Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Алма, кокон гилас, алча чымындары менен күрөш: Кадамжай району СЭӨП аркылуу мөмө-жемиштердин экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө
Жердин күрдүүлүгүн жогорулатып, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн актуалдуу милдети бойдон кала берүүдө. Баткен облусунун Кадамжай районунда 2025-жылдын 27-февралында да ушул темада талаа семинары өткөн. Иш-чараны райондук администрация, Координациялык кеңеш СЭӨПны ишке ашыруунун алкагында ӨСИ ишке ашырган EGED программасынын техникалык колдоосу менен уюштурган. Иш
Айыл чарбасын туруктуу жүргүзүүгө өтүү – өкмөттүн артыкчылыгы, ал Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүктүрүү стратегиясы сыяктуу стратегиялык документтерде белгиленген. Бирок олуттуу көйгөйлөр да бар: топурактын күрдүүлүгү, түшүмдүүлүгү азайып, суу натыйжасыз пайдаланып, жайыт жерлерине күч келип жатат. Бул көйгөйлөрдү кантип чечүү керектиги тууралуу жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттин өкүлдөрү, ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана дыйкандар пикир алмашышты. Алардын көбү үйлөрүнө жаңы маалыматтар, пайдалуу сунуштар жана келечекке пландар менен кайтышты.
Кадамжай району Кыргызстанда алманын жана “кокон гилас” катары белгилүү таттуу алчанын мыкты сапаты менен белгилүү. Алчанын бул сортунун эттүү жемиштери жана даамы аны Орусияга жана Казакстанга экспорттоого мүмкүндүк бергени менен, анын көлөмү азырынча азыраак. Кадамжайда өстүрүлгөн Ред Чиф (Red Chief) жана Голден Рейнджерс (Golden Rangers) сортторундагы алмаларды бардык сатып алуучулар, анын ичинде чет өлкөлүктөр да жакшы көрүп калышты. Бирок экспорттун көлөмүн кантип көбөйтсө болот?
“Жердин күрдүүлүгү, өсүмдүктөрдү илдеттерден жана отоо чөптөрдөн, зыянкечтерден коргоо, туура кам көрүү – бул айыл чарба өндүрүшүндөгү биринчи звено. Бул маселенин алкагында семинар дыйкандар үчүн абдан актуалдуу болду”, – деп ой бөлүштү Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек ШАКИРОВ.
Анын айтымында, Кадамжай районунда 2500 гектар мөмө-жемиш бактары отургузулган. Алчанын 30% экспортко жөнөтүлүп турат. Дыйкандар экспорттук көрсөткүчтү жогорулатып, жогорку нарк үчүн нак акча алууну каалашат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин өсүмдүктөрдү коргоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Алмаз АЛАКУНОВ химиялык препараттарды туура колдонуу, отоо чөптөргө жана курт-кумурскаларга каршы күрөшүү зарылдыгын белгиледи. Түштүктөгү бардык региондордой эле, Кадамжай районуна жалпы коркунучтар – калканчыктын, алча чымындарынын жайылышы мүнөздүү, алар менен күрөш сезондун башынан аягына чейин улана берет. АЛАКУНОВ иштеген, айыл чарба продукциясынын экспортуна жана импортуна фитосанитардык көзөмөл жүргүзгөн ведомство тиешелүү сертификаттарды берет.
Агроном Аюбжон ЮЛДАШЕВ мөмөлүү дарактарды чыгыш жана шабдалы шайтан көпөлөк сыяктуу зыянкечтерден дарылоо, илдеттердин жайылышына жана түшүмдүн 30% жоготуп алууга жол бербөө аракеттери жөнүндө айтып берди. Ал ошондой эле тамчылатып сугарууну колдонууга чакырды. Мындай ыкма топурактын нымдуулугун сактагандан тышкары, дарактарды микроэлементтер жана органикалык заттар менен камсыз кылып, отоо чөптөр азыраак пайда болот.
Айыл чарба министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Абдыганы ЖОЛДОШЕВ дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатканын, мисалы, буга чейин пайдаланылбаган жерлерди өздөштүрүү жана суу менен жабдуу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле бул жерлерге органикалык жана минералдык жер семирткичтерди колдонууда көзөмөлдөөнү күчөтүү тууралуу билдирди. Анын айтымында, “3+2” программасы ишке ашырылып жатат, бул болсо ар бир райондо үч негизги өсүмдүк өстүрүлөт дегенди билдирет. “Өздөштүрүү үчүн жерлер кызыкдар дыйкандарга айыл өкмөтү берген тизмеге ылайык ижарага берилет. Үч дарыянын – Исфара, Ак-Суу жана Кожошкен каналдарын кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө, алардын ичинен Кадамжай районуна сугат үчүн суу келип турат”, – деп белгиледи ЖОЛДОШЕВ.
Кадамжай районунун акими БАЯКЕ уулу Болоткан маалымдагандай, райондо жылына 6000 тоннага жакын алча өндүрүлөт, бирок анын көпчүлүк бөлүгү өлкөнүн ичинде сатылып кетүүдө. Экспортту көбөйтүүгө лабораториялык сыноолордун жоктугу менен байланышкан кыйынчылыктар жол бербей жатат. “Жакында Кадамжай районунда Баткен облусу боюнча жалгыз лаборатория ачылат. Ошондон кийин, мисалы, жерге кандай элементтер жетишпей жатканын аныктоо мүмкүн болот. Лаборатория бир айдын ичинде аккредитациядан өтөт”, – деп билдирди ал. Акимдин айтымында, Кытай менен макулдашууга кол коюлган жана лабораториялык маалыматтарды алгандан кийин кокон гиласты бул өлкөгө сатууга жол ачылат.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Турсунбек КУБАНЫЧБЕКОВ дыйкандар көп учурда көзөмөлсүз колдонуп жаткан жер семирткичтерди жана пестициддерди сабаттуу пайдалануу зарылдыгына басым жасады: “Жер семирткичтерди колдонуудан мурун топуракты текшерип, ага кандай элементтер жетишпей жатканын билип алыңыз деп дайыма айтып келебиз. Себеби, көптөр селитраны каалашынча жана өз билгениндей колдонууга көнүп калышкан. Коргоо каражаттары да ошол сыяктуу эле колдонууда – аларды дүкөндөрдөн сатып алып, эрежелерди жана көрсөтмөлөрдү сактабастан колдонуп жатышат. Бирок жер семирткичтерди да, пестициддерди да ашыкча колдонуу олуттуу кесепеттерге алып келет – топурактын сапаты начарлап, түшүмдүн сапатына терс таасирин тийгизип, айлана-чөйрөгө гана эмес, калктын ден соолугуна да түздөн-түз зыян келтирет. Ошондуктан биз семинарларды өткөрүп, дыйкандарды мындай каражаттарды туура колдонууга үйрөтөбүз”.
Семинардын жигердүү катышуучусу, дыйкан Акматалы ШАМШИЕВ жер семирткичтердин кымбаттыгына байланыштуу көйгөйлөргө токтолду. “Мен кой баккан чарбаны башкарып келем. Анан ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен алектенем. Быйыл беш гектар арпа, отуз сотик жерге картошка, мөмө-жемиш отургузам. Топурактын асылдуулугун жакшырткым келет. Баткенде жер Чүй облусундагыдай эмес, негизинен таштак, асылдуу эмес. Кайрак жерлер өтө көп. Суу маселесинен жана сууну үнөмдөө муктаждыгынан улам көпчүлүгү тамчылатып сугарууга өтүп жатышат. Туура кеңештерди издеп, ушул семинарга келдим”.
Дыйкан мамлекеттин программасы боюнча сатып алынган жана базардан сатып алынган үрөндөрдү пайдалануу боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү: “Мен сертификацияланган үрөндөн, айрыкча мамлекеттик программа аркылуу алынган үрөндөн өсүмдүк өстүрүүнүн артыкчылыктары көп болгонуна ынандым. Азыр, мисалы, арпанын биринчи репродукциясынын үрөнүн “Элдан Аталык” компаниясынан сатып алам. Нарктын 70% накталай төлөйм, калган 30 пайызын мамлекет компенсациялайт. Бул калибрленген, чегилген уруктар, алар гектарынан 25 центнерге чейин түшүм берет. Эгерде базардан үрөн алсаң, сага кайсы сортту, кандай репродукцияны сатканын жана сапат ойдогудай болобу – муну эч качан так билбейсиң”.
Адистештирилген семинар дыйкандарга жаңы билим алууга, тажрыйба алмашууга жардам берди. Мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар тармакты өнүктүрүүнүн туура моделин көрсөтүп жаткандай, өз ишине башка өңүттөн карай алышты.
Багбанчылыктын жогорку рентабелдүүлүгү райондун жашоочуларынын кирешесин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат