Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
“Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
Журналдын бул саны Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын (мындан ары – EGED Программасы) орто аралыктагы жыйынтыктарына арналды.
EGED Программасы – бул Улуу Британиянын Өкмөтү каржыланган Борбордук Азиядагы техникалык көмөк көрсөтүү боюнча беш жылдык программа. Программа Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган, муну ал мамлекеттик реформаларды пландоого жана ишке ашырууга фактыларга негизделген процесстерди киргизүү жолу менен жасап келатат. Программа ошондой эле Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы жарандык коомду колдойт, бул үч өлкөнүн өкмөттөрүнө башкаруунун натыйжалуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат.
Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда реформалардын артыкчылыктары боюнча экономикалык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу EGED Программасынын максаты болуп саналат.
Программанын таасири:
- а) иш жүзүндөгү маалыматтарды системалуу пайдаланууга негизделген саясатты пландоо жана ишке ашыруу жолу менен жалпысынан жана айрым секторлордо экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- б) өкмөт менен жарандык коомдун ортосундагы эриш-аркак иштешүүнүн сапатын жакшыртуу. EGED Программасы эки багытта ишке ашырылып келатат.
1-багыт. Натыйжалуулук:
натыйжалуу экономикалык саясатты иштеп чыгуу
жана ишке ашыруу үчүн өкмөттүн далилдер базасын
системалуу түрдө колдонушу
Кыйла сапаттуу иш жүзүндөгү маалыматтарды чогултууда өкмөттөрдү колдоо, саясатты иштеп чыгуу жана бир катар артыкчылыктуу экономикалык реформалардын алкагында ишке ашыруу үчүн маалыматтарды колдонуу; өкмөттүн ичинде саясатты ишке ашыруу боюнча координацияны жакшыртуу жана жарандар менен бекем байланыш түзүү
Кыргызстандагы аткаруучу: Дүйнөлүк банк
2-багыт. Жарандык коомдун катышуусу:
анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында
экономикалык өнүгүүнүн ачык-айкындуулугунун
жана отчеттуулугунун адвокациясы
Жарандык коомдун (өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, аналитикалык борборлордун, бизнес-ассоциациялардын жана башка уюмдардын) биринчи багыттын алкагында тандалып алынган экономикалык өнүгүү маселелерин иштеп чыгууга, түзөтүүлөрдү киргизүүгө жана ишке ашырылып жатканын мониторинг жүргүзүүгө катышуусу менен иш жүзүндөгү маалыматтарды кыйла натыйжалуу пайдаланууга негизделген адвокация аркылуу колдоо көрсөтүү
Кыргызстандагы аткаруучу: Өнүктүрүү саясат институту
EGED Программасынын жыйынтыктарына арналган журналдын бул саны үчүн материалдарды ӨСИнин жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын буйрутмасы менен, Айнура БАЛАКУНОВАнын, Бакай МОЛДОШЕВдин жигердүү көмөгүндө Ирена БАЙТАНАЕВА, Нургүл ЖАМАНКУЛОВА даярдашты.
ӨСИ ошондой эле EGED Программасынын алкагында пилоттук райондор менен ийгиликтүү иш алып баргандыгы үчүн ӨСИнин регионалдык координаторлоруна ыраазычылык билдирет:
- Нургүл ЫСАКОВАга (Кадамжай району);
- Кадырали ИМАНОВго (Базар-Коргон району);
- Зулайка ЖАМАНКУЛОВАга (Жети-Өгүз району);
- Бакыт ЭГЕМБЕРДИЕВге (Ат-Башы району);
- Бектурсун МОМУНБЕКОВго (Айтматов району);
- Асел ОМОРОВАга (Кемин району);
- Абдували ХУДАЙБЕРДИЕВге (Ноокат району).
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Алма, кокон гилас, алча чымындары менен күрөш: Кадамжай району СЭӨП аркылуу мөмө-жемиштердин экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө