Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БӨУ менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү: муниципалдык социалдык заказдын мүмкүнчүлүктөрү

2013-12-13 / Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык
БӨУ менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү: муниципалдык социалдык заказдын мүмкүнчүлүктөрү

“Мамлекеттик (муниципалдык)социалдык заказ” деген эмне?

 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – бул жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн коомдук бийликти уюштуруунун жөн гана формасы эмес. ЖӨБ органдары – калкка баарынан да жакын турат жана жарандардын бардык топторунун, өзгөчө социалдык жактан корголбогон топтордун муктаждыктары тууралуу баарынан да жакшы билишет (же билиши керек). ЖӨБ органдарынын көңүл чордонуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамда сүрөттөлгөн гана эмес, түрдүү башка маселелер да кирет.Салттуу болуп калган таштанды жана суу менен камсыздоо маселелеринен башка, ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттын социалдык өнүгүүсү менен алектенип, маданий жана спорттук өнүгүүнү,жаштар, аялдар жана кары адамдар үчүн бош убакытты өткөрүүнү уюштуруп, жамаатты заманбап жашоонун түрдүү маселелери боюнча агартууга көмөктөшүш керек. Анткен менен ЖӨБ органдарында керектүү квалификацияга ээ адистер дайыма эле боло бербейт, ушул маселелерге тийиштүү көңүл буруу үчүн дайыма эле адамдык ресурстар жана убакыт жетиштүү болбойт. Мындай учурда социалдык чөйрөдө жергиликтүү өз алдынча башкарууга жардамга бейөкмөт уюмдар келе алмак. Ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказды аткарууга келишимдерди түзгөн буйрутмачы жана социалдык программалардын аткарылышына жооптуу болсо, бейөкмөт уюмдар аткаруучу болмок.
 
“Мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказ” деген эмне?
 
Мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказ - бул социалдык программаларды (долбоорлорду) ишке ашыруунун жана мамлекеттик (муниципалдык) бюджеттик каражаттардын эсебинен социалдык-экономикалык тапшырмаларды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө багытталган өзүнчө иш-чаралардын формасы (2008-жылдын 21-июлундагы №162
 
“Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” КР Мыйзамынын 1-бер. боюнча).Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары:
 
• мамлекеттик органдардын (жана ЖӨБ органдарынын) ишмердиги менен камтылбаган же жетишсиз камтылган социалдык жактан мааниге ээ көйгөйлөрдү чечүү;
 
• социалдык чөйрөгө мамлекеттик эмес булактардан кошумча адамдык, материалдык, каржы ресурстарын тартуу;
 
 
• бөлүнгөн каражаттардын максаттуу сарпталышы үчүн аткаруучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу;

 

• социалдык коргоо чараларынын даректүүлүгүн арттыруу;
 
• калкка социалдык кызматтарды натыйжалуу жана үзгүлтүксүз көрсөтүү үчүн укуктук механизмдерди түзүү;
 
• социалдык заказды аткаруучулар ортосундагы атаандаштыкты колдоо жана социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;
 
•мамлекеттик (муниципалдык) каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;
 
• социалдык кызмат көрсөтүү боюнча базар түзүү (ошол эле мыйзамдын 3-бер. боюнча).Муниципалитеттин деңгээлинде муниципалдык социалдык заказдын максаттары төмөнкүлөр:
 
• шаардын же айылдын коомдук мааниге ээ көйгөйлөрүн комплекстүү жана натыйжалуу чечүү жана жашоочулардын социалдык чөйрөдөгү керектөөлөрүн канааттандыруу;
 
• шаардын же айылдын коомдук мааниге ээ көйгөйлөрүн чечүүдө бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык саясатынын натыйжалуулугун жана даректүүлүгүн жогорулатуу;
 
• социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы формаларын өнүктүрүү жана аларга колдоо көрсөтүү;
 
• коммерциялык эмес жана башка уюмдардын кошумча ресурстарын тартуу, ошондой эле муниципалдык социалдык заказды аткарууда жарандарды коомдук мааниге ээ муниципалдык көйгөйлөрдү чечүү иштерине тартуу.
 
Ким аткаруучу боло алат?
 
Мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказды аткарууга ЖӨБ органдары менен келишим түзгөн, катталган коммерциялык эмес уюм (саясий партияларды,кесиптик кошуундарды жана диний уюмдарды кошпогондо) мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказды аткаруучу боло алат. Аткаруучу долбоорлордогу сынактын негизинде тандалат. Анда социалдык программаларды ишке ашыруунун өзгөчө натыйжалуу ыкмалары сунушталат (ошол эле мыйзамдын 1-бер. боюнча).Мамлекеттик (муниципалдык)социалдык заказ аркылуу кандай маселелерди чечсе болот?Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,мамлекеттик социалдык заказ төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн 14 багыт боюнча ишке ашырылат. Анткен менен ушул буклеттеги пилоттук долбоордун алкагында бардык эле көрсөтүлгөн багыттар колдоого алына бербейт (5-таблицаны караңыз).
 
 
2008-жылдын 21-июлундагы №162 “Мамлекеттик соицалдык
заказ жөнүндө” Мыйзамда көрсөтүлгөн багыт
Жарандык коомду колдоо боюнча GIZ
(Эл аралык кызматташтык боюнча
германиялык коом) Долбоорутарабынан
каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү
1) билим берүү, илим, маалымат, дене тарбия жана спорт жаатында
максаттарга жетүү;
Колдоо мүмкүн
2) жарандардын саламаттыгын коргоо, сергек жашоо образын үгүттөө; Колдоо мүмкүн эмес
3) айлана чөйрөнү коргоо; Колдоо мүмкүн
4) жаштар саясатын жана балдардын демилгесин колдоо;  Колдоо мүмкүн
5) демография көйгөйүн чечүү; Колдоо мүмкүн
6) гендер көйгөйүн чечүү; Колдоо мүмкүн эмес
7) калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо;
Колдоо инновациялык ыкмаларды камтыган
долбоорлорго карата гана мүмкүн
8) жетим балдарга, толук эмес жана көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан
балдарга жардам берүү;
Колдоо мүмкүн
 
9) жарандардын ишке орношуусуна көмөктөшүү; Колдоо мүмкүн
10) жарандардын жана уюмдардын укуктарын, мыйзамдык
кызыкчылыктарын коргоо;
 
Колдоо мүмкүн эмес
11) маданиятты жана искусствону өнүктүрүү;
Колдоо жаштарга багытталган долбоорлорго карата гана мүмкүн
12) тарыхый-маданий мурасты коргоо;
 Колдоо мүмкүн 
 
13) коомдук биримдикти бекемдөө; 
 Колдоо мүмкүн эмес
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген
социалдык жактан мааниге ээ башка багыттар (ошол эле мыйзамдын
5-бер. боюнча).
Колдоо кошумча талкуудан кийин гана мүмкүн

 

 

 
Муниципалдык социалдык заказ кантип түзүлөт?
 
Муниципалдык социалдык заказ бюджеттик каржылоосу жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын дарамети бар иштеп жаткан социалдык программаларды эсепке алуу менен, муниципалитеттин жашоочуларынын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө карата аныкталган керектөөсүнө анализ жасоонун негизинде түзүлөт.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн пайда Дүйнөлүк практика далилдегендей, социалдык кызматтарды көрсөтүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында чоң кыйынчылыктар пайда болот. Сапатына көзөмөл жүргүзүү оор, акча көп учурда натыйжасыз сарпталат жана башкалар. Социалдык заказ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөрдү ишке ашырууга жардам берет:
 
• “процессти башкаруунун” ордуна “натыйжаларды башкаруу” жолу менен социалдык маселелерди чечүүгө чыгашаларды азайтуу;
 
• келишимдин суммасынан 25% чейинки көлөмдө кошумча каржылоону тартуу (Орусия Федерациясынын жана башка өлкөлөрдүн практикасы боюнча);
 
• социалдык маселелерди чечүүнүн сапатын жогорулатуу;
 
• социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн күчөтүү;
 
• жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине жалпысынан канааттануусун жогорулатуу.Жарандар үчүн пайдалар Жалпысынан жарандар үчүн социалдык кызматты ким көрсөтүп жатканы маанилүү эмес – башкаруу органыбы (мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу) же бейөкмөт уюмбу. Негизгиси кызмат көрсөтүүнүн көлөмү жана сапаты канааттандырса болду. Анткен менен тереңирээк карай келгенде, бейөкмөт уюмдар социалдык маселелерди чечүүдө адатта көбүрөөк натыйжага жетишет. Социалдык заказ жарандарга төмөнкүлөрдү ишке ашырууга жардам берет:
 
• кызмат көрсөтүп жаткан адамга жөнөкөй эле таасир этүү мүмкүнчүлүгүн берет (арыздануу жеңил жана даттануусуна реакция алалат);
 
• даректүүлүктүн эсебинен жеке көңүл бурууну жана камкордукту сезе алат;
 
• муниципалитеттин “колу жетпей жаткан” маселелерге көңүл бурдурат, мисалы, кары адамдардын бош убактысын өткөрүүсүн уюштуруу;
 
• үйүндө же анын тегерегинде кызмат көрсөтүүлөрдү көбүрөөк көрө баштайт;Бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар үчүн пайдалар Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар да ушул механизмди жайылтуудан өз пайдасын табышат:
 
• өз миссиясын ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү;
 
• жаңы мүчөлөрдү же ишмердиктин активдүү катышуучуларын тартуу;
 
• чыгармачыл, уюштуруучулук жана каржылык дараметти өнүктүрүү;
 
• коом үчүн маанилүү социалдык маселелерди чечүүгө уникалдуу салым кошуу жана өз айылында, шаарда жашоо шартын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү;
 
• туруксуз донордук каржылоого туруктуу альтернатива түзгөн каржылоонун кошумча булактары;
 
• жергиликтүү уюмдардын ичинен жаңы демөөрчүлөрдү тартуу;
 
• акыйкат атаандаштыкты өнүктүрүү.
 
Аткарылышы үчүн ким төлөйт?
 
Социалдык заказдын аткарылышы үчүн мамлекеттик органдар да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да төлөй алат. Бул үчүн алар жыл сайын мамлекеттик социалдык заказ боюнча программаларды (долбоорлорду) каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражатты караштыруу укугуна ээ (ошол эле мыйзамдын 8-бер. боюнча).Социалдык заказдарынын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн БӨУ – аткаруучу БӨУ ишмердигин каржылоо үчүн мыйзамдар уруксат берген башка булактардан каражаттарды жана кошумча донордук каражаттарды тарта алат.Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү практика Кыргыз Республикасында мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказ Социалдык өнүктүрүү министрлигинин линиясы боюнча жайгаштырылат.2009-2012-жылдардын ичинде министрлик БӨУ арасында балдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана карыларды коргоого багытталган социалдык заказдарды жайгаштырып келген. Кыргызстандын муниципалитеттеринде мыйзамдык, каржылык, кадрдык мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата мындай практиканын кеңири колдонулганы байкала элек.Социалдык заказ механизми дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп келет. Мисалы, Болгарияда 2012-жылы социалдык кызмат көрсөтүүлөргө 31 миллион евро бөлүнгөн. Анын ичинен 8 миллионуна (25% ашыгы) БӨУнун кызмат көрсөтүүсү каржыланган, ошону менен бирге БӨУ мамлекет каржылаган 931 кызмат көрсөтүүнүн 176сын ишке ашырат. Социалдык заказды Орусия Федерациясынын муниципалдык түзүлүштөрү кеңири колдонуп келет. Муниципалдык социалдык заказдын жаркын мисалдарын Латвиядан көрсө болот. Мисалы, жаш энелер (сааты менен иштеген бала бакчалар), кары адамдар үчүн борборлорду,маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу.
 
“Муниципалдык социалдык заказдын негизинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө БӨУ менен ЖӨБнын өнөктөштүгү” Долбоору эмне иш аткарат?
 
Долбоордун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын 12 муниципалитетинде БӨУ менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташтыгынын жаңы формаларын жана ыкмаларын муниципалдык социалдык заказ түрүндө сунуштоо жана бекитүү.
 
Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо, муниципалдык (социалдык) заказды түзүү жана жайгаштыруу, ошолзаказдын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо, жол-жоболорун жөнгө салуу жана алынган тажрыйбаны сүрөттөп берүү циклдерин эсепке алуу менен долбоор болжол менен 12-18 айга эсептелген (2013-жылдын сентябрында башталды). Ошону менен бирге долбоор үч логикалык бөлүккө бөлүнөт (1-сүрөт).Алар эки фазанын аралыгында аткарылат (2-сүрөт).
 
Узактыгы 9 айдан ашпаган биринчи фазанын алкагында төмөнкү аракеттер каралган:
 
• Кыргыз Республикасынын 12 муниципалитетинде ЖӨБ органдарын БӨУ менен кызматташуу принциптерине окутуу, Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоону өткөрүү жана социалдык чөйрөдө муниципалдык заказды ишке ашыруу;
 
• бюджеттер аралык мамилелердин жаңы шарт- тарында ЖӨБ органдарын муниципалдык каржыны башкарууга үйрөтүү
 
• 12 муниципалитетте артыкчылыктуу социалдык маселени аныктоо боюнча иш-чаралардын к о м п л е к с и н өткөрүүгө колдоо көрсөтүү;
 
• БӨУ жана демилгелүү топторду долбоорду иштеп чыгуу механизмине окутуу;
 
• 12 муниципалитетте артыкчылыктуу социалдык маселелерди чечүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча демилгелүү топтордун жана БӨУнун иштерине көмөктөшүү;
 
• 12 артыкчылыктуу социалдык долбоор БӨУнун күчү менен аткарылышы реалдуу жана мүмкүн болгонуна техникалык экспертиза жүргүзүү;
 
• БӨУну жана жамааттардагы демилгелүү топторду мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизмдерине окутуу;
 
• социалдык чөйрөдөгү муниципалдык заказды ишке ашыруу механизмин жайылтуу боюнча ЖӨБ органдарынын каржылык бөлүмдөрүнө жергиликтүү бюджеттер аркылуу техникалык колдоо көрсөтүү
 
• Алынган практиканы жалпылаштыруу жана Кыргыз Республикасынын 12 муниципалитетинде алынган практиканын негизинде муниципалдык заказды жайгаштыруу жолу менен социалдык чөйрөдө жергиликтүү жамааттар үчүн артыкчылыктуу болгон долбоорлорду ишке ашыруунун методикасын жана жол-жоболорун сүрөттөп берүү.
Экинчи фазанын узактыгы тандалып алынган долбоорлордун мүнөзү менен аныкталат. Бул фазада Долбоорду аткаруучу төмөнкү тапшырмаларды аткарат.
 
• пилоттук муниципалитеттердин ЖӨБ органдарын Социалдык заказ мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна жаңы мыйзамдарга ылайык окутуу;
 
• ачык коомдук сынакты өткөрүүгө техникалык колдоо көрсөтүү;
 
• Мониторинг жана баалоо боюнча биргелешкен топтун ишине көмөктөшүү;
 
• Муниципалдык социалдык заказ механизмине методологиялык анализ жүргүзүү, жалпылаштыруу,ченемдик базада бекитүү боюнча сунуштар.
 
Долбоор тууралуу кошумча маалыматты кантип алса болот?
 
Пилоттук муниципалитеттерге же Өнүктүрүү саясат институтуна кайрылса болот: Бишкек ш., Усенбаев көч.,44-үй, телефондор: (0312) 97-65-30, 97-65-31, факс:(0312) 97-65-29, расмий веб-сайт www.dpi.kg
 
Мындан тышкары сиз долбоордун эксперттерине кайрыла аласыз:
 
Баткен жана Талас облустары боюнча эксперттер –МУСАЕВА Анара (AMusaeva@dpi.kg) жана СУРАНЧИЕВА Роза (RSuranchieva@dpi.kg);Жалал-Абад облусу боюнча эксперттер –МАЙРАМБЕКОВ Султан (SMairambekov@dpi.kg)жана ОСМОНКУЛОВ Танат (TOsmonkulov@dpi.kg)
 
 
Надежда ДОБРЕЦОВА,
Өнүктүрүү саясат институту