каржылоонун стандарты бир окуучуга аныкталат жана мындан улам мектептин бюджети тартылган окуучулардын санына жараша болот.

• Бюджеттик каржылоонун стандартында чыгашалар мугалимдердин маянасына да, ошондой эле окуу китептерин сатып алууга кеткен чыгымдарга, мугалимдердин иш сапарларынын чыгымдарына, квалификацияны жогорулатууга, ремонтко, окуу чыгымдарына кеткен каражаттарга да аныкталган.

• Алынган каражаттардын көлөмүнүн алкагында мектептерге каржы ресурстарын өз алдынча башкаруу укугу берилет, анын ичинде мугалимдерди материалдык жактан кошумча шыктандыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

• Акы үчүн кошумча кызматтар боюнча ченемдер киргизилет, алар үчүн акы мектептин карамагында кала берет жана мугалимдердин айлыгын жогорулатууга бөлүштүрүлөт.

Ушул тапта республиканын бардык аймагында жаңы ыкманы киргизүү боюнча кеңири маалыматтык өнөктүк жүруп жатат. Анын жаңычылдыгы,инновациялуулугу, актуалдуулугу баса белгиленип жатат. Анткен менен, айрым адистердин баамында, белгилүү бир көйгөйлөр да бар. Алар базар мамилелерин билим берүү системасына которуу; окуучулардын санынын аз болгонунан улам каржылоо да жетишсиз болуп кала турган кичи көлөмдүү мектептер жана башка маселелер менен байланыштуу. Бирок жалпысынан билим берүүнүн бардык системасын өнүктүрүү жагынан алып караганда сунуш кылынып жаткан реформа дагы да прогрессивдүү жана келечектүү деп таанылып жатат.

Арам ой эмнеде? Кимдин акчасы?

Көптөгөн эл алдында чыгып сүйлөөлөр, эксперттик бааларды изилдөө, бул реформага байланыштуу талкууларга катышуу учурунда Өнүктүрүү саясат институтунун адистери далилсиздик сезиминен арыла албай коюшту. Мамлекеттин өкүлдөрү жана эксперттер билбегенинен уламбы, же атайлап эле көтөрүп чыгууну такыр каалабаган үчүнбү, айтор кайсы суроону көз жаздымда калтырып коюшууда? Бул суроо эң башкысы болуп жүрбөсүн деген жөнөкөй тыянак чыгарса болот: бул реформаны кайсы каражаттын эсебинен ишке ашыруу пландалып жатат? “2012-жылга карата республикалык бюджет жана 2013-2014-ж.ж. божомол жөнүндө” КР мыйзамындагы маалыматтардан жөнөкөй анализ жүргүзөбүз.

2012-жылга категориалдык гранттардын көлөмү Кыргызстандын бардык облустары адам башына каржылоонун принциптерине өткөнүнүн негизинде эсептелингенине көңүл буруу зарыл (Жалал-Абад жана Нарын облустары жаңы системага 2013-жылдын 1-сентябрында өтөт). Мында категориалдык гранттын көлөмүнүн 6830,5 миллион сомго өскөнү мугалимдердин маянасынын жана буга чейин өткөрүлүп берилген каражат катары каржыланган тамактануу үчүн чыгашанын өсүш эсебинен гана болду (1-таблицаны караңыз). Башкача айтканда, бюджеттик каржылоонун стандарттарын камсыздоого – окуу китептерин сатып алууга, мугалимдердин иш сапарларына кеткен чыгымдар, квалификацияны жогорулатууга каражаттар, ремонтко, окуу чыгашаларына кошумча каражаттар бюджетте каралган эмес. Атүгүл бул каражаттар мугалимдердин маянасын, б.а. корголгон беренени да толугу менен жаба албайт деген ыктымалдуулук өтө жогору.

Мындай божомол жасоого бизди эмне түртүп жатат? Баары жөнөкөй. Бюджеттик каржылоонун стандарттарын (БКС) республикалык бюджет тарабынан толук эмес каржылоо өкмөттүн токтомунда аныкталган. Биринчиден, ордун толтуруу коэффициенти аркылуу толук каржылоо жокко эсе. Ал болсо БКС боюнча керектөөнү мамлекеттик бюджет (б.а. республикалык жана жергиликтүү) жаба ала турган каражаттын көлөмүн аныктайт. Экинчиден, категориалдык гранттын жаңыланган формуласы аркылуу толук каржылоо жокко эсе. Мында жергиликтүү бюджет тарабынан билим берүү системасынын чыгашаларын тең каржылоонун үлүшү норматив менен бекитилген. Ошентип мамлекет БКС аткаруу республикалык бюджеттин ка ражатынын эсебинен гана эмес, бирок ошону менен жергиликтүү бюджеттин, кошумча акылуу кызматтардын жана ата-энелердин акчасынын эсебинен ишке ашырыла турганын алдын ала эскертип жатат.

Каржы министрлиги республикалык бюджет тууралуу жылдык мыйзамында, же башка ченемдик-укуктук акттарда бюджеттик каржылоо стандарттарынын ордун толуктоо коэффициентин көрсөтүп туруш керек. Башкача айтканда мамлекет айталы, ушул жылга БКС болгону 75% кошо каржылоо милдеттемесин алаарын, калганын мектептер өздөрү табышы керектигин ачык мойнуна алыш керек. Кимдин эсебинен? Кошумча акылуу кызматтардын жана ата-энелердин төлөмдөрүнүн эсебиненби? Же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эсебиненби?

Бүгүнкү күндө “2012-жылга республикалык бюджет жөнүндө” мыйзам кабыл алынды, а бирок мамлекеттин милдеттемелери тууралуу маалыматтар дале жок. Бул эмнеден кабар берет? Бул азыр БКС боюнча канча алышы керектигин билген каалаган мектептин директору зарыл болгон сумманы берүү талабы менен айыл өкмөтүнө же мэрияга кайрыла алат дегенди билдирет. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчылары талапты четке кага албайт, болбосо санкцияларга тушугуп калышы ыктымал. Бул жергиликтүү бюджетке кандай таасирин тийгизет? Бул маселени Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Краснореченск айылдык аймагынын мисалында карап көрөлү. Бул аймактагы мектептердин БКС керектөөсү төмөнкүнү түзөт: 13774 (БКС) х 1082 (окуучулардын саны) = 14903468 сом же болжол менен 15 миллион сом. Каржы министрлиги Краснореченск айылдык аймагы үчүн категориалдык грант боюнча көрсөткүчтү 8,6 миллион сом көлөмүндө орнотту, мында маяна үчүн керектөө гана 10,9 миллион сомду түзөт. Демек жергиликтүү бюджеттен корголгон беренелер (айлык акы) боюнча кошо каржылоонун үлүшү 10,9 – 8,6 = 2,3 миллион сомду, ал эми корголбогон беренелер боюнча – 15-10,9 = 4,1 миллион сомду түзөт экен. Ошону менен жалпысынан жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоонун үлүшү 2,3+4,1 = 6,4 миллион сомду түздү. Жергиликтүү бюджеттин грантсыз өз кирешеси болсо 8,3 миллион сомду түзөт.

Ошентип жергиликтүү жамааттын өз кирешесинин 77% мектептердин бюджеттик каржылоо стандарттарын каржылоого жумшалат. Эгерде айыл өкмөтүндөгү кызматкерлердин айлык акы фонду болжол менен 1,5 миллион сомду түзөөрүн, андан тышкары ошол эле мектептин коммуналдык чыгашаларын бар болгонун эсепке алсак, анда айылдык аймакты өнүктүрүүгө каражат артпай жатпайбы! Бул болсо жергиликтүү жолдор, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, суу менен камсыздоо өңдүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка дагы 22 өз функциясы каржыланбай калат дегенди түшүндүрөт. Бул функцияларды каржылоонун ордуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каражаттын баарын мамлекеттин функциясына кирген билим берүүнү камсыздоого сарптаганга мажбур болот.

Краснореченск айылдык аймактын мисалы – бул Кыргызстандын аймагындагы жергиликтүү бюджеттер эмне болуп жатканынан кабар берген бир гана мисал.

Эгерде кырдаал өзгөрбөсө, Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы реформа жана каржылык жактан борбордон алыстатуу тууралуу бардык сөздөрдү токтотуп гана коюш керек.

Категориалдык гранттарды эсептөө формуласынын кош кабаттуу түбү Эмоцияларсыз эле категориалдык гранттын жаңыланган формуласынын анализин жасап көрөлү. Анткени ошонун айынан учурдагы кырдаал түзүлдү. Формуланын негизги жоболору төмөнкүдө камтылган. Корголгон жана корголбогон беренелер боюнча жергиликтүү бюджеттердин үлүшүн эсепке алуу менен категориалдык гранттардын өлчөмүн эсетпөөнүн жаңы формуласы киргизилет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өзүнүн киреше потенциалынын чоңдугунан да, ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин тиешелүү топтору боюнча анын орточо чоңдугунан да категориалдык гранттын көлөмүнүн көз карандуулугу орнотулат. Категориалдык гранттардын көлөмүн эсептөөдө жергиликтүү бюджеттердин корголгон да, корголбогон да каражаттарынын катышуу үлүшүнүн түшүнүгүн бөлүү жана бекитүү каралган.

Өз кирешесинен билим берүү уюмдарынын чыгашаларын кошо каржылоо үлүшү ар бир регион үчүн анын киреше потенциалынын адам башына көлөмүнө карата пропорциялаш болот. Ал болсо Кирешелердин Репрезентативдик Системасы боюнча бааланат жана орто мөөнөттүү аралыкка белгиленет.

КР Каржы министрлиги категориалдык гранттардын көлөмүн эсептөөнүн жаңыртылган методикасы жана формуласы КР өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартында №91 токтому менен бекитилген мурдагы методиканын жана формуланын жакшыртылган варианты болгонун билдирди. Формуланы жакшыртуу төмөнкү позицияларга тиешелүү:

• категориалдык гранттардын көлөмүн эсептөөнүн формуласында жалпы билим берүү системасын каржылоодо жергиликтүү бюджеттин үлүшүн эсептөөнүн механизми деталдуу түрдө берилген;

• категориалдык гранттардын көлөмүн эсептөө конкреттүү муниципалитеттин киреше потенциалынын көлөмүнөн да, ошону менен бирге белгилүү бир орто мөөнөттүү аралыкка бекитилген жергиликтүү бюджеттердин тиешелүү топторунун ушул көрсөткүчүнүн көлөмүнөн да функционалдык жактан көз каранды. Башкача айтканда жергиликтүү бюджеттердин билим берүүнү каржылоого катышуу үлүшүн эсептөө жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн абалынан көз каранды болуп дифференцияланган.

Категориалдык гранттын көлөмүн эсептөөнүн формуласын андан ары анализдөө үчүн айрым бол- жолдорду жасоо зарыл. Анткени анализ кандайдыр бир абсолюттук санды алуу максатын көздөбөйт. Конкреттүү айылдык аймакта категориалдык гранттын күтүлгөн көлөмүнө түрдүү көрсөткүчтөрдүн функционалдык таасирин изилдөө маанилүү.

Жергиликтүү бюджеттерге категориалдык гранттардын көлөмү формула боюнча эсептелет:

КГi = (1 – diКБ ) х (ПiКБ+ ФОТi ПР + ПитiПР) + (1 – dКББ ) х (ПiКББхр + КУi + КББiПР), бул жерде:

КГi - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын билим берүүгө категориалдык грантынын суммасы;

ПiКБ - алдыдагы жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жалпы билим берүү уюмдарындагы чыгашалардагы корголгон беренелерге БКС боюнча каражаттарга талап;

ПiКББ - алдыдагы жылга карата ЖӨБ органынын жалпы билим берүү уюмдарындагы чыгашалардагы корголбогон беренелерге БКС боюнча каражаттарга талап;

ФОТiПР – ЖӨБ органынын башка билим берүү уюмунун эмгегин төлөө фонду i;

ПитiПР - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка билим берүү уюмунун тамактануусу i;

р - формула боюнча эсептелген, алдыдагы жылга карата БКС боюнча чыгашалардын корголбогон беренелерине каражаттарды жабуу нормативи;

diкб - формула боюнча эсептелген, жергиликтүү бюджеттердин өз кирешелеринен билим берүү уюмдарына чыгашалардын корголгон беренелерин кошо каржылоонун үлүшү;

dкбб - формула боюнча эсептелген, жергиликтүү бюджеттердин өз кирешелеринен билим берүү уюмдарына чыгашалардын корголбогон беренелерин кошо каржылоонун үлүшү;

КК - ЖӨБО же өткөн жылдар боюнча базалык аралыкта жалпы билим берүү уюмдарынын коммуналдык кызматтар боюнча иш жүзүндөгү чыгашалары, категориалдык гранттарды пландоо мезгилинде колдо болгон акыркы маалыматтар;

КББ - ЖӨБнын билим берүүнүн башка уюмдарынын корголбогон беренелери.

Формуланы жөнөкөйлөштүрүү үчүн, функционалдык көз карандуулукту аныктоо максатында динамикалык өзгөрүүлөргө дуушар болбогон көлөмдөрдү “0” дейбиз: ФОТi ПР,Питi ПР, КББ. Формула төмөнкү түрдө болот:

КГi = (1 – di КБ ) х Пi КБ + (1 – d КББ ) x (Пi КББхр + КУi ), (2)

ПiКБ жана ПiКББ көрсөткүчтөрү статистикалык болгондуктан жана БКС шкаласына ылайык эсептелгендиктен, категориалдык гранттардын көлөмүнүн өзгөрүү динамикасы жергиликтүү бюджеттерден кошо каржылоо үлүшүнөн, БКС боюнча чыгашалардын корголбогон беренелерине каражаттарды жабуунун нормативинен жана билим берүү мекемелери үчүн коммуналдык кызматтар боюнча иш жүзүндөгү чыгашалардан түздөн түз көз каранды.

Жөнөкөйлөштүрүлгөн формула стандарттык сызык функциялардай болот. Мында өзгөрмө көлөмдүн пропорциалык көбөйүүсү категориалдык гранттардын көлөмүнүн пропорциалык азайуусуна алып келет. Графикада категориалдык гранттардын көлөмүнүн өзгөрмөдөн көз карандуулугунун болжолдуу түрү көрсөтүлгөн. Эңкейиштин бурчу кыйшык жана ушундан улам берилип жаткан категориалдык гранттардын көлөмүнүн азайуу динамикасы жергиликтүү бюджеттер тарабынан кошо каржылоонун үлүшүнүн көбөйүү темпинен көз каранды болот. Жөнөкөй тил менен айтканда айыл өкмөтү канчалык көп киреше топтосо, ошончолук аз категориалдык грант.

Краснореченск айылдык аймагынын реалдуу мисалына кайтып келели. Киреше потенциалынын окуучулардын санына карата мамилеси – 8,3 миллион 1082окуучуга = бир окуучуга 830 сом, башкача айтканда бир окуучуга 957 сом деген республика боюнча мааниси жагынан алып караганда орточодон төмөн. Анализ көрсөткөндөй, мындай көрсөткүч менен Краснореченск айылдык аймагынын БКС каржылоого үлүшү болбошу керек!!! Бирок ага өз кирешесинен 77% (!!!) деген үлүш коюлган (бул тууралуу кененирээк “Формуланын жука материясы: ЖӨБ киреше потенциалы категориалдык гранттардын көлөмүнө кантип таасирин тийгизет” деген макалада окуй аласыз).

Бул Каржы министрлигинин бир жолку катасы деп өтө катуу ишенгибиз келет. Бирок бардык республика боюнча түшүп жаткан белгилер мындай ыкма массалык мүнөзгө ээ болгонун тастыктап, Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бардык реформаларга бут тосуу коркунучу жаралды.

Методиканы жана формуланы колдонуудан кандай терс кесепеттерди күтсө болот?

Балким башкы көйгөйдүн жаралышы – формуланын курамына кошуу жана ушундан улам категориалдык гранттардын көлөмүн эсептөөдө корголгон беренелерди каржылоодо жергиликтүү бюджеттен каражаттын үлүшүн мыйзамдаштыруу. Башкача айтканда мамлекет маянаны төлөө боюнча өз милдеттемелерин жергиликтүү бюджеттин мойнуна,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун абийирине жүктөп тим болот. Мында баса белгилеп койчу жагдай – бул милдеттемелер мамлекеттики. “Жоопкерчиликти кайра бөлүштүрүүнүн” мындай кесепеттерин эки жагынан алып кароо зарыл.

Укуктук кесепеттер

Укуктук көз караштан алып караганда методиканын авторлору “Мугалимдин макамы жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесине кайрылат. Анда төмөнкү каралган: “Мамлекет жыл бою мугалимдерге жана мектептин жетекчилерине маянаны республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден толук өлчөмдө өз убагында төлөп берүүнү камсыздайт”. Белгилей кетүү зарыл, 2010-жылга чейин бул берене мугалимдердин жана мектеп жетекчилеринин маянасын каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан гана ишке ашырыларын белгилеп келген. ““Мугалимдин статусу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2010-жылдын 26-мартындагы №56 Крнын мыйзамы менен “Мугалимдин статусу тууралуу” КР мыйзамындагы көрсөтүлгөн беренеге өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, мугалимдердин айлык акысын төлөөдө жергиликтүү бюджеттердин каражатынын катышуусу аныкталган. Мында “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдын көрсөтүлгөн беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кандайдыр бир ишендирерлик жүйөлөр келтирилген эмес.

Мыйзамдын анализи көрсөткөндөй, бир нече мыйзам акттары билим берүү системасынын каржылоо булактарын, анын ичинде жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын катышуусу боюнча да аныктайт.

“Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдын “Материалдык камсыздоого укук” аттуу 7-беренесинде төмөнкүдөй айтылган: “Мугалимдин маянасынын өлчөмү “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган тартипте орнотулат. Мугалимдин айлык акысы каржы жылына (12 ай) эсептелинген. Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен ар бир категориянын алкагында мугалимдердин маянасына үстөк орнотсо болот”. 8-берене, “Социалдык камсыздоого укук”: “Мамлекет мугалимди тиешелүү эмгек, тиричилик шарттары жана репродуктивдик функция менен байланыштуу социалдык жеңилдиктер менен камсыздайт. Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын эсебинен мугалимдерге турак жай аянтын кармоого жана коммуналдык кызматтарга кеткен чыгашаларды төлөөдө жеңилдиктерди жана жеке турак жай курулушу үчүн үстөк пайызсыз ссудаларды берүүгө милдеттүү”.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы” 36-беренесинде төмөнкүдөй деп жазылган: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

• билим берүү уюмдарынын түйүнүн өнүктүрүү жана жарандарды билим алуу укугу менен камсыздоо;

• чарбалык тейлөөнү ишке ашыруу жана ведомство алдындагы билим берүү уюмдарын каржылоо;

• жашы жете элек жетимдерге жана ата-эненин кароосу жок калган балдарга камкордук көрүү, алардын укуктарын коргоо, балдар үйүнө, мектеп-интернаттарга, тарбиялоочу же асырап алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштыруу;

• элеттик мектептин окуучуларын – аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн чыккан балдарды окуу китептери менен камсыздоо; жаштардын профессионалдык даярдыгына карата маселелерди координациялоо.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекитилген тартипте жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын эсебинен тиешелүү педагогикалык (илимий-педагогикалык) кадрлар, материалдык-техникалык база менен камсыздап, билим берүү уюмдарын түзө алат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элеттик мектептерге Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан жер үлүшүн милдеттүү тартипте бөлүп берет. 43-берене билим берүүнү каржылоонун төмөнкү булактарын орнотот:

• республикалык жана жергиликтүү бюджеттер – мамлекеттик билим берүү уюмдары үчүн;

• уюштуруучу катары чыгып жаткан физикалык жана юридикалык жактардын, чет өлкөлүк мамлекеттердин жана жарандардын каражаттары;

• билим берүү уюмдарынын өз каражаттары, анын ичинде валюталык, консультативдиктен тарта илимий-изилдөөчүлүк, басма, өндүрүш жана киреше алып келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбегенишмердүүлүктүн башка түрлөрү. Ошондой эле негизги жана кошумча билим берүү программаларынын бардык түрлөрү боюнча бюджеттен тышкаркы билим берүү ишмердүүлүгү, анын ичинде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын чегинде;

• депозиттик акча салуудан түшкөн кирешелер;

• физикалык жана юридикалык жактардын өз ыктыяры менен берген каражаттары, башка физикалык жана юридикалык, анын ичинде чет элдик жактардын ыктыярдуу салымдары жана максаттуу төлөмдөрү.

Бирок жогоруда айтылган Мыйзамдардын биринде да мугалимдердин маянасын кошо каржылоо жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын эсебинен болуш керектиги түздөн түз көрсөтүлгөн эмес.

Атүгүл “КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 37-беренесинде ЖӨБ органдарынын жергиликтүү бюджеттердеги каражаттар багыттала турган чыгаша милдеттемелеринин бөтөнчө тизмеси көрсөтүлгөн:

• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен орнотулган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүсүнө;

• муниципалдык ишканаларды, билим берүү,саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык камсыздандыруу, дене тарбия мекемелерин, сыналгы, үналгы берүүлөрүн, басмакананы, турак жай-коммуналдык, айыл чарба, суу, токой чарбалыгын, балык улоону жана аңчылыкты кармоого.

Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, билим берүү маселелери жергиликтүү маанидеги иштердин тизмесине кирбейт. 4-бөлүктүн 2-пунктунда “курамы” деген сөз маянаны каржылоо дегенди түшүндүрбөйт, бирок ЖӨБ органдарын муниципалдык менчиктеги объект катары мектептин имаратынын техникалык абалын кармап турууга милдеттендирет.

Белгилей кетчү жагдай, 2011-жылдын 22-июлунда күчүнө кирген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамында билим берүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү боюнча функция жергиликтүү маанидеги маселеге кирбейт (18-берене), ал эми бул чөйрөдө кызмат көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыздоо өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга кирет. Алар болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн (20-берене).

Мында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” КР мыйзамы хронологиясы боюнча 2011-жылдын 15-июнунда, башкача айтканда жогоруда көрсөтүлгөн бардык мыйзам акттары күчүнө киргенден бир топтон кийин гана кабыл алынганын белгилей кетүү зарыл. Бул мыйзамдын 65-беренесинин 5-пунктуна ылайык, өкмөткө ушул мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу, анын ичинде учурдагы мыйзам акттарын ушул мыйзамга шайкеш келтирүү боюнча Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуш киргизүү тапшырылган. “КР ченемдик укуктук акттары жөнүндө” КР мыйзамынын 10-беренесине ылайык, ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) буга чейин кабыл алынган ченемдик укуктук акттагы (структуралык элемент) жоболор карама-каршы келгенде, же ченемдик укуктук актты (структуралык элемент) жутуп алган жаңы ченемдик акт кабыл алынган учурда өз аракетин токтотот.

Мындан тышкары “Мугалимдин статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренеси да КР Конституциясына карама каршы келет. Анда төмөнкүлөр айтылган:

• мамлекеттик бийлик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары так ажырымдалыш керек (3-берене);

• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы– бул жергиликтүү жамааттардын өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилиги алдында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө Конституция тарабынан кепилденген укугу жана реалдуу мүмкүнчүлүгү (110-берене);

• мамлекеттик органдар ЖӨБ органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигише албайт. ЖӨБ органдарына айырм бир мамлекеттик ыйгарым укуктар аларды ишке ашыруу үчүн материалдык, каржылык жана башка каражаттар менен кошо өткөрүлүп бериле алат (113-берене).

Ошентип “Мугалимдин статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесине берилген шилтеме менен, категориалдык гранттардын өлчөмүн аныктоонун методикасына жана формуласына корголгон беренелер боюнча жергиликтүү бюджеттердин үлүшү түшүнүгүн киргизүү бери дегенде үч мыйзамга жана Конституцияга карама каршы келет: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесине, “КРда бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” КР мыйзамынын 37-беренесине жана КР Конституциясынын 8-бөлүгүнүн 3-беренесине.

Саясий жана каржылык кесепеттери

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, категориалдык гранттардын өлчөмүн эсептөөнүн формуласынын анализи аркылуу билим берүү системасынын корголгон беренелерин каржылоодо жергиликтүү бюджеттердеги каражаттардын ролун карап көрүү маанилүү болот. Анализ көрсөткөндөй, мугалимдердин маянасын кошо каржылоо тууралуу талап төмөнкү киреше потенциалына ээ болгон, б.а. дотациялык жергиликтүү бюджеттерге таасир этпейт. Бирок сокку бакубат жана өз аракеттери менен өзүнүн ички көйгөйлөрүн чечип келген айылдык аймактарга урулмакчы. Жаңы методиканы ишке киргизүү менен Кыргызстандын бардык муниципалитеттери 2007-жылга чейинки абалына кайтып келет. Финансы каражаттары айыл өкмөтүнүн аппаратынын жана билим берүүнүн маянасына гана жетип турат. Бул болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда көрсөтүлгөн өз функцияларын аткара албай, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтө албай, тиешелүү аймакта турмушту камсыздоого байланышкан күнүмдүк маселелерди чече албай калышына алып келет. Өз кезегинде бул нерселер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине нааразычылыкты жаратып, жеринде социалдык чыңалууга себепчи болуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун бурмалап түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Натыйжада бул нерселер Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кыйрашына жана кайрадан туруксуздукка жеткирет.

Бир гана жолу бар: Чукул арада БКС каржылоо боюнча ыкма, өзгөчө алардын жергиликтүү бюджеттеги каражаттардагы катышуу бөлүгүн өзгөртүү тууралуу маселесин Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн алдында көтөрүп чыгуу.

Окшош материалы: