Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
Айтматов району EGED Программасына 2024-жылы кошулуп, 2025-2027-жылдарга карата СЭӨПны даярдай алды.
2025-жылдын 14-февралында Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында айыл чарбасын өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтык семинар өттү. Районду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болгон айыл чарбасында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган иш-чараны райондордун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) аткаруунун алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Айтматов районунун Координациялык кеңеши демилгелеген. Райондун СЭӨПсын талкуулоо жана семинар EGED Программасынын алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу менен өткөрүлдү.
Семинарга 60тан ашык катышуучу – дыйкандар, ишкер аялдар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, дыйкандарынын жана ишкерлердин агробизнести жүргүзүүдө мүмкүн-чүлүгүн жогорулатуу семинардын негизги максаты болду. Катышуучулар айыл чарбасынын абалы, органикалык өндүрүштүн келечеги, гранттар, кредиттер аркылуу каржылоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты, ошондой эле продукцияларды сатуу маселелерин талкуулашты.
Райондун акими Бектур САГЫНБАЕВ айыл чарбасы жергиликтүү экономиканын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал аграр-дык секторду өнүктүрүүнү натыйжалуу пландоо үчүн бийликтин, бизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрүн бириктирген Координациялык кеңеш кантип түзүлгөнүн айтып берди.
Өнүктүрүү саясат институтунун чакыруусу менен келген эксперт Кайыркүл КАЗЫЛАЕВА райондун агросекторуна жасалган талдоо менен тааныштырып, негизги көйгөйлөрдү жана перспективаларды белгиледи. Тактап айтканда, ал картошка кластерин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Дыйкандар үрөндүн сапатынын төмөндүгү тууралуу маселени көтөрүштү: алардын кымбаттыгына карабастан, түшүмдүүлүк төмөн бойдон кала берүүдө. Жакшы түшүм баштапкы материалдын сапатына гана эмес, туура сугарууга, агротехнологияларга, өсүмдүккө кам көрүүгө жараша болору белгиленди. Ошондой эле төө буурчакты сатуу маселеси да көтөрүлдү: төө бурчак жогорку сапатта болгонуна карабастан дыйкандар жаңы рынокторго чыгууда кыйынчылыктарга туш болушууда.
Сүт өндүрүш маселеси талкууланды. Дыйкандар сүттү сатып жатканда анын баасы төмөн болгонуна тынчсыздануусун билдиришти. Кайыркүл КАЗЫЛАЕВА кайра иштетүүчү заводдор логистикага, лабораториялык анализдерге кеткен чыгымдарга туш болуп, натыйжада бул чыгымдар чийки затты кабыл алуунун баасына да таасирин тийгизип жатканын айтты. Анын айтымында, сүт заводдорунун болушу – бул чоң ийгилик, себеби өлкөнүн бардык эле райондорунда сүттү кайра иштетүүчү ишканалар боло бербейт жана бул мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө кыйла көп кыйынчылыктарды жаратууда. КАЗЫЛАЕВАнын айткандарына Гүлмира БАЗАРБАЕВА да кошулат, ал “кайра иштетүү региондун айыл чарбасын жана экономикасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканына” көңүл бурду. Дыйкан Разак КЫДЫРАЛИЕВ дыйкандарга түшүмдүүлүктү жогорулатып, натыйжалуу кайра иштетүү үчүн жаңы технологиялар керек деген пикирин айтты.
“Дон Агро KG” ишканасынын директору Данияр НУРДОЛОТОВ органикалык өндүрүштөгү тренддер жана биогумусту колдонуунун дарамети тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле социалдык тармактар аркылуу агробизнести таанытуу тажрыйбасы менен бөлүштү.
ӨСИнин консультанты Жадыра БАЛАБАСОВА айыл чарбасындагы аялдар жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөргө назарды бурду. Ал бизнести өнүктүрүү үчүн насыяларды жана гранттарды колдонууга жетишкен ийгиликтүү ишкерлердин мисалдарын келтирди.
Катышуучулар ошондой эле билим берүү программаларынын маанилүүлүгүн жана жаш дыйкандар үчүн насыяны төлөөдөгү каникулдар сыяктуу финансылык колдоону талкуулашты.
СЭӨП үчүн сунушталган чаралардын арасында окутуу иш-чараларын туруктуу негизде өткөрүп туруу, дыйкандар үчүн байланыш борборун түзүү, продукцияны таанытуу боюнча маркетингдик стратегияны иштеп чыгуу да болду. Районду өнүктүрүү программасына мониторинг жүргүзүүдө жана түзөтүүлөрдү киргизүүдө райондун Координациялык кеңеши бул сунуштарды эске алмакчы.
Тегерек стол агрардык секторду өнүктүрүү үчүн жаңы технологияларды киргизүү, үрөндөрдүн сапатын жакшыртуу, кооперацияны жана маркетингдик стратегияларды өнүктүрүү сыяктуу системалуу чаралар зарыл экендигин көрсөттү.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Алма, кокон гилас, алча чымындары менен күрөш: Кадамжай району СЭӨП аркылуу мөмө-жемиштердин экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө