Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык менчик: 2011-жылдагы өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлоруу

2012-02-29 / ЖӨБ ресурстары

2011-жылдагы Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлоруу

 

“Ресурстарга тең укукта ээ болуу Кыргызстандын чүй облусундагы муниципалитеттериндеги ар түрдүү этносторду башкаруу инструменти катары” долбоору
 
Каржылоо: Ачык коом институту (Будапешт).
 
Аткаруучулар: Өнүктүрүү саясат институту “Социалдык интеграция борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте.
 
Максаты:  Муниципалдык жерлерди ачык, акыйкат жана айкын башкаруунун жардамы менен этностор аралык жаңжалды алдын алуу. Түрдүү топтор жана муундар ортосундагы жерге болгон кызыкчылыктарды теңдөө; этникалык жана социалдык топтор ортосундагы экономикалык негиздеги тирешүүлөр деңгээлин азайтуу. Каттоо жана инвентаризация, ошондой эле Чүй облусундагы төрт пилоттук муниципалитеттерде – Жаңы-Пахта айыл өкмөтү (Сокулук району); Ново-Павловка айыл өкмөтү (Сокулук району); Гавриловка айыл өкмөтү (Сокулук району); Петровка айыл өкмөтү (Москва району) – муниципалдык менчиктин андан кийинки катталуусу.
 
Жыйынтыгы: ЖӨБ органдары жаратылыш ресурстарына ачык жетүү принциптерин үйрөнүштү (100дөн ашуун адам катышты); төрт муниципалитетте муниципалдык жерлерди каттоо жана инвентаризациялоо процесси жүргүзүлдү, Муниципалдык жерлерди башкаруу Планы иштелип чыкты; төрт муниципалитетте нормативдик-укуктук акттарды (жергиликтүү көрсөтмөлөр, муниципалдык менчиктеги объекттерге укукту  берүү шарттары) кароо жана бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештин сессиялары өткөрүлдү; Петровск айылдык аймагында муниципалдык жерлерди каттоо жана инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча коомдук угуулар өттү жана муниципалдык жерлерди башкаруу боюнча долбоордун планы түзүлдү. Муниципалдык жерлерди каттоо жана инвентаризациялоонун жыйынтыгы өзгөчө көңүл буруп кароого татыктуу.
 
Петровка айылдык аймагында төмөнкү-дөй жыйынтыктар болду:
 
• айылдык аймактын 3 айылы текшерилди (Петровка, Заводское, Кызыл-Туу);
 
• 142 ээн жаткан муниципалдык жер участогу аныкталды;
 
• ээн муниципалдык жерлердин жалпы аянты 65,27 гектарды түздү.
 
Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндө төмөнкүдөй жыйынтык болду:
 
• айылдык аймактын 5 айылы текшерилди (Жаңы-Пахта, Мирный, Май, Ак-Кашат, Заря);
 
• 60 жер участогу табылды;
 
• кайрадан табылган ээн муниципалдык жерлердин жалпы аянты 57 гектарды түздү.
 
Ново-Павловка айылдык аймагында төмөнкүдөй жыйынтыктар болду:
 
• айылдык аймактын 2 айылы текшерилди (Ново-Павловка, Учкун);
 
• 32 жер участогу табылды;
 
• кайрадан табылган ээн муниципалдык жерлердин жалпы аянты 3,7 гектарды түздү.
 
Гавриловка  айылдык аймагында төмөнкүдөй жыйынтыктар болду:
 
• айылдык аймактын 3 айылы текшерилди (Гавриловка, Романовка, Жыламыш);
 
• 21 ээн муниципалдык жер участогу табылды;
 
• ээн муниципалдык жерлердин жалпы аянты 15, 84 гектарды түздү.
 
“Ресурстарды эффективдүү башкаруунун эсебинен жаңжал потенциалын азайтуу максатында баткен, Жалал-абад жана ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин күчөтүү” долбоору
 
Аткаруучу: Өнүктүрүү саясат институту.
 
Каржылоо: ЕККУнун Бишкектеги борбору.
 
Долбоор сандык жана сапаттык кулачы боюнча масштабдуу. Долбоордун алгачкы этабында көрсөтүлгөн темалар боюнча окуудан өткөн жана алынган билимди өз муниципалитеттеринде иш жүзүндө колдонууга аракет жасаган 30 пилоттук айылдык муниципалитеттин катышуусу болжолдонгон. Экинчи баскычында ар бир пилоттук аймак “шефтикке алынган” үч аймакта тажрыйбасын жайылтаары каралган: 30 пилоттук аймак устат-ментор катары коңшу үч муниципалитетти окуткан. Натыйжада бул долбоорго катышкан муниципалитеттердин жалпы саны 102 айылдык аймак болду. Долбоордун жүрүшүндө анын катышуучулары – пилоттук жана “шефтикке алынган” айылдык аймактар – бир катар тапшырмаларды аткарды. 
 
I тапшырма.  Мамлекеттик менчиктен муниципалдыкка өткөрүлгөн объекттердин тизмеси менен иш жүзүндө кабыл алынган объекттердин тизмесинин ортосундагы айырманы аныктоо. Табылган айырманын себебин аныктоо. Бул тапшырманын маңызы боюнча, муниципалитеттер аларга муниципалдык менчикти түзүү учурунда эмне берилгенин, ал эми кайсыларын кандайдыр бир себептер менен жоготуп алганын жана жоготуп алган менчикке карата муниципалитеттин саясаты кандай болоорун түшүнмөк. Бул тапшырманы 15 айылдык аймак аткарды, бул болсо жалпы пилоттук аймактардын 50% түзөт.
 
II тапшырма.  Муниципалдык менчик укугунун мамлекеттик каттоосунун абалын баалоо. Тапшырманын өзөгү – муниципалитеттерди муниципалдык менчикти башкаруудагы өтө олуттуу көйгөйгө көңүл бурууга түрткү болуу. Ал: муниципалдык менчик укугун каттоонун төмөнкү деңгээли. Бул көйгөй муниципалдык менчикти экономикалык жүгүртүүгө аралаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, жада калса объектти жоготуп алууга чейин алып барууда. Бул тапшырманы 18 айылдык аймак аткарды, бул болсо жалпы пилоттук аймактардын 60% түзөт.
 
III тапшырма.  Айылдык аймактардын объекттерин инвентаризациялоо. Максаты – муниципалдык менчикте кандай объекттер болгонун, алардын санын, кайсы жерде жайгашканын жана кандай абалда болгонун так билүү. Көпчүлүк айылдык аймактар ушул убакытка чейин мындай маалыматка ээ эмес. Өзгөчө бул кароосуз калган имараттар жана курулуштарга, анын ичинде турак жайларга, жер участогу менен бирге курулуп бүтпөй калган объекттерге, ээн жаткан жер участокторуна тиешелүү. Бул тапшырманы беш гана муниципалитет аткарды. Алар: Ош облусундагы Көк-Жар, Зулпуев, Дөң-Булак, Мырза-Аке айылдык аймактары жана жалал-Абаддагы Сакалды айылдык аймагы.
 
IV тапшырма.  Муниципалдык менчиктеги объекттердин реестрин даярдоо жана аны муниципалитет тургундарынын колдонуусун камсыздоо. Бул тапшырманын үстүртөдөн алынган мааниси – мүлктүн толук сүрөттөлүшүн камсыздоо. Бирок анын түпкүрүндө муниципалдык менчик тууралуу маалыматты айкын жана жарандарга жеткиликтүү кылуу максаты жатат. Бул өтө туура, анткени муниципалдык менчикке айыл аймагынын бардык тургундары укуктуу жана ушундан улам ар бир адам муниципалдык менчик тууралуу бардык маалыматка ээ болуу укугуна ээ. Айылдык муниципалитеттер ачыктыкты көрсөтүштү: 23 аймак, же болбосо пилоттордун 76% реестрди даярдады жана аны жарандар жеңил ала тургандай кылышты. Ошол эле учурда 17 муниципалитет реестрди кайрадан даярдаса, 4 айылдык аймак реестрдин эски формасын берсе, экөө жөн гана объекттер боюнча маалыматты топтоду. 
 
V тапшырма. Айылдык аймактын муниципалдык менчигиндеги объекттердин классификациясын даярдоо, анын кеңеш тарабынан бекитилиши. Тапшырманын максаты – объекттерди милдеттүүлүк деңгээли боюнча топтоштуруу – милдеттүү, кошумча жана ашыкча. Бул кийин ар бир топко карата саясатты аныктоо үчүн зарыл болгон иш; милдеттүү объекттер багыты боюнча гана колдонулушу керек жана жакшы абалда болушу шарт, алардын баасынын төмөндөшүнө жол берилбеш керек; кошумча объекттер жамааттын артыкчылыктарына ылайык колдонулуш керек; ал эми ашыкча объекттер ачык-айкын сатылып, же ижарага берилиш керек. Жергиликтүү бюджетке кошумча киреше алуу үчүн бул иш сынактын негизинде жүргүзүлүш керек. Ушул тапшырманы 17 аймак аткарды, бул болсо пилоттордун жалпы санынын 60% түзөт. 
 
VI тапшырма. Муниципалдык менчиктеги объекттерге укукту берүүнүн принциптерин жана тартибин аныктаган жергиликтүү нормативдик укуктук акттарды иштеп чыгуу. Бул ошондой эле ресурстарды айкын жана акыйкат башкаруунун өзөктүү бөлүгүн түзөт. Анткени ар бир адамга түшүнүктүү жана ачык эрежелер болгон учурда гана аларды акыйкат колдонууга жетишүү мүмкүн болот. Бул тапшырманы 50% ашуун айылдык аймак аткарды.

 

Окшош материалы: