Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Чүй облусундагы муниципалитеттердеги ресурстарга тең укуктуу жетүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде этникалык көп түрдүүлүктү башкаруу”

2012-04-30 / ЖӨБ ресурстары

ӨСИ “Сорос-Кыргызстан” корунун колдоосу менен “Чүй облусундагы муниципалитеттердеги ресурстарга тең укуктуу жетүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде этникалык көп түрдүүлүктү башкаруу” долбоорун ишке ашырып жатат.

ӨСИ “Сорос-Кыргызстан” корунун колдоосу менен “Чүй облусундагы муниципалитеттердеги ресурстарга тең укуктуу жетүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде этникалык көп түрдүүлүктү башкаруу” долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун максаты – ачык, акыйкат, айкын башкаруу жолу менен жаратылыш ресурстарына тең укуктуу жетүү механизмин өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстарын сынак аркылуу берүү.

2012-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында Чүй облусунун 10 муниципалитети үчүн орнотуучу семинар өттү. Семинарда долбоордун максаты, милдеттери жана күтүлгөн жыйынтыктары айтылды. Семинарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин өкүлү, Чүй, Аламүдүн жана Ысык-Ата жергиликтүү каттоо органдарынын жетекчилери, ошондой эле ресурстарга ачык жетүү механизмдери ийгиликтүү киргизилген Беловодск жана Петровка муниципалитеттеринин өкүлдөрү катышты. Орнотуучу семинардын алкагында муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айкындуулугун жана жоопкерчилигин арттырууга, жер маселелери боюнча талаш-тартыштардын санын азайтууга жана муниципалитеттерде ресурстарды башкарууга тең укуктуу жетүүнү камсыздоого тиешелүү маселелер каралды.

Семинардын жүрүшүндө муниципалдык жерлерди натыйжалуу башкаруу боюнча жардамга өзгөчө муктаж болгон пилоттук беш муниципалитетти тандап алуу үчүн 10 муниципалитеттин арасында анкета жүргүзүлдү. Тандоо критерийлерине айылдык муниципалитеттин тургундарынын көп улуттуу курамы жана жерге байланыштуу талаштардын болгону да кирди. Жүргүзүлгөн анализдин натыйжасы боюнча төмөнкү пилоттук муниципалитеттер тандалып алынды: Чүй району – Ак-Бешим,Аламүдүн району – Төмөнкү Ала-Арча; Ысык-Ата району – Логвиненко, Юрьевка муниципалитеттери.

Чүй облусунун бардык беш элеттик муниципалитетинде окутуучу семинарлар уюштурулду. Алардын негизги максаты катышуучуларды жаратылыш ресурстарына ачык жана тең укуктуу жетүү принциптерине үйрөтүү болду. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү темалар берилди:

• “Муниципалдык менчик укугунун мыйзамдык негиздери”;

• “Муниципалдык менчикти башкаруунун негизги принциптери”;

• “Муниципалдык жерлерди башкаруу”.

Семинарга АӨ башчысы, аппараттын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү жамааттын активисттери катышты.

Ушул тапта Чүй облусунун тандалып алынган беш облусунда муниципалдык жерлерди эсепке алуу жана инвентаризациялоо боюнча иштер башталды.

Аны менен катар Өнүктүрүү саясат институтунун адистери муниципалдык менчиктин карамагындагы жер участокторуна менчик же ижара укуктарын айкын башкаруу жана берүү маселелери боюнча Чүй облусундагы муниципалитеттердеги жергиликтүү ченем укуктук акттарды анализдөө боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Пилоттук муниципалитеттерде муниципалдык жерлерди натыйжалуу бөлүштүрүүгө, ресурстарга тең укуктуу жана ачык жетүүгө өбөлгө боло турган Муниципалдык жерлерди башкаруунун Стратегиясын же Планын иштеп чыгуу каралган.

Муниципалдык жерлерди эсепке алуунун жана инвентаризациялоонун, жергиликтүү ченем укуктук акттардын долбоорлорун иштеп чыгуунун жана муниципалдык жерлерди башкаруунун Стратегиясынын же Планынын жыйынтыгы боюнча муниципалитеттерде коомдук угуулар өткөрүлөт.

Мээркан Карбозова,

ӨСИ муниципалдык менчик боюнча адиси