Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы элет жергесинде тигүү цехтерин ачуу боюнча ийгиликтүү ишке түрткү болду
Ноокат районунда өткөн жылдын күз мезгилинде анын ичинде ЖӨБ органдарынын колдоосу менен уюштурулган бир нече тигүү цехтери иштей баштады. Алардын ачылышы 2024-2026-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын бир бөлүгү болуп калды жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын утурлай ачылды.
Көк-Бел, Н. Исанов, Кара-Таш, Жаңы-Ноокат жана Найман айылдык аймактарында жаңы цех-тер пайда болду. Долбоор CASA-1000 финансылык колдоосу жана жергиликтүү бюджеттердин кошо каржылоосу менен ишке ашырылды. Алсак, Жаңы-Ноокаттагы тигүү цехин курууга мамлекет 8,6 млн сом бөлүп берген. Натыйжада 100 жумуш орду түзүлдү. Кара-Ташта долбоорду ишке ашырууга 4,75 млн сом жумшалып, 28 аял иш менен камсыз болду.
Тажрыйбадан жаралган демилге
Тигүү цехтерин түзүү идеясы жеке ишкер, жергиликтүү кеңештин жетинчи жана сегизинчи чакырылыштарынын мурдагы депутаты, айылдык аялдар кеңешинин мүчөсү жана “Курманжан датка” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Бактыгүл МУРЗАЛИЕВАга таандык.
Бул фонд өзгөчө: аны эмгек миграциясынын жолун басып өткөн аялдар негиздешкен. Бүгүнкү күндө фонд муктаж үй-бүлөлөргө, катуу оорулуу адамдарга, жетим балдарга жана турмуштук оор кырдаалга туш болгондорго жардам берип келет.
Бактыгүл акча табуу максатында мекенинен алыска кетүүнүн азабын өтө жакшы билет. Ал жолдошу менен Орусияда иштеп, балдарын эки жыл туугандарынын колунда калтырган. Бул тажрыйба терең из калтырган: ал аялдар үй-бүлөсүнүн жанында жүрүп акча тапканы канчалык маанилүү экенин түшүндү.
Бактыгүл мекенине кайтып келгенден кийин адегенде “Кыргыз Почтасынын” айылдык бөлүмүндө иштеген. Кийинчерээк аны жергиликтүү кеңешке талапкерлигин коюуга чакырышкан. Күмөн санап турганына карабастан, ал бул чакырыкты кабыл алып, муну менен кошо анын коомдук иш сапары да башталган.
Айрылуунун ордуна жумуш орундары
“Аялдардын жашоо шартын жакшыртуу – бул үй-бүлөнү бекемдөө жана коомду өнүктүрүү”, – деп эсептейт Бактыгүл. Дал ушул принцип анын ишинин өзөгүн түзөт.
Азыр Кара-Баштагы тигүү цехинин жардамы менен 28 аял туруктуу жумушта иштеп жатышат. Алардын продукциясы Орусиянын базарларына жөнөтүлөт, демек, айыл жумуш менен гана камсыз болбостон, ошону менен бирге жергиликтүү экономикага да салым кошууда.
“Мен мекенден алыс жүрүп, балдарыңдын чоңойгонун көрбөй өткөн жашоо кандай экенин билем. Мен азыркы жаштар бул жолду кайталабастан, өз жеринде иштеп, акча таап, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алышын каалайм”, – дейт Бактыгүл.
Анын окуясы жеке тажрыйба башка адамдардын тагдырына таасирин тийгизген чоң өзгөрүүлөрдүн себепчисине айланганынын мисалы.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат