Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Формуланын жука материясы: ЖӨБ киреше потенциалы категориалдык гранттардын өлчөмүнө кантип таасирин тийгизет

2012-04-30 / ЖӨБ ресурстары

Келтирилген ой пикирлердин жыйынтыгы боюнча, категориалдык гранттардын жаңыртылган формуласынын өзөктүү элементи болуп жергиликтүү бюджеттердин корголгон жана корголбогон беренелери боюнча үлүшү жана ушундан улам аны эсептөөнүн механизми болуп калат.

Өткөн темадан категориалдык грантты эсептөө формуласын эске салалы:

КГi = (1 – di КБ ) х (Пi КБ + ФОТiПР + Питi ПР) ++ (1 – d КББ ) х (Пi КББхр + КУi + КББi ПР), жана, ошондой эле, кээ бир өзгөрүүлөрдөн кийинки анын жазылышы:

КГi = (1 – di КБ ) х Пi КБ + (1 – d КББ ) x (Пi КББхр + КУi ),

Келтирилген ой пикирлердин жыйынтыгы боюнча, категориалдык гранттардын жаңыртылган формуласынын өзөктүү элементи болуп жергиликтүү бюджеттердин корголгон жана корголбогон беренелери боюнча үлүшү жана ушундан улам аны эсептөөнүн механизми болуп калат: бул жерде:

diКБ - жергиликтүү бюджеттердеги өз кирешелеринен билим берүү уюмдарына кеткен чыгашалардын корголгон беренелерин кошо каржылоонун үлүшү;

КПi - кирешелердин репрезентативдик системасы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше потенциалы;

ОСi - ЖӨБда окуунун бардык тепкичтерине киргизилген окуучулардын жалпы саны i;

КП - бул топко кирген бардык жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин репрезентативдик системасы боюнча жалпыланган киреше потенциалы;

ОС - жалпы билим берүү уюмдарындагы жергиликтүү бюджеттер боюнча жалпы топтогу окуучулардын саны;

dКБ - жергиликтүү бюджеттердин өз кирешесинен билим берүү уюмуна кеткен чыгашалардын корголгон беренелерин кошо каржылоонун жергиликтүү бюджеттердин тобу боюнча орточо үлүшү;

dКББ - жергиликтүү бюджеттердин өз кирешесинен билим берүү уюмуна кеткен чыгашалардын корголбогон беренелерин кошо каржылоонун жергиликтүү бюджеттердин тобу боюнча орточо үлүшү.

Жергиликтүү бюджеттин өз кирешесинен билим берүү уюмуна кеткен чыгашалардын корголбогон беренелерин кошо каржылоонун үлүшү төмөнкүчө аныкталат:

diКББ - жергиликтүү бюджеттин өз кирешесинен билим берүү уюмуна кеткен чыгашалардын корголбогон беренелерин кошо каржылоонун үлүшү;

КПi - кирешелердин репрезентативдик системасы боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалы i;

ОСi - ЖӨБда окуунун бардык тепкичтерине киргизилген окуучулардын жалпы саны i;

КП - бул топко кирген бардык жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин репрезентативдик системасы боюнча жалпыланган киреше потенциалы;

ОС - жалпы билим берүү уюмдарындагы жергиликтүү бюджеттер боюнча жалпы топтогу окуучулардын саны;

dКББ - жергиликтүү бюджеттердин өз кирешесинен билим берүү уюмуна кеткен чыгашалардын корголбогон беренелерин кошо каржылоонун жергиликтүү бюджеттердин тобу боюнча орточо үлүшү.

Жогоруда келтирилген эки формула тең корголгон жана корголбогон беренелер боюнча кошо каржылоонун үлүшүн аныктоо боюнча эсептер бир окуучуга (конкреттүү бир аймак боюнча да, ошондой эле жалпысынан жергиликтүү бюджеттердин тобу боюнча да) эсептөөдөгү киреше потенциалынын өлчөмүнө түздөн түз көз каранды болгонун көрсөтүүдө. Ошол эле кезде мында киреше потенциалынын өзгөрүлмөсү жана кошо каржылоонун үлүшүнүн мааниси ортосунда түз сызык көз карандуулук байкалат.

Киреше потенциалынын (КП) чоңдугуна жана окуучулардын санына (ОС) жараша жергиликтүү бюджеттердин үлүшүнүн эсебинен түзөлү. Эсепти (1) КПi/ОСiазыраак КП/ОС жана (2) КПi/Осiкөбүрөөк КП/ОС дегенге тиешеси бар айылдык аймактар үчүн жүргүзөбүз.

КП чоңдугун 2011-жылга карата 957 миллион сомго тең болгон айылдык муниципалитеттердин тобу боюнча бардык кирешелердин жалпы суммасы катары аныктайбыз. 2011-жылга карата жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын саны 1млн. 17 миң адамды түзөт. Ошондо КПнын ОСна катышы бир окуучуга 957 сомду түзөт.

Төмөн киреше потенциалына ээ болгон айылдык аймактар үчүн корголгон беренелерди каржылоо боюнча жергиликтүү бюджеттердин үлүшүн эсептейли КПi/ОСiазыраак КП/ОС, dкб = 0,1;dкбб = 0,3. Формуланын жардамы менен конкреттүү айылдык аймак боюнча кошо каржылоонун тиешелүү үлүшү боюнча таблица түзсө болот.

Чындыкка жакыныраак мисалдардагы кошо каржылоонун үлүшүн аныктоо боюнча формуланын анализи көрсөткөндөй, төмөн деңгээлдеги киреше потенциалына ээ болгон АА үчүн корголгон беренелер боюнча кошо каржылоонун үлүшү терс болуп эсептелет жана учурдагы катышы КПi/ОСi топ боюнча орточодон олуттуу түрдө ашса да нөлгө жакын болуп турат. Бул болсо дээрлик бардык дотациялык жана бакубат АА айрым бөлүктөрүндө корголгон беренелер боюнча кошо каржылоонун үлүшү нөлгө барабар болгонун көрсөтүп турат. Эсептөөдө олуттуу ролду формулада терс белгиси бар dз/dнз коэффициенти ойнойт. Бул коэффициент “жакыр” айылдык аймактарды ансыз да аз көлөмдөгү өз кирешелерин мугалимдердин маянасын төлөөгө жумшоодон “коргойт”. (1-таблица). Мисалы, корголбогон берене боюнча үлүштү эсептөөдө бул коэффициент болбосо, жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоонун үлүшү бир заматта оң мааниге ээ боло түшөт (3-таблица).

Ушундай эле кырдаалды КП/ОС = 957 сом, d КБ =0,2 катышы менен жергиликтүү бюджеттердин тобуна кирген потенциалдуу бакубат айылдык аймактар үчүн да түзүп көрөлү. (2-табл. караңыз). 2-таблицадагы маалыматтар көрсөтүп тургандай, жогорку деңгээлдеги киреше потенциалына ээ болгон айылдык аймактардын тобунда корголгон беренелер боюнча кошо каржылоонун үлүшү белгилүү бир баскычта оң мааниге ээ болот. Ошол эле учурда бул жерде учурдагынын киреше потенциалынын орточолонгон маанисине карата өсүү динамикасынын катышы корголгон беренелер боюнча кошо каржылоонун үлүшүнүн көбөйүү динамикасынан бир кыйла ашып түшөөрүн белгилей кетүү зарыл. КПi/ОСi катышынын КП/ОС карата 10% көбөйгөнү кошо каржылоонун үлүшүн 2-3% гана арттырат.

Буга чейинки мисалда айтылгандай эле, корголбогон беренелер боюнча кошо каржылоонун үлүшү орточолонгонго карата киреше потенциалынын маанисинин катышынын дээрлик түз пропорциалуу көбөйөт.

Дагы да тагыраак маалымат болгондо жергиликтүү бюджеттердин тиешелүү топтордун киреше потенциалынын маанисинин кайсы деңгээлинен тарта жергиликтүү бюджеттин корголгон беренелерге болгон үлүшүн алуу башталаарын аныктаса болот. Алгачкы орой божомол менен катышуу үлүшү жергиликтүү бюджеттердин тиешелүү тобу боюнча орточолонгонго карата өз киреше потенциалынын 1,5 эсе өскөнүнөн башталат.

Албетте жогоруда келтирилген маалыматтардын анализи орточолонгон мүнөзгө ээ. Анткени категориалдык гранттарды эсептөөдө белгилүү бир көрсөткүчтөрдүн таасирин дагы да тагыраак анализдөөгө жардам бере турган сандык маанилер жокко эсе. Ошентсе да анализдин мындай түрү категориалдык гранттарды эсептөөдө жергиликтүү деңгээлде түзүлгөн көрсөткүчтөргө таасиринин көлөмүн баалоо мүмкүнчүлүгүн берет.