Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 2025-жылдын 21-мартында Ноорузду майрамдоого арналган иш-чара жана 2025-2029-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын (СЭӨП) презентациясы өттү.
“Жети-Өгүздүн жети керемети” жаңы туристтик концепциясы менен тааныштыруу Программанын өзгөчөлүгү болуп калды.
Белгилей кетчү нерсе, СЭӨПны иштеп чыккан дээрлик бардык райондор туризмди артыкчылыктуу багыт катары тандап алышкан. Муну оңой эле түшүндүрүүгө болот: Кыргызстан барган сайын өзүн туристтик өлкө катары жигердүү таанытып жатат. Жыл сайын коноктордун агымы өсүүдө, тейлөөнүн деңгээли жакшырууда, жаңы туристтик продуктылар жана эс алуунун улам бир форматы пайда болууда. Туризм жөн гана тармак эмес, маданий тамырларды жандандырууга жана кыргызстандыктардын өздөрүнүн шыктануусуна “жол” болуп берүүдө.
Жети-Өгүз көптөн бери Кыргызстандын негизги рекреациялык “берметтеринин” бири катары белгилүү. Райондун аталышы кубаттуу букалардын караанына окшош жети аскадан улам келип чыккан. Бул оттой кызгылт сары аскалар адамды алыстан эле өзүнө арбап алат – аларды жолдо бараткан адам узактан эле көрөт. Бул табигый эстеликтин чыныгы көрүнүшү. Анткен менен, аска-зоолор гана бар дегенди билдирбейт – мындай табигый кенчтер Жети-Өгүз районунда жетөө. Дал ошондуктан туристтик концепция “Жети-Өгүздүн жети керемети” деп аталып калган. Албетте, бул жерде маркетинг максаты да бар – бул жандуу, эсте каларлык бейне. Чынын айтканда, бул аймак – чексиз бир табигый берекенин жери. Болгону, бул жакка келип, аны өзүңүз сезип көрүшүңүз керек.
Концепцияга ылайык Жети-Өгүз районунда кандай жети керемет бар? Алар: Кызыл-Жар жана Кызыл-Үңкүр капчыгайлары, Көк-Жайык жайлоосу, Сынган жүрөк аска композициясы, Тамга-Таш, шаркыратмалар, жылуу булактар. Жети-Өгүз районундагы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде курорттук жана ден соолукту чыңдоочу мекемелер өтө көп: “Жети-Өгүз” курорту, “Тамга” санаторийи, “Марко Поло”, “Натали Резорт” жана “Эдельвейс” пансионаттары, “Свет любви” жана “Ак-Тулпар” эс алуу борборлору, “Тополек” балдардын ден соолукту чыңдоо лагери, ошондой эле Чоң-Кызыл-Суу жана Барскоон капчыгайларында, Көк-Жайык жайлоосунда көп сандаган боз үй шаарчалары бар.
Аким Эрмек БАХАВАДИНОВ бардык жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдары “Жети-Өгүздүн жети керемети” концепциясын сүрөй тургандыгын белгиледи. Маданий мурастарды сактоого: эстеликтерди реставрациялоого, фольклордук жана кол өнөрчүлүк фестивалдарын уюштурууга – Кыргызстандын кайталангыс маданий образын түзүүчү элементтерге өзгөчө көңүл бурулмакчы.
Туризм ишкерлердин идеялары менен өнүгөт. Бийлик жалпы инфраструктураны, укуктук шарттарды түзүп берет. Жети-Өгүз СЭӨПсы жолдорду реконструкциялоону, санитардык зоналарды, аялдамаларды, унаа токтотуучу жайларды уюштурууну, суу менен жабдуу системаларын жакшыртууну жана туристтик жерлерде интернет-байланышын камсыз кылууну, кемпинг зоналарын көрктөндүрүүнү, рест-пункттарды түзүүнү караштырып жатат.
Дагы бир стратегия – инвестицияларды тартуу жана бизнести колдоо. Жеке ишкер Эрмек ЧЫНЫБАЕВ “чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, стартаптарга жардам берүү, этнотуризм, экотуризм, кышкы туризм сыяктуу туризмдин мезгилге байланган бардык түрлөрүн өнүктүрүү зарыл, ал эми бийлик органдарынын, туристтик кампаниялардын жана жергиликтүү жамааттын тыгыз кызматташуусуз алдыга койгон максаттарга жетүү мүмкүн эмес”, – деп эсептейт. ЧЫНЫБАЕВ ишкерлер конок үйлөрүнүн, мейманканалардын, эс алуу борборлорунун шарттарын оңдоп алуу үчүн жеңилдетилген насыяларга муктаж болгонун белгиледи.
Жолугушууда рынокко жаңы туристтик продуктыларды – кызыктуу каттамдарды, анын ичинде жөө, ат, маданий-тарыхый, гастрономиялык турларды сунуштоо керектиги, ошол эле маалда таштандыларды сорттоо системалары киргизилип, эс алуунун экологиялык жактан жооптуу түрлөрү колдоого алынышы керектиги айтылды.
Туристтик продуктыларды ички жана эл аралык деңгээлдерде сапаттуу тааныта билүү маанилүү. “Кумтөр Айкөл” фондунун жетекчиси Нуржамал ЭРАЛИЕВА өз пикири менен бөлүштү: “Биз конокторду тосуп эле тим болбостон, өз аймагыбыз тууралуу сыймык менен айтып берип, анын мыкты жактарын көрсөтө алышыбыз керек. Бул үчүн региондун тарыхы, туристтерди кабыл алуу боюнча тренингдерди өткөрүп, гиддерге – тил үйрөтүш керек деп эсептейм. Ар бирибиз меймандостук маданиятын көтөрүшүбүз керек”.
Маалыматтык борборлорду түзүү практикалык иш-аракеттердин бири болот – Тосордо жана Ысык-Көл облусунун башка калктуу конуштарында иштеп жаткандар буга мисал. “Бул борборлор туристтерге жеринде багыт көрсөтүп, маалымат алууга жардам берет”, – деп түшүндүрдү ишкер Динара КИЙИЗБАЕВА. Ал ошондой эле этнографиялык музей түзүүнү сунуштады.
Фестивалдын бардык катышуучулары туристтик брендди иштеп чыгууну колдошту. Бул фестиваль көргөзмөлөргө катышып, соцтармактарда жана ЖМКларда маалымдоо аркылуу аймакты тааныта алат. Бирок туризм жөн гана каттамдар же маалымат борборлору гана эмес. Биринчи кезекте, бул өзүнөн өзү туризмге стимул бере турган жашоонун бардык тармактарын жакшыртуу дегенди да билдирет. СЭӨП ишке ашырылып жаткан маалда Жети-Өгүз районунун экономикасы туруктуу болоору күтүлүүдө, мисалы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо боюнча ишканалар пайда болот, кылмыштуулуктун деңгээли төмөндөйт, санариптик технологиялар өнүгө баштайт.
СЭӨПны 17 адамдан турган жумушчу топ түзүп, ага коомдук активисттерден, туроператорлордон, жаштардан жана аялдардан, айыл өкмөтүнүн жана мамлекеттик администрациянын кызматкерлеринен турган Координациялык кеңеш көмөктөштү. Өткөн жылдын октябрь жана ноябрь айларында Кеңеш өз жыйындарын өткөргөн, декабрда СЭӨПны даярдоо боюнча өнөктөш – Өнүктүрүү саясат институту документти жеткире иштеп чыгууга консультациялык жардам берген.
Жети-Өгүз районунун программасында бюджети 11,6 млрд сомду түзгөн 162 иш-чара белгиленди. СЭӨПнын демилгелери Координациялык кеңеш менен өз ара байланышта аткарылат, бул процесске тартылгандардын бардыгына иш-аракеттерин тууралап алып, ачык-айкындуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Туристтик иш-чаранын соңунда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын, Туризм департаментинин жана “Көк-Жайык” дестинациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Фестивалдын катышуучулары фотокөргөзмөнү көрүп, ошондой эле улуттук буюмдарды даярдоо боюнча мастер-класстарга катышышты. Акимдин орун басары жана Координациялык кеңештин төрагасы Кадырбек АЖИЕВ мындайча жыйынтык чыгарды: “Фестиваль өз максаттарына жетти деп эсептейм. Коноктор маалымат алып, Жети-Өгүздүн табигый кооздугун көрө алышты. Бизде да бул иш-чарадан кийин шыктануу сезими жана мындан ары да ого бетер катуу иштөө каалоосу пайда болду. Июнь айында дагы бир туристтик жарманкени өткөрөбүз”.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Алма, кокон гилас, алча чымындары менен күрөш: Кадамжай району СЭӨП аркылуу мөмө-жемиштердин экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө