Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө

2025-05-05 / Абалың кандай, район?
Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө

“Эмне үчүн Чоң-Кемин борборго жакын жайгашканына жана табиятынын кооздугу жагынан кем калышпаганына карабастан Каракол андан алда канча популярдуу? “Кыргызстандын алтын өрөөнү” болуш үчүн эмне кылуу керек?” – “Кемин районунда туруктуу туризмди өнүктүрүү: мүмкүнчүлүктөр, көйгөйлөр жана келечектүү багыттар” тегерек столунун катышуучулары ушул суроого жооп издешти. Иш-чара 2025-жылдын 19-мартында “Ала Куш” тоо боз үй комплексинде өттү. Коноктордун арасында туристтик бизнестин өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, блогерлер жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери болду.

Катышуучулар Кемин району Бишкекке жакын жайгашкандыгына карабастан, региондо азырынча өнүккөн инфраструктура, Каракол шаарын жана Ысык-Көл облусун тааныткан туристтик продуктулардын көп түрдүүлүгү болбогонун моюнга алышты. Балким, жергиликтүү бийлик менен бизнестин ортосундагы чабал байланыш мунун бир себеби болушу ыктымал. 

EGED программасын ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтунун демилгеси жана техникалык колдоосу менен мындай талкуу бул жерде биринчи жолу уюштурулуп жатат. Ошол себептен мындай божомол кептер болуп жатканы таң калычтуу эмес. 

“Кеминдеги туризм, Улуу Жибек Жолунун бир бөлүгү катары, Кемин районунун экономикасын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу эки багыттын бири болуп калды. Ал Программага райондун туристтик жагымдуулугун жогорулатып, туристтерди тартуу боюнча иш-чаралар менен катар киргизилген – семинарлар, форумдар, эко-продуктулардын жарманкелери жана фестивалдары пландаштырылган; Салык кызматы жана Улуттук статистика комитети менен биргеликте туристтик объекттердин реестри түзүлөт. Мындан тышкары, Кароол-Дөбө айылындагы баасы 430 миллион сомду түзгөн тоо лыжа базасын курууга колдоо көрсөтүлөт. Биздин райондун өнүгүүсүнө жетишип, жашоочуларыбыздын бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн күч-аракетибизди бириктирип жатабыз. Бул Программаны иштеп чыгуунун Экономика жана коммерция министрлиги бекиткен жаңы методологиясы менен мүмкүн болду”, – деди Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кутпидин ШАКИРОВ.

Кемин районунун акиминин биринчи орун басары Жалын ЖУМАБЕКОВ 2025-2027-жылдарга даярдалган Кемин районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик администрациянын пландары тууралуу айтып берди. Бизнес үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана региондун туристтик дараметин ачуу Программанын милдеттеринин бири болуп саналат.

Чоң-Кемин өрөөнү биринчи кезекте эмнеси менен белгилүү? Бул жерде аянты 123 миң гектар болгон мамлекеттик парк жайгашкан, анын ичинде 10 миң гектарды туристтик-рекреациялык бөлүк түзөт. Парк көп түрдүү флорага жана фаунага бай, этнотуризмди өнүктүрүү, тоодо жигердүү эс алуу үчүн шарттар түзүлгөн. Атактуу Тянь-Шань карагайлары бул жердин атактуу өзгөчөлүгү болуп саналат. Көздүн жоосун алган Чоң-Кемин аймагында жайгашкан Көл-Төр Тянь-Шандагы эң кооз тоо көлдөрүнүн бири болуп эсептелет. Ошондой эле ал жерде анча белгилүү эмес, бирок андан кем калышпаган кооз Жашыл Көл жайгашкан.

Кемин районунда башка региондордогудай эле туризм көйгөйлөрүнө транспорттук байланыштын жоктугу же чабалдыгы, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттардын жоктугу кирет. Чоң-Кемин туристтик каттамын таанытып, баса белгилеп көрсөткөн жарнама улуттук жана эл аралык деңгээлдерде көп жакшы чыкпай жатканы да таасирин тийгизүүдө.

Практикалык маанисинен алып караганда кимди турист деп атоого болот? Эки же андан көп күн түнөгөн адамды турист дешет. Бул жагынан “Мол Сүт” ЖЧКсынын директору Күлүкан КЕМЕЛОВА өз баяндамасында гастрономиялык өңүткө басым жасады: “Конокко келгендерге эң оболу таза жууркан-төшөк, даамдуу тамак-аш жана сылык тейлөө керек, ошондуктан сервисти жана ашкананы жакшыртуу абзел”. Ал өзү уйдун сүтүнөн кымыз жасоого уникалдуу сертификат алган жана эми бул продуктуну кеңири жайылтууга билек түрө киришти.

Семинардын катышуучулары көбүрөөк тематикалык фестивалдарды уюштуруу керек деген орток пикирге келишти. Мисалы, Бостеридеги Bazaar Kazan маданий-этнографиялык аянтчанын негиздөөчүсү Бакыт АСЫЛБЕК уулу картошка отургузуунун популярдуулугун эске алуу менен жыл сайын Кемин районунда “Картошка фестивалын” же койдун жүнүн кыркуу башталган мезгилден кабар берген “Кыркын фестивалын” уюштурууну сунуштады.

Акимдин орун басары Жалын ЖУМАБЕКОВ фестивалдардын расмий календары бар экенин айтты. “Чоң-Кеминде жыл сайын кандай фестивалдарды өткөрсөк болорун аныктап алгандан кийин Туризм департаментинен аларды бул календарга киргизүүнү өтүнөбүз. Ошондо биз конокторду тарта турган иш-чараларды туруктуу өткөрүп турмакчыбыз”.

“Адамдар фестивалдын аталышын, өтчү күнүн билгени маанилүү. Майрамдар жандуу, эсте каларлык өтүп, маркетинг тили менен айтканда, “ойдогудай таңгакталышы” керек. Ошондо алар элдин эсинде калып, жакшы таасир калтырышат”, – деди тегерек столдун башка катышуучусу.

Иш-чара өткөн “Ала Куш” боз үй шаарчасынын ээси Нурланбек ТОКОМБАЕВ жергиликтүү бийликтен Чоң-Кемин паркынын аймагынан тоо лыжа базасын куруу үчүн аймак бөлүп берүүнү өтүнгөнүн айтты. Ал 30 жылдан бери Бишкекте ишкер болуп эмгектенип, эми азыр Чоң-Кеминде туристтик бизнесин өнүктүргүсү келет.

“Чоң-Кемин – бул Чүй облусунун алтын чөйчөгү, – деди ал. – Тоо лыжа базасы үчүн айылдык аймактан сегиз гектарга жакын жер сурап жатабыз. Ага чейин администрация бизге парктын аймагынан жети гектар жер бөлүп берген, анын 20 сотик жерине ушул комплексти курганбыз”.

“Бишкектен Караколго чейин – 400 км, ал эми Чоң-Кеминге чейин – 140 км, туристке бул жакка жетүү оңой болот. Базаны чет элдик лыжа сүйүүчүлөр үчүн гана эмес, ички туристтер үчүн да ачуу керек. Бишкекте миллиондон ашык адам жашайт. Баары ушул кооз жерди көргүсү келет. Мына азыр марттын ортосу, абанын температурасы 15 градус жылуу, ал эми 30-40 см бийиктикте кар жатат. Башкача айтканда, база апрель айына чейин иштей алат. Эгерде аймактагы айылдарда конок үйлөр, мейманканалар курулса, жаштар англис тилин өздөштүрүп, сервисти үйрөнүшсө, бул баарына пайдалуу болмок, – деди ТОКОМБАЕВ. – Муну менен биз миграциянын агымын кыскартууга да салым кошобуз. Адамдар Орусияга, Европага акча табуу үчүн кетпей, эмгектенип, экономиканы өнүктүрүүгө салым кошо алышмак”.

Ал идеяны ишке ашыруу үчүн инвестиция издөө багытындагы пландары менен бөлүштү: жакында Европадан кайтып келип, Түркиядан, Индиядан, араб өлкөлөрүнөн ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө үлгүргөн. “Мындай масштабдуу долбоор миллиондогон каражаттарды талап кылат жана бул, албетте, инвесторлордун жардамы менен гана мүмкүн”, – деди ал.

Чоң-Кемин улуттук паркына кирүү акысын төлөө маселеси көптөгөн талаш-тартыштарды жаратты. Бул маселе ушунчалык чечилбеген-диктен, "тегерек" столдун жүрүшүндө да чечим табылган жок. Туркомпаниялар инфраструк-тураны өнүктүрүүгө – жолдорду оңдоого, дааратканаларды курууга, электр линияларын, тазалоочу курулмаларды жабдууга кошкон салымын белгилешти, бирок алардын пикири боюнча, “мамлекет мындай инвестицияларды көрмөксөнгө салат” жана бизнес үчүн ар кандай төлөмдөр же кошо төлөмдөр түрүндө кошумча чыгымдарга жол берүүдө.

Анткен менен, бул жолугушуу көйгөйлүү маселелерди талкуулоо үчүн аянтча гана болбостон, ошону менен бирге жергиликтүү туроператорлордун кызматташтыгын баштоого түрткү да болуп берди. Алсак, этнокомплекстер Bazaar Kazan продуктыларына кызыкдарлыгын билдирип, аларды биргелешкен долбоорлорго чакырышты.

Ушул эле иш-чарада райондук администрация жана «“Чүйдүн алтын өрөөнү” тарыхый-маданий туристтик дестинациясы» бирикмеси өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Документке ылайык, тараптар жалпы иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды жана форумдарды ишке ашырууда жана Кемин районунда туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болчу башка маселелерде кызматташат.

2025-жылдын май айында Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында туристтик сезондун ачылышы болору чечилди. Бул тууралуу "тегерек" столдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Резолюцияда да белгиленди. Этнофестиваль жана кулинардык марафон, ат оюндары, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, туристтик каттамдар тааныштырылат. Иш-чарага туроператорлор, блогерлер жана журналисттер чакырылмакчы.

Кол коюлган резолюциянын алкагында жолдорду оңдоп, Чоң-Кемин улуттук жаратылыш паркына жана башка кооз жерлерге маалыматтык белгилерди орнотуп, ошондой эле коомдук дааратканаларды, эс алуу жайларын жана кемпингдерди уюштуруу үчүн шарттарды түзүү тууралуу чечимдер кабыл алынды.

Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн жергиликтүү ишкерлер үчүн тренингдер жана билим берүү программалары уюштурулат, жергиликтүү жаштарды тартуу аркылуу туристтик гиддерди даярдоо боюнча “Жаш гид” демилгеси колдоого алынат, ошондой эле экотуризмди, этнотуризмди жана спорттук туризмди өнүктүрүү пландаштырылат.

Мындан тышкары, гастрономияны жана кол өнөрчүлүктү кошо алганда, туристтик өнүмдөрдү таанытуу да пландалып жатат. Райондун туристтик дараметин жайылтуу үчүн блогерлер жана ЖМК менен кызматташуу күчөтүлөт.

Жергиликтүү ишкерлерди колдоо үчүн жеңилдетилген насыяларды жана гранттарды берүү механизмдерин, стартаптар жана чакан бизнес үчүн программаларды, ошондой эле туристтик чөйрөдө иштеген ишкерлерге салыктык жана административдик жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн даярдоо каралган. Резолюцияны ишке ашырып, анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп жатат.

Кемин районунун мамлекеттик администрациясы туризм Кемин районунун экономикасынын маанилүү тармагына айланганын, 2024-жылы жалпысынан 4,5 миллион сом киреше алып келгенин кабарлады. Бул чөйрө 50 өз ара байланыштагы тармакта 5000ден ашуун жумуш ордун түзүп жатат, бул жумушсуздуктун деңгээлине оң таасирин тийгизери талашсыз. 2016-жылдан 2024-жылга чейин Райондук өнүктүрүү фонду 312 социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорго – жолдорду, парктарды оңдоого, чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө насыя берүүгө, туристтик объекттерди реконструкциялоого жана курууга 1 млрд сомго жакын каражатты жумшаган. 

Мисалы, фонд “Жантай хан” этнокомплексин түзүүгө жана өнүктүрүүгө 8 млн сом, “Шабдан баатыр” этнокомплексине 5 млн сом каржылаган. Этноэкологиялык туризмди таанытууга 2024-жылы 5 млн сомго үч өтүнмө түшкөн.

 

Окшош материалы: