Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат
2025-жылдын 28-февралында Кемин районунда региондун тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бири болду. Райондун 2025-2027-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) бекитүү боюнча райондук кезексиз коллегия масштабдуу коомдук угуулар форматында өттү. Угуулар уникалдуу аянтча болуп калды, анда райондун 200дөн ашык тургуну биринчи жолу өз районунун келечегин түз талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык деңгээлдеги өкүлдөрүнүн, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, жумушчу топтордун жана жергиликтүү активисттердин катышуусунда районду жалпысынан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечектүү жолдору талкууланды.
Кемин районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жумушчу топ Экономика жана коммерция министрлиги бекиткен жаңыланган методологияга ылайык иштеп чыккан. Бул методология туруктуу өнүгүүгө жана жергиликтүү жамааттын чыныгы муктаждык-тарына багытталган. Калк жана эксперттик коомчулук менен ачык талкуулоолордун натыйжасында документке өзөктүк чакырыктарды жана райондун мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган конкреттүү сунуштар киргизилди.
Беш артыкчылыктуу багыт Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсынын өзөгүн түздү:
- экономикалык өсүш жана жумуш орундарын түзүү: аялдарды, жаштарды тартууга жана киреше алып келүүчү бизнести өнүктүрүүгө басым жасоо менен эмгек рыногун кеңейтүүгө көңүл бурулат. Пландын алкагында туризмди, жашыл экономиканы (чакан ГЭСтер) өнүктүрүү жана жергиликтүү чийки заттан алынган сүт продукциясын кайра иштетүү боюнча долбоорлор каралган, баалоолорго караганда алар райондун экономикалык дараметин 50 пайызга чейин көбөйтүүгө жөндөмдүү.
- энергетикалык коопсуздук жана жашыл технологиялар. Программа энергиянын натыйжалуулугун жогорулатып, салттуу энергия алып жүрүүчүлөрүнө көз карандылыкты азайтуу үчүн энергиянын альтернативалык булактарын киргизүүнү карайт. Жашыл технологияларды өнүктүрүү экологиялык кырдаалды гана жакшыртпастан, ошону менен бирге региондун энергетикалык автономиясы үчүн да өзөктү түзөт.
- айыл чарбасын жана жергиликтүү рынокту өнүктүрүү. Агроөнөр жай комплексин модернизациялоо жана дыйкандарды колдоо артыкчылыктуу милдеттер бойдон кала берүүдө. Угууларда элет жергесинде жүндү кайра иштетүү боюнча бизнести баштоо боюнча демилгелер сунушталды, бул жергиликтүү товарларды өндүрүүгө дем берүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого мүмкүндүк берет.
- туризм – экономикалык өсүштүн драйвери катары. Туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана “Кемин сити жашыл шаарын” таанытуу инвестицияларды тартып, жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн негизги чаралар болуп калат. Бул демилгелер райондун туристтик дараметин ачып берүүгө жана коштоочу сервистерди өнүктүрүүгө жардам берет.
- инфраструктураны модернизациялоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу: суу менен жабдуу, ирригация системаларын, транспорттук магистралдарды жана таштанды чыгаруу системасын комплекстүү жаңылоо программанын маанилүү пункту болуп калды. Инфраструктураны жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар, анын ичинде “Беккер чуңкурун” түзүү жана салттуу ырым-жырымдарга (тойлорго, маркумду жерге берүүгө) кеткен чыгымдарды азайтуу талкууланды. Ошондой эле балдар арасындагы кылмыштуулуктун жана буллингдин деңгээлин азайтуу максатында окуучулар менен иштешүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Күлүкан КЕМЕЛОВА, Координациялык кеңештин мүчөсү, “МОЛ СҮТ” ЖЧКнын өкүлү: “СЭӨП районду өнүктүрүүнүн бардык маанилүү маселелерин камтыды жана бизди бардык субъекттер менен байланыштырды. Мурда мындай болгон эмес, ошондуктан эч кандай өзгөрүү да орун алган жок – биздин район “уктап” жаткандай эле болчу. Эгерде үч жылдык план ишке ашса, экономикалык өнүгүү эки эсе тездейт. Угууларга катышкан бардык жигердүү жарандарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз”.
Сырга МУСАИТОВА, Координациялык кеңештин мүчөсү, “Чолпон Жылдыз Укук коргоо комитети” Коомдук бирикмесинин төрайымы:“Бүгүн СЭӨПны мамлекеттин талабы менен талкууладык. Бардык иш-чаралар жана көйгөйлөр жакшы талданып, программага киргизилген. Биздин Координациялык кеңеш – эл менен мамлекеттин ортосундагы чыныгы көпүрө. Эгерде план ишке ашса, биздин район, облус, ал эми келечекте өлкө да сөзсүз түрдө өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгат. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн бардыгын биригүүгө чакырам”.
Кемин районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы кылдат жана инклюзивдүү пландоо процессинин жыйынтыгы болуп калды. Жаңы методология буга чейинки жылдардагы тажрыйбаны эске алат жана жергиликтүү жамаатты стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жигердүү тартат. Тургундар жана эксперттер менен ачык талкуулар калктын чыныгы суроо-талаптарын эске алууга мүмкүндүк берди, бул болсо программага кызмат көрсөтүүлөрдү жана жашоо сапатын жакшыртуу боюнча бир катар конкреттүү демилгелерди киргизүүгө шарт түздү. Мисалы: таштанды чыгаруу системасын өркүндөтүү, ирригацияны модернизациялоо жана балдар кылмыштуулугуна каршы күрөшүү боюнча чаралар каралды.
СЭӨПны Кемин районунун башчысынын биротоло бекитүүсү региондун профилдик түзүмдөрү стратегияны баскыч-баскычы менен аткарууга даярдыктар көрүлүп жатканын тастыктайт.
“Көп сандагы – 200гө жакын адамдын жигердүү катышуусу стратегиялык пландоого ачык-айкын жана инклюзивдүү мамиленин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мамлекет менен коомдун ортосундагы мындай өз ара байланыш экономикалык өнүгүүнү тездеткенден тышкары, райондун ар бир тургунунун жашоо сапатын олуттуу жакшыртууга да көмөктөшөт”, – деп белгилешти уюштуруучулар.
Ошентип, 2025-2027-жылдарга СЭӨПны бекитүү Кемин районунун узак мөөнөттүү өнүгүүсүн пландоого карай жасалган маанилүү кадам болуп калды. Мамлекеттин, бизнестин жана жигердүү жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүү динамикалуу өнүгүүгө убада берүүдө, ал жалпы өлкө үчүн ийгиликтүү регионалдык пландоонун үлгүсү боло алат.
Коомдук угуулар EGED Программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Алма, кокон гилас, алча чымындары менен күрөш: Кадамжай району СЭӨП аркылуу мөмө-жемиштердин экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө