Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар кеңеш берип, таанытууда: Райондун координациялык кеңеши жаш активисттердин өсүшү үчүн платформа катары

2025-03-03 / Абалың кандай, район?
Жаштар кеңеш берип, таанытууда: Райондун координациялык кеңеши жаш активисттердин өсүшү үчүн платформа катары

Координациялык кеңештин ишине катышуу Аида ТАШБАЛТАЕВАга райондун маанилүү документин жазууга катышып, долбоорлорду иштеп чыгуу көндүмдөрүн жакшыртып, райондо туризмди өнүктүрүүдөгү өзүнүн дараметин баамдоого жардам берди.

Аида 22 жашта. Ал лицейде орус тили мугалими болуп иштейт жана ошол эле учурда Ноокат шаарындагы жаштар борборун жетектейт. Аида Координациялык кеңешке жаштардын жигердүү өкүлү катары кирип, конкурстан ийгиликтүү өтүп, кеңештин мүчөсү болуп калган.

Координациялык кеңештин жыйындарында Аида бала бакчалардагы жана спорт аянтчаларындагы шарттарды жакшыртуу маселелерин көтөрүп келет. Ал айылдык аймактарда Ноокат жаштар борборунун эки филиалынын ачылышына катышкан. “Мен мугалиммин, балдарыбыздын өнүгүүсү жана келечеги кандай болору мен үчүн маанилүү”, – дейт Аида.

Кеңештин ишине катышуу менен Аида өз алдына өнүгүүгө тиешелүү максаттарды коюп, көйгөйлөрдү туюндуруп, чечимдерди сунуштаганды үйрөндү. Бул БУУӨПтүн конкурсунда жеңишке жетип, эки мектеп үчүн 400 миң сомдук музыкалык жабдуулар менен дрондорду алууга жардам берди. Грантка өтүнмө жиберүү идеясын мэрия берген. Бул Билим берүү министрлигинин окуучулардын медиа сабаттуулугун жакшыртуу чакырыгына шайкеш келет. Дрондор мектептеги иш-чараларды жана видеолорду тартуу үчүн колдонулат. “Биз бул талапты жергиликтүү финансылык катышуусуз, өзүбүздүн демилгелерибиз менен аткара алдык”, – дейт ал.

Аида райондук өнүктүрүү пландарын буга чейин администрация коомдук пикирди эске албастан эле өз алдынча даярдап келгенин белгиледи. Кемчилиги – бийлик аймактардын көйгөйлөрүн дайыма эле биле берчү эмес, ал эми аймактардын өздөрү акимиатка пайда болгон кыйынчылыктар тууралуу өз убагында маалымдашкан эмес. Маанилүү документти жазууга коомчулукту тартуу Координациялык кеңештин пайда болушу менен гана мүмкүн болду.

“Улуу Британиянын өкмөтү каржылаган EGED программасынын колдоосунда мен туризм, мониторинг жана баалоо боюнча тренингдерден өттүм, – дейт Аида. – Анан бизде Кара-Ой жаратылыш паркында туристтик фестиваль өткөрүү идеясы пайда болду. Буга чейин биз туристтик сезондун ачылышын же жабылышын өткөрчү эмеспиз, туристтик сезон кадыресе башталып, эч кандай эсте каларык маркетинг акциялары, иш-чаралары болбостон жабылып калчу. Бул Ноокат районунда ушундай мүнөздөгү алгачкы иш-чара болуп калды”.

“Ноокат району туристтик жайларга бай болгону менен, аларды көргөнү келген коноктор түнөй турган жер таба алмак эмес. Биз тажрыйба алмашуу сапарын өткөрүп жатканда, мен Ат-Башыдан келген катышуучуларды үйүмө чакыргам. Бирок мен үчүн бул бир нерседен кабар берди: инфраструктураны өнүктүрүп, биринчи кезекте конок үйлөрдү куруш керек”, – деп өзүнүн коомдук иштеги биринчи тажрыйбасы жөнүндө айтып берди Аида.

“Быйыл күзүндө Кыргыз-Ата айылынан Кара-Ой улуттук паркына барчу жол оңдолду, анын абалы өтө начар эле. Бул ремонт иштери Кеңештин мүчөлөрүнүн демилгеси менен мүмкүн болду. Ремонт иштерине каражат райондук бюджеттен жана өнүктүрүү фондунан бөлүндү, – деди Аида. – Мен өз дараметимди туура пайдалангым келет. Бул кээде бир топ убакытты талап кылган коомдук иш болсо да, күчүм жана мүмкүнчүлүгүм жетишинче иштей берейин”.

 

Окшош материалы: