Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
Райондун СЭӨПсын иштеп чыгуунун алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Координациялык кеңеш райондо өндүрүлгөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү райондун өзгөчөлүктөрү менен идентификациялай турган, уникалдуулугун, кайталангыс өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын баса белгилеген өз бренди менен чыккан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү таанытуу жөнүндө ойлоно баштаган. Мына ошентип Базар-Коргон районунун логотибин иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлдү.
“Логотип – бул райондун визуалдык көрүнүшү. Ал символ катары гана эмес, өнүгүүнүн стратегиялык аспаптарынын ажырагыс бөлүгү да болуп саналат. Фирмалык белги жарнамалык материалдарда, социалдык тармактарда жана веб-сайттарда колдонулат”, – деп билдиришти мамадминистрациядан.
Логотиптин негизги милдеттери:
- райондун маданиятын жана табиятын чагылдыруу – логотипте Базар-Коргондун табигый атакатуу жерлери, тарыхый мурасы, этнографиялык өзгөчөлүктөрү жана салттуу баалуулуктары көрсөтүлүшү керек;
- позитивдүү имиджди түзүү – заманбап жана эсте каларлык дизайн Базар-Коргонду туристтер жана тургундар үчүн келечектүү жана жагымдуу жер катары таанытууга жардам берет;
- инвесторлорду жана туристтерди тартуу – логотип районду өнүгүү үчүн ачык болгон, инвестиция үчүн жагымдуу жана саякатка ыңгайлуу мейкиндик катары көрсөтөт;
- маркетинг жана туризм демилгелерин колдоо – эсте каларлык символ районду таанытып, туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Окшош материалы:
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Айтматов районунда “Ишкер-аял – өнүккөн коом” форуму өттү
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Базар-Коргон районунун Координациялык кеңешинде СЭӨПга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы жана инвестициянын өсүшү талкууланды
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Ат-Башы районунда өнүгүүнү координациялоо күчөтүлдү
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Кемин районундагы инвестициялык форум: өсүшкө, өнөктөштүккө жана жаңы долбоорлорго басым жасалды
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Жети-Өгүз районунда дээрлик 600 миллион АКШ долларына 16 инвестициялык меморандумга кол коюлду
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Райондордун Координациялык кеңештери: райондук диалог платформалары кантип инвестициялардын жана өнүгүүнүн аспабына айланды
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстандагы пробация кеңештери: жергиликтүү мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация органдарынын натыйжалуу өз ара байланышы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
















