Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык менчик: 2012-жылдагы өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлоруу

2012-02-29 / ЖӨБ ресурстары

2012-жылдагы Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлоруу

 

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму (Бишкектеги борбору) долбоорду 2012-жылы да каржылай берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул чечим көптөгөн айылдык муниципалитеттер жаңжал потенциалын азайтуу үчүн ресурстарды башкарууну жакшыртуу багытында алгачкы гана кадамдарды жасай баштаганы менен байланыштуу. Негизинен муниципалдык башкарууну жакшыртууга киришүү 
менен муниципалитеттер алар болочокто дагы көп ишти жасай турганын түшүндү жана мындай учурда донордук колдоонун улантылышы өтө баалуу жана өзүн өзү актайт. Мисалы, объекттерди башкарууну салыштырмалуу ирээтке келтирүү менен айылдык аймактар жерлерди башкаруу ишине кирише элек. Ал эми бул иштин алкагында иш-чаралардын бардык комплексин өткөрүү талап кылынат: инвентаризациядан баштап, каттоо жана жерди сатуу же ижарага берүү аркылуу экономикалык жүгүртүүгө аралаштырууга чейинки жол. “Сорос – Кыргызстан” фонду ушул өңдүү долбоорду Чүй облусунун беш айылдык аймагында колдоду. Ошону менен бирге Өнүктүрүү саясат институтунун эки долбоору Кыргыз Республикасынын төрт облусундагы 35 айылдык аймакка муниципалдык менчикти башкарууда жардам берет. 
 
Чүй облусундагы иштер
 
Мамлекеттик каттоонун айрым ички нормативдик акттарын жакшыртуу жана турумду өзгөртүү болбосо, жер ресурстарын акыйкат жана айкын башкаруунун андан аркы өнүгүүсү жана алга жылуусу мүмкүн болбой калат. Буга байланыштуу Өнүктүрүү саясат институту муниципалдык жерге байланыштуу бардык иштердин биринчи баскычы ачык талкуулоо жана мамлекеттик структураларды (Мамлекеттик каттоо, Архитектура, райондук администрациялар) максималдык деңгээлде кошуу менен жумушчу топту түзүү болуш керек деген ишенимде турат.  Башкача айтканда эгерде буга чейин долбоорду ишке ашыруу ыкмасы “төмөндөн жогору карай” башталып 
келсе, эми бул долбоордо “жогору жактан төмөнгө карай” жаңы ыкмасы сыналат. Бул ыкмага ылайык, мамлекеттик структуралар долбоорго өздөрү тартылып, анын жыйынтыгына кызыкдар болмокчу. 
 
Бул жумушчу топтун иши жана ачык талкуулоо “Сорос-Кыргызстан” фондунун долбоорун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт деп пландалып жатат. Бул долбоордун жыйынтыгында ДКРПНИнин (Мамлекеттик каттоо) жергиликтүү каттоо орган-дарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен иштешүү жана муниципалдык менчикти каттоонун ар бир кадамы боюнча көрсөтмө берилет. Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы иштерДКРПНИ менен кызматташуу натыйжаларын эске алуу мененғ ӨСИ КРнын түштүгүндөгү 30 сынамык АА менен иштөөнү улантат. Планда:
 
• 30 пилоттук айылдык аймактын территориясында орун алган муниципалдык объекттерди (курулуштар жана имараттар) каттоо жана инвентаризациялоо иштерин бүтүрүү.
 
• 30 пилоттук айылдык аймактын территориясындагы муниципалдык жерлерди каттоо жана инвентаризациялоо иштерин улантуу. 
 
• ЖӨБ органдарына ДКРПНИнин (Мамлекеттик каттоо) жергиликтүү каттоо органдарында муниципалдык менчиктеги объекттерге укукту каттоого көмөктөшүү.
 
• Бери дегенде 5 айылдык аймакта муниципалдык жерлерди каттоонун жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын калк менен коомдук угууларда (жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларында) талкуулоо.
 
• Бери дегенде 3 айылдык аймакта муниципалдык менчиктеги объекттерге укукту (менчик укугун сатуу жана ижарага берүү) сынактын негизинде берүү боюнча пилоттук иш-чараларды өткөрүү (сатуулардын көлөмүн көбөйтүү максатын көздөбөстөн, аларды көрсөтмө иш-чара катары гана уюштуруу).
 
• Аймагы жана калкынын саны боюнча ири айылдык муниципалитеттерде ресурстарга жана жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүгө жетүүдө тең укуктуулук болуш максатында муниципалдык менчикти башкаруу боюнча стратегияны иштеп чыгууда кеп-кеңеш берүү менен жардам көрсөтүү. Мындай айылдык муниципалитеттерде жетекчилердин саясий эрки жана техникалык потенциалы жетиштүү болуш керек. Стратегияны коомдук угууларда талкуулоо. 
 
• Алынган тажрыйбаны жалпылаштыруу жана таратуу. Аны өкмөттүн жана мамлекеттик башкаруунун башка жооптуу органдарынын дарегине сунуш түрүндө даярдоо. 
 
Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу бардык суроолор менен Өнүктүрүү саясат институтунун адистери Мээркан Карбозова жана Жылдыз Керимовага кайрылыңыздар:
(0312) 97-01-05 (06, 07).

Окшош материалы: